Эгерде өткөн жылы Кыргызстандын конфессия аралык кеңеши көбүнесе расмий жана формалдуу болсо, бул жылы иш-чара интерактивдүү жана жандуу өттү.
Боз үйдү тигиш үчүн диний уюмдардын өкүлдөрүнө бир саатка жетпеген убакыт керек болду. Биргелешип, ынтымакташып, түндүк көтөрүштү, эми тигилген уук-кереге, түндүктү кийиз менен жабуу гана калды. Мусулмандар менен буддисттер, лютерандар менен бахаилер, православдар менен евангелчилер – бул саамалыкка ар кыл конфессиянын өкүлдөрү катышты. Айрымдар үчүн бул биринчи жолку боз үй тигүү тажрыйбасы болуп калды.
“Бир жагынан түзүлүш жөнөкөй эле, бирок экинчи жагынан кичинекей өзгөчөлүгү бар, эгер сен аны билбесең, боз үйдү тиге албайсың. Бул – уникалдуу архитектуралык чыгарма” деди “Чамсен” будда коомунун өкүлү Алексей Шмыгин (Ниппондзан Мёходзи ордени).
Көчмөндөрдүн универсалдуу турак жайы эки миң жылдан ашык убакыттан бери кыргыздарга кут чачып, кызмат кылып келе жатса, ал эми “Катарыңдагы кишиге кулак сал” аттуу конференция-фестивалдын алкагында диний ишенимине же улутуна карабастан, Кыргызстан анын бардык жарандарынын жалпы үйү дегенди символдоштуруп турду.
Конфест, конфессия аралык кеңештин экинчи жылынын жыйынтыгын чыгарып жатат. Ал кеңешке өлкөдө катталган дээрлик бардык диний уюмдардын өкүлдөрү кирген. Эгер өткөн жылы иш-чаранын форматы көбүнесе расмий, формалдуу болсо, бул жылы интерактивдүү жана жандуу өттү.
Катышуучулардын айтымында, ушундай форматтын натыйжасы кыйла жогору. Ал эми конфессия аралык кеңештин мындай тажрыйбасын башка өлкөлөр да алып жатышат.
“2019-жылдын январь айынан бери Кыргызстандын конфессия аралык кеңешинин иш-тажрыйбасын негиз кылып алып, ушуга окшош аянтчаны биз Тажикстанда өткөргөнбүз. Андан улам ушул жылдын июль айында өлкөнүн ар кыл диний уюмдарынын биринчи конфессия аралык конференциясы уюштурулган” деп билдирди IWPR уюмунун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Абахон Султоназаров.
Ар кыл конфессиянын өкүлдөрүнө, эриш-аркак жаңы нерсени жасап көрүүнү, бир нерсе үйрөнүүнү же жөн эле көңүл көтөрүүнү каалагандардын баарына мастер-класс өткөрдүк.
Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Зайырбек Эргешовдун айтымында, диний уюмдар үчүн, бул – өзү тууралуу айтып берүү мүмкүнчүлүгү.
”Бүгүнкү күнү ар бир конфессия өздөрүнүн ким экенин, эмне менен алектенээрин, максаттары кандай экенин көрсөтүп жатышат. Ушундай интерактивдүү ыкма, менимче, натыйжалуураак жана турмушка жакыныраак. Бул жерде лидерлер эле эмес, ошол уюмдардын өкүлдөрү, мүчөлөрү да бар. Алар бири-бирин жакындан таанып-билип, тажрыйба алмаша алышат” деди Эргешов.
Өз күчтөрүн, мисалы кол жазмадан, араб ариби менен бахаилердин Бахуллы ишениминин “Биримдиктин шооласынын кубаты чоң” деп жазып сынап көрсө болот.
“Бул жакта адамдар ар кыл диндин өкүлдөрү, столго дегеле баары келип жатышат. Бүгүн мага көптөгөн мусулмандар келди. Мында Бахуллынын айткан сөзүн жазуу керек болсо да, мен аларга эркиндик берип, каалаган сөзүңөрдү жазгыла десем, алар өздөрүнө жакын бир нерселерди жазып жатышты. Бул иштин баары биримдик жана мээрим менен жасалып, бизди баш коштуруп турду” деди бахаилердин өкүлү Эльвира Зайналова.
Өз күчтөрүн, мисалы кол жазмадан, араб ариби менен бахаилердин Бахуллы ишениминин “Биримдиктин шооласынын кубаты чоң” деп жазып сынап көрсө болот.
“Бул жакта адамдар ар кыл диндин өкүлдөрү, столго дегеле баары келип жатышат. Бүгүн мага көптөгөн мусулмандар келди. Мында Бахуллынын айткан сөзүн жазуу керек болсо да, мен аларга эркиндик берип, каалаган сөзүңөрдү жазгыла десем, алар өздөрүнө жакын бир нерселерди жазып жатышты. Бул иштин баары биримдик жана мээрим менен жасалып, бизди баш коштуруп турду” деди бахаилердин өкүлү Эльвира Зайналова.
“Бизди бириктирген нерсе – баарыбыздын кыргызстандык экенибиз. Биз – өзүбүз өсүп-чоңойгон өлкөбүздүн кадыресе жарандарыбыз. Бул жакта өз өкүлдөрү келген бардык диндер элге жарык, жакшылык чачып, жан дүйнөнүн тынчтыгын жана, элге колдоо алып келет” деп оюн бөлүштү Штыркин.
Айрыкча прогрессивдүү аялдардын “Мутакалим” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү айырмаланды. Алар каалоочуларга жоолук салынуу боюнча мастер-класс өткөрдү, мехенди – колуна хна боёгу менен сүрөт тартышты.
“Мехенди бизде эмес, араб өлкөлөрүндө кеңири тараган. Ал жакта муну илгертеден, эркектерди ажыга же алыс сапарга узатып жатканда колдонуп келишкен. Азыр мехендини кызды күйөөгө узатууда колдонуп, колуктунун колун сайма менен кооздоп узатышат” деп билдирди “Мутакалимдин” координатор-мугалими Жылдыз Жайлообекова.
Анын айтуусу боюнча, Кыргызстандагы диний көпчүлүк катары бардык конфессиялар менен жакшы мамиледе болуу керек жана ар ким эмнеге ишенээрин өзү чечиши абзел.
“Сенин диниң гана туура дебеш керек, себеби башкалардын бул тууралуу пикири такыр башкача болушу мүмкүн. Ошондуктан ар ким өзү карманган диндин атынан сүйлөй берсе болот” деп кошумчалады Жайлообекова.
Мастер-класстар менен катар эле арт-класс да иштеди, анда балдар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Акбара” жомогун уга алышты. Ошондой эле сүрөтчү Чолпон Жакыпова менен бирге сүрөт тартышты.
“Балдар да Кыргызстан поликонфессиялык мамлекет экенин билиши керек. Биз көп түрдүүлүктү сактайбыз. Бирок ошол көп түрдүүлүктүн ичинде баарыбыз жаран катары бирдей экенибизди калыптандырыш үчүн биримдикте болушубуз керек. Баарыбыз өлкөбүзгө күйүп, анын жыргалчылыгы үчүн иштейбиз” деп белгиледи Эргешов.
Декабрь айы – конфессиялык кеңеш өз жыйынтыгын чыгара турган убак. Бул жылы Кыргызстан боюнча ар кандай иш-чаралар болду, алардын максаты – ар кыл ишенимдеги өкүлдөр арасында өз ара диалогду шарттап, чыр-чатактын алдын-алуу.
Кыргызстандын христиан-баптисттер евангелие чиркөөсү союзунун төрагасы Александр Шумилиндин айтымында, бул иштер өз жемишин берүүдө, мурда орун алган муз эрип жатат. Бирок баары бир чыңалуу сакталып турат, дагы алдыда иштей турган иштер көп.
“Белгилеп кетээр нерсе – мамлекет жок дегенде бул ишке катышып, камкордук көрүп, кандайдыр жардам берүүгө аракет жасоодо. Эгер биз мурда көмөктү анчалык сезе албасак, бүгүнкү күнү мамлекеттик органдар кийин чыр-чатак болуп кетпеш үчүн бардык аракетин жасоодо. Кандайдыр бир алдын-алуу иштери, жергиликтүү эл менен сүйлөшүү жүрүүдө” деп айтты Шумилин.
“Көйгөй мында: Бишкек бул бир жагы, бул борбор, ал эми аймактарда башка. Ошондуктан мындай иш-чараларды Бишкекте эле эмес, айыл калкынын арасында да жүргүзсө жакшы болмок” деп белгиледи Алексей Шмыгля.
Ал Кыргызстан боюнча барабан кагып, кудайга жалынып саякат жасоо боюнча тажрыйбасы бар экенин кошумчалады. Бирок айрым учурда кандайдыр арзыбас нерселер болуп жатты, аларды да кийин эске ала жүрүш керек, бирок жалпысынан эл жакшы кабыл алганын билдирди.
“Жалгыз көйгөй – карапайым калктын көпчүлүк бөлүгүнүн этникалык караштуулугу жана диний көз карашынын ортосунда чиелешкен бекем түйүн бар. Эгер кыргыз улутундагы киши исламдан башка динди тутса, ал көйгөйгө туш болушу ыктымал” деп билдирди будда монахы.
Конфесттин алкагында бүт дүйнөгө белгилүү TED Talk лекцияларынын форматына Belief Talks өткөрүлдү. Анда ар кыл диний уюмдардын өкүлдөрү билим берүү, тынчтык жана тилектештик туурасында сөз сүйлөдү.
Тогуз катышуучу – тогуз шыктандыруучу балдардын укугу тууралуу айтты. Өспүрүмдөргө арналган билим берүү программасы үчүн борбордон Токмокко барыша турганын; спорт өзүңдөгү жаман нерселерден арылууга жардам берип, ачык-айрымдыкка чакырарын; жашоону улам кийинкиге калтырбоо, ыңгайы келген убакыт-саатты күтүп жүрө бербөө тууралуу сөз кылышты.
Жамал Фронтбек кызы, аялдардын “Мутакалим” прогрессивдүү коомдук бирикмесинин башчысы.
Акимжан Эргешов, КР Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү
Малика Картаңбаева, бахаи коомунун өкүлү
Александр Михайлов, «Кудай жамааты» диний уюмунун өкүлү
Рыспек Заидов, Кыргыз чиркөөлөрү альянсынын өкүлү
Ольга Прокофьева, жетинчи күн христиан-адвентисттердин өкүлү
Кыргызстанда мындай форматта иш-чара биринчи жолу болуп жатат. Анын натыйжасы дароо эле байкалууда, бул жакка киргенде эле диний ишенимге карабастан, кызыктуу, жандуу пикир алышуу болду. Мындай формат дин иликтөөчү-студент Бектурдун айтымында, ар кимдин диний ишенимине түшүнүү менен кароону үйрөтөт.
“Мен ар бир диндин өкүлдөрүн өзү ишенген динди гана эмес, башка диндерди да окууга чакырам. Динди негиздөөчүлөрдүн бири “эгер бир динди билсең, анда бир да динди билбейсиң деген турбайбы” деди ал.