© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сирия менен Ирактан кайтып келүүсү: тоотпой коюуга мүмкүн болбогон кѳйгѳй

Эксперттер Ирак менен Сириядагы кыргызстандыктарды репатриациялоого карата кѳп жактуу мамилени иштеп чыгуу зарылчылыгын айтууда. Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) ѳкүлчүлүгү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге «Кыргызстандыктардын Ирак менен Сириядан кайтып келүүсү: тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктѳр» аттуу темада эксперттик жолугушуу ѳткѳрдү.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


Photo: cabar.asia

«Кылым Шамы» укук коргоо борборунун берген маалыматына караганда, Багдаддын түрмѳсүндѳ кыргызстандык тѳрт аял жана 11 жашы жете элек бала бар. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова белгилегендей, бул сан аларга белгилүү болгон маалыматта гана берилген сан. Муну менен бирге, укук коргоочуларга туугандары Жакынкы Чыгыштын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарына кеткен 46 үй-бүлѳ кайралган. Мындан сырткары, Сириянын аймагындагы лагерлерде балдары менен 12 киши бар, азырынча алардын туугандары табыла элек.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин быйылкы жылдын апрель айына карата берген маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгышка 850гѳ жакын кыргызстандык кеткен. Аялдар менен балдардын кѳбү учурда Ирак менен Сириянын лагерлеринде жатат. 

Артур Медетбеков. Photo: cabar.asia

«Тилекке каршы, алардын жашоо шарты ѳтѳ эле начар. Кѳбү оорукчан, кѳбү кризистик абалда. Бирок мындан ары кандай болот? Албетте, оор эпидемияга айланат. Россия, Казакстан, Тажикстан колунан келишинче ѳз жарандарын, айрыкча аялдар менен балдарды алып чыгып кетишти. Ал тургай Казакстан алты чамасында эркек жаранын чыгара алды, бирок булар сыналуучу экземплярлар. Ал эми бизде ѳкмѳттүн иши азырынча жогорку деӊгээлге жете элек», – деп билдирди   Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) ѳкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Кыргызстандыктардын Ирак менен Сириядан кайтып келүүсү: тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктѳр» аттуу темадагы эксперттик жолугушууда терроризм жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбеков.  

Бир нече жыл мурун бийлик менен коомчулуктун риторикасы негативдүү – кеткен жарандарды атуулдук укугунан ажыратуу, ал эми «кайтып келгендерди» терроризм боюнча соттоо болгон болсо, азыр бардыгы кайтаруу, биринчи ирет аялдар менен балдарды алып келүү зарыл экендигин айтышууда. 

«Эгер биз жарандарыбызды ал жактарда калтырып койсок, келечекте мунун кесепети кандай болот? Жооп эӊ эле жѳнѳкѳй: кѳпчүлүк жинденип, ар кандай террористтик уюмдардын тарабына ѳтүп кетет жана эч нерсеге карабастан туугандары менен байланышын уланта берет. Жашыруун уюмдардын мындан да жеткилеӊ түрлѳрү пайда болот», – дейт Медетбеков.

Бирок, азырынча бул идеяны ишке ашыруу жана андан аркы аракеттер боюнча жакшы иштелип чыккан план жок. Ошондой эле, «кайтып келгендерди» реабилитациялоо жана аларды коомго интеграциялоо үчүн жетиштүү каражат да жок.

Гульназ Исаева. Photo: cabar.asia

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бѳлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаеванын айтымында, акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанда реабилитация механизмдерин иштеп чыгуу процесси жүрүүдѳ жана бул маселеге карата мамилелер талкууланууда.

«БУУ-аялдар» изилдѳѳсүнѳ ылайык, аялдардын кѳбү Сирия менен Иракка күйѳѳлѳрүнүн артынан барган жана бул алардын аӊ сезимдүү тандоосу болгон эмес.

«Күйѳѳлѳрүнүн артынан баруулары патриархалдык, балким диний, салттуу ченемдерден улам болгон. Ал тургай, биз аялдын туугандары аны токтотууга аракет кылбастан, тескерисинче, сенин күйѳѳӊ бар, ал кайда барса, сен да чогуу барышыӊ керек деп айткан учурларды да билебиз», – деп белгилейт Исаева.

Photo: cabar.asia

Үчтүк мамиле

Кѳпчүлүк кыргызстандыктарды согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан алып келүү зарыл экендигин айтып жатса да, жоопко караганда суроолор кѳбүрѳѳк пайда болууда.

Укук коргоочу  Азиза Абдирасулова белгилегендей, кыргызстандыктардын Ирак менен Сириядан кайтарылып келиши жана алардын андан аркы реабилитациясы үчүн комплекстүү мамиле талап кылынат. Баарынан мурда, ѳлкѳдѳ жогорку деӊгээлде репатриация жѳнүндѳ саясий чечим кабыл алынууга тийиш.  Ал документте бул адамдардын кийинки тагдыры кандай болот, мамлекет кандай мамиле жасайт, кандай коопсуздук, психологиялык жана медициналык жардамдар менен камсыз боло алышат, балдарын кантип окутушат жана башка ушул сыяктуу суроолорго так жооп жазылышы керек экендигин айтат.

Азиза Абдирасулова. Photo: cabar.asia

Мындан тышкары, «кайтып келгендердин» ар бирине жекече мамиле жасалып, согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакка кетүүлѳрүнүн себебин аныктоо зарыл.

«Укук коргоо органдары ар бирин кылдат текшерип, изилдеп чыгуусу керек жана укук талаасында ар бири жооп берүүгѳ тийиш», – дейт Абдирасулова.

Анын пикири боюнча, Кыргызстандын эч бир жараны Жакынкы Чыгышта калып калбагандыгын, кайтып келгендер болсо керектүү бардык нерселер менен камсыз болгондугуна кѳзү жетүүсү үчүн бул ишке укук коргоочулар да катышууга тийиш:

2 жыл мурун Ала-Букада бир үй-бүлѳ кайтып келгенде, жергиликтүү калк аларга жашоо бербей, кѳчүп кетүүсүн талап кылган. Аталган үй-бүлѳгѳ мамлекет жетиштүү деӊгээлде коопсуздукту камсыздаган эмес. Эми бүгүнкү күндѳ мамлекет мындай жарандарга канчалык деӊгээлде коопсуздукту камсыздай алат?

Башкаларга үлгү

Кыргызстандын УКМКсынын мурунку жетекчиси Артур Медетбеков жарандардын Жакынкы Чыгышка кетүүлѳрүн кѳзѳмѳлдѳѳгѳ мамлекеттин дарамети жетишсиз экендигин айтат. Анын үстүнѳ, кѳптѳгѳн жарандар акча табуу максатын кѳздѳп Россияга, андан ары Ирак менен Сирияга ѳтүп кетип жатышат.

Экперттин ою боюнча, кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу процесси ѳкмѳт аркылуу жана тынчтык жолу менен ишке ашырыла турган болсо, анда жарандардын ѳлкѳдѳн кетүүсүн азайтууга мүмкүн болот:

«Кайтып келгендер» ММКларга чыгып, ѳз оюн билдире алышат, бул дагы кырдаалга таасир этиши мүмкүн. Терроризмге каршы күрѳш жалгыз гана укук коргоо органдары тарабынан эмес, элдин ичинде дагы жүргүзүлүүгѳ тийиш.  Ал жерлерге барып келген жарандар бул тууралуу айтып бере алышат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: