© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Колониализм капшабы. Россия менен СССРдин буга кандай тиешеси бар?

СССРдин жана падышалык Россиянын Борбор Азиядагы колониалдык саясаты эмнелерден байкалчу жана аймактагы мамлекеттерде деколониалдык талкуунун жанданышына эмне түрткү болду?

Колониализм деген эмне?

Классикалык чечмелөөнү алсак, колониализм – бул өнүккөн делген өлкөлөрдүн көз карандысыз элдерди басып алышы (“калган дүйнөнү” бийлөө). 

Колониализмдин доору деп XVI—XX кылымдарды аташат. Жеткен чеги Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына туура келет. Көп учурда аны империализм менен бирдей коюшат.

Мамлекеттердин колониалдык саясатынын негизги белгилери кайсылар?

Колониалдык саясаттын белгилери – бул экономикалык жана социалдык  эксплуатация. Ошондой эле суверендүүлүктү жоготуу, аймагын басып алуу, оккупация, метрополиянын жашоочуларынын колонияга жер которушу жана аймактарды аннексиялоо. 

Экономикалык жактан эксплуатацияны карасак, бул – ресурстарды, арзан эмгекти ж.б. пайдалануу. 

Цивилизациялуу эксплуатация көз карашынан алсак, кеп маданий жана диний экспанцияга такалат.

Колониализмдин кандай моделдери бар?

Колониализмдин үчтөн бешке чейинки түрүн белгилешет.

Классикалык — байырлоо. Метрополия жашоочуларынын  миграциясы. Алар колонизацияланган тургундарды чекеге сүрүп, мыкты аймактарды ээлешет. 

Түндүк Американы, Австралияны, Жаңы Зеландияны жерлештирүү ушул принцип менен жүргөн. Ошондой эле кээде мындай колониализмди Россияга мүнөздүү деп эсептешет. 

Ошондой эле эксплуатациялык колониализм бар. Мында аймактын ресурстарын эксплуатациялоо жана арзан эмгекти колдонуу тууралуу сөз болот. Иднияны, ошондой эле Африка мамлекеттерин колониалдаштыруу ушул тип боюнча өткөн. 

Ички колониализм дегени бар, ал бир мамлекеттин масштабында болот. Бул Россия империясына тиешелүү (бул жөнүндө Александр Эткинд “Внутренняя колонизация”китебинде жазат), бирөөлөр башкаларга караганда көбүрөөк ресурстарды көзөмөлдөшүнөн дискриминация орун алат. Мындай теңсиздик алдуураак топтордун алсызыраактарын колониалдаштырышына мүмкүндүк берет. Бирок колониализмдин мындай түрү мурдагы колонияларга да мүнөздүү. 

Россиянын колониалдык саясаты Улуу Британиядагы, Франциядагы жана башка өлкөлөрдөгү колониализмден эмнеси менен айырмаланат?

СССР тууралуу сөз кылсак, мында өлкөлөр Союздун курамына өз эрки менен кошулган деген салттуу риторика бар экени талашсыз. Бирок заманбап түшүнүктө бул нерсе колонизацияга жатат.

Большевиктер бийликти басып алган соң, бардык мамлекеттер автономияга жетти деген менен, чындап келгенде бул сырткы гана көрүнүш эле. Албетте,  классикалык түшүнүктө колониализм Советтер Союзунун концепциясынан айырмаланат. Бирок бүгүн постсоветтик, постимпериялык мезгилдер колониалдыкка теңдештирилиши керек деген талкуулар жүрүп жатат, талкуу айрыкча академиялык чөйрөлөрдө күч.

СССРде колониалдык саясат бар беле?

СССРдин тушунда Борбор Азияда колониалимздин белгилери тигил же бул деңгээлде болгон. 

Биринчиден, ресурстарды эксплуатациялоо орун алган, жергиликтүү калк (аны туземдик деп да аташкан) четки аймактарга сүрүлүп чыгарылган. 

Ошондой эле коренизация (борбордук бийлик менен калктын ортосундагы карама-каршылыктарды жок кылууга багытталган саясий кампания), седентаризация (көчмөн жашоо образынан отурукташууга өтүү) болгон.

Мындан сырткары, улуттук курулуш саясаты ишке ашкан, мында “титулдук улут”, жергиликтүү калктын өкүлдөрү деген түшүнүк калыптанды. Бирок артыкчылыктар да тегиз эмес бөлүштүрүлгөн. Мисалы, титулдук улуттун өкүлдөрү маданият жана кинону башкарууда жетектөөчү кызматтарга дайындалганы менен, борбордук бийлик жогору турган органга отчет бериш керек деп дайыма талап кылчу. 

Ошондой эле буга тил саясатын жана республикалардын өкмөттөрүндө “титулдук улуттун” өкүлдөрүнүн өтө аздыгын кошсо болот.

Советтер Союзунун колониалдык саясаты аймактагы элдерге кандай таасирин тйгизди?

Мисалы, айрым жергиликтүү тургундар ушул кезге чейин эне тилин билишпейт. Билим берүүнүн негизги тили орус тили болуп, жергиликтүү тилдер экинчи орунга өткөн. 

Жалпысынан советтик доорго болгон ностальгия бул өлкөлөрдүн калкы пропагандага сугарылганын белгиси. Өзүнүн улуттук иденттүүлүгүнөн таюу – ошол доордун таасиринин кесепеттери.

Бул таасир азыр да уланып жатабы? Эмнеден байкалат?

Ошол доордун учкундарын азыр да көрүп жатабыз. Бул баарынан мурда Россиянын “Евразиялык” аймактагы “лидерлигинен” байкалат. 

Ошондой эле РФтин мамлекеттик ишмерлери мамлекеттердин аймактык  бүтүндүгүнө жана жалпы эле мамлекеттүүлүгүнө ачык эле шек келтиришти. Экономикалык көз карандылыктан улам Россия Евразия экономикалык бирлиги аркылуу да таасир этет. Бул уюмда милдеттер жана жоопкерчилик бир кылка бөлүштүрүлгөн эмес. 

Аймактын калкы медиаресурстар, ТВ жана онлайн-платформалар аркылуу пропагандага кабылат. 

Де юре Борбор Азия өлкөлөрү Россиянын колониясы болбосо, азыркы деколониалдык талкуулар эмне үчүн керек?

Ал улуттук иденттүүлүктү кайра түшүнүү жана аны кайтаруу үчүн керек. Мамлекеттин эне тилди бүт жакта киргизүү саясатына орус өкүлчүлүгүнүн терс реакциясын эске алганда, бул нерсе өтө зарыл. “Русофобия” риторикасы бар. 

Борбор Азия өлкөлөрү деколониализм фазасына кирдиби?

Борбор Азия өлкөлөрүндө улуттук курулуш адатта жогорудан төмөн карай жүргөн. Азыр коом “Биз кимбиз?” деген суроону өз алдынча бере баштады жана Украинадагы согуш бул процесстин жандашына өбөлгө түздү. Анын үстүнө Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Россиянын өзүндө да жергиликтүү калктар арасында улуттук иденттүүлүк тууралуу суроолор  мурда болуп көрбөгөндөй кабыргасынан коюлуп жаткан кез. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: