Саясий деколонизация боюнча талкуулар күчөп турган чакта “деколониалдык феминизм” деген терминди көп уга баштадык. Ошол эле маалда Борбор Азияда феминизмдин өзү курч талаш-тартыштын очогу бойдон: бир жагынан аны аялдардын патриархаттан бошотулушу катары карашат, экинчи жагынан улуттук маданиятка жана салттуу баалуулуктарга кийлигишүү деп сындашат.
Деколониалдык феминизм деген эмне? Эмне үчүн бул тууралуу кеп козгошубуз керек? “Феминизм – бул батыштын пропагандасы” деген сөздөр суу кечеби? CABAR.asia ушул жана башка суроолорду “Феминита” деп аталган казакстандык феминисттик демилгени негиздегендердин бири, социалдык илимдердин доктору Жанар Секербаева менен талкуулады.
Деколонизация процессинде гендердик укуктар тууралуу айтыштын эмне кереги бар?
Эгер жалпы эле Борбор Азияны алсак, биз бир кезде Орус империясы колонизациялап алган өлкөлөрбүз. А Орус империясында аялдар турмуштун бардык жагында тең эмес укуктук абалда болушканы белгилүү.
Ошондуктан деколонизация процессинде гендердик укуктар тууралуу үн катпоо мен үчүн колониалдык жагдайда кала берүү дегенге барабар; пайда болуп жаткан коркунучтарга реакция кылбай, жалпысынан эле терең уйкуда жатканга барабар. Ойгонуп, андан кутулуп чыгуу абдан кыйын. Укуктар тууралуу сүйлөшүү өтө маанилүү, себеби ал ой-жүгүртүүнү, тилди, билимди боштондукка чыгарат, ошондой эле биз жашап жаткан реалдуулукту кураштырат.
СССРде аялдар бардык укуктарга ээ деген чынбы же бул мифпи?
Мен феминист катары күрөшүп келе жаткан бир катар социалдык аспектилерди СССР алып келди – акысыз билим, акысыз медицина жана социалдык жеңилдиктер (энелерге декреттер, баланы кароо үчүн жөлөк пул ж.б.). Эркектер менен аялдардын тең укуктуулугу СССР Конституциясында жазылган болчу, бирок мунун баары иш жүзүндө номинативдик мүнөзгө ээ эле. Ооба, жарыяланган, жазылган, айтылган. Бирок иштечү беле? Жок!
Борбор Азияда “феминизм” деген сөз терс кабылданат эмеспи. Ушундай шартта аялдардын укуктары жөнүндө кандай иш-аракеттер орундуу, максатына жетет?
Мында жооп бирөө эле: каршылыкка карабай, феминизм тууралуу сөздөрдү токтотпош керек. Феминизмди ким тааныбайт? Негизинен салттуу маанайдагы кишилер, алар колониалдык практиканы колдошот, адам укуктарынын сакталышына каршы, сексуалдык билим берүүгө каршы, үй-бүлөлүк-турмуштук зордук-зомбулукка каршы аракеттенүүгө да каршы. Мындай адамдар улуттук духту, адеп-ахлакты кайтарууну көздөйбүз дешет жана “феминизм” сөзүндө эмне катылганын түшүнүшпөйт. Бул сөздү колдонуш керек деп ойлойм, себеби ушинтип биз ага маани ыйгарабыз, аны ар түрдүү жана бай мааниге толтурабыз.
Феминизм баарына жагышы шарт эмес. Ал каршылык көрсөтүү, күрөш, кыжырдануу, үмүттү үзүү, тилектештик жана эже-сиңдилик колдоо тууралуу.
“Феминизм – бул батыш пропагандасы” деген жаңылыш пикирден кантип арылабыз?
Ушундай пикирдеги адамдарга архивдик материалдарды көтөрүп, окугула дейт элем. Казакстандын мисалында айтып берейин. Өлкө тарыхында алгачкы журналист жана агартуучу Назипа Кулжанова болгон. Ал 1887-1934- жылдары жашаган.
Назипа аялдарга билим керек деп эсептеген, коом менен саясатта аялдар кыймылын өнүктүргөн. Кайсы бир немис, америкалык же брюсселдик активист эмес, Назипа өзү ушуну жайылткан.
Анан калыңды, аменгерликти (байыркы казак салты боюнча жесир калган келин маркум күйөөсүнүн ага-инилерине турмушка чыккан – авт.кыст.) жок кылууга ким аракет кылды? Муну кайрадан эле америкалык эжелерибиз эмес, биздин эле казактар жасады, алардын катарында Алма Оразбаева (аялдар кыймылынын негиздөөчүсү, 1898-1948-жылдары жашаган – авт. кыст.) бар.
Батыштык бир да аялды биздин чөлкөмдө эмне болуп жатканы кызыктырган эмес. Маселе казак аялдарыбызды кызыктырган. Казакстандын тарыхында ушундай жагдайлар бар, андыктан архивдерди көтөрүп, эстен чыгарылып, изилденбеген ушул ысымдарды көрсөтүп, тарыхка кошуу керек.
Деколониалдык феминизм интерсекционалдык же дагы башка түрлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
Интерсекционалдык феминизм теориясы адам бир эле учурда бир нече критерий боюнча дискриминацияга кабылышы мүмкүн деп болжойт. Башкача айтканда, жынысы, сексуалдык ориентациясы, майыптуулугунун бар-жогу боюнча ж.б. Ошондуктан аялдардын гана укугун коргоо менен тең укуктуулукка жетүү мүмкүн эмес. Башка көрүнүштөр – гомофобия, стигма, экономикалык дискриминация менен да күрөшүү зарыл.
А деколониалдык феминизм – бул жергиликтүүлүк, жергиликтүү практикалардын маанилүүлүгү, бул билим же шаардагы батир сыяктуу артыкчылыктарга ээ эмес адамдардын үнү. Мында тил, тезаурустун, нарративдин өнүгүшү, маанилерди жаратуу маанилүү ролду ойнойт.
Феминизмдин бүгүнкү түрлөрү аялдардын укуктарына батыш теорияларынын призмасы аркылуу карайт деген чынбы?
Жок, Борбор Азиядагы ар бир өлкө жана алардагы активисттер батыш практикасынан эмнени жаратып, ыңгайлаштырышты өз алдынча аныкташат. Бул курак көрпө сыяктуу – биз көрпөчөбүздү өзүбүз кураштырабыз.
Борбор Азия өлкөлөрүндө деколониалдык феминизм кайсы этапта?
Биз, активисттер азыр жарандык активизмдин сап башындабыз деп ойлойм. Соккуну биринчилерден болуп кабыл алабыз, сокку башка жалпы жарандык активизмге кийинчерээк барып тийет. Ошол үчүн биз жаңы кыйынчылыктарды аңдап-түшүнөбүз, чечүү жолдорун тапканга аракеттенебиз, коомдук талкууларды баштайбыз. Айланада эми гана жаралып жаткан бардык коркунучтарды дароо сезебиз десем болот.
Чындыгында бул уникалдуу тажрыйба, бирок ал физикалык зомбулук менен коштолуп жатканы, бизге кулак салчулардын аздыгы өкүндүрөт. Биз деколониалдык феминизмдин баштапкы баскычындабыз деп айта алам, себеби биз мунун баарын жакында эле аңдай баштадык, жергиликтүү иш чараларыбызда айта баштадык.
Борбор Азиядагы аялдардын укугу тууралуу деколониалдык перспективада сөз кылып жатканда, кайсы жергиликтүү контекстти эске алыш керек?
Эң башкысы ири шаарлардагы аялдарга гана басым жасалбашы керек. Аймактарды унутпашыбыз зарыл, ал жактарда да аялдар, активисттер, студенттер, укук коргоочулар, энелер жашашат.
Мисалы, Казакстандын аймактарында бизге кошулууну, биз үйрөнүп-жайылтып жаткан практикалар менен билимдерге ээ болууну көксөгөн аялдар бар. Бирок алардын баарында эле мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан биз аларга барып, жеринде жолугушууларды өткөрөлү деп чечкенбиз. Бардык тренингдерибизде, феминисттик кемпттерде, долбоорлордо аймактардагы кыздарга артыкчылык беребиз.
Деколониалдык мамиле Борбор Азиядагы динди карманган аялдарды да эске алабы?
Сөзсүз түрдө эске алат. Өзүмдүн практикамдан алсам, диндар аялдар биздин иш чараларга катышышат жана алар эч кандай ыңгайсыздыкты сезишпейт. Тескерисинче, алардын бул жааттагы тажрыйбасын, көз карашын угуу абдан кызык.
Деколониалдык феминизм – бул диний максаттарды четке кагуу, ишенүү же ишенбөө деген арсарлык тууралуу эмес. Ал ар түрдүүлүктү жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу тууралуу, бардык аялдардын, алардын катарында диндар аялдардын үнү угулсун деген максат. Эч ким эч кимге биз бет келген муктаждыктарды жана чакырыктарды таңуулабайт. Ар биринде өз тажрыйбасына карап сөз айтууга, демилге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Борбор Азиядагы өлкөлөрдө деколониалдык феминизмдин күн тартибинде кандай жагдайлар турат?
Менимче, негизги пункттардын бири тилге кайтуу жана аны өнүктүрүү болушу керек.
Башка бир, олуттуураак деңгээл – “эмне үчүн биз ушул кезге чейин деколонизация боло албай жатабыз?” деген суроого жооп издөө. Бизге эмне тоскоол болуп жатат? Эмне үчүн биз жарабызды тырмаган темаларды айтып чыга албайбыз? Анан да эми биз геосаясий өнөктөштөрүбүзгө кандай мамиле кыларыбызды, Россияга эми кандай мамиледе экенибизди тактап алышыбыз зарыл. Буларды чечмейин бүгүнкү эсеп башатыбыз кай жерде экени белгисиз боло берет.
Деколониалдык контекстте аялдардын укугу жана тең укуктуулук жөнүндө дискурсту канткенде сыпайы, адептүүлүк менен алып бара алабыз?
Аймактагыларга сөз беришибиз керек. Жергиликтүү тилдерде талкууларды өткөрүү зарыл. “Борбор” жана “аймак” деген түшүнүктөрдөн арылуу керек. Аймактардагы эже-сиңдилерибиздин билгенин үйрөнүшүбүз талап.