© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

11-октябрь – Кыздардын эл аралык күнү. Борбор Азия ѳлкѳлѳрү кыздарын кандайча коргошот?

11-октябрда бүткүл дүйнѳ жүзү кыз балдардын гендердик теӊсиздигине жана социалдык жактан корголбогондугуна кѳӊүл буруу максатында негизделген Кыздардын эл аралык күнүн белгилейт.

Резолюцияны кабыл алуу жѳнүндѳ идеяны Канаданын аялдардын иштери боюнча министри Рона Эмброуз киргизген. 2011-жылы БУУнун Генералдык ассамблеясы Канада тараптын демилгесин карап чыгып, кийинки, 2012-жылдан тарта майрам катары белгилене баштаган.

Бүгүнкү күндѳ кыздардын укуктарын коргоого арналган бир катар документ бар, бирок алардын ичинен эӊ маанилүүсү болуп, Пекин декларациясы жана Иш-аракеттер платформасы эсептелет. Бул кандай документтер?  Борбор Азия мамлекеттеринде кыздар менен аялдардын абалы кандай жана бул ѳлкѳлѳрдѳ кыздарды коргоо үчүн кандай чаралар кѳрүлѳт?  Карточкалар түрүндѳ карап чыгабыз.

<strong>Пекин декларациясы жана Иш-аракеттер платформасы деген эмне?</strong>

Бул аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтүү боюнча 1995-жылы Пекинде кабыл алынган саясий программа. Документти кабыл алуу процессине жалпысынан 189 ѳлкѳ катышып, алардын катарында Борбор Азия мамлекеттери да болгон.

Программанын концепциясы катары, ар бир аял менен кыз баланын эркиндиги, жеке тандоосу, зордук-зомбулуктан тышкары болуусу, билим алуу укугу жана жасаган эмгегинин акысын алуу укугу алынган.

Пекин Иш-аракеттер платформасында жалпысынан 12 проблема белгиленген:

  • аялдарга түшкѳн жакырчылык түйшүгүнүн улануусу жана кѳбѳйүүсү;
  • билим берүү жана кесиптик даярдоо чѳйрѳсүндѳгү теӊсиздик жана адекваттуу эмес мүмкүнчүлүктѳр, аларды пайдалануу мүмкүнчүлүктѳрүнүн бирдей эместиги;
  • саламаттыкты сактоо жана аны менен байланыштуу тармактардагы теӊсиздик жана адекваттуу эмес мүмкүнчүлүктѳр, тийиштүү кызматтардан пайдалануу мүмкүндүгүнүн бирдей эместиги;
  • аялдарга кѳрсѳтүлгѳн зомбулук;
  • куралдуу жана башка түрдѳгү жаӊжалдардын аялдарга, айрыкча чет ѳлкѳлүк оккупация шарттарында жашагандарга тийгизген кесепеттери;
  • экономикалык структуралар менен саясаттын алкагында, ѳндүрүштүк ишмердүүлүктүн бардык формаларында жана ресурстарга мүмкүндүк алууда теӊсиздик;
  • бийликти бѳлүштүрүү жана бардык деӊгээлдеги директивалык чечимдерди кабыл алууда эркектер менен аялдардын ортосундагы теӊсиздик;
  • бардык деӊгээлдерде аялдын абалын жакшыртууга багытталган механизмдердин жеткилеӊ иштелип чыкпагандыгы;
  • аялдарга болгон сый-урматтын жетишсиздиги, адекваттуу эмес дем берүү менен укуктарын коргоо;
  • коммуникациянын бардык системаларында, ѳзгѳчѳ ЖМКларда аялдардын стереотиптик образдарын жаратуу, аялдардын бул системаларды колдонуусунда жана аларга катышуусунда теӊсиздик;
  • жаратылыш ресурстарын башкаруу жана айлана-чѳйрѳнү коргоо иштеринде эркектер менен аялдардын ортосундагы теӊсиздик;
  • кыздарга карата кодулоо кѳрүнүштѳрүнүн улануусу жана алардын укуктарынын бузулушу.

Былтыр Пекин декларациясына 25 жыл толду.

<strong>Кыргызстан кыздардын укуктарын коргоо жаатында кандай иштерди жасады?</strong>

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2021-жылдын башына карата республика боюнча аялдардын саны 3,3 миллион кишини же калктын жалпы санынын 50,4%ын түзгѳн. 

Кыргызстанда акыркы 5 жылда аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо боюнча эки багытта иш жүргүзүлгѳн:

  • негативдүү социалдык ченемдерге жана практикаларга каршы күрѳшүү, ошондой эле кыздардын муктаждыктары менен мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу кабардар кылууну жогорулатуу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынды;
  • кыздардын билим алуу, кѳндүмдѳрүн ѳркүндѳтүү жана окуу мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтүү.

Республикада «Балдардын укугун коргоо лигасы» жана «Балдарды коргоо борбору» уюмдары эрте нике сыяктуу практикаларга каршы маалымат кампанияларын ѳткѳрүштү. Кампаниялардын алкагында ата-энелер, кыздар менен жолугушуулар жана семинарлар уюштурулуп, эрте нике практикаларын жок кылуу боюнча мыйзамдар менен нормативдердин деӊгээлинде кабыл алынган чараларды түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Ачык линия» долбоорунун алкагында эрте нике боюнча эки: «Туура чогулт» жана «Менин тандоом бар» аттуу стол оюну иштелип чыкты. 2018-жылы кыздар менен ата-энелердин ортосунда мектеп аркылуу жайылтылган «Куткаруучу айлана» жана «Коопсуздук картасы» мобилдик тиркемелери иштелип чыккан.

Билим берүү жаатында кыздарга таасир этүүчү мектептен тышкаркы программалар: «Лидерлер мектеби», «STEM-билим берүү», «Мыкты балдар», «Ийгиликтүү кыз», «Илим кыз» программалары ишке ашырылып жатат. Булар ар бир баланын жеке кызыгуусуна жараша кыздар менен балдар кызыккан кесиптер жана адистиктерге байланыштуу стереотиптерди жоюуга багытталган.

Саламаттыкты сактоо тармагында – эрте кош бойлуулук боюнча клиникалык колдонмого кыз бала 16 жашынан баштап медициналык кызматтардан пайдалануу укугуна ээ болушу керек экендиги жѳнүндѳ ченем киргизилди. Буга ылайык, жаш кыздар ѳз алдынча гинекологго каттоого туруп, консультация ала алышат.

<strong>Борбор Азиянын башка ѳлкѳлѳрү кыздарынын укуктарын кантип коргошот?</strong>

Казакстанда 2030-жылга чейин Үй-бүлѳ жана гендердик саясат концепциясы иштейт. Бул жерде үй-бүлѳдѳгү зомбулукту түп-тамыры менен жок кылуу маселеси башкы милдет катары белгиленген. Ошондой эле маселени чечүү үчүн үй-бүлѳ жана тиричилик мамилелери жаатында укук бузуулардын алдын алууга багытталган бир катар мыйзам чыгаруу актыларына оӊдоолор киргизилди. Полицияда үй-бүлѳдѳ чыр салуучуларга карата таасир этүүнүн жана алар менен жекече профилактикалык иштерди жүргүзүү мүмкүндүгүн берген рычагдар пайда болду. 

Маселен, полиция кызматкерлери чыр салуучуларга карата алардын бир айга чейин курмандыктары менен байланышын чектей турган тыюуларды салууга укуктуу. Укук бузуучулардын жүрүм-турумдары боюнча ѳзгѳчѳ талаптар белгиленген учурда, сот ѳкүлдѳрү алкоголдук ичимдиктерди, баӊгизаттарды жана психотроптук заттарды пайдаланууга тыюу салуу түрүндѳ чектѳѳлѳрдү киргизет.

Мындан тышкары, ѳлкѳдѳ аялдардын эмгекке болгон укугун ишке ашыруу үчүн тийиштүү шарттар түзүлгѳн. Маселен, бирдей эмгек үчүн бирдей акы тѳлѳнѳт, ошондой эле аялдардын, алардын ичинде кош бойлуулар менен балалуулардын, майып баланы баккандардын эмгегинин ѳзгѳчѳлүгү жѳнгѳ салынат.

Ѳзбекстанда Аялдар комитети уюшпаган жаштарга колдоо кѳрсѳтүү, анын ичинде жашоодо ѳз ордун табуулары үчүн шарттарды түзүп берүү, жардам берүү, алардын кесиптик багыт алуулары жана жумушка орношууларын камсыздоо, демилгелерин ѳбѳлгѳлѳѳ боюнча иш алып барат. 2017-жылдан бери «Жаш үй-бүлѳлѳр менен кыздардын форуму» ѳткѳрүлүп келет. Форумдун алкагында уюшпаган жаштардын ѳлкѳнүн лидер айымдары жана ийгиликтүү ишкерлери менен жолугушуулары уюштурулат.

Тажикстанда ѳкмѳт майып балдар үчүн кызматтардын кѳпчүлүк бѳлүгүн каржылайт. Стационардык, стационардык эмес типтеги мекемелерде жана күндүзгү кароо борборлорунда кызматтар мамлекеттик бюджеттин эсебинен кѳрсѳтүлѳт. Мындан тышкары, ВИЧ инфекциясы менен жашаган аялдарга да жардам берилет. Ѳлкѳдѳ адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) эпидемиясына каршы күрѳшүү боюнча улуттук программа бекитилип, анда ВИЧ инфекциясынын энеден балага ѳтүүсүнѳ байланыштуу чаралар белгиленген.

<strong>Кыздардын билим алуусу кандай?</strong>

Тилекке каршы, Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссия (ЭСКАТО) тарабынан иштелип чыккан «Пекин +25» отчетуна ылайык, Кыргызстан менен Тажикстанда кыздардын 9-класстан кийин билим алуусун токтотуу тенденциясы сакталып турат. 

«Бул тенденция кыз бала «алгач тил алчаак кыз, анан баш ийген жубай» болууга тийиш деген патриархалдык баалуулуктар менен түшүндүрүлѳт. Жогорку билим деӊгээлинде карьераны тандоодо гендердик сегрегация жоюла элек», – деп айтылат документте.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, аялдар кѳбүрѳѳк эмгектенген чѳйрѳлѳр –  гуманитардык жана педагогика илимдери – 86,6% , ошондой эле саламаттыкты сактоо жана социалдык илимдер – 74,8%. Эркектер болсо, инженердик жана технологиялык дисциплиналарды кѳп тандашат. Мисалы, транспорт менен байланыштуу адистиктер боюнча окуган студенттердин 91%ын эркектер түзѳт.  

Тажикстанга келе турган болсок, 2018-жылдын 1-октябрына карата башталгыч жана орто (жогорку) кесиптик-техникалык окуу жайларына тапшырган студент кыздардын үлүшү 23% жана 33,5% түзгѳн.

«Бул тенденцияларга жана билим алууну уланткан кыздарга колдоо кѳрсѳтүү боюнча ар кандай улуттук демилгелердин ишке ашырылып жатканына карабастан, кыздардын 9-класстан кийин окуусун таштоосу мурункудай эле курч кѳйгѳй бойдон калууда», – деп белгилейт ЭСКАТО.

Казакстанда, тескерисинче, 2018-жылы формалдык билим берүү системасында билим алгандардын жалпы санынан кыздар 49,5%ын түзсѳ,  2018-2019-жылдары аялдар жалпы аспиранттардын 64,6%ын түзгѳн. Эмгек системасын карап чыга турган болсок, иштеген аялдардын 44,5%га чейинкиси 36% эркектерге салыштырмалуу жогорку билимге ээ.   

<strong>Кыздардын билим алуусуна байланыштуу кѳйгѳйдү чечүү үчүн Борбор Азия ѳлкѳлѳрү кандай чараларды кѳрүшѳт?</strong>

Акыркы 5 жылда Кыргызстан кыздар менен аялдардын билим алуусун камсыздоо багытында тѳмѳнкүдѳй кадамдарды жасады:

  • билим берүүнүн бардык деӊгээлдеринде гендердик теӊдикти илгерилетүү жана жаӊылыш пикирлерди жоюу үчүн окуу программаларын ѳркүндѳтүү;
  • кѳндүмдѳргѳ ээ болуу, ошондой эле жаӊы жана перспективалуу тармактарда, ѳзгѳчѳ STEM (илим, технология, инженерия жана математика) чѳйрѳсүндѳ окуп билим алуу, санарип технологияларды ѳздѳштүрүү мүмкүнчүлүктѳрүн кеӊейтүү;
  • коопсуз суу менен камсыздоо жана санитария кызматтарынын, ошондой эле айыз гигиенасы каражаттарынын, айрыкча мектептер менен башка окуу-даярдоо жайларында жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

«Кыргызстанда түрдүү курактагы кыздарды инновациялык технологияларды жайылтууга активдүү катышууга, таланттарды толук ачууга, аларды илим жана жаӊы технологиялар менен алектенүүгѳ мотивациялоого, инженердик жана техникалык адистиктерге кызыктыруу үчүн шарт түзгѳн ар кандай долбоорлор аркылуу STEM-билим берүүгѳ карай иш-аракеттер чындап эле ийгиликтүү боло баштады», – деп белгилейт Билим берүү министрлиги.

Ѳзбекстанда жогорку билимдүү кыздардын санын кѳбѳйтүү максатында айыл жерлеринде маалыматтык жана агартуу иш-чараларын ѳткѳрүп, адистиктерге ээ айымдарды үлгү кылып кѳрсѳтүшүүдѳ. Бардык ЖОЖдордо «Кизларжон» аттуу клубдар түзүлүп, алардын ишмердүүлүгү кыз-келиндердин коомдук-саясий активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жогорку окуу жайларында кѳптѳгѳн дисциплиналарды окутуу боюнча кечки программалар уюштурулуп, үй тиричилигине байланган кыз-келиндердин билимге ээ болуусун камсыздайт.

Тажикстанда 9-класстан кийин окууну таштоонун себептерин аныктоого арналган изилдѳѳ жүргүзүлүп, анын натыйжалары мектептер, үй-бүлѳлѳр жана жамааттардын ортосунда жакыныраак кызматташуу, ошондой эле системада тамыр жайган гендердик жаӊылыш пикирлерди жоюу зарылчылыгын кѳрсѳткѳн.

<strong>Кыздар менен аялдар үчүн медицинанын жеткиликтүүлүгү – кѳрсѳткүчтѳр жакшырдыбы?</strong>

Ооба, «Пекин +25» отчетуна ылайык, Борбор Азия мамлекеттеринде сексуалдык жана репродукциялык саламаттыкты сактоо боюнча кызматтар кыйла жеткиликтүү болуп калды. Бирок ѳлкѳлѳр үчүн артыкчылыктуу багыт катары эне ѳлүмүнүн кѳрсѳткүчтѳрүн азайтуу чаралары эсептелет. Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн ичинен Кыргызстан 2014-жылдан 2018-жылга чейин 100 000 тирүү тѳрѳлүүнүн ичинен 50,1 ѳлүмдѳн 30,6 ѳлүмгѳ чейин коэффициентте тѳмѳндѳѳ болгонуна карабастан, азырынча алдыӊкы орунда турат.   

Маселен, Кыргызстанда сексуалдык жана репродукциялык саламаттык, психикалык саламаттык, эненин саламаттыгы чѳйрѳлѳрүндѳ атайы медициналык кызматтарды, ошондой эле ВИЧ менен күрѳшүү багытында кызматтарды кѳрсѳтүү боюнча чаралар кѳрүлгѳн. Артыкчылыктуу маселелердин катарында мектептер менен жамааттардын ичинде жыныстык маселе боюнча ар тараптуу агартуу иштери, ошондой эле энени коргоо маселеси турат.

Казакстанда кыздар менен аялдар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында «Саламатты Қазақстан» жана Саламаттыкты сактоону ѳнүктүрүү боюнча «Денсаулық»  мамлекеттик программасы иштейт. Алардын башкы максаты – репродукциялык саламаттык чѳйрѳсүндѳ муктаждыктарды канааттандыруу, ден соолукту сактоо, энелер, балдар жана ѳспүрүмдѳр арасында оору менен ѳлүмдүн санын азайтуу, ошондой эле жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялардын алдын алуу.  «Денсаулық» программасы эне менен баланын ѳлүм деӊгээли 2015-жылы 5 эсе азайтылган соӊ,  бул кѳрсѳткүчтү турукташтырууга кѳмѳктѳштү. 

Тажикстанда  2010-2020-жылдарга карата Калктын саламаттыгы боюнча улуттук стратегиянын алкагында 2016-2020-жылдарда энелердин сексуалдык жана репродукциялык саламаттыгын, жаӊы тѳрѳлгѳн ымыркайлардын, жаш балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн саламаттыгын сактоого багытталган улуттук иш-аракет планы кабыл алынган. Азыркы учурда кош бойлуу аялдардын баары күндүз негизги медициналык жана санитардык жардам кызматтарынан пайдалана алышат, ал эми репродукциялык саламаттыкты сактоо борборлору менен атайы даярдыктан ѳткѳн адистердин саны кыйла кѳбѳйүп, эне ѳлүмүнүн деӊгээлин тѳмѳндѳтүүгѳ ѳбѳлгѳ болууда.

Ѳзбекстанда  «Жарандардын репродукциялык саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ» мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын башкы максаты – Ѳзбекстанда 2014-2018-жылдарда калктын репродукциялык саламаттыгын чыӊдоо, энелердин, балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн ден соолугуна кам кѳрүү. Ѳспүрүм кыздар менен фертилдик курактагы аялдарга жардам берүү үчүн үй-бүлѳлүк клиникаларда жана айылдардагы медициналык борборлордо аялдар үчүн консультация берүүчү кабинеттер ачылган.

<strong>Аялдар менен кыздарга карата кѳрсѳтүлгѳн зомбулук – бул кѳйгѳйдү Борбор Азия ѳлкѳлѳрү кантип чечип жатышат?</strong>

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы  Кыргызстандын аймагында аялдарга карата  4,4 миӊ кылмыш жасалып, 2018-жыл менен салыштырганда 14%га кѳп болгон.  

«Пекин +25» докладында берилген маалымат боюнча, республикада гендердик зомбулуктун алдын алуу чараларын кабыл алуунун натыйжасында үй-бүлѳлүк зомбулук жѳнүндѳ билдирүүлѳр менен  убактылуу коргоо ордерлерин берүүнүн саны кѳбѳйгѳн. Бул маселени жѳнгѳ салган башкы мыйзам – бул 2017-жылы кабыл алынган «Үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жѳнүндѳ» мыйзам.   Ошондой эле мыйзамда үй-бүлѳнүн ичинде зомбулукка кабылган жарандардын юридикалык, психологиялык, социалдык жардамдарды жана консультация алууга болгон укуктары каралган. Укук коргоо органдары үй-бүлѳдѳгү зомбулук тууралуу билдирүүлѳргѳ алардын качан жана кимден келип  түшкѳнүнѳ карабастан, ар убак реакция кылууга милдеттүү.

 

Жалпысынан, акыркы 5 жылда Борбор Азия ѳлкѳлѳрүндѳ аялдарга карата зомбулук кѳрсѳтүү фактылары үчүн жазалоону күчѳткѳн бир катар ченемдик-укуктук документтер кабыл алынган.

Казакстанда 2015-жылы алгачкы жолу улуттук деӊгээлде аялдарга карата кѳрсѳтүлгѳн зомбулуктун масштабдарын изилдѳѳ жүргүзүлгѳн. Изилдѳѳ Казакстанда 18-75 жаштагы аялдардын 17%ы жок дегенде бир жолу жыныстык ѳнѳктѳшүнүн физикалык же сексуалдык зомбулугуна кабылганын кѳрсѳткѳн. Анын жыйынтыктарынын негизинде тийиштүү рекомендациялар киргизилип, ѳлкѳнүн 17 областында 30га чукул кризистик борборлор ачылган, үй-бүлѳлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн ишеним телефондору менен атайы кызматтар уюштурулган, «Үй-бүлѳлүк зомбулуктан эркин Казакстан» аттуу кѳп тармактуу пилоттук долбоор ишке киргизилген, ошондой эле Ички иштер министрлигинин алдында аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча атайы бѳлүмдѳр түзүлгѳн.  

Тажикстанда «Үй-бүлѳдѳгү зомбулуктун алдын алуу жѳнүндѳ» мыйзам жана 2014-2023-жылдарга карата үй-бүлѳдѳгү зомбулуктун алдын алуу боюнча программа иштейт. Тийиштүү иш-чаралардын натыйжасында үй-бүлѳдѳгү зомбулуктун курмандыктарына жардам берүү; зомбулукчу эмес жүрүм-турумга тартууда билим берүү мекемелеринин ролун жогорулатуу (окуучулардын арасында зомбулукчу эмес жүрүм-турумга дем берүү максатында 8-11-класстар үчүн жаӊы предметтерди киргизүү менен); бардык деӊгээлдеги мамлекеттик мекемелер тарабынан кайтарым чараларды жана колдоону күчѳтүү; жана прогресстер менен кемчиликтерге мониторинг жүргүзүү менен аларга баа берүүнү жакшыртуу чаралары кѳрүлгѳн.

Ѳзбекстанда 2015-жылы аялдарга карата зомбулук маселесине байланыштуу изилдѳѳ жүргүзүлүп, сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча аялдарга зомбулук кѳрсѳтүү кѳбүнчѳ психологиялык мүнѳздѳ болору белгилүү болуп, респонденттердин 28%ы –  сѳз менен кемсинтүү түрүндѳ, 5,8%ы – физикалык зомбулукка дуушар болгонун айтышкан.   Министрлер кабинетине караштуу «Дени сак үй-бүлѳ – дени сак коом» концепциясын ишке ашыруу максатында «Оила» илимий-практикалык изилдѳѳ борбору түзүлгѳн. Ѳлкѳнүн аймактарында үй-бүлѳдѳгү зомбулуктун курмандыктарына психологиялык, укуктук жана социалдык жардам кѳрсѳтүү үчүн реабилитациялык жана адаптациялык борборлор ачылган.

<strong>Эрте нике – дагы эле олуттуу кѳйгѳй бойдон калуудабы?</strong>

Эл аралык уюмдардын берген маалыматтарына ылайык, эрте никелер үй-бүлѳдѳгү зомбулук маселесин ѳбѳлгѳлѳйт. Эрте никелер дагы эле тѳмѳнкүдѳй себептерден улам келип чыгууда:  

  • кыздардын ѳз укуктарын колдонуулары үчүн экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктѳрдүн жоктугу;
  • жакырчылыктын кѳбѳйүшү жана ата-эненин кызын мүмкүн болушунча эретерээк турмушка берүү ниети; кыздар эӊ тѳмѳнкү  статуска ээ үй-бүлѳ моделдеринин басымдуулук кылышы;
  • жаштардын эрте жыныстык активдүүлүгү;
  • кыздардын турмушка эрте чыгуусун шарттаган диний таасирдин күчѳшү;
  • жашы жете элек кыздарды никеге туруу максатында ала качуу учурларынын кѳбѳйүшү.

Кыргызстандын «Пекин+25» докладында белгиленгендей, жакыр жашаган үй-бүлѳлѳрдүн кыздары эрте турмушка чыгууга кѳбүрѳѳк мажбурланышат.

 2014-жылдан бери Кыргызстанда 15-18 жашында турмуш курган кыздардын саны 948ден 2017-жылы 408ге чейин кыскарган. 

«Эрте күйѳѳгѳ чыгууга мажбурланган кыз, адатта мектептен билим алуусун андан ары уланта албайт. Мындай учурда эрте бойго бүтүү жана бала тѳрѳѳ бир жагынан психологиялык бузулуу, экинчи жагынан физиологиялык оорулар менен да коштолушу ыктымал», – деп белгиленет докладда.

Республикада кыздарды турмушка эрте чыгууга мажбурлоодон коргоо максатында бир катар мыйзам чыгаруу актыларына оӊдоолор киргизилип, жашы жете элек кыздарды турмушка чыгууга зордогон кишилерге карата 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу жѳнүндѳ берене киргизилген.

Тажикстанда эрте никелерге жол бербѳѳ максатында Үй-бүлѳ кодексине нике жашын 17 жаштан 18 жашка чейин жогорулаткан оӊдоолор киргизилген. Бул кыздардын билим алууга болгон укуктарын колдоно билүүсүн, ѳз алдынча жашоого даярдануусун камсыздоого, ошондой эле БУУнун баланын укуктары жѳнүндѳ Конвенциясынын жоболорун имплементациялоого багытталган. 

«Ошону менен катар эле, нике жашына жете элек кыздарды ата-энелери же башка туугандары турмушка эрте берген учурлар кѳп бойдон калууда. Кѳп сандагы кишилер 18 жашка толо элек секелек кыздарды аялдыкка алган учурлар жоюла элек. 2016-2017-жылдарда жана 2018-жылдын биринчи жарымында Тажикстандын сот органдары тарабынан 46 кылмыш иши каралып чыгып, 89 адам эрте никеге байланыштуу кылмыш үчүн соттолгон», – деп айтылат «Пекин +25» докладында

Казакстандын «Нике жана үй-бүлѳ жѳнүндѳ» кодекси боюнча, каттоо органдарына кош бойлуулук же ортодо бала тѳрѳлгѳн учурларда (эрте нике) нике курагын белгиленген 18 жаштан эки жашка чейин тѳмѳндѳтүүгѳ уруксат берилет. 2012-жылы 1554 эрте нике катталган болсо, бул кѳрсѳткүч 2018-жылы 1052 учурга түшкѳн.

«Казакстанда жашы жете электер жана мажбурланган никелерге байланыштуу кѳйгѳй ѳспүрүм кыздардын ѳз укуктары тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эместигинен, кыздарды ала качкандарга карата жазалардын тийиштүү түрдѳ аткарылбай жытышынан, ошондой эле жашы жете элек кыздар менен мыйзамсыз диний нике кыйдыруудан келип чыгууда», – деп айтылат Казакстандын «Пекин +25» отчётунда

Ѳзбекстанда эрте никелердин саны улуттук Аялдар комитетинин тийиштүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар менен биргеликте агартуу иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында азайган. 2018-жылы укук коргоо органдары, Аялдар комитети, махаллялар комитети, окуу жайлары жана бейѳкмѳт уюмдар коомчулукка маалымат берүү боюнча 3000ден ашуун иш-чара ѳткѳрүшкѳн.  Берилген бааларга ылайык, 2014-2019-жылдардагы мындай иш-чаралардын натыйжасында 3000ге жакын эрте нике учурларынын алдын алуу мүмкүн болгон.  

<strong>Аялдарга кандай социалдык колдоолор кѳрсѳтүлѳт?</strong>

Борбор Азия ѳлкѳлѳрүндѳ бир катар тѳлѳмдѳрдү караштырган мыйзамдар иштейт.

Кыргызстанда «Мамлекеттик жѳлѳкпулдар жѳнүндѳ» мыйзамга ылайык, жѳлѳкпулдардын үч түрү: бала тѳрѳлгѳндѳ бир жолу берилүүчү жѳлѳкпул; 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ ай сайын тѳлѳнүүчү жѳлѳкпул; жана пенсиялык камсыздоо укугуна ээ эмес жарандар үчүн социалдык камсыздоо боюнча жѳлѳкпулдар тѳлѳнѳт. Мындан тышкары, абактарда отурган аялдар кош бойлуулугу жана тѳрѳтү боюнча да жѳлѳкпул алууга укуктуу.  

Казакстанда дагы эмгекке жарамдуу аялдар үчүн коомдук иштердин программалары/жумушка орноштуруу кепилдиктери жана улгайган аялдар үчүн пенсия тѳлѳп берүү каралган. Аялдар үчүн пенсия кирешесин кѳбѳйтүү сыяктуу жаӊылык киргизилди.

Тажикстанда «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жѳнүндѳ» мыйзамга оӊдоолор киргизилген. Ѳзгѳртүүлѳргѳ ылайык, кош бойлуулук жана тѳрѳт боюнча жѳлѳкпул, жумушсуздук боюнча жѳлѳкпул, биринчи, экинчи жана үчүнчү баласы тѳрѳлгѳндѳ берилүүчү үй-бүлѳлүк жѳлѳкпулдар, ѳлгѳн адамды жерге берүү боюнча жѳлѳкпул жана убактылуу ишке жарамсыздык боюнча жѳлѳкпул тѳлѳнүүгѳ тийиш. Ошондой эле «Пенсиялык камсыздоо жѳнүндѳ» мыйзамда курагы, майыптыгы, үй-бүлѳнү багуучу адамдан ажыроосу боюнча дагы пенсиялык тѳлѳмдѳрдүн бир нече түрү каралган. Калктын аялуу жана аз камсыз болгон катмары үчүн даректик социалдык жардам программасы биринчи кезекте кош бойлуу аялдар менен улгайган адамдарга (булардын кѳпчүлүгүн аялдар түзѳт) колдоо кѳрсѳтүүгѳ багытталган.

Ѳзбекстанда 2017-2021-жылдарга карата ѳнүгүүнүн беш артыкчылыктуу багыт боюнча иш-аракеттердин стратегиясы жарандарды социалдык коргоо жана саламаттыгын сактоо системасын жакшыртууну караштырат. Буга калкка милдеттүү социалдык кепилдиктерди камсыздоо, калктын аялуу катмарларын социалдык коргоону күчѳтүү жана саламаттыкты сактоону реформалоо иш-аракеттери кирет.

<strong>Аялдардын эмгектик дискриминациясы боюнча абал кандай?</strong>

«Пекин +25» отчётунда берилген маалыматтарга ылайык, Борбор Азия ѳлкѳлѳрүндѳ гендердик дисбаланс олуттуу бойдон калууда. Курулуш жана транспорт сыяктуу эмгек акысы жогорку секторлордо иштегендердин басымдуу бѳлүгүн эркектер түзѳт. Аялдар кѳбүнчѳ айлыгы азыраак жана айыл чарба, кызмат чѳйрѳсү (анын ичинде чекене соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо) сыяктуу формалдуу эмес секторлордо иштешет.

Мындай факт эмгек акысында гендердик ажырымды шарттайт. Маселен, Кыргызстанда аялдардын айлык акыларынын ѳлчѳмү эркектердин маянасынын 75,2%ын түзѳт. Тажикстанда аялдар менен эркектердин эмгек акыларынын катышы 59,9%ды, ал эми Түрмѳнстанда – орточо эсеп менен 10-13%ды түзѳ турганы аныкталган.

Бирок Борбор Азия ѳлкѳлѳрү бул кѳйгѳй менен күрѳшүп келе жатышат. Казакстан жѳнүндѳ айта турган болсок, аялдар менен эркектердин жумуш менен камсыз болуусунда бирдей мүмкүнчүлүктѳр үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүгѳ багытталган 2025-жылга чейин ѳнүгүүнүн стратегиялык планы иштелип чыккан.  Ошондой эле республика аялдардын расмий жумуштуулукка ѳтүүсүн жеӊилдетүү үчүн жаӊы салык режимин киргизүүнү пландап жатат.

Кыргызстанда, ѳз кезегинде, 2018-2020-жылдарга карата гендердик теӊдикке жетүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

Тажикстанда 2016-жылы жаӊы Эмгек кодекси кабыл алынган. Ага ылайык, жумуш берүүчүлѳрдүн кош бойлуу жана балалуу аялдарды жумушка алуудан баш тартуусуна, учурдагы абалы жана бала багуу боюнча милдеттеринен улам алардын эмгек акыларын азайтуусуна тыюу салынат. Ошондой эле кодексте аялдардын эмгеги жана үй-бүлѳдѳгү милдеттерине карата атайы стандарттар менен талаптар белгиленген.  

Түркмѳнстандын Эмгек кодексине да бир катар ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, алардын ичинде кош бойлуулук жана тѳрѳт боюнча ѳргүүлѳр менен мамлекеттик жѳлѳкпулдар системасын мыктылоо, аялдардын жыл сайын берилүүчү ѳргүүгѳ болгон укуктарынын корголушун кепилдѳѳ, зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда аялдардын иштѳѳсүнѳ коюлган чектѳѳлѳрдү алып салуу каралган.

Ѳзбекстандын улуттук ѳнүгүү стратегиясында дагы аялдардын жумуш менен камсыз болуусуна байланыштуу маселеге артыкчылык берилген. Айыл аймактарында формалдуу жумушка орношуу үчүн мүмкүнчүлүктѳрдүн жоктугу башкы кѳйгѳй катары эсептелип, бул кѳйгѳйдүн күчѳшүнѳ жергиликтүү аялдардын басымдуу бѳлүгүнүн билим деӊгээлинин тѳмѳндүгү түрткү болууда.    

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: