© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Мугалим болууга эч ким ашыкпайт». Өнүккөн өлкөлөрдөгү мектептеги билим берүү көйгөйү

Батыш өлкөлөрүндө мектептеги билим берүү системасы Кыргызстандагыдай кылдын учунда эмес, бирок көйгөйлөр ошондой эле.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


Кыргызстандан айырмаланып, АКШ, Улуу Британия, Финляндия жана Мальтада ата-энелер каржы жагынан чыгым болушпайт, бирок ал жактардагы билим берүүнүн сапаты ар кыл факторлорго көз каранды. 

Аталган өлкөлөрдөгү мугалимдер кыргызстандык кесиптештерине түйшүктүн көптүгү жана айлык акынын аз болгону жагынан жакындашып турат.   

Улуу Британия: Мугалим болууга эч ким ашыкпайт

Сауле Мухаметрахимова, эки кыздын энеси (5 жана 8-класстагы, 15 жылдан ашык Лондондо жашап келген).

Улуу Британияда, эгер мүмкүнчүлүк болсо, балдарды жеке мектепке берүүгө аракет кылышат, себеби андагы класстарда окуучулар аз. Мамлекеттик мектептерде бир класста 25 тен окуучу, ал эми айрым класстарда 30 га чейин жетет.

Жеке мектептерде болсо бир класста 12-15 бала окуйт. Мамлекеттик мектептерде  класстагы окуучулардын көптүгү жагынан көйгөй бар, бирок Лондон сыяктуу ири шаарларда ал өзгөчө байкалат.

Жеке мектептердин каражаты көп, бул мугалимдерди кесиптик жактан даярдоодо, окуу жайдын имаратынын материалдык-техникалык базасы жагында байкалат.    

Ошондой эле ар кандай кошумча сабактар (искусство, музыка, спорт боюнча), баланы өнүктүрө турган иш-чаралар сунушталат, бул жагынан жеке мектептер, албетте, мамлекеттик мектептерге караганда көбүрөөк кызмат көрсөтүү сунуштай алышат.   

Бирок бүтүрүүчүлөрү Оксфорд же Кембридж сыяктуу беделдүү университеттерге өткөн мамлекеттик жакшы мектептер да бар. Ошентсе да мындай мектептер аз, алар тууралуу көпчүлүгү кабардар болгондуктан, ал жакка окууга кириш да жеңил эмес.

Алсак, Англияда  мектепке жашаган жери боюнча барышат. Ошондуктан, эгер  мамлекеттик жакшы мектеп жайгашкан жакта жашабасаң, анда балаң ал мектепке бара албайт. Ошол себептүү айрым ата-энелер балдарын жакшы  мектепке окутууга укук алыш үчүн атайын шаардын ошол жагына көчүп барышат.
 «Өзгөчө» мектептер

Дагы бир мектеп категориясы бар, ал ата-энеси жакшы мектептерге окутууга мүмкүнчүлүгү жетпеген, көрөңгөлүү, жөндөмдүү балдарды окутууга, аларга жашы билим берүүгө  жана жеке мектептерди аяктаган балдар менен катар эле мыкты окуу жайларга өтүүгө теңтаймаша алууга шарт түзүүгө багытталган.   

Бул — Grammar schools (гимназия) деп аталган мектептер. Алар мамлекеттик жана жеке мектептердеги айырманы аз да болсо жымсалдап коюу үчүн түзүлгөн жана ал жакка тандоо тестинен өткөн ар бир бала окууга кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми окуу ал жакта акысыз.   

Адатта жеке мектептерде, эгер акчаң болсо, балаң мыкты окубаса деле тесттен өтө алат.  Ал эми  grammar schools мектебинде 7 жана 11 жаш курактагыдар үчүн жеңил эмес тексттер берилет да, ал жакка эң кыйын окуучулар өтөт. Бирок ал мектептерге өтүш үчүн ата-энелер репетитор жалдап, балдарын даярдоо курсунан окутат, анан ошол тестке даярдай алган капчыктуу ата-энелердин балдары эң күчтүү окуучулардан болуп чыгышат. Ошондуктан бул система алгачкы көздөгөн максатына –аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын социалдык жактан колдоого толук жооп бере албай калат.  Бирок бул жагынан мүчүлүштүгүнө карабай, баары бир ал жакшы,  андай мүмкүнчүлүктүн  жана мектептин болгонунун өзү дурус. 

Акча чогултмай

Мамлекеттик мектептерде акча чогултмай деген жок, мен андайды көргөн жокмун. Бирок Улуу Британияда сөзсүз мектеп формасын алыш керек жана анын акчасын ата-энелер төлөйт. Ошондой эле балдарды театрга, саякатка алып барууга каражат чогултулушу мүмкүн. 

Улуу Британияда мектептин үчүнчү түрү- католик мектептери бар. Алар диний мектептер (окуу программасында дин боюнча кошумча сабактар окутулат), бирок окуу билим берүү министрлигинин көзөмөлү  алдында жүрөт, чиркөө ал мектептерди каржылап жана жардам бере алат.  Ал мектептерде билим берүү министрлиги менен макулдашпай эле, мисалы спорттук аянтча курууга же мектепти оңдоп-түзөөгө, акча керек деп айтышы мүмкүн. Алар акчаны бергиле деп улам-улам сурашы ыктымал, бирок ким акча берди, ким берген жок деп эч ким тизме түзбөйт. Ошондой эле ал мектептерде мектептин кандайдыр оңдоп-түзөө иштерине же муктаждарга кайрымдуулук катары акча чогултмайлар бар. 

Мугалимдердин жетишсиздиги

Британияда жашаган жылдарымда мен дайыма мугалимдердин жетишсиздиги тууралуу көйгөйдү укчумун. Мугалимдин жумушу оор, күч үрөп иштегениңдин акыбети каржылык жагынан алганда кайтпайт деп эсептешет.
Экинчиден, мугалимдер күндүз иштегендери аз келгенсип, кечкиге да жумушу калат. Алар кагаз толтурмай абдан көп экендигине арызданышат.  

Балдар саат үчтө тарашат, ал эми мугалимдер андан кийин тест текшергендери аз келгенсип, ар бир окуучу боюнча ар кыл формаларды –анын күнүнкү жетишкендигин, жүрүш-турушуна берилген баасы сыяктуу кагаздарды толтурууга туура келет, мындай жумуштар өтө эле көп.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик мектептерде так илимдер: химия, математика, физика боюнча  мугалимдер таңсык. Ал сабактардан сабак берген мугалимдер аз болчу, анткени коомдо балдар ал сабактарды окугусу келбейт, алар бизнес, IT сыяктуу оозго алынган багыттар боюнча даярдангысы келет деген тенденция өкүм сүрчү. 

Ошондуктан ал сабактардын мугалимдери таңсык болчу.  Ушундай көйгөйлөрдөн улам айрым мектептерде ал сабактардын мугалимдерине түйшүк үйүлүп, бир окутуучуга эки класстын ордуна, дагы бир нече классты “үйүп” салышат.

Мугалимдердин айлыгы

Лондон – кымбат шаар. Андагы орточо айлык акы жылына 26-30 миң фунт стерлинг. Лондондо мамлекеттик мектептин жаңыдан иштей баштаган мугалимдеринин айлыгы жылына 22-24 миң фунтка жакын болот, аларга шаарга жашагандыгы үчүн кошумча каражат төлөп беришет. Бирок ошол эле кезде өлкө боюнча мугалимдердин айлыгы эң төмөн эмес.  Ортосундагы айырма Бишкектегидей анчалык деле чоң эмес (Бишкекте мугалимдердин орточо айлыгы болжол менен 150-200 доллар, ал эми татыктуу жашоо үчүн 500 доллардын тегерегинде акча керектелет деп эсептелет). 

Жеке мектептерде мугалимдердин айлыгы көбүрөөк—жылына 30-35 миң фунт стерлинг.

Өкмөт мезгил-мезгили менен программа жарыялап турат, мисалы мугалим Лондондун кайсы бир мамлекеттик мектебине иштөөгө келсе, ага үй сатып алууга жеңилдетилген кредит алууга жардам берилет. 

Жалпысынан алганда Улуу Британияда  мугалим болууга ашыккандар жок. Ал эми ал жакта балдар арасында иштегенди жакшы көргөндөр, кимдир-бирөө менен билимин бөлүшкүсү келгендер, кимдер дээринде бул кесипке берилсе же кызыкса, ошолор мугалим болгусу келгендер. Ошондуктан беделдүү университеттен билим алгандардын айрымдары мектепке англис тилинен же музыка сабагын окутууга барышат.

Финляндия: билим деңгээли анчалык жогору эмес мугалимдер

Керстин Кронвалл, үч бала, алты неберенин энеси

Финляндияда негизинен баары мамлекеттик мектептерде окушат, класстарда орточо 20-25 окуучу окуйт. Эгер ден соолугунан мүчүлүшү болгондор болсо, анда ал класстагы окуучулардын саны 25 тен ашпашы керек. Анткени андай балдарга өзгөчө мамиле керек.  Адатта мугалимдердин жардамчысы болот.

Финляндияда мектепте окуу акысыз. Эгер окуучу мектептен алыс жашаса, анда  мектептин акысыз унаасы менен барат. Ошондой эле мектептер акысыз түшкү тамак берүүгө милдеттүү. Айрым учурда экскурсияга чыкса, бир жакка барса же мектептин короосуна кандайдыр жабдуу ала турган болсо, анда ата-энелер акча төлөшөт.

Тилекке каршы, Финляндияда мугалимдик кесип анчалык абройлуу эмес.
 
Мугалимдин айлыгы анчалык жогору эмес, бирок абдан төмөн деп да айтууга болбойт. Мугалимдерге кошумча кандайдыр жеңилдиктер деле берилбейт, бир гана жайкы отпуска убагы узагыраак экендигин айтпаганда.  Бул жакта мугалимдер жетишпейт, көпчүлүк мектептерде балдарды билим деңгээли анчалык жогору болбогон мугалимдер окутат.

Ошентсе да Финляндияда жеке мектептер анчалык көп эмес, алардын баары педагогикадагы Вальдорф стандарты менен окутулат. Бул Финляндиядагы мектептер абдан демократиялуу экендигин, ата-энесинин кандай жашагандыгына карабай, баары жакшы билим ала алышат дегенди билдирет. 

Мальта: мамлекеттик мектепке ыраазы

Мальтада жашаган кыргызстандык. Баласы төртүнчү класста окуйт.

Мальтада балдар негизинен мамлекеттик мектептерде окушат. Бирок жеке мектептер да  арбын, алардын көпчүлүгү католик мектептери. Мурда чиркөө мектептери мыкты деп эсептелчү, бирок католик чиркөосүндөгү бир катар ири жаңжалдардан кийин көпчүлүк эл ал пикирден кайтып калышты.

Жеке мектептердин өзүнүн орду бар,  колунда бар адамдар балдарын ал жактарда окутушат. Мен алардын арасындагы айырмачылыктарды көргөн жокмун. [билимдин сапаты жагынан]. Орто деңгээлде жашаган адамдар деле мурда балдарын жеке мектептерге берүүгө умтулчу, бирок азыр мамлекеттик мектептердеги билим берүүнүн сапаты жакшырды, ошондуктан жеке мектептерге берүүнүн зарылдыгы болбой калды. 

Мамлекеттик мектептерде класстар жык-жыйма болгон көйгөй жок. Менин балам мамлекеттик мектепте, анын классында 15 бала окуйт. Окуучунун жашы канчалык кичине болсо, класстагы окуучулардын саны да ошончолук аз болот.
Эгер бала мамлекеттик мектепте окуса, анда ата-эне кеңсе товарларын жана түшкү тамак ичүүчү буюмдарды албайт. Мектепте дегеле тамак жасалбайт. Ата-эне балдарына тамак салып берет, танаписте бала тамагын жейт. Мектепте таттуу жегенге болбойт, ал эми суусундуктан суу гана ичүүгө уруксат. Эгер бала мектептегилер менен саякатка чыкса, анда анын чыгымын ата-эне төлөйт.

Жеке мектептердеги окутуунун сапатына карата менин мамилем эки түрдүү. Бардык мугалимдер эле жогорку чебер деп айта албайм, арасында элдир-селдир иштегендер да кездешет, бирок бул менин субъективдүү пикирим.  Күчтүү мугалимдер да бар, ал тургай көп. Бул жакта ден соолугу жагынан, үй-бүлөлүк көйгөйү бар балдарга чоң көңүл бурулат.   

Мектептеги билим берүү—АКШ өкмөтү үчүн биринчи кезектеги маселе эмеспи? 

Чынара, Арлингтон шаары, Виржиния  штаты (АКШ). 5 жаштагы баласы даярдоо классына барат

АКШда мамлекеттик мектептердеги билим берүү штатка жана районго жараша болот. Менин байкашымча, АКШ өкмөтү мамлекеттик мектептерге жетишерлик каражат бөлбөйт. Виржиния штатында жакшы мамлекеттик мектептер бар, бирок жакыр райондордо мугалимдер жетишпей, окуунун сапаты жабыр тартат.  

Мамлекеттик мектептин бюджети штаттын бюджетине, ошондой эле өкмөттүн реформасына жараша болот. Мисалы, мурдагы президент Обама мамлекеттик мектептер менен колледждерге көп каражат бөлүп бергиси келген, бирок Конгресс ал сунушту колдогон эмес.

Менин балдарым жашаган жерибиздеги мамлекеттик мектепке барат. Биз жакшы мектеп жайгашкан жакка көчүп келгенбиз. Уулум даярдоо классына (Kindergarten) барат. Ал жакка беш жаштан алат, класста 18 окуучу бар. Класста бир мугалим жана анын жардамчысы иштейт. Жакында биз мугалим менен жолуктук, ал уулум тууралуу көп маалымат алгысы келди: балам кандай китеп жакшы көрөт, аны кантип шыктандырып, сыйлык беребиз, анын мүнөзү кандай ж.б. Мунун баарын билүү окуучуга мамиле кылууга көмөк берет. Биз мугалим менен сүйлөшүп жатканда анын жардамчысы уулумдун эмнелерди билээрин аныкташ үчүн тест алып жатты. Ноябрь айында биз мугалим менен дагы жолугушабыз, анда окуунун жүрүшү, кандай окуп жаткандыгы, жүрүш-турушу, үйдөн эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу сүйлөшөбүз.  

Мамлекеттик мектепте акы төлөнбөйт, бирок мектеп администрациясы окуу жылынын башталышында ар бир окуучу алып келе турган кеңсе товарларыныан тизмесин берет. Мектептин автобусу акысыз. Баланын түшкү тамагын үйдөн салып берсең да болот же ал тамакты мектептен да сатып ала алат. Эгер бала аз камсыз болгон үй-бүлөдөн болсо, анда акысыз тамак ичүүгө арыз жазса болот.

Эгерде мамлекеттик мектеп анчалык жакшы болбосо, ата-эне балдарын жеке мектепке берет. Гавайи штатында мамлекеттик мектептер күчтүү эмес, ошондуктан эгер үй-бүлөнүн шарты келсе, анда баласын жеке мектепте окутушат.  Эгерде бала жеке мектепте жакшы окуса, бирок ата-эненин каржы жагынан шарты болбосо, анда ата-эне баласы үчүн стипендияга арыз жазса болот. Биз жашаган жакта мамлекеттик мектептин бедели

Алена Хоффстеттер (Olena Hoffstetter), мектепте математика мугалими  

Эгерде балаңызды муниципалдык мектепке берсеңиз, анда эч убакта эч нерсе төлөбөйсүз, акча чогултуу деген жок. Бир гана—балаңыздын спорт командасына катышкандыгы үчүн 50 доллардан 150 долларга чейин спорттук мүчөлүк акы төлөйсүз. 

Америка Кошмо Штаттарындагы мектепте билим берүүнүн начар жагынын бир себеби–бул эч ким эч нерсеге жооп бербегендигинде.
 
Бир мугалим баланы бир жыл окутат, кийинки жылы аны башка мугалим окутат. Силердин мектептерде бир мугалим бир классты алып, аны кийинки 5-6 жыл бою окутат. Эгер 7-класста өз сабагын жаман окутса, ал балдар менен кийинки класстарда кыйналып калат. АКШда окуу жылы аяктаганда, ал балдарды экинчи көрбөйсүң. 

Башка кесиптерге салыштырмалуу АКШда мугалимдердин айлык акысы азыраак. Эгер штаттын салыгы көбүрөөк түшсө же ал шаарда жашоо деңгээли жогорураак болсо, андагы мугалимдер айлыкты көбүрөөк алышы мүмкүн. Айылда жашаган мугалимдердин айлыгы азыраак.  

Материалдын үстүнөн иштегендер: Тимур Токтоналиев жана Зауре Медерханова; CABAR.asia кызматкери интервью чогултууда көмөк көрсөттү.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: