© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Православдардын Жалал-Абадтагы жашоосу

Православиенин Кыргызстандын түштүк бѳлүгүндѳ качан пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок. Бирок, тарых илимдеринин доктору Екатерина Озмителдин айтуусуна караганда, Жалал-Абад областында православдык чакан жамаат 1930-жылдары пайда болуп, бул жерде советтик бийлик тарабынан куугунтукталган россиялык жана казакстандык чиркѳѳ кызматкерлери, кечилдер жана динчилдер келип баш калкалашкан. 


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


На русском English

*Материал аудиторияга Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний көп түрдүүлүк жөнундө маалымат берүүго арналган CABAR.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды. Авторлор кайсы бир диний конфессияны үгүттөөнү максат кылбайт.

Расмий түрдѳ Жалал-Абаддагы православдык жамаат 1945-жылы каттоодон ѳткѳн. Ошол эле мезгилде динчилдер  жер үй сатып алып, аны чиркѳѳ кылып жасап алышкан. Чиркѳѳнүн башчысы Сергей Арбузовдун айтуусу боюнча, үйдүн ичиндеги бѳлмѳлѳрдүн ортосундагы дубалдарды алып, кѳтѳргүч конструкцияны бекемдешкен жана алтарь курушкан. «Успение Божьей Матери» чиркѳѳсүнүн тышкы кѳрүнүшү ошол эле бойдон калган, быйыл гана анча-мынча оӊдоп-түзѳѳ иштери аткарылган.

«XII-XXI-кылымдарда Кыргызстандагы православдык чиркѳѳлѳр» (Православные храмы Киргизии XIX-XXI века) аттуу монографиянын автору Екатерина Озмителдин берген маалыматына караганда, 1956-жылы Жалал-Абадда 6 миӊге жакын динчил болгон. Бирок, 60-жылдардын башында ибадаткана жабылып, кайра 90-жылдары иштей баштаган. Ал эми каттоодон 1997-жылдын 21-июлунда ѳткѳн.

Photo: CABAR.asia
Сергей Арбузов акыркы эки жылдан бери ибадаткананын башчысы болуп келет. Жалал-Абаддагы чиркѳѳдѳн тышкары, ар бир айдын биринчи жекшембисинде Кѳк-Жаӊгак шаарында, жылына эки жолу Совет айылындагы ибадатканаларда, ата-энелер күнүндѳ, маркумду эскерүү күндѳрүндѳ Благовещенка айылындагы кичинекей чиркѳѳдѳ кызмат жүргүзѳт. 

Сергей Арбузов. Photo: CABAR.asia

– Мен Бишкек шаарында тѳрѳлгѳм, бирок кызматтык бѳлүштүрүүнүн натыйжасында Жалал-Абад шаарына жиберишти. Бардык эле мекемелер сыяктуу, бизде да кѳптѳгѳн кѳйгѳйлѳр бар. Ошентсе да,  Кудайдын жардамы менен акырындап чечилип келет. 

Майрам күндѳрү кудайга кызмат кылып, сыйынуу үчүн 130-140ка жакын адам келет. Ал эми жекшемби күндѳрү коом мүчѳлѳрүнүн саны 30дан 40ка чейин жетет. Бардык нерсе аба-ырайына жараша – күн ачык болсо, тегеректеги айылдардан дагы келишет. Бирок чиркѳѳгѳ үзгүлтүксүз келип тургандардын саны 20 чакты кишини түзѳт. Алар биз менен ар дайым байланышта болуп,  бардык кызматтарга катышышат жана кайыр-садагаларды берип турушат. 

Түштүктѳ адамдардын саны ѳтѳ кѳп болбогондуктан, алардын ишеними күчтүүрѳѳк, жашоосу кыйыныраак.  

Биздин жаныбызда мечит бар. Намаз окугандар биздин эшиктин алдынан ѳтүшѳт жана дайыма бири-бирибиз менен учурашып, майрамдарда бири-бирибизди куттуктап турабыз. Башкача айтканда, чиркѳѳгѳ карата кандайдыр бир терс мамилени, кемсинтүүнү мен азырынча байкаганым жок, бардыгы жакшы.

Жергиликтүү башкармалык менен дагы жылуу мамиледебиз.  Кандайдыр бир кѳйгѳй келип чыкса, дайыма бизди коргоого аракет кылышат. Атайын кызмат ѳкүлдѳрү келип, провокацялар болгон учурда дароо аларга кайрылуубузду сунуш кылып,  жардам бере тургандыгын айтышкан.  

Коӊгуроо мунарасы. Photo: CABAR.asia
Photo: CABAR.asia
Коӊгуроо мунарасынын тышкы кѳрүнүшү чаржайыт болгону менен, ичиндеги коӊгуроолордун бардыгы тийиштүү түрдѳ иштешет. Кичинелерин болгону беш мүчѳсү калган Кѳк-Жаӊгактагы чиркѳѳдѳн алып келгенбиз. Чоӊдорун болсо, ѳзүбүз жасаганбыз.  

«Баллондорун ѳз колубуз менен ѳгѳѳлѳп, үнүн текшерип, кайра ѳгѳѳлѳп отуруп,  ырастап чыкканбыз. Алардын биринин кыска, экинчисинин узун болушу жон жерден эмес. Интернеттен коӊгуроолордун үнүн угуп, ѳзүбүздүн коӊгуроолордун үнүн алар менен тууралаганбыз», – дейт Арбузов. 

Ошондой эле ибадаткананын ичинде Николай Чудотворец менен Серафим Саровскийдин байыркы иконалары бар. Чиркѳѳ башчысы булардын кайдан жана кантип келип калгандыгын эч ким билбей турганын, бирок мурунку чиркѳѳ мүчѳлѳрүнүн маалыматтары боюнча 40-жылдардын аяк чендеринде эле пайда болгондугун айтат. 

Серафим Саровскийдин иконасы
Николай Чудотворецтин иконасы
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад областындагы ѳкүлү Нурбек Кайсарбаевдин айтуусуна караганда, областта христиандык багыттагы 21 диний уюм бар. Алардын ичинен эӊ активдүүсү – православдык жамаат.

Photo: CABAR.asia
Чиркѳѳнүн алдында 40ка жакын бала билим алган жекшембилик мектеп иштейт. Мугалимдер коомдук негизде сабак беришет – православие тууралуу негизги түшүнүктѳрдү, Кудайдын мыйзамы менен осуяттарын үйрѳтүшѳт. Мындан тышкары, кол ѳнѳрчүлүк сабактары ѳткѳрүлүп, майрамдарга карата окуучулар концерттик иш-чараларды уюштуруп турушат. 

Сергей Арбузовдун айтуусунда, Жалал-Абаддагы православдык чиркѳѳгѳ орус улутунун ѳкүлдѳрү менен катар эле, этникалык кыргыздар жана бир нече цыган келип турат.

«Алар бизге эч кандай тоскоолдуксуз эле келишет. Кандайдыр бир кѳйгѳй тууралуу уккан эмесмин. Негизи, бизге этникалык  ѳзбек аялдары да ыйык суу алуу үчүн келишет. Кээ бир учурларда башка улуттардын ѳкүлдѳрү келип, шам жагышат. Чет ѳлкѳлүк студенттердин саны да арбын». 


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: