© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: Бала кандай укуктарга ээ жана алар кандайча корголууга тийиш

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын баштарына карата Кыргызстан боюнча 18 жашка чыга элек 2,5 миллионго жакын бала бар экени белгилүү болгон. Жалпы кѳрсѳткүчтүн 45%ын 7 жашка чейинки балдар түзѳт. Бирок эмгек миграциясы менен үй-бүлѳлѳрдүн социалдык абалынын оордугунан улам кѳптѳгѳн балдар коргоосуз жана камкордуксуз калууда.

Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!

Кыргызстан 1994-жылы жашоонун маанилүү негизги компоненттери: билим берүүнүн, коргоонун, сот адилеттигинин жана башка укуктардын жеткиликтүүлүгүн жарыялаган Баланын укуктарын коргоо боюнча БУУнун конвенциясына мүчѳ болгон.  Бирок бул постулаттар кагаз жүзүндѳ бойдон калды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2019-жылы жашы жете электерге карата 2 462 кылмыш жасалып, анын ичинен 184 учур – оор жана 36 учур – ѳзгѳчѳ оор  деп сыпатталган.

Кыргызстанда бала кандай укуктарга ээ жана ата-эне менен мамлекетке кандай милдеттер жүктѳлгѳнүн карап чыгабыз.

Бала кандай укуктарга ээ?

Кыргызстанда алар бир нече документте жазылган:

• Балдар жѳнүндѳ кодексте,
• Баланын укуктары жѳнүндѳ БУУнун Конвенциясында,
• Үй-бүлѳ кодексинде,
• КР Конституциясында.

Жогорудагы документтердин ар бири баланын үй-бүлѳгѳ, коргоого, билим берүүгѳ жана башкаларга укугу бар экенин аныктайт. Бала тѳрѳлгѳндѳн кийин дароо эле каттоого алынууга тийиш. Руханий компоненттер тууралуу айта турган болсок, бала, бардык эле чоӊ кишилер сыяктуу ѳнүгүүгѳ, сый-урматка, ошондой эле:

• туугандар менен байланышууга;
• жеке укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого, анын ичинде ата-энеси тарабынан кѳрсѳтүлгѳн кыянаттыктан коргонууга;
• жеке ой-пикирин билдирүүгѳ укуктуу.

Материалдык ѳӊүткѳ келе турган болсок, мыйзамдарда жашы жете элек кыргызстандыктын тѳмѳнкүлѳргѳ укугу бар экени жазылган:

• багуу жана кам кѳрүүгѳ,
• турак жайга.
Ата-энелер кандай милдеттерди аткарууга тийиш?

2018-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстандагы балдардын 77%ы гана ата-энеси менен жашаса, 8%ы алардын камкордугу жок калган. Бул кѳрсѳткүчтѳр 2014-2019-жылдарда Баланын укуктары жѳнүндѳ Конвенциянын аткарылышы боюнча бешинчи мезгилдик докладда берилген.

Мыйзам боюнча, ата-эне баланын түздѳн-түз тарбиячысы катары, анын ар тараптуу ѳнүгүүсү, билим алуусу, тарбиялануусу, ден соолугун чыӊдоосу үчүн керектүү шарттарды түзүп берүүгѳ тийиш. Ошондой эле келечекте баланы ѳз алдынча жашоого даярдоо аракети да ата-эненин милдетине  кирет.

Үй-бүлѳ кодексине ылайык, ата-эненин экѳѳ теӊ бирдей даражада баласын тарбиялоого жана анын ѳсүп-ѳнүгүүсүн камсыздоого милдеттүү.  Баланын физикалык жана психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүгѳ алардын эч кандай укугу жок. Ал эми ата-эне ѳз милдеттерин аткарбаса, анда жоопко тартылышат. Балдарына карата ѳз милдеттерин аткарбаган ата-эненин жоопкерчилиги 3 мыйзамдык актта жазылган. Алар тѳмѳнкүлѳр:

• Административдик кодекс:

– эгер тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттер аткарылбай жатса  300 сомдон 500 сомго чейин,

–  тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттер карасанатайлык менен аткарылбаса – 8 саатка коомдук иштерге тартуу менен 500 сомдон 1000 сомго чейин,

– баланын алкоголь, баӊгизат колдонуусуна, селсаяктык же тилемчилик кылуусуна алып келген аракеттер – 1000 сомдон 2000 сомго чейин.

• Үй-бүлѳ кодексинде тѳмѳнкү учурларда ата-эне укугун чектѳѳ же андан ажыратуу каралган:

– алимент тѳлѳѳдѳн качууну кошуп, ѳз милдеттерин аткарбоо,

– жүйѳлүү себепсиз баланы тѳрѳт үйүнѳн же ушуга окшош мекемелерден алып кетүүдѳн баш тартуу,

– укуктарын кыянаттык менен колдонуу,

– балдарга аёосуз, катаал мамиле кылуу жана аларга физикалык, психикалык жана сексуалдык зомбулук кѳрсѳтүү,

– баланын же жубайынын ѳмүрүнѳ жана ден соолугуна каршы атайы кылмыш жасоо,

– балдардын селсаяктык кылуусуна жол берүү,

– оор шарттарда иштѳѳгѳ мажбурлоо,

– ѳнѳкѳт аракечтик же баӊгилик оорулары менен жабыркоо.

• Жазык кодексинде милдеттерди аткарбоо катаал мамиле менен коштолгон учурда тѳмѳнкүдѳй жаза каралган:

–  5000 сомдон 10 000 сомго чейин айыппул же 2 жылдык мѳѳнѳткѳ түзѳтүү иштери, же болбосо 2 жылга эркиндигин чектѳѳ же үч жылга чейин белгилүү бир кызматтарда иштѳѳ укугун алып салуу менен ушул эле мѳѳнѳткѳ эркинен ажыратуу.

Мамлекет эмнелерге милдеттүү?

Мамлекеттин милдетине үч башкы түзүүчү кирет: саламатттыкты сактоо, билим берүү жана коргоо.

Тизмедеги биринчи эле орунда саламаттыкты сактоо турат. Ар бир бала жеткиликтүү квалификациялуу медициналык жардам алууга укуктуу.

Экинчиси – мектепте да, бала бакчада да акысыз билим алуу укугу. Балдардын билим алуу мүмкүндүгүн чектеген башкы себептердин катарына жеке, үй-бүлѳлүк жана социалдык факторлор кирет. Алардын ичинде акча табуу, ата-энелердин акча табуу максатында сырт жактарга кетүүсү, мындан улам ѳспүрүмдѳрдүн ѳздѳрүнѳн кичүү бѳбѳктѳрүнѳ камкорчулук кылып, аларды багуусу, балдардын ар кандай оорулары, майыптуулук, түрдүү укук бузуулар жана башкалар бар.

Статистика боюнча, республикада башталгыч жана негизги билим берүү мекемелерине баруу кѳрсѳткүчү Баткен областынан тышкары бардык аймактарда жогору экендиги байкалат  (92%). Жогорку класстагы окуучулардын мектепке барууларынын тѳмѳнүрѳѳк кѳрсѳткүчтѳрү Ош шаарына (78%), Чүй жана Ош областтарына (79%дан) таандык.

Ѳкмѳт ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашы жеткенде, аларга жыл сайын жогорку окуу жайларынан акысыз билим алуу үчүн квота берип турууга милдеттүү.

Коргоого жана турак жайга ар бир баланын укугу бар. Мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыздоого, анын ичинде физикалык, психикалык жана сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз жана одоно мамилелерден коргоого милдеттүү.

Канча жашка чейинки балдардын иштѳѳсүнѳ тыюу салынат?

16 жашка чейин. Бул курак жумушка алуудагы Эмгек кодексинде белгиленген минималдуу курак. Минималдуу курактык босогону тѳмѳнкү жагдайларда тѳмѳндѳтүүгѳ жол берилет:

• Ѳзгѳчѳ абалдарда уюм кызматкерлеринин ѳкүлчүлүк органы же эмгек тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуунун негизинде 15 жаштан баштап;
• Окуудан тышкаркы убактарда ден соолукка зыян келтирбеген жана окуу процессин бузбаган жеӊил жумушта иштѳѳсү үчүн ата-энесинин биринин (багуучусунун, камкорчусунун) же камкордук органынын макулдугу менен 14 жаштан баштап.

Бирок Эмгек кодексинде 18 жашка чейин тѳмѳнкүлѳрдү колдонууга тыюу салынат:

• ден соолукка жана ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ зыян келтириши мүмкүн болгон балдар эмгегин,
• жеке менчик формасына карабастан мажбурлоочу балдар эмгегин,
• зыяндуу ѳндүрүштѳ эмгектенүүнү,
• оор жүктѳрдү кѳтѳрүү менен байланышкан ар кандай жумуштарды.

Балдар эмгегин пайдаланууну мамлекеттик кѳзѳмѳлдѳѳ функциясы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктѳлгѳн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республика боюнча балдардын 26,7%ы балдар эмгегине тартылат. Мында эркек балдар кыздарга караганда кѳбүрѳѳк иштешет  (33,6 жана 19%). Айыл жерлеринде жашаган балдар шаардык балдарга салыштырмалуу чарбалык иш-аракетке кѳбүрѳѳк катышат. Аймактар боюнча алганда, балдар эмгегинин эӊ жогорку кѳрсѳткүчү Нарын областына (40,5%), ал эми эӊ тѳмѳнкү кѳрсѳткүчтѳр – Бишкек (7,3%) жана Ош (6,1%) шаарларына таандык.

Балдардын укуктарын ким коргойт?

Үй-бүлѳ кодексине ылайык, 18 жашка чейин баланын укуктары ата-энеси тарабынан корголот. Андан кийин ал ѳз укук жана милдеттерин ѳз алдынча ишке ашырып, коргой алат.

Эгерде баланын укуктары ата-энеси же камкорчусу тарабынан бузулса, анда ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга ѳзү кайрылууга укуктуу. Ал эми 14 жашка толгон бала мындай учурда сотко да кайрыла алат. Баланын укуктарынын бузулуп жатканынан кабардар кишилер бул тууралуу тийиштүү органдарга билдирүүгѳ тийиш.

Балдардын укугун коргоочу мамлекеттик органдардын катарына тѳмѳнкүлѳр кирет:

• ѳкмѳт,
• аткаруу бийлигинин органдары,
• жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдары,
• соттор,
• прокуратура,
• Акыйкатчы.

Аталган органдардын ар бири балдардын жашоо-тиричилигин камсыздоо үчүн ѳзүнѳ тиешелүү функцияларды аткарат. Маселен, ѳкмѳт балдардын укуктары менен милдеттерин камсыздоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана башка органдардын ишмердүүлүгүн  координациялайт, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алардын укуктарынын сакталышына кѳзѳмѳл жүргүзүшѳт.

2015-жылдан бери Социалдык ѳнүгүү министрлигинде балдарга күнү-түнү колдоо кѳрсѳткѳн  – 111 номерлүү ишеним телефону иштейт.  Республиканын бардык аймактарынан чалуу акысыз. Адистер телефон аркылуу кеӊештер менен сунуштарды берет, ошондой эле психологиялык жардам кѳрсѳтүшѳт.

Кайрылуунун мүнѳзүнѳ жараша, маселе мамлекеттик органдардын аны карап чыгып, чечүүгѳ компетенциясы бар тийиштүү аймактык бѳлүмдѳрүнѳ жиберилет.  2020-жылдын ичинде жалпысынан 137 миӊден ашык кайрылуу келип түшкѳн же суткасына 377 чалуу болуп турган.

Эгер бала ата-энесиз калсачы?

Бул учурда баланын муктаждыктары менен кызыкчылыктарын камкорчулары коргойт. Бирок, баланы камкорчуларга ѳткѳрүп берүүдѳн мурун, балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган потенциалдуу камкорчулар жѳнүндѳ толук маалыматты: материалдык абалын, психологиялык саламаттыгын, мурда соттолбогонун жана башка жагдайларды тыкыр текшерип чыгат.  Башкача айтканда, баланын жакшы турмушта жашоосу үчүн зарыл болгон бардык факторлор  изилденет.

Эгерде баланы камкордугуна алуу же багып алуу мүмкүн болбосо, анда аны жетим балдар мекемесине ѳткѳрүп беришет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык,  2020-жылы 14,3 миӊ бала башка үй-бүлѳлѳрдѳ тарбияланып, алардын 5,4 миӊи – томолой жетимдер болсо, 8,4 миӊи  – камкордукка алынган жана  5,9 миӊ баланы – багып алышкан. 2019-жылдын ичинде 18 жашка толо элек 2 миӊден ашуун жаш балдар менен ѳспүрүмдѳр ата-энесинин камкордугунан ажыраган, алардын ичинен 592 бала – томолой жетим калган.

Жалпы жонунан камкордукка 1 055 бала алынып, 713 баланы асырап алышкан, алардын ичинен кыргыз үй-бүлѳрлѳрүнѳ – 700 бала жана чет ѳлкѳлүк жарандарга – 13 бала берилген. 2019-жылы балдар үйүндѳ жана жетим балдар үчүн мектеп-интернаттарында  2 миӊден ашуун жетим  жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын бар экени белгилүү болгон.

Республика боюнча жалпысынан түрдүү жеке менчик формасындагы 143 интернат мекемеси бар. Алардын ичинен 61 – мамлекеттик, 25 – муниципалдык, 45 – бейѳкмѳт уюмдар тарабынан уюштурулган жеке менчик жана 12 – диний мекеме.

Эгер бала зомбулуктун курмандыгы болуп калсачы?

Эгер бала зомбулуктун курмандыгы болуп калса, анда тийиштүү чечим сот тарабынан чыгарылат. Мамлекет медициналык жардамдан баштап юридикалык колдоого чейин керектүү бардык жардамды кѳрсѳтүүгѳ тийиш.

Чыгымдар толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен тѳлѳнүп, кылмыш иши боюнча соттук чыгымдарга киргизилет. Андан соӊ алар балага зыян келтирген адамдардан тѳлѳтүлүп алынат.

2019-жылы Улуттук статистика комитети эл аралык уюмдар менен биргеликте кластердик текшерүү жүргүзгѳн.  Анын жыйынтыгы боюнча, балдардын 23%на тарбиянын зомбулуксуз ыкмасы колдонулганы, 47,5%ы – физикалык жазалоого, ал эми 5,4% – ырайымсыз физикалык жазалоого дуушар болгону аныкталган. Балдардын 70%ы башынан психологиялык кысым кѳрсѳтүү учурларын ѳткѳргѳн.

Сурамжылоонун натыйжалары балдардын 74,3%ы тарбиялоонун ар кандай зомбулукчу ыкмаларына дуушар болгонун, жана зомбулукчу жазалоо түрлѳрүнѳ кабылган балдардын үлүшү жашы ѳскѳн сайын жогорулаганын кѳрсѳткѳн. Физикалык жазалоо керек деп эсептеген энелердин үлүшү 8,9%ды түзсѳ, физикалык жазалоого дуушар болгон балдардын үлүшү – 52,9%га жеткен.

Мигранттардын балдары кантип корголот?

Кыргызстандын Балдар жѳнүндѳ кодексинде «эмгек мигранттарынын балдары» деген термин жок. 2019-жылы акыйкатчынын аппараты мигранттардын балдары дээрлик камкордугу жок калып жаткандыгына байланыштуу бул терминди киргизүү боюнча сунушун айткан.

Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылга карата берген отчетуна ылайык, кыргызстандык 640 миӊ мигрант Россияда эмгектенет. Жалпысынан эмгек миграциясында 710 миӊге жакын кыргызстандык бар.   Балдардын  4%га жакынынын ата-энесинин экѳѳ теӊ чет ѳлкѳдѳ. Балдардын 12%нын ата-энесинин жок дегенде бирѳѳ чет ѳлкѳдѳ жашайт.  Ата-энеси чет ѳлкѳдѳ жүргѳн балдардын кѳпчүлүк пайызы Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарына жана Ош шаарына түшѳт.

Балдар жѳнүндѳ кодекске ылайык, эгер кайсы бир мекеме же адамдар баланын ата-энесиз калгандыгын билсе, сѳзсүз бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик органга билдирүүгѳ тийиш. Ал болсо, ѳз кезегинде, 10 күндүн ичинде баланы коргоо боюнча план түзүп чыгат. Бирок акыйкатчынын   докладында белгиленгендей, эмгек мигранттарынын балдарын атайылап издешпейт, аларды тандама социалдык ѳнүгүү органдары, ЖѲБ органдары жана балдар иштери боюнча комиссия аркылуу аныкташат. Тилекке каршы алар колдонгон чаралар жетиштүү деӊгээлде натыйжалуу эмес.

«Мамлекеттик органдар тарабынан балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ, ошондой эле оор турмушта жашаган балдарды аныктап чыгуу боюнча системалуу чаралар жок. Ушул категорияга мигранттардын да балдары кирет», – деп айтылат докладда.

Балдарга карата жасалган кылмыштар үчүн кандай жазалар каралган?

Кыргызстандын Жазык кодексинде балдарга карата жасалган кылмыш үчүн ѳмүр бою эркинен ажыратууга чейин барган катаал жазалар каралган. Мындан тышкары, балдарга каршы кылмыш иштери жазаны оорлоткон жагдайларга кирет.

Мыйзам балдарды эки категорияга бѳлѳт: жашы жете электер (18 жашка чейинкилер) жана жаш балдар (14 жашка чейинкилер). Эки категориядагы теӊ балдарга карата жасалган кылмыш үчүн жазалоо дээрлик бирдей. Кээ бир беренелер гана айырмаланып турат.

Жазык кодексине ылайык, кылмышкер:

• ден соолукка оор зыян келтирсе,
• кыйноо кѳрсѳтсѳ,
• уурдап кетсе,
• 18 жашка чейинкилердин балдар эмгегин колдонсо,
• опузалоо менен порнобизнеске катыштырса

5 жылдан 7,6 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде:

• сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттер (зордуктоо) кѳрсѳтүлгѳн болсо,

10 жылдан 12,6 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кылмыш жоруктарынын кѳпчүлүк бѳлүгү 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Тагыраагы:

• уруп-согуу, кыйноо,
• зордук менен болгон донордук,
• жаш балдарга карата бузуку формада сексуалдык мүнѳздѳгү  зомбулук аракеттери,
• жашы жете электерди сойкулукка тартуу,
• балдарды сатуу,
• жашы жете электердин балдар эмгегин пайдалануу.

Жаш балдарды зордуктоо жана ѳлтүрүү үчүн ѳмүр бою эркинен ажыратуу түрүндѳ жаза колдонулушу мүмкүн.

Борбор Азиядагы эӊ кеӊири жайылган кылмыш – жашы жете элек кыздарды никеге турууга мажбурлоо үчүн – 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кластердик текшерүүнүн натыйжалары боюнча, 2014-жылдан 2018-жылга чейин баккан кишилери тарабынан ар кандай жазалоого жана/же агрессияга дуушар болгон 1 жаштан 14 жашка чейинки балдардын үлүшү 23%га ѳскѳндүгү белгилүү болгон.

Мында 609 бала катаал мамилеге жана зомбулукка кабылган. 2018-жылы гана ырайымсыз мамиленин кесепетинен 13 бала кѳз жумуп, алардын ичинен 7 бала – туугандарынын катаал мамилесинен жабыркаган. Кѳп учурда мигрант ата-энелердин балдары мындай мамиленин объектиси болуп калат.

Баланын укуктарын коргоо боюнча мамлекет тарабынан кандай чаралар кѳрүлѳт?

Баланын укуктарын коргоо жана балдарга карата кѳрсѳтүлгѳн зомбулуктун санын кыскартуу максатында Кыргызстандын ѳкмѳтү балдарга карата катаал мамилеге жана зомбулукка жол бербѳѳ боюнча иш-чаралардын планын кабыл алган.

Планга ылайык, республикада эмгек мигранттарынын балдарын, оор турмуштук абалда жашаган балдарды кошуп, үй-бүлѳнүн ичинде балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулукту аныктоо жана алдын алуу боюнча  528 райондук штабдын иши жаӊыртылган.  Натыйжада, 2019-жылдын баш жагында мигрант ата-энелердин балдарынын жалпы саны 102 миӊ 106 болуп аныкталган. Балдарга карата зомбулукка жол бербѳѳ жана ата-энеси чет мамлекетке чыгып кеткен учурда камкордукка алуу боюнча түшүндүрмѳ иштери жүргүзүлүүдѳ.

Билим берүү маселесине келе турган болсок, кѳзѳмѳл үчүн мектеп жашындагы балдар менен ѳспүрүмдѳрдү каттоонун жаӊыртылган системасы колдонулуп жатат. 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды каттоо үчүн жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруунун аткаруу органынын чарбалык дептерлериндеги маалыматтардын, убактылуу жашоочулардын тизмелеринин,  үй китептеринин жана турак жай башкармалыктарынын тизмелеринин негизинде атайы тизмелер түзүлѳт. Мектеп директорлору болсо, ѳз кезегинде, бир жыл бою жергиликтүү билим берүү бѳлүмүнѳ 10 күндѳн ашык убакыттан бери жүйѳлүү себепсиз окууга келбей жаткан окуучулар тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү.

Бүгүнкү күндѳ эл аралык уюмдар балдардын укуктарын коргоо боюнча мониторинг жүргүзүп турушат. Алардын катарына UNICEF, USAID, Эл аралык эмгек бюросу жана башка уюмдар кирет.

Эгер баланын ата-энесинин камкордугу жок калганын билсем эмне кылышым керек?
• Эгер сизге баланын ата-энесинин камкордугу жок калганы маалым болсо, бул тууралуу ал жашаган жердеги балдарды коргоо боюнча жергиликтүү органга маалымат беришиӊиз керек. Мисалы, Бишкек шаарында мындай органга райондорго караштуу Балдар иштери жана алардын укуктарын коргоо боюнча комиссиялар кирет. Алар менен тѳмѳнкү номерлер аркылуу байланыша аласыз:

Свердлов райондук администрациясы – (0312) 36-07-07;

Ленин райондук администрациясы – (0312) 65-38-76;

Биринчи май райондук администрациясы – (0312) 66-15-37

Октябрь райондук администрациясы – (0312) 57-82-70

Балдар үчүн ишеним телефону – 111

Областтардагы ИИБ ишеним телефондору:

Чүй областтык ИИББ: 0312 43-88-85, тел/факс 43-01-27

Ош областтык ИИБ: 0312 29-10-12

Ысык-Кѳл областтык ИИБ: 03922 5-45-05

Нарын областтык ИИБ: 03522 5-15-72

Талас областтык ИИБ: 03422 5-27-79

Жалал-Абад областтык ИИБ: 03722 7-05-30

Баткен областтык ИИБ: 03622 5-01-24

Балдар жѳнүндѳ кодекске ылайык, факты тууралуу мектептин директоруна же дарылоо мекемесине маалым болсо, алар 7 күндүн ичинде балдардын укуктарын коргоо боюнча органга маалымат берүүгѳ милдеттүү. Ал мекеме болсо, 10 күндүн ичинде баланы индивидуалдуу коргоо боюнча план түзүп чыгат. Ошондой эле сиз балдардын укуктарын коргоо боюнча аймактык бѳлүмдѳргѳ жана Социалдык ѳнүгүү башкармалыгына кабар бере аласыз:

• Свердлов району – (0312) 53-04-16, (0312) 36-01-09
• Ленин району – (0312) 89-70-69, (0312) 65-37-48.
• Октябрь району – (0312) 51-02-01, (0312) 42-68-84.
• Биринчи май району – (0312) 56-52-18, (0312) 56-25-66.
Эгер балага зомбулук кѳрсѳтүлүп жатса, кайсы жерге кайрылышым керек?

Эгер сиз баланын сексуалдык зомбулукту кошкондо, ар кандай формадагы зомбулукка кабылып жатканын байкап калсаӊыз, дароо укук коргоо органдарына жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бѳлүмдѳрүнѳ бул тууралуу билдиришиӊиз керек. Маалыматты түз эле укук коргоо органдарына берсе да болот:

Милиция – 102

Тез жардам – 103

ИИМ – (0312) 66-23-31

ШИИБ – (0312) 43-71-68

Чүй областтык ИИБ — 0312 43 88 85;

Ош областтык ИИБ — 03222 5 59 10;

Талас областтык ИИБ — 03422 5 29 98;

Ысык-Кѳл областтык ИИБ — 03922 5 24 14;

Жалал-Абад областтык ИИБ — 03722 5 66 66;

Нарын областтык ИИБ — 03522 5 09 21;

Баткен областтык ИИБ — 03622 5 00 15;

КР ИИМ Нѳѳмѳт бѳлүмү — 0312 66 23 31;

Балдар жѳнүндѳ кодекске ылайык, балага коопсуз жай берилет, аны орган ѳзү белгилейт. 10 күндүн ичинде жашы жете элекке карата кѳрсѳтүлгѳн зомбулук же кылмыш боюнча экспертизалар жана башка тийиштүү чаралар жүргүзүлѳт. Мѳѳнѳтү прокурордун же соттун уруксаты менен узартылышы мүмкүн.

Эгерде сиз балага зомбулук кѳрсѳтүлүп жаткан учурлар боюнча маалыматка ээ болсоӊуз, тѳмѳнкү номерлерге дагы кайрылсаӊыз болот:

• Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам кѳрсѳтүү борборунун ишеним телефону – (0312) 54-29-34.
• Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу ишеним телефону –
• Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам кѳрсѳтүү борбору – (0312) 44-25-20, 44-25-74.
• «Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы» – (0312) 66-25-87.
• Акыйкатчынын түз байланышуу номери (жумуш убактысы) — 115
• КР ИИМ ишеним телефону — 0312 26 64 18
• Балдар үчүн ишеним телефону — 111
• «Система-112» — 112
• КР ИИМ Коомдук коопсуздук кызматы — 0312 26 62 83.

Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: