Күнүмдүк жашообузда интернеттин кеӊири кучак жайышы менен кѳйгѳйлѳрдүн жаӊы типтери да жаралууда. Маселен, социалдык тармактар менен башка платформаларда адамды кодулоо жана кемсинтүү ѳтѳ эле кѳп кездешүүчү кѳрүнүштѳр.
Биздин Telegram каналыбызга катталыӊыз!
Бүткүл дүйнѳ жүзүндѳ социалдык тармактар жыл ѳткѳн сайын кеӊири кучак жайып келе жаткан болсо, 2020-жылы күтүүсүз чыга келген коронавирус пандемиясы бул процессти тездетип жиберди. Дүйнѳлүк банктын маалыматы боюнча, пандемия учурунда жер жүзүндѳ интернет-трафик 47 пайызга ѳскѳн жана мындай ѳзгѳрүү белгилүү бир даражада билим берүүнүн онлайн-режимге ѳтүүсү менен байланыштуу.
Кыргызстандын статистикасында да ѳзгѳрүү байкалбай койгон жок – интернет-трафик 64 пайызга ѳскѳн (Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык).
Анткен менен, ѳтѳ тез санариптешүүнүн дагы бир тарабы бар, тагыраагы: тармактагы алдамчылык, киберкылмыштуулук, аккаунттарды бузуп кирүү жана кибербуллингдин ѳсүшү. Акыркысы тууралуу айта турган болсок, кийинки мезгилдерде интернеттеги кодулоо же кибербуллинг кѳрүнүштѳрү популярдуу болуп бара жатат. Россиялык Mail.ru интернет-компаниясы тарабынан жүргүзүлгѳн изилдѳѳнүн натыйжаларынан пандемия мезгилинде тармактагы агрессиянын деӊгээли 47%га жогорулаганы, ал эми Рунет колдонуучуларынын 58%га жакыны ар кандай кодулоо аракеттерине туш болгону белгилүү болгон.
Кибербуллинг деген эмне жана интернеттеги кодулоо менен кантип күрѳшсѳ болот? Психолог жана юрист менен бирге карап чыгабыз.
Кибербуллинг – бул санарип мейкиндикте кѳрсѳтүлгѳн зомбулук. Ал социалдык тармактарда, мессенджерлерде, оюн платформаларында жана мобилдик телефондогу тиркемелерде болушу мүмкүн.
Интернеттеги зомбулуктун максаты – кодулоонун объектисинин ачуусуна тийүү, ыза кылуу же абийирин кетирүү. Маселен, Facebook же YouTube платформаларына жалган жана жаманатты кылуучу маалыматтарды жарыялоо, же болбосо СМС-билдирүүлѳр же чалуулар аркылуу коркутуп-үркүтүү аракеттери.
Мындай адамдар «троллдор», «буллилер» же «мобберлер» деп аталат, жана кѳп учурда жашыруун иш-аракет жүргүзүшѳт — демек, курмандыгы агрессивдүү аракеттер кимден келип жатканын биле албайт.
Кемсинтүүчү жана кордоочу мүнѳздѳгү билдирүүлѳр аркылуу аткарылган интернеттеги кодулоо кибербуллинг деп аталат.
Буллер билдирүүлѳр менен гана чектелбеши мүмкүн. Ал курмандыгынын кабары жок эле аны маскаралоочу фотосүрѳттѳр менен видеоматериалдарды да жарыялап чыгышы ыктымал.
Эгерде сиз ѳзүӊүзгѳ карата тѳмѳнкүдѳй аракеттердин жасалып жатканын байкасаӊыз, анда буллингге кабылган болосуз:
1) Тармактан коркутуп-үркүтүүлѳр келип түшсѳ
2) Сиздин профилиӊиз менен фотосүрѳттѳрүӊүздү жасалмалап жатышса
3) Мессенджерлер менен комментарийлер аркылуу каралоочу мүнѳздѳгү билдирүүлѳрдү жѳнѳтүп жатышса.
Башкача айтканда, кибербуллингдин башкы максаты – курмандыгын коркутуу, ачуусуна тийүү же абийирин кетирүү.
Кибербуллинг үчүн кѳбүнчѳ тѳмѳнкү аянтчалар жана мүмкүндүктѳр колдонулат:
- мобилдик байланыш (СМС-билдирүүлѳр);
- мобилдик тиркемелер жана мессенджерлер;
- интернеттеги чаттар менен форумдар;
- электрондук почта (билдирүүлѳрдү жиберүү);
- социалдык тармактар;
- видеохостинг сервистери;
- оюн сайттары жана виртуалдуу оюн дүйнѳлѳрү.
Дефектология жана укук жаатында америкалык адис Нэнси Виллард киберкоркутууларга арналган эмгегинде кибербуллингдин тѳмѳнкүдѳй формаларын бѳлүп кѳрсѳткѳн:
- Кордоо – агрессор кордоочу комментарийлерди жазат.
- Асылуу – бейтааныш адамдар, социалдык тармактардын колдонуучулары, жакынкы реалдуу социалдык чѳйрѳдѳгү кишилер тарабынан кѳрсѳтүлгѳн сексуалдык мүнѳздѳгү максаттуу киберчабуулдар.
- Каралоо же ушак таратуу. Интернет-баракчаларына, форумдарга, жаӊылык топторуна, электрондук почта аркылуу фото- же видеоматериалдарды жарыялоо жолу менен аткрылат.
- Жалган атты колдонуу, башкача айтканда атайылап эле ѳзүн башка адамдын ордунда кѳрсѳтүү.
- Жеке маалыматтарды элге жарыялоо.
- Жеке маалыматтарды, мисалы, фотосүрѳттѳрдү, финансылык абал же ишмердүүлүктүн түрү жѳнүндѳ маалыматтарды жайылтуу.
- Сталкинг – узакка созулган асылуу же куугунтуктоо.
- Физикалык жазалоо боюнча ачык коркутуулар.
Кибербуллингге бардык эле кишилер – ѳспүрүмдѳр да, чоӊ адамдар да курмандык болуп калышы ыктымал.
Бирок курактык ѳзгѳчѳлүгүнѳн улам бул аракеттерге ѳспүрүмдѳр катуу реакция кылышат.
«РИА новости» эфиринен Mail.Ru Group социалдык долбоорлорунун жетекчиси Александра Бабкина билдиргендей, кѳбүнчѳ кибербуллингге интернеттен тышкары башка кишилер менен байланышы аз балдар дуушар болушат.
«Негизинен, булар – интернет менен жашаган балдар. Алар кишилер менен аз байланышат, жана тармакта ээ болгон нерселерин баалап-баркташат. Алардын жашоосунун маӊызы – интернет. Эгерде тармакта бир нерсе туура эмес болуп калса, анда алар үчүн бул – чыныгы алаамат», – дейт ал.
Эксперттер санарип кодулоо үчүн курмандыктарды табуунун үч факторун белгилешет:
1) Жыныстык ориентация;
2) Сырткы кѳрүнүш (ѳтѳ арык, толук, узун ж.б.);
3) Тармактагы активдүүлүк.
Mail.ru тарабынан онлайн-кодулоого каршы күрѳшүү боюнча жүргүзүлгѳн изилдѳѳнүн маалыматтарына ылайык, Рунет колдонуучуларынын 58 пайызы кибербуллингге кабылат. Сурамжылоого тартылгандардын ичинен, эркектердин 52%ы, аялдардын 44%ы кабылганы белгилүү болгон. Алардын ичинен 28% эркектер менен 21% аялдар кодулоонун курмандыгы болгон. Эркектерди кѳбүнчѳ жашоодо ийгиликтерге жетпей калгандыгы, ал эми аялдарды – сырткы келбети үчүн шылдыӊдашат.
«Буллердин мындай жүрүш-турушунун негизги фактору болуп, жазасыздык сезими эсептелет. Мунун жардамы менен ал ѳзүнүн агрессиясын башка бирѳѳнѳн чыгарат», – дейт психолог Леонид Соболев CABAR.asia аналитикалык платформасына берген маегинде.
Экинчи себеби катары, келбети жагынан айырмаланган (арыгыраак же толугураак) бирѳѳгѳ карата ич күйдүлүк, ориентация, улут, материалдык абал жана башка факторлор кызмат кылышы мүмкүн.
«Эгер буллердин кадимки жашоосунда аны кимдир-бирѳѳ токтотуп же тыйып коё алса, интернет-мейкиндикте эч ким мындай кыла албайт. Ошондуктан буллер эч нерседен коркпойт. Интернет анонимдүүлүктү жана буллингдин объектиси менен ортодо физикалык аралык бар экенин сездирет», – деп айтат психолог.
Соболев тармактагы кодулоодон миллиондогон катталуучусу бар таанымал адамдардан баштап бир кабатта жашаган коӊшуга чейин эч ким корголбогонун белгилейт. Кѳбүнчѳ буллингге ѳспүрүмдѳр курмандык болушат.
«Кимди кодулай турганын тандоонун белгилүү бир критерийи жок, бардык эле кишилер буллингдин курмандыгы болуп калышы ыктымал», – дейт ал./box]
Санарип кодулоодон ѳзүн тѳмѳнкүдѳй коргоого болот:
- социалдык тармактагы профилин жабык жана досторго гана жеткиликтүү кылуу;
- баарлашуу үчүн келип түшкѳн сурамдарга жооп бербѳѳ;
- келген негативдүү билдирүүлѳр менен агрессор-адамга кѳӊүл бурбоо жана бѳгѳттѳп коюу.
Психолог Ильдар Акбутин белгилегендей, 80 пайыз учурда агрессорго карата укук коргоо органдарына анын билдирүүлѳрү менен коркутуп-үркүтүүлѳрүнүн скриншоттору тиркелген арыз менен кайрылганда буллинг токтойт.
Facebook жана Instagram социалдык тармактарынын ѳкүлдѳрү инструменттердин тѳмѳнкүдѳй катарын сунушташат:
- Сиз бейбаштан келген бардык билдирүүлѳргѳ кѳӊүл бурбай койсоӊуз болот же аталган кишиге кабар бербей туруп, каттоо жазууӊузду жашыруун коргоо үчүн «Чектеп коюу» инструментин пайдалана аласыз;
- Сиз комментарийлерди жеке билдирүүлѳрүӊүзгѳ модерациялай аласыз;
- Ырастоолоруӊузду сизге ѳзүӊүз катталган колдонуучулар гана түздѳн-түз билдирүү жѳнѳтѳ ала тургандай кылып ѳзгѳртүп койсоӊуз болот;
- Instagram тармагында сиз бир нерсени жарыялагандан мурун жарыялай турган маалыматты дагы бир жолу карап чыгууӊузду ѳтүнгѳн билдирүү жиберилет.
Эгерде жакындарыӊыздан бири кибербуллингге кабылса (же ѳзүӊүз кабылсаӊыз), анда психолог Леонид Соболев тѳмѳнкүлѳрдү аткарууга кеӊеш берет:
- Жакын адамыӊызды болуп жаткандар үчүн ѳзүӊ күнѳѳлүүсүн деп айыптабаӊыз. Ѳзү эле оор болуп турган кырдаалды андан да курчутпай, тескерисинче, ага колдоо кѳрсѳтүүгѳ аракет кылыӊыз. Ал эми ѳзүӊүз кодулоого дуушар болсоӊуз, мында да ѳзүн күнѳѳлѳѳ туура эмес, кемсинтүү менен кордоо үчүн эч кандай деле себеп болбошу толук мүмкүн.
- Кордоочуну таап, ага компромат издѳѳгѳ умтулбаӊыз. Бул жерде ѳч алуу жѳнүндѳ сѳз дагы болбошу керек.
- Буллингдин «курмандыгы» үчүн ызалоочу жана катуу тийген учурларды анализдеп чыгуу үчүн психологго кайрылып кѳрүӊүз.
- Эгер ѳзүӊүзгѳ кодулоо аракеттери жасалып жатканын байкасаӊыз, анда агрессорду ѳзүӊүзгѳ жана жарыялаган материалдарыӊызга жолотпогонуӊуз оӊ, аны «тойгузуунун» кереги жок. Ошондой эле кѳкүтүүнүн да кереги жок, мунун пайдасы тийбейт. Соболев белгилегендей, бизге карата кѳрсѳтүлгѳн бардык агрессия – чоӊ стресс. Кѳӊүлдүн оорушу, агрессия, таарыныч жана абдырап калуу – дарегине айтылган ызалоочу сѳздѳр менен жүрүм-турумга карата адекваттуу реакция.
«Баарынын кѳӊүлү ооруйт, дээрлик бардыгы ыйлайт. Эмоцияларды жашыруунун кереги жок, – деп кеӊеш берет психолог Соболев. – Сизди травмалоочу абалга түшүп калгандан кѳрѳ, андан алыстоого умтулуӊуз. Гаджетиӊизди үйгѳ калтырып, киного, досторуӊуз менен кафеге барыӊыз, сейилдеӊиз, музыка угуӊуз. Убакытты ѳзүӊүз үчүн пайдалуу ѳткѳрүӊүз. Ѳзүӊүздү ыӊгайлуу жана жакшы сезген жерлерге барыӊыз».
«Маанилүү бир учурду түшүнүӊүз, – деп оюн улантат психолог, – бактылуу, ѳзүн-ѳзү камсыздай алган адамдар башкалардын кѳӊүлүн оорутпайт, буга алардын убактылары да жок. Башка бирѳѳнүн сезимдерин тепселеген адам – ички дүйнѳсүндѳ ѳзү бактысыз жана травма алган адам. Ал жашоодогу кѳйгѳйлѳрүн чече албайт, ал эми ичиндеги негативди башкалардан чыгаруу менен башка бирѳѳнү кордойт».
Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы ѳзүӊүзгѳ карата коркунуч жаралганын байкаган учурда дароо милицияга кайрылууну сунуштайт. Мындан тышкары, коомдун маалыматтарына ылайык, тѳмѳнкү кеӊештерге кѳӊүл буруп, аларды эстен чыгарбоо зарыл:
1) Бейтааныш телефон номерлеринен, профилдерден же адамдардан келген билдирүүлѳргѳ жооп бербеӊиз;
2) Бейбаштын аракеттерине жооп катары ага кол салбаӊыз, анын сиздин реакцияӊызды кѳрүп табалашына жол бербеӊиз;
3) Эгер сиз үчүн ыӊгайлуу болсо, адам менен айткан сѳздѳрү же жасаган иш-аракеттери тууралуу сүйлѳшүүгѳ аракет кылып кѳрүӊүз;
4) Бирѳѳ менен сүйлѳшүӊүз, досторуӊуз менен бѳлүшсѳӊүз жеӊилдеп каласыз, же болбосо атайы кеӊеш берүү кызматтарына дагы кайрылууга болот;
5) Билдирүүлѳр менен сүрѳттѳрдү сактап коюӊуз, кийин кереги тийип калышы ыктымал;
Сизге кибербуллинг жасоого аракет кылып жаткан адамдын телефон номерин же социалдык тармактардагы профилин бѳгѳттѳп салыӊыз. Жарыялаган нерселерди коргоо үчүн купуялуулук ырастоолорун колдонуӊуз.
Психологдор кибербуллингдин кесепеттери ар түрдүү болуу менен бирге, алардын бири да позитивдүү болбой турганын белгилешет. Буларга ѳзүн-ѳзү баалоонун тѳмѳндѳшү, башка адамдар менен байланыштын үзүлүшү, ал тургай ѳз жанын кыюу аракеттери да кирет.
«Баарыбыз бул кѳйгѳйдүн олуттуулугун түшүнүп, мындай абалга дайым даяр болушубуз керек», – деп эсептейт Леонид Соболев.
Кыргызстанда бул кѳйгѳй кѳбүнчѳ балдардын арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана олуттуу жагдайларда каттоого алуу аркылуу чечилет. Бирок мыйзамда жашы жете электерге карата буллинг боюнча ѳзүнчѳ берене жок.
«Эгерде кибербуллинг жашы жете электердин арасында болуп жатса, “Бузуулар жѳнүндѳ” кодекс (16 жаштан баштап колдонулат) жана Жазык кодекси (олуттуу иштер боюнча 14 жаштан тарта колдонулат) боюнча жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес», – дейт юрист Ирина Летова CABAR.asia аналитикалык платформасына берген маегинде.
Чоӊдорго келе турган болсок, кибербуллинг кѳрсѳтүлгѳн жагдайларда башка беренелерди колдонууга болот. Маселен, моралдык зыян келтирүү сыяктуу. Бирок Кыргызстандын мыйзамдарында адамдарды кодулоо үчүн жоопкерчилик каралган беренелер жок. Эгерде ѳмүрүнѳ коркунуч жаратуу же жакындарына зыян келтирүү сыяктуу учурлар келип чыкса, анда Жоруктар жѳнүндѳ кодекстин же Жазык кодексинин беренелери боюнча жоопко тартылат.
Бирок, Летова белгилегендей, укук коргоо органдарына жардам сурап ѳтѳ эле аз адам кайрылат.
«Экинчи жагынан, тийиштүү органдар кибербуллингге каршы күрѳшүү боюнча чараларды кѳрүшпѳйт, себеби, узакка созулган сотко чейинки ѳндүрүш ишин жүргүзүү: аккаунт кимге катталганын аныктап чыгуу, хакердик чабуулдардын болуп-болбогонун жана башка учурларды текшерүү зарылчылыгы жаралат», – дейт ал.
Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.