Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүүдө олуттуу дараметке ээ экенин эксперттер белгилеп келишет. Бирок бул тармак толук кандуу иштеши үчүн бир топ маселелерди чечүү зарыл.
Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын ыкчам өнүктүрүү максатка ылайык. Муну шарттаган бир нече себеп бар. Алсак, 2023-жылдын декабрында Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча өткөн конференцияда кол коюлган глобалдык милдеттеме. Бул документтин алкагында өлкөлөр казылып алынуучу отунду колдонууну азайтыш үчүн 2030-жылга карата энергиянын кайра жаралуучу булактарын үч эсеге көбөйтүүнү макулдашкан.
Дагы бир маанилүү жагдай – жыл өткөн сайын күчөп жаткан энергетикалык каатчылык. 2023-жылдын жайкы мезгилинен тарта 2026-жылдын аягына чейин президенттин буйругу менен энергетикалык тармакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Таңкыстык үч миллиард киловатт-сааттан ашат. Жашыл энергетика фондунун башчысы Эмилбек Орозбаевдин айтымында, таңкыстыктын ордун толтуруш үчүн бийлик энергиянын кайра жаралуучу булактарына басым жасоодо.
Мамлекет эмне кылып жатат?
Эмилбек Орозбаев CABAR.asia ресурсуна билдиргендей, 2023-жылы Кыргызстандын ар кайсы райондорунда 12 чакан ГЭС ишке кирди. Быйылкы жылы дагы 16 объект ишке кирет деп күтүлүүдө. Станциялардын инвесторлору болуп Кыргызстандын жарандары саналат.
2023-жылдын мартынан тарта президенттин буйругу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын орнотуу үчүн жер берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.
«Эгер мурда инвестор биздин өлкөгө келип, жер алыш үчүн жергиликтүү бийлик органдарына далай ирет каттай турган болсо, азыр Фонддун базасында Бирдиктүү терезе түзүлгөн. Алар инвесторлорго энергиянын кайра жаралуучу булактарына байланыштуу объектилерди курууга уруксат кагаздарын жана жер тилкесин алууга жардам берет», – дейт жетекчи.
Мындан сырткары министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, республиканын аймагына алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулган товарлар менен жабдуулардын тизмеси бекитилген. Бул тизме маал-маалы менен толукталып турат.
Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча мыйзамга бир нече жылда түрдүү өзгөртүүлөр киргизилди. Анын алкагында электр энергиясын сатып алуунун жеңилдетилген мөөнөтү бар. Суу энергиясын колдонгон долбоорлор үчүн 15 жылды, шамал жана күн станциялары үчүн 25 жылды түзөт.
«Инвестор чакан ГЭС куруп, ишке киргизип, объектти тармактарга улап, электр энергиясын сата баштады дейли. Мамлекет 15 жыл аралыгында инвестордон электр энергияны кепилдик шартында сатып алат», – деп түшүндүрдү Орозбаев.
Жашыл энергетика фондунун директору кошумчалагандай, Кыргызстандын бийлиги чакан ГЭСтерди куруу менен чектелген жок. Күн жана шамал станцияларын өнүктүрүү планда бар.
«Бизде суу ресурстары дайыма жетиштүү болуп, суунун жана Токтогул ГЭСинин эсебинен электр энергиясын иштеп чыгууга багыт алган элек. Бирок соңку жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, климаттын өзгөрүшү менен аймактарда суу азаюуда. Ошондуктан бизде башка да булактар болсун деп чараларды көрүп жатабыз», – дейт Орозбаев.
Мисалы, Ысык-Көл облусунда өткөн жылдын апрелинде кубаттуулугу 300 мегаваттка барабар күн электр станциясын курууга капсула салынды. Долбоорду Кыргызстандын «Бишкек Солар» жана Россиянын «Юнигрин Энерджи» компаниялары ишке ашырууда. Ошондой эле Орозбаевдин айтымында, «China Power» кытай ишканасы менен кубаттуулугу 1 гигаваттык күн электр станциясын куруу боюнча документке кол коюлду.
Кошучмалай кетсек, 26-мартта Сочидеги «АТОМЭКСПО-2024» форумунда Кыргызстандын Энергетика министрлиги «Росатом» шамал энергетикалык дивизиону менен шамал паркын куруу боюнча макулдашууга кол койду. Объектилер Ысык-Көл облусунда орун алары күтүлүп жатат.
Орозбаев белгилегендей, мындай долбоорлорду башка облустарда да ишке ашыруу мерчемделди. Ар кайсы өлкөлөрдөн потенциалдуу инвесторлор бар, алардын катарында Түштүк Корея, Франция, Бириккен Араб Эмираттары ж.б. белгилесе болот.
Анын пикиринде, Кыргызстан жалпысынан алганда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. Пландалган иштерди эске алганда 2030-жылга чейин «республика бул тармакты өнүктүрүп эле тим болбой, электр энергиясынын таңкыстыгын жоюп, өлкө боюнча иштеп чыгууну көбөйтө алат».
«Албетте мындагы маанилүү жагдай – долбоорлорду каржылоо. Чакан ГЭСтерди биздин атамекендик инвесторлор кура алса, шамал жана күн сыяктуу ири станцияларды курууга көп акча керек. Ошондуктан биз чет элдик инвесторлорду тартуу жолдорун издеп жатабыз», – деп белгиледи Орозбаев.
Арзан тарифтер
Кайра жаралуучу булактар иштеп чыккан электр энергиясынын тарифтери али күнчө талкууда. 2024-жылдын мартында парламенттик отурумда «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамына биринчи окуудан өзгөртүүлөр кабыл алынды. Долбоор боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектилери үчүн так белгиленген тарифти эмес, тарифтин чегин аныктоо сунушталууда. Бул аукцион механизимин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип, баанын жеткен чеги 1 киловатт-саат үчүн 4,42 сомду (беш центтин тегерегин) түзөт, баа ылдыйлап кетиши мүмкүн.
Ошондой эле инвесторлорду девальвация учурунда жоготуулардан коргоо максатында улуттук валютанын чет элдик валютага карата курсунун өзгөрүшүнө карап энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектилери үчүн тарифтерди ай сайын өзгөртүү сунушталууда.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ассоциациясынын төрайымы Элеонора Казакованын айтымында, тарифтерди ай сайын кайра эсептөө көйгөй жаратат. Мунун биринчи эле себеби – тийиштүү мыйзамда чет элдик кайсы валюта улуттук валютага карата кайра эсептелери көрсөтүлгөн эмес.
«Экинчиден, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ар кайсы субъектилеринен ар айдын акыркы күнүнө карата валюталык термелүүлөргө карап берилген счет-фактура боюнча төлөм операцияларында башаламандыкты жаратат», – деген ишенимде Казакова.
Анын пикиринде, 12 ай ичинде энергиянын чыныгы өздүк наркын байкап, валютанын курсунун өзгөрүшүн кошуп туруп, ар жылы тарифтерди түзөтүп туруу туура болмок. А муну мыйзам негизинде так белгилеш керек.
Кыргызстандын Жашыл Альянсынын аткаруучу директору Ильгиз Камбаров болсо азыркы тарифтер өтө төмөн экенин жана мындай шартта энергиянын кайра жаралуучу булактарына кызыгуу көп болбойт дейт.
«Ошондуктан тарифтерди көтөрүү жөнүндө ойлонуш керек. Бул кайра жаралуучу булактар үчүн гана эмес, электр энергиясын өндүрүү рентабилдүү болушу үчүн да маанилүү», – дейт Камбаров.
«Юнисон Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова белгилегендей, бардык эле товарлардын баасын аныктоо бир нече факторлордон турат. Биринчи кезекте бул өздүк нарк. Товарды өндүрүш үчүн анык бир көлөмдөгү ресурстарды иштетиш керек. Айталы, адам эмгеги, инфраструктураны кармап турууга кеткен чыгымдар, салыктар, дагы башка чегерүүлөр.
«Электр энергиясы анык бир мүнөздөгү товар, аны биз өз муктаждыгыбыз жана жайлуулугубуз үчүн сатып алабыз. Ар бир товардын баасы жок дегенде өздүк нарк деңгээлин жабышы керек, антпесе аны өндүрүүнүн мааниси болбойт», – дейт Абдырасулова.
Анын пикиринде, тариф эмнеден турарын, каражаттар кайда, кантип бөлүштүрүлүп жатканын так көрсөтүү керек. Ошондой эле чыгымдарды бөлүштүрүү боюнча ачык-айкын система болушу абзел. Ушундай шартта керектөөчүлөр өздөрү төлөгөн ар бир тыйын жалпы энергетикалык инфраструктурага жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна таасир этерин түшүнөт.
Чечилбей келген башка көйгөлөр
Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин эксперттер деле моюндашат. Бирок тармак толук кандуу иштеп кетиши үчүн дагы көп жумуштар жасалышы керек.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ассоциациясынын төрайымы Элеонора Казакованын айтымында, чакан ГЭСтерди курууда суу берүү маселеси көзөмөлгө алына элек.
«Инвесторго электр энергиясын иштеп чыгыш үчүн керектүү болгон суу көлөмүн кепилдеген “сууга укук” деген түшүнүк жок. Ирригациялык режимдердин артыкчылыктуу экенин эске алуу менен бул маселе мыйзам деңгээлинде так жазылышы талап», – дейт эксперт.
Кийинки маселе – Кыргызстан кайра жаралуучу булактар иштеп чыккан электр энергиясынын канча көлөмүн “аш кыла алат”. Анын айтымында, ЭКБ объектисин куруу боюнча кезектеги меморандумга кол коюлду деген маалыматтар маал-маалы менен жарыяланып жатат.
«Ошол эле учурда бийлик энергетикалык система, жабдуулар эскиргенин дайыма айтып жүрөт. Биздин тармактар ошончо көлөмдү көтөрүүгө чыдайбы? Азыркы тармактарды жана алардын абалын эске алсак көтөрө албайт», – дейт Казакова.
Дагы бир маанилүү жагдай — кадрдык потенциалдын төмөндүгү. Элеонора Казакованын айтымында, «энергиянын кайра жаралуучу булактары» деген сөз жакында эле пайда болду, а Кыргызстандын энергетиктеринин калың катмары тээ совет доорунда даярдыктан өткөн.
«Бизде жаш адистер абдан аз. Буга жакшылап көңүл буруш керек. Студенттер окуу маалында практикага чыгышы кажет. Алар беш жылдан кийин эмес, окуп жаткан кезде эле чакан ГЭС эмне экенин өз көзү менен көрүшү зарыл. Энергетиктер бизге дарыгерлер жана мугалимдердей эле керек, андыктан кадрларды сапаттуу даярдашыбыз абзел», – дейт Казакова.
Эксперт белгилегендей, бул маселелердин баарын заматта чечүү мүмкүн эмес. Ошентсе да комплекстүү жумуш алып барууну кечеңдетүүгө болбойт. Министрликтерде, мекемелерде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бирдиктүү көз караш, бирдиктүү план болушу кажет.
Кыргызстандын Жашыл Альянсынын аткаруучу директору Ильгиз Камбаровдун айтымында, суу ресурстарына эле үмүт артып, чакан ГЭСтер менен чектелүүгө болбойт.
«Бирдиктүү терезе системасы аркылуу чакан ГЭСтерди тез арада көбөйтүү саясатын ката дебейм, бирок ошол эле маалда суунун азаюу тобокелдигин эске алыш керек. Чоң жабдууларды жаңылоого жана кармап турууга кеткен бюджеттин чыгымдары жыл санап өсө берет. 20, 30, 50 жылдан кийин суу болобу-жокпу белгисиз. Ошол үчүн жумуртканы бир эле себетке салбай, күн жана шамал станцияларын да өнүктүрүү зарыл», – деп эсептейт эксперт.
«Юнисон Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова болсо Париж макулдашуусунун алкагында Кыргызстан энергетикада, айыл чарбасында, жер пайдалануу боюнча башка тармактарда, өндүрүштө жана таштандыларды кайра иштетүүдө чараларды колдонуу менен 2030-жылга карата абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу милдетин алган.
«Мына ушул жерден тышкы саясатыбыз иштеши керек. Тагыраагы, биз бир жагынан бул чараларды ишке ашырып, зыяндуу заттарды азайтыш үчүн, экинчи жагынан энергетикалык баланста энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүш үчүн кошумча сырткы жардамды, донордук каражаттарды тартышыбыз керек», – дейт Абдырасулова.
Ал суроо-талап сунушту жаратарын белгилейт. Дүйнөлүк макулдашууга кол коюлуп, адамзаттын алдында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын үч эсе көбөйтүү милдети турган соң, анык бир каражаттар, кызыкдар тараптар, инвесторлор жана техникалык адистер да пайда болот.
«Ошол үчүн мында саясий эрк керек, ал өз кезегинде экономикалык жана рыноктук мүмкүнчүлүктөр менен коштолот. Кыргызстан бул багыттагы эң алдыңкы жана мыкты тажрыйбаларды тартыш үчүн бүткүл дүйнөгө ачык болушу керек», – дейт Нурзат.
Абдырасулова ошол эле чакан ГЭСтерди же шамал, күн станцияларын куруу түйшүктүү экенин белгилейт. Адатта бардык процедураларды сактоо зарыл, ага каражаттарды издөө гана эмес, уруксат кагаздарын алуу, жерди баалоону өткөрүү, алдын ала келишимди түзүү, тарифтерди аныктоо, жергиликтүү калк менен сүйлөшүү ж.б. кирет.
«Жумушка адистердин бүтүндөй командасы тартылат. Бул – юристтер, экономисттер, куруучулар, энергетиктер. Бүт процесс бир нече жылга созулушу мүмкүн. Албетте, ири энергетикалык объектилерди куруу керек жана бул биздин стратегиялык максатыбыз болушу керек. Бирок микрогенерацияга да көңүл бурушубуз зарыл», – дейт эксперт.
Анын айтымында, микрогенерацияны өнүктүрүү – бул процесске ички инвесторлорду, башкача айтканда, өлкө жарандарын тартуу мүмкүнчүлүгү.
«Балким, 10-20 киловаттык станцияны коюш үчүн кимдир бирөөдө чоң жер тилкеси бар же экинчи бир кишиде үйүндө орнотууга мүмкүнчүлүк бар», – деп болжойт ал.
Ошентип, жашоочулар өз ишканаларынын же үйлөрүнүн энергетикалык эффективдүүлүгүн жакшырта алышат, а бул нерсе мамлекетке энергетикалык көз карандысыздыгын арттырууга, экологияны жакшыртып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтууга мүмкүндүк берет.
«Албетте, мындайда жергиликтүү тармактарды техникалык анализге алыш керек. Бул багытта энергетиктердин алдында чоң жумуш турат. Бирок энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрөбүз десек, ары-бери термелип отурууга бизде убакыт жок. Ыкчам аракеттенип, улам пайда болгон көйгөйлөрдү иштин жүрүшүндө чечишибиз зарыл», – деп жыйынтыктады Абдырасулова.