© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча БУУ тараптарынын конференциясы. Эмне себептен бүтүндѳй дүйнѳ жүзү бул иш-чарага даярданууда?

2021-жылдын ноябрь айында глобалдык масштабдагы кѳптѳн күткѳн конференция – БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясы ѳтѳт.

Климаттык конференцияга дүйнѳнүн дээрлик 200гѳ жакын ѳлкѳсү катышып, ѳз баяндамаларын жасашат жана климатты жакшыртуу багытындагы жетишкен ийгиликтерин корутундулап, кѳйгѳйлѳр менен мүмкүн болгон коркунучтар тууралуу маалымат беришет. Маанилүү учурлардын бири катары, ѳлкѳлѳр тарабынан 2030 жана 2050-жылга чейин климаттык күн тартибин түзүүнүн перспективаларын талкууланышы эсептелет.

БУУнун Алкактык конвенциясы деген эмне? Анын максаттары кандай? Конференция эмне максат менен уюштурулуп жатат жана кандай пайда алып келет? Карточкалар түрүндѳ карап чыгабыз.

БУУ Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча алкактык конвенциясы деген эмне?

Бул бүгүнкү күндѳ 197 ѳлкѳ кол койгон климаттык ѳзгѳрүү кѳйгѳйү боюнча иш-аракеттердин жалпы принциптери жѳнүндѳгү макулдашуу. Кол койгон мамлекеттердин катарына Борбор Азия ѳлкѳлѳрү да кирет. Документ 1992-жылы Рио-де-Жанейродо ѳткѳн «Жер саммитинде» кабыл алынып, эки жылдан кийин гана – 1994-жылдын 21-мартында күчүнѳ кирген.

Атмосферадагы парник газдарынын концентрациясын планетанын «климаттык системасына кооптуу антропологиялык кийлигишүүнүн» алдын алууну мүмкүн кылган деӊгээлде турукташтыруу Алкактык конвенциянын башкы максаты болуп эсептелет.

Алкактык конвенция күчүнѳ киргенден кийин атайы катчылык түзүлгѳн. Кийинчерээк, 1995-жылдан тарта Тараптардын конференциясы (Conference of the Parties – COP) ѳткѳрүлѳ баштаган.

Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча тараптардын конференциясы – бул эмне?

Бул БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын, Киото протоколунун жана Париж макулдашуусунун жоболорун ишке ашыруу үчүн сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү процессинин жогорку органы. Конференция 1995-жылдан тарта жумушчу сессиялар түрүндѳ ѳткѳрүлѳ баштаган. Иш-чараны ѳткѳрѳ турган ѳлкѳнү БУУнун 5 аймактык тобунун бирине таандык ротациялык негизде тандашат.

Ошондой эле Конференциялардын алкагында Жардамчы органдардын сессиялары да, анын ичинде Илимий жана техникалык ѳӊүттѳр боюнча консультация берүүчү жардамчы орган жана Ишке ашыруу боюнча жардамчы органдын сессиялары ѳткѳрүлүп турат.  Зарыл болгон учурда сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүчү атайы топтордун жыйындары уюштурулат.

Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча биринчи конференция 1995-жылы Берлинде ѳткѳн. Быйыл Улуу Британиянын Глазго шаарында 26-конференция уюштурулуп жатат.

Кезектеги конференция качан болот?

БУУ Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча конференция быйылкы жылдын 31-октябрынан 12-ноябрына чейин ѳтѳт. Аталган иш-чара БУУ Алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы болуп эсептелет.

Иш-чараны мындан мурунураак – 2020-жылдын ноябрь айында ѳткѳрүү пландалган  эле. Бирок коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам жылдырууга туура келген.

Тараптардын конференциясынын алкагында ѳлкѳлѳр тѳмѳнкүдѳй негизги маселелерди чечишет:

1. БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын, Киото протоколунун жана Париж макулдашуусунун жоболорун аткаруу маселесин карап чыгуу.
2. Аталган эл аралык-укуктук актыларды мындан ары ѳнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу.
Конференциянын уюштуруучулары кандай милдеттерди аткарышат?

Быйылкы Конференциянын уюштуруучулары болуп, Улуу Британия жана Италия эсептелет, ал эми тѳрагалык – Улуу Британияга берилди.

Иш-чаранын алдында Улуу Британия климаттын ѳзгѳрүшүнѳ туруштук берүүнүн жолдору боюнча макулдашуу багытында ар бир ѳлкѳ менен иш алып барат. Он миӊдеген делегация мүчѳлѳрү, ѳкмѳттүн, ишкердик чѳйрѳсүнүн жана атуулдук уюмдардын ѳкүлдѳрү менен 190 мамлекеттин лидерлеринин катышуусу күтүлүүдѳ. Алар 12 күн бою сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүшѳт.

Конференциянын COVID-19 шарттарында коопсуз режимде ѳтүүсүн камсыздоо максатында Улуу Британия делегаттардын бардык вакциналарын тааныды, ошондой эле тараптардын каттоодон ѳткѳн ѳкүлдѳрү, байкоочулар жана ЖМКларды вакцина менен  камсыздайт. Сунуш Конференцияга чейин эмдѳѳдѳн ѳтпѳгѳн же кандайдыр бир себептен улам эмдѳѳдѳн ѳтѳ албаган катышуучуларга тийиштүү.

Вакциналоо программасы Улуу Британиянын ѳкмѳтү тарабынан ишке ашырылат, бирок эмдѳѳнүн ѳзү дүйнѳнүн ар кайсы шаарларындагы БУУ ѳкүлчүлүктѳрү аркылуу жүргүзүлѳт.

Климаттын ѳзгѳрүшүнѳ Киото протоколунун дагы тиешеси барбы?

Ооба. Протокол Киотодо (Япония) ѳткѳн Тараптардын үчүнчү конференциясынан кийин ушундайча аталып, 2005-жылы күчүнѳ кирген. Ошол мезгилде анын башкы максаты болуп, 1990-жылдагы деӊгээлдерди негиз алып, 2008-2012-жылдарда парник газдарынын чыгындыларын 5%га азайтуу белгиленген.

Протокол «жалпы, бирок жиктелген жоопкерчилик жана тийиштүү мүмкүнчүлүктѳр» принциби боюнча кошумча милдеттер жүктѳлгѳн ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ гана иштейт.

Протокол боюнча, тараптар улуттук деӊгээлде чараларды кѳрүү менен ѳз милдеттерин аткарууга тийиш. Анын механизмдери парник газдарынын чыгындыларын азайтууну колдойт. Тагыраагы, ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳрдүн экономикасына «жашыл» инвестицияларды жана жеке менчик ишканаларды парник газдарынын чыгындыларын азайтуу жана алардын кѳлѳмүн коопсуз деӊгээлдерде кармап туруу процессине катыштырууну колдойт. Мониторинг сыпатында атайы реестр колдонулат. Айтсак, БУУ катчылыгы маселени кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн Операциялардын эл аралык каттоо журналын уюштурган.

Киото протоколун Америка Кошмо Штаттарынан тышкары, 191 ѳлкѳ жана Европа биримдиги ратификациялаган. Жыл сайын конференциянын алкагында мамлекеттер протокол боюнча кеӊешмелерди ѳткѳрүп турушат. 2012-жылы протокол 2020-жылга чейин узартылган.

Кыргызстан Киото протоколуна 2003-жылдын 13-майында кошулган.

Париж макулдашуусу – Алкактык конвенциянын негизги документиби?

Ооба. Париж макулдашуусу – климаттын ѳзгѳрүшүнүн тематикасы боюнча юридикалык жактан милдеттүү эл аралык келишим. Ал 2015-жылдын 12-декабрында Парижде ѳткѳн БУУ Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча Алкактык конвенциянын Тараптарынын конференциясынын 21-сессиясында (БУУ КѲАК КС-21) 196 тараптын кол коюусу менен кабыл алынып, 2016-жылдын 4-ноябрында күчүнѳ кирген.

Макулдашуунун жана анын узак мѳѳнѳттүк максаттарына жетүүсүнүн негизин улуттук деӊгээлде белгиленген салымдар түзѳт. Тактап айтканда, катышуучу мамлекеттер максатка жетүүдѳгү ѳз салымдарын ѳздѳрү аныктап, 5 жылда бир жолу кайра карап чыгышат.

Париж макулдашуусунун негизги пункттарына тѳмѳнкү милдеттер кирет:

• глобалдык орточо температуранын жогорулашын 2 градус Цельсийден кыйла тѳмѳн даражада кармоо, ошондой эле температуранын жогорулашын 1,5 градус Цельсийге чейин чектѳѳ;
• парник газдарын сиӊирип алуусу үчүн токойлордун аянттарын сактап калуу жана кѳбѳйтүү;
• таза технологияларды иштеп чыгууну жана эл аралык алмашууну тездетүү;
• кѳмүртектүү нейтралдуулук 2050 – 21-кылымдын экинчи жарымында парник газдарынын чыгындылары менен сиӊирилишинин ортосунда теӊдемге жетүү;
• 5 жылда бир жолу ѳлкѳлѳр климаттын ѳзгѳрүшүнѳ каршы күрѳшүүнүн максаттары менен чараларын карап чыгууга тийиш;
• 2020-жылга чейин бай мамлекеттер жакыр ѳлкѳлѳргѳ климаттын ѳзгѳрүшүнѳ ыӊгайлашуусу үчүн жок дегенде 100 млрд доллар которуп турушат.
Мен АКШ Париж макулдашуусунан чыгып кетти деп уккам.

Ооба, бирок 2021-жылы кайра кирди. 2017-жылы Дональд Трамп ѳзүнүн президенттик кампаниясынын жүрүшүндѳ Париж макулдашуусунан баш тартууга убада берген. Анын ою боюнча, мындай чечим айрыкча пайдалуу кендерди казып алуу багытында иш алып барган америкалык ишканалар менен кызматкерлерге жардам бермекчи.

Бирок, макулдашуунун пункттарына ылайык, андан 2020-жылдан кийин, отчет берилген соӊ гана чыгууга болот. Натыйжада 2020-жылдын 4-ноябрында чыккан.

АКШнын кийинки президенти Джо Байден Париж макулдашуусуна кайра кирүүгѳ убада берип, аны 2021-жылдын башында ѳткѳн инаугурация учурунда аткарды.

Эмне үчүн температуранын жогорулашын 1,5 С чейин чектѳѳ зарыл?

Париж макулдашуусунун башкы максаты – температуранын жогорулашын 1,5 градус Цельсийге чейин чектѳѳ. Анткени бул кѳрсѳткүч адам баласы үчүн да, жаратылыш үчүн да зыяндуу деп эсептелет. Мындан тышкары, тамак-аш менен суунун дефицитине, экономикалык ѳсүүнүн тѳмѳндѳшүнѳ, жан-жаныбарлардын ѳлүп жок болушуна байланыштуу коркунучтар да бар.

2 градуска глобалдык жылуу адам баласы менен жаратылыш үчүн андан да коркунучтуу, анткени дүйнѳ калкынын үчтѳн бир бѳлүгү ашкере ысык абага туш келип, ѳлүмдүн саны кѳбѳйүшү ыктымал. Мындан тышкары, коркунучтардын катарына тѳмѳнкүдѳй кесепеттер да кирет:

• коралл рифтеринин жок кылынышы
• он жылда бир Арктикадагы муздардын эриши, мунун кесепетинде ага кѳз каранды болгон жандуу жаратылыш бүлгүнгѳ учурамак.

Окуӊуз: Климаттын ѳзгѳрүшү: мен буга эмне үчүн тынчсызданышым керек?

Климатты жакшыртуу үчүн ѳлкѳлѳр кандай ийгиликтерге жетише алды?

2021-жылдын 17-сентябрында БУУ катчылыгы ѳлкѳлѳрдүн климаттык стратегиялары жѳнүндѳ маалыматты жалпылоочу документти жарыялады.

Докладга ылайык, мамлекеттерде парник газдарынын чыгындыларынын деӊгээлин акырындап тѳмѳндѳтүү тенденциясы байкалууда.  Божомолдоолор боюнча, 2010-жыл менен салыштырганда парник газдарынын чыгындылары 2030-жылга карата 12%га азаят.

БУУ Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча Алкактын конвенциясынын аткаруу катчысы Патриссия Эспиностун айтуусуна караганда, кандай болсо да 2030-жылга чейин тезирээк чыгындылардын туу чокусуна жетүү жана ѳнүгүп келе жаткан мамлекеттерге климаттык туруктуулукту сактап калуусу үчүн колдоо кѳрсѳтүү зарыл.

«2020-жылдан баштап жыл сайын 100 миллиард доллар бѳлүп берүү милдети ѳнүккѳн ѳлкѳлѳр тарабынан климаттын ѳзгѳрүшүнѳ каршы күрѳшүү боюнча чараларды активдештирүү үчүн негизги милдет катары белгиленген. Ал БУУ КѲАК аянтчасындагы сүйлѳшүүлѳр процессинин алкагында 10 жылдан ашуун убакыт мурун кабыл алынганы менен бүгүнкү күнгѳ чейин аткарыла элек. Муну оӊдоого мезгил келип жетти жана бул иш-аракет КС-26 жүрүшүндѳ жүзѳгѳ ашырылууга тийиш. Климаттын ѳзгѳрүшүнѳ каршы күрѳшүү боюнча кыйла амбициялуу чараларды кѳрүш үчүн ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳргѳ колдоо кѳрсѳтүү зарыл», – деди ал.

Эмне үчүн климаттын ѳзгѳрүшү кооптуу?

БУУ катчылыгы ѳлкѳлѳрдүн климаттык стратегиясынын айрым пункттары боюнча тынчсыздануусун билдирди. 2010-жылга салыштырмалуу 2030-жылга карата парник газдарынын глобалдык чыгындыларынын кыйла – болжол менен 16%га кѳбѳйүшү божомолдонууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, мындай кѳбѳйүү кылымдын аяк ченинде планетадагы температуранын 2,7 градус Цельсийге жогорулашына алып келиши ыктымал.

«Чыгындылардын 16%га кѳбѳйүшү — тынчсыздануу үчүн маанилүү себеп. Бул кѳрсѳткүч эӊ коркунучтуу климаттык кесепеттер менен азап чегүүлѳрдүн, ѳзгѳчѳ дүйнѳ жүзүндѳгү калктын аялуу катмарларынын кыйынчылыкка дуушар болууларынын алдын алуу максатында эмиссияны тез, туруктуу жана масштабдуу кыскартуу багытындагы окумуштуулардын чакырыктары менен дал келбейт», – деп белгилейт Эспиноса.

Борбор Азия ѳлкѳлѳрү климаттын ѳзгѳрүшү боюнча келишимдерге качан кошулду эле?

Борбор Азиянын беш ѳлкѳсү теӊ БУУ Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катышуучусу болуу менен бирге, дайыма улуттук докладдарды берип, парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо, аялуулук менен адаптацияны баалоо иш-аракеттерин аткарып турушат.

Казакстан Париж макулдашуусун 2016-жылы ратификациялап, 2030-жылга карата парник газдарынын чыгындыларын жеке менчик сектордун катышуусу менен инновациялык чечимдерди мобилизациялоо аркылуу 15%га азайтууга милдеттенген.

Ѳлкѳдѳ парник газдары менен күрѳшүү боюнча бир нече долбоор ишке ашырылууда. Алардын ичинен 2020-жылы БУУѲП колдоосу менен климаттын ѳзгѳрүшүнѳ каршы күрѳшүү боюнча долбоорду ишке ашыруу башталган. Долбоордун башкы максаты – Казакстанда парник газдарынын чыгындыларын токой аянттарын кѳбѳйтүү жана токой чарбасын пайдалануу практикасын мыктылоонун, ошондой эле коомчулукка климаттын ѳзгѳрүшү жѳнүндѳ кеӊири маалымат берүүнүн эсебинен азайтуу. Мындан тышкары, республикада «Энергияны үнѳмдѳѳ жана энергиялык натыйжалуулук жѳнүндѳ», «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну колдоо жѳнүндѳ» жана «Жашыл Экономикага ѳтүү концепциясы жѳнүндѳ» мыйзамдар иштейт. Документтерде 2020-жылга жана 2030-жылга карата энергетикадагы чыгындыларды азайтуу боюнча максаттар белгиленген.

Кыргызстан Париж макулдашуусуна 2016-жылдын 21-сентябрында кол коюп, 2019-жылдын 11-ноябрында ратификациялаган. 2015-жылдагы максаттар боюнча, республика 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгындыларын энергетика, айыл чарба, токой чарба жана жер иштетүүнүн башка чѳйрѳлѳрү, ѳнѳр жай жана калдыктарды утилдештирүү тармактарында тийиштүү чараларды кѳрүү аркылуу  11,5%дан 13,8%га чейин азайтууга милдеттенген. 2030-жылга карата максаттуу тапшырма эл аралык финансылык колдоолордун жардамы менен 29%дан 30,9%га чейин азайтууга жеткирилиши мүмкүн.

Ѳлкѳдѳ эки этаптан турган адаптациялоо боюнча иш-аракеттерге даярдоо процесси башталган. Биринчи этапта бүтүндѳй ѳлкѳ үчүн жалпы документ – «2017-жылга чейин КРда климаттын ѳзгѳрүшүнѳ адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттары» даярдалган.

Экинчи этапта анын негизинде ѳкмѳт климаттын ѳзгѳрүшүнѳ адаптациялоо боюнча тармактык программалар менен пландарды иштеп чыгып, климаттын ѳзгѳрүшүнѳ карата аялуулукту баалоо жана адаптациялоо боюнча иш-чараларды негиздѳѳнү аткарган. Ошондой эле программаларга аларды жүзѳгѳ ашырууга кеткен чыгымдарды баалап чыгуу каралган пландар да кирет. Мындай тармактык программалар менен пландар суу ресурстары жана айыл чарба, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, саламаттыкты сактоо, токой чарбасы жана биоартүрдүүлүк сыяктуу секторлор үчүн даярдалган.

Тажикстан дагы Париж макулдашуусуна 2016-жылы кошулган. Максаттар боюнча, республика 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгындыларын ѳз күч-аракеттери менен 10-20%га, ал эми эл аралык колдоонун негизинде – 25-35%га чейин азайтууга милдеттенген.

Ѳлкѳдѳ 2016-2030-жылдарда ѳлкѳнү ѳнүктүрүү боюнча улуттук стратегия, климаттын ѳзгѳрүшүнүн кесепеттерин жеӊилдетүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы  жүзѳгѳ ашырылып жатат. Мындан тышкары, Тажикстан эл аралык донорлордон насыялар жана гранттар түрүндѳ жардамдарды да алууда:

• Климаттын ѳзгѳрүшүнѳ карата туруктуулукту жогорулатуу боюнча пилоттук программа – 150 млн доллар,
• Жашыл климаттык фонд жана Дүйнѳлүк банк, Глобалдык экологиялык фонд, Европалык реконструкция жана ѳнүктүрүү банкы – 350 млн доллар.

Түркмѳнстан да 2013-жылдан бери Париж макулдашуусунун катышуучусу болуп келет. Ѳлкѳ парник газдарынын чыгындыларын турукташтырууга милдеттенип,  2030-жылга чейин аларды азайтуу багытында иш-аракеттерди аткара баштады. Мунун натыйжасында мамлекет «аз кѳмүртектүү» экономикага ѳтѳ алат.

Түркмѳнстанда Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, анда экономиканын бардык негизги тармактарында энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, энергиянын жаӊыланган булактарынын негизинде алыскы жана калк аз жашаган аймактарда энергетика системаларын жайылтуу жана техникалык модернизациялоо боюнча кѳрүлѳ турган чаралар белгиленген.

Климаттын ѳзгѳрүшүнѳ каршы күрѳшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн бѳлүнгѳн каражаттардын кѳпчүлүк бѳлүгү мамлекеттик бюджетке таандык. Каражаттардын дагы бир бѳлүгү ГЭФ жана Адаптациялоо фонду тарабынан берилип, кургакчылыктын кесепетинен келип чыккан чыгымдарды азайтуу жана калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, мал чарбасы, суу менен камсыз кылуу системаларынын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу тармагында климаттын ѳзгѳрүшүнѳ адаптациялоо боюнча кѳрүлѳ турган чараларга жумшалат.  ЕБ Түркмѳнстандын энергетика жана айлана-чѳйрѳгѳ байланыштуу тармактарында туруктуу ѳнүгүүнүн принциптерин жайылтуу жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууга кѳмѳк кѳрсѳтүп келет.

Ѳзбекстан Париж макулдашуусуна 2018-жылы кошулган. Ѳлкѳнүн башкы милдети болуп, 2030-жылга карата парник газдарынын салыштырма чыгындыларын ИДП бирдигине азайтуу аракети эсептелет. Эл аралык колдоолордун жардамы менен Ѳзбекстан 2030-жылга карата парник газдарынын чыгындыларын 2010-жылдагы деӊгээлден 10%га азайтууга даяр.

Ѳлкѳдѳ 2030-жылга чейин климаттын ѳзгѳрүшүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер башталып, алар климаттын ѳзгѳрүшүнүн негативдүү кесепеттерин жеӊилдетүүгѳ жана климаттын ѳзгѳрүшүнѳ ыӊгайлашууга багытталган. БУУѲП колдоосу менен экономиканын климаттын ѳзгѳрүшүнѳ кыйла аялуу секторлорунун, айыл жана суу чарбасы, энергиялык натыйжалуу курулуш чѳйрѳлѳрүнүн кѳйгѳйлѳрүн чечүү, ден соолук жана климатка карата коркунучтарды азайтуу үчүн тармактык иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

Мындан тышкары, республикада бир катар экологиялык стратегиялар менен программалар бар жана климатка байланыштуу кѳйгѳйлѳр энергетика, курулуш, транспорт, суу жана айыл чарбасын ѳнүктүрүү жана каржылоо программаларына, ошондой эле Ѳзбекстандын «Келечек-2030» структуралык реформалардын стратегиясынын долбооруна киргизилген.

Материал Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: