© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан ѳлкѳдѳ диний жогорку билим институтун чыӊдайт

Отуз жылга жакын убакыттан бери Кыргызстандын жарандары диний жогорку билимди чет ѳлкѳлѳрдѳ – кѳбүнчѳ Араб Чыгыш ѳлкѳлѳрүндѳ алып келишет. Бирок, Бишкек бул тенденцияны ѳзгѳртүп, ушундай эле билимди республиканын аймагында алуу үчүн шарт түзүүнү пландоодо.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Бактыбек Ниязов 21 жылдан бери Бишкек медресесинде тарбия иштери боюнча ректордун орун басары болуп эмгектенип келет. Теологиялык билимди 1993-жылы Кыргызстандын Ислам университетинен алып, 2003-2004-жылдары Эр-Риядда (Сауд Аравиясы) окуп келген. 

Бактыбек Ниязов. Photo: CABAR.asia

«Чет ѳлкѳгѳ дүйнѳ жүзүн кѳрүү максатында гана барып, окуп келдим. Кѳбүрѳѳк нерселерди үйрѳнүп, дүйнѳ таанымымды кеӊейтким келген. Биздин диний чѳйрѳбүз араб тили менен тыгыз байланышта болгондуктан, Сауд Арвиясына барып окууну чечтим. Ал жерден тилди араб тилинин ѳкүлдѳрүнүн арасында жүрүп үйрѳндүм», – дейт ал.

Ниязов Эр-Риядда калып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүк болгондугуна карабастан, Кыргызстанга кайтып келип, университетке тапшырууну чечкендигин айтат. Учурда ал И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин аспирантура бѳлүмүндѳ  «Теология» багыты боюнча  билим алууда. Кыргызстанда диний билим берүүнүн деӊгээлине баа берүү менен, Ниязов абалдын кыйла жакшыргандыгын – аталган чѳйрѳдѳ тартип орной баштаганын билдирди.

«Бизде деле ѳзүбүздүн татыктуу мугалимдерибиз бар. Мен бардык каалоочуларды бул жерден, башкача айтканда Кыргызстандан эле билим алууга чакыруу менен бирге,  чет ѳлкѳгѳ жер жүзүн кѳрүү жана дүйнѳ таанымын кеӊейтүү максатында гана барууну сунуштамакчымын», – деп белгилейт ал.

Эмне үчүн чет ѳлкѳгѳ?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаевдин айтуусу боюнча, кыргызстандыктарга диний билим алуу үчүн популярдуу багыттар катары, Түркия, Сауд Аравиясы, Пакистан, Египет, Иордания, ошондой эле Россия эсептелет.

Закир Чотаев. Photo: CABAR.asia

Анын айтымында, кыргызстандыктардын чет ѳлкѳгѳ барып билим алуусунун эки себеби бар – дүйнѳ жүзүн кѳрүү жана советтик тарыхка байланыштуу. Чет мамлекетке чыккандардын бир бѳлүгү ислам дини үзгүлтүксүз үйрѳнүлүп жана  окутулуп келген башка мамлекеттин университеттерине салыштырмалуу, Кыргызстандын окуу жайлары диний билим берүүдѳ компетенттүү эмес деп эсептейт.

«Кѳп адамдар Араб ѳлкѳлѳрү болсо эле, билими да мыкты деп ойлошот. Бирок, Ошол эле Египеттеги Аль-Азхар университети мурункудай болбой калган. Египеттин мурдагы элчиси ѳзү деле университеттин ѳзгѳргѳндүгү, түрдүү багыттарда билим берери жана биздин жарандар ал жерде билим алууну кааласа, анда окуу программаларын биздин диний баалуулуктарга ыӊгайлаштыруусу зарыл экендиги тууралуу айтканы бар.  Себеби, Араб ѳлкѳлѳрүндѳ билим берүү алардын ѳздѳрүнѳ жараша ылайыкталган. Ал жерлерде кѳптѳгѳн түрдүү агымдар бар», – дейт Чотаев. 

Дин таануучу Индира Асланова ар бир ѳлкѳдѳ диндин ѳзүнѳ тиешелүү ѳзгѳчѳлүгү бар экендигин белгилейт. Ислам жѳнүндѳ айтыла турган болсо, бул дин Кыргызстанда башкалардан айырмаланып турат жана мында таӊ кала турган эч нерсе жок.  

«Ѳзүбүзгѳ токтолсок, ѳлүктү кѳмүү же нике кыюу боюнча салттуу  ырым-жырымдар кайсы бир жеринен диний-ырасымдык же ырым-жырымдык бѳлүмгѳ адаптацияланган. Алар адамдардын башка ѳлкѳлѳрдѳ жүрүп алган билимдерине карама-каршы келиши мүмкүн. Себеби, алар мындай кѳрүнүштѳрдү маданияттын бир бѳлүгү катары эмес, исламдын бир бѳлүгү катары карашат. Ошондуктан, туура эмес баа берип, бизде ислам дини туура эмес жана башкача деп болжошот», – деп белгилейт  эксперт.

Муну менен бирге, эксперт  Египеттеги Аль-Азхар университетинин батыш изилдѳѳлѳрүнүн бирине ылайык, диний билимди чет ѳлкѳдѳн алган студенттердин радикалдуу идеяларга карата кѳбүрѳѳк туруктуу боло тургандыгын белгилейт.

Теолог жана теология илимдеринин доктору Кадыр Маликов билим берүү системасы чет мамлекеттерде башкача болгондуктан, кыргызстандыктар ошол жактардан билим алууну жактырышат деп кошумчалады.

«Ал жерлерден тийиштүү тилде сүйлѳгѳн жарандардын арасында жүрүп, тилди жакшы үйрѳнүп алууга болот. Ошондой эле, тарыхый жактан исламдын жайылышынын негизги аймактары болуп эсептелгендиктен, бул мамлекеттерде ислам илимдери кѳбүрѳѳк ѳнүккѳн деген түшүнүк да бар. Мындан тышкары, чет ѳлкѳлүк жогорку окуу жайларга кѳбүрѳѳк артыкчылык берилишинин дагы бир себеби, ал жерлерде диний окуу жайлардын макамы Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла жогору болгондугуна байланыштуу. Эгер медресе менен толук кандуу университеттин ортосунда тандоо талап кылынса, албетте университетти тандашат», – дейт Маликов.

Ал ѳзү 1995-жылы ошол мезгилде Кыргызстандын аймагындагы жалгыз медреседен билим алып, кийин квота боюнча Иорданияга кетип, Шариат факультетинде окуган.  

Анткен менен, кыргызстандыктардын чет мамлекеттерде билим алуусунун терс жактары да бар.

«Биринчиден, кѳйгѳй чыгып бара жатканда кѳзѳмѳлдѳнбѳйт. Экинчи кѳйгѳй исламдын негиздерин билбеген жаштар чет мамлекеттерге барганда, аларда улуттук түшүнүктүн призмасы аркылуу диний билим калыптанат. Ушул себептен улам, кээ бир жаштар ар кандай секталар менен агымдарга кирип кетишет», – дейт Маликов.

Photo: kiu.kg

Мурунку беделди кайтаруу

Ѳз мезгилинде Борбордук Азия диний билим берүүчү мектеби менен таанымал болгон. Б.з. VIII-кылымында ислам дининин келиши менен, мусулмандар үчүн Бухара шаары диний, маданий жана илимий борбор болуп калган. Атактуу окумуштуу жана хадистердин топтоочусу имам аль-Бухари ушул жерде жарык дүйнѳгѳ келип, зор эмгектерин жараткан. 

XV-кылымда  кѳптѳгѳн илимпоздор эмгектенген Самарканд шаары менен катар  эле, Бухара шаары дагы ислам цивилизациясынын борбору болуп калган. Ошол  мезгилдерде шаарда кѳптѳгѳн мечиттер менен медреселер салынган жана бүгүнкү күндѳ ал жерлерде болочок дин таануучулар билим алышат.   

Акимжан Эргешов. Photo: CABAR.asia

Атеисттик режим үстѳмдүк кылган Советтер Союзунун доорунда диний билим берүү мекемелеринин саны ѳтѳ эле аз болгон. Исламды окуп үйрѳнүүдѳгү чоӊ тыныгуу аймактагы диний билим берүүчү мектептердин деӊгээлине олуттуу таасир тийгизген. Азыркы күндѳ Кыргызстандын кадрларынын квалификациясынын тѳмѳндүгү мыкты диний билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздабай жаткандыгын  белгилейт Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ)  билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов. 

«Советтер Союзу тарагандан кийин биз медреселерди ачтык. Алар канча убакыттан бери иштейт? Эӊ кѳп убакыттан бери иштегенине 15 жыл болду. Бул мезгилдин ичинде даанышмандарды даярдап чыгуу мүмкүн эмес. Биз болсо, диндин маанисин туура түшүнгѳн адамдардан билим алууга муктажбыз.   Кишилер ѳз жашоосун диний билим алууга арнап койгон, ошондуктан мыкты билим алууга укуктуу», – дейт Эргешов.

Анын пикири боюнча, негативдүү кесепеттерге жол бербеш үчүн, бардык каалоочуларды Кыргызстанда окутуп, исламдын негиздерин да ѳлкѳдѳ үйрѳтүү зарыл. Абитуриенттерди даярдоого байланыштуу маселе учурда КМДБда каралып жатат. Эргешов чет  ѳлкѳгѳ барып билим алуудан мурун кыргызстандыктар жок дегенде 2-3 жыл жергиликтүү окуу жайларда окушу керек деген ойдо. Себеби, алар араб тилин базалык деӊгээлде үйрѳнүшѳт жана диндин негиздери жѳнүндѳ түшүнүккѳ ээ болушат.   

Муну менен катар эле, жаӊы «Диний билим берүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобону ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатат. Жобо орто билимге да, жогорку билимге да тиешелүү. Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда мамлекеттик үлгүдѳгү диплом бериле турган ѳлкѳнүн эки жогорку окуу жайында теология факультеттери (аралаш билим берүү менен), ошондой эле жалгыз гана диний дисциплиналарды окуткан окуу жайлары бар. Закир Чотаевдин айтуусунда, башталгыч билим берүү категориясын алып салып, диний курстарды киргизүү пландалууда.  

«Ошондой эле магистратура даражасын киргизүү боюнча сунуштар келип түшүүдѳ. […] Биз жогорку билим үчүн минималдуу тѳрт жылды киргизгенбиз, ал эми андан жогорку деӊгээл боюнча айта турган болсок, бул маселени диний мекемелер ѳздѳрү чечишет. Алар кандай даражаларды белгилесе, ошондой болот. Исламга байланыштуу бул маселе учурда КМДБ тарабынан чечилип жатат», – деп билдирди.  

Эксперттер жеке диний билимдерин пайда кылуу процесси учурда жүрүп жатканын жана негизги басымдын ѳлкѳнүн ѳзгѳчѳлүгүнѳ жасалышы керек экендигин белгилешет Кыргызстандын жогорку окуу жайлары акыркы 10 жылдан бери активдүү ѳнүгүү жолунда жана азырынча жетиштүү деӊгээлде окутуу үчүн илимий база жок.

Ошол эле учурда Кыргызстан ѳлкѳдѳ татыктуу диний билим алуу үчүн керек болгон шарттарды түзүп берүүнү максат кылууда. Ѳзбекстан, Россия жана Казакстандын ѳздѳрүнүн диний окуу жайлары бар. Чиновниктин пикири боюнча, Кыргызстан дагы динаятты даярдап чыгуу үчүн күчтүү бир диний билим берүү системасына ээ болуп,  чет ѳлкѳлүк диний борборлордун таасиринен кѳз каранды болбоого тийиш экендигин белгилейт.  

«Биз азыр диний билим берүүнүн тартиби жѳнүндѳ жобонун долбоорун иштеп чыктык. Бардык стандарттарды пайдалануудабыз, окуу пландарын карап чыгуудабыз, бирок азырынча кабыл алына элек. Мындай жол менен биз диний билим берүүнү методика жана сабак берүүнүн сапаты жагынан чыӊдоого аракет жумшап жатабыз», – дейт Чотаев.

Эксперттердин пикири боюнча, Кыргызстанда жалпы эле билим берүүнүн деӊгээлин мектептерден баштап жогорулатуу керек.  

«Зыян Кыргызстанда эл жакшы базалык билимге ээ боло албагандыгынан улам келип чыгууда. Тактап айтканда, элдин кѳбү маданий ѳзгѳчѳлүктѳр менен универсалдуу ѳзгѳчѳлүктѳрдүн ордун билишпейт. Ошондуктан, бир жерге таандык болгон жердик спецификаны ислам дининин бир бѳлүгү катары кабылдашат», – дейт Асланова.

Муну менен бирге, ал чет ѳлкѳнүн ислам жогорку окуу жайларында билим алып жаткандардын баарын каралоо туура эмес экендигин айтат. Диний билим бир гана ислам динине эмес, башка конфессияларга да тийиштүү.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: