© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Казакстандын түштүгүндѳгү жаӊжал: бийлик кандай жыйынтык чыгарат?

Бир катар эксперттер менен коомдук ишмерлердин пикири боюнча, Масанчи айылындагы 10 адамдын ѳмүрүн алган жаӊжал этнос аралык мамилелерде олуттуу кѳйгѳйлѳрдүн бар экендигинен кабар берет.


Биздин Facebook баракчабызга жазылыӊыз!


Бүгүнкү күндѳ Жамбыл областынын Кордай районунда жергиликтүү масштабда ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилген. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен чырдын жагдайын иликтѳѳ үчүн ѳкмѳттүк комиссия түзүлдү.

Казакстандын чиновниктери казак жана дунган улутундагы бир нече жашоочунун ортосундагы түшүнбѳстүктѳр турмуш-тиричиликтик мүнѳздѳ болгондугун, ал эми жагдайды чагымчылар ѳз максатына пайдаланып кеткендигин белгилешүүдѳ.

Расмий маалыматтарга таянсак, уруштун натыйжасында 10 киши кѳз жумган. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ляззат Актаеванын айтуусуна караганда, Казакстан менен Кыргызстандын ооруканаларына жалпысынан 165 жаран медициналык жардам сурап кайрылышкан. Казакстандын медициналык мекемелеринде 30 киши туруктуу оор абалда, ал эми сегиз бейтап – ѳтѳ оор абалда жатат.

Казакстандын ИИМнин берген маалыматтары боюнча, кагылышууга 400гѳ чукул киши катышкан. Алардын ичинен 47 жаран кармалып, эки аӊчылык мылтыгы алынган. Окуянын натыйжасында 25 жер там, 31 соода объектиси жана 41 автоунаа заянга учураган.

Президенттин тапшырмасы боюнча Жамбыл областынын жетекчиси алмаштырылды. Мурдагы вице-премьер Бердибек Сапарбаевди областтын акими катары тааныштырып жатып, премьер-министр Мамин «идеологиялык иштерге жана улут аралык ынтымакты чыӊдоого, калктын социалдык-экономикалык абалы менен жашоо сапатын жакшыртууга ѳзгѳчѳ кѳнүл бурулушу керек» экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, областтын акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары, Жамбыл областынын полиция департаменти менен Кордай районунун полиция бѳлүмүнүн башчылары дагы кызматтан алынды. Токаев чек арага жакын айылдардагы жаӊжалды бейбаштык катары баалап, буга чагымчыларды күнѳѳлѳдү.  

Чагымчылар эмес, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам кан тѳгүлдү. Алар сѳзсүз жазасын алат. Жабыркагандарга мамлекеттен жардам берилет.  Тынчтык жана ынтымак – бул биздин дѳѳлѳтүбүз, аны бузууга эч кимдин акысы жок!

Ѳлкѳ бийлиги чыр-чатактын улут аралык себепке байланыштуу келип чыккандыгын моюнга албоодо. Райондун тургундары менен жолугушуу учурунда Казакстандын вице-премьери Бердибек Сапарбаев «тиричиликке байланышкан чыр болгондугун, ал эми чагымчылар абалдан пайдаланып, ѳз нугуна буруп кетишкендигин» белгиледи.

Ушундай эле пикирди Казакстандагы дунгандар коомунун тѳрагасы Абубакир Воинце дагы билдирди.  

«Мен ички иштер органдарында кызмат ѳтѳдүм, тергѳѳчү болуп иштедим. Кечээтен бери кырдаалды анализдеп жатам. Сырттан башка бирѳѳлѳрдүн жардамы болбосо, окуя келип чыкмак эмес. Кыска убакыттын ичинде мынчалык кѳп элди топтоо мүмкүн эмес, тез аранын ичинде даяданып, бардык социалдык тармактар аркылуу чакырыктар менен үндѳѳлѳрүн жайылта алышмак эмес. Демек, бул мурунтан эле даярдалган иш болчу», – дейт Воинце.

Кагылышуудан кийинки Масанчи айылынын абалы. Photo: T.Батыршин

Жаӊжал 7-февралда Казакстандагы дунгандар диаспорасынын борборлорунун бири деп эсептелген Масанчи айылында келип чыккан. 2009-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча, айыл тургундарынын 90 пайызын дунгандар, 5 пайызын казактар жана 5 пайызын орустар түзѳт. 

Кагылышуу учурунда металл буюмдар, таштар менен ок атуучу куралдар колдонулган. Окуя болуп жаткан жерге келген полиция кызматкерлери элди тынчытууга аракет кылышкан. Бирок, тынчтанып, коомдук тартипти сактоо жѳнүндѳгү чакырыктарга эч ким кѳӊүл бурган эмес. Түнгѳ жакын уруш Жамбыл областынын Кордай районунун дагы эки айылына жеткен.

Тынчтык жана бейпилдикпи?

1995-жылдан бери Казакстанда Казакстан элдеринин ассамблеясы ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Анын милдети – мамлекеттин улуттук саясатын ишке ашыруу жана кѳп улуттуу ѳлкѳдѳ тынчтыкты сактоо. 2007-жылы ал конституциялык макамга ээ болуп, парламенттин тѳмѳнкү палатасынан тогуз орун берилген.  Ал эми бир жылдан кийин «Казакстан элдеринин ассамблеясы жѳнүндѳ» Мыйзам кабыл алынып, ага ылайык ассамблея ѳлкѳнүн саясий системасынын толук укуктуу субъектиси болуп калган.   

Казакстан кѳп улуттуу ѳлкѳ болуп саналат. Бийликтин этностук кѳп түрдүүлүктү колдоо, ошондой эле этностук коомдордун тынчтык жана ѳз ара ынтымак ичинде жашоосу үчүн керектүү шарттарды түзүп берүү жѳнүндѳгү декларациясына карабастан, ѳлкѳнүн ар кайсы жерлеринде кээ бирде улутка байланыштуу себептерден улам чыр-чатактар чыгып турат.

Эксперттер адамдардын ѳлүмү менен коштолгон акыркы жаӊжалдын этнос аралык мамилелерде олуттуу кѳйгѳйлѳр бар экендигин кѳрсѳтүп тургандыгын белгилешүүдѳ.  

Жаӊжал болгон жерге барган журналист Азамат Ергали окуяга чагымчылар менен үчүнчү жактардын катышы бар экендигин билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундардын баяндоолору боюнча чыр турмуш-тиричиликке байланыштуу эле уруштан башталган. 

«Жабыркаган аксакалдын үйүндѳ отурганда балдары кол салуу тууралуу айтып беришти. 5-февраль күнү Толеген ата эки уулу менен Каракемер айылынан чыгып,  окулистке бара жатышкан. Борбордук оорукана Сортобе айылында жайгашкан. Ооруканага жетпей, ТТСнин жанынан бир адам унааны токтотуптур. Айдоочу менен ал киши уруша кетип, унааны токтоткон адамга дагы бир нече адам кошулган экен. Уруш мушташка айланып, Толеген ата аны токтотууга аракет кылганда, ѳзү да муштум жептир. Масанчи айылындагы жаӊжал мына ушундан улам башталыптыр», – дейт Ергали.

Журналисттин айтуусу боюнча, жаӊжал мурда эле башталган. Башкы себеби да ушул. Антпесе, кичинекей эле араздашуу мынчалык чоӊ трагедияга алып келмек эмес. 

Кагылышуудан кийинки Масанчи айылынын абалы. Photo: T.Батыршин

Коомдук ишмер Мухтар Тайжан дагы Кордай районун чек арага жакын айылдарында келип чыккан чыр  – улут аралык маселелерге жетиштүү деӊгээлде кѳнүл бурбай жаткан бийликтин чала аткарган ишинин кесепети экендигин белгилейт.  

«Бийлик үчүн улут аралык мамилелер чѳйрѳсүндѳ азыркыга чейин эле жалган тынчтык жана бейпилдик ѳкүм сүрѳт. Анткени, Казакстан элдеринин ассамблеясы бар да! Эгер чындап эле тынчтык менен бейпилдик ѳкүм сүрсѳ, анда эмне үчүн жыл сайын улут аралык жаӊжалдар чыга берет? Эмне үчүн жыл сайын кан тѳгүлүп, диаспоралардын башчылары эл алдына чыгып кечирим сурап келишет? […] Бийлик алардын атын атап, ачык диагноз коюудан коркуп, баарын эле турмуш-тиричиликтен улам чыккан чыр-чатак катары баалай берет. Ооба, айылдар ээн калып, миӊдеген кишилер кѳчѳгѳ чыккан кадимки турмуш-тиричиликке байланышкан чырлар», – дейт Тайжан.  

Коомдук ишмер жана юрист Асхат Асылбеков чагымдар тууралуу пикирлерди жокко чыгарбайт, бирок, жѳнѳкѳй эл менен маргиналдуу топту жерлерди кытайларга сатуу, казак тили боюнча маселе жана казактардын башка улуттун ѳкүлдѳрү тарабынан ур-токмокко алынышы сыяктуу бир нече теманын жардамы менен эле кѳтѳрүп чыгуу оӊой экендигин белгилейт.

«Мамлекеттин социалдык саясаты отуз жылдын ичинде ѳлкѳдѳ башаламандык жана хаос үчүн шарттарды түзүп берген бул этнос аралык жаӊжалдын түпкү себептери тууралуу сѳздѳргѳ толук кошулам. Маданияттын, билим берүүнүн, айыл чарбанын жок кылынышы, социалдык стандарттардын жоголушу, […] соттук-укуктук системада акыйкаттын жоктугу, элдин ортоӊку катмарына карата рейдерлик жана аны жок кылуу аракеттери, жѳнѳкѳй жарандарга бизнес жүргүзүү үчүн шарттардын начарлатылышы – жана дагы кѳптѳгѳн себептер ѳлкѳнү мына ушундай абалга жеткирди», – деп эсептейт Асылбеков. 

Чечүүдѳн качып, токтотуп коюу

Массалык дүрбѳлѳӊдѳн кийин ѳз ѳмүрлѳрү үчүн корккон Кордай районунун айылдарынын жашоочулары унаалары менен, ошондой эле жѳѳ чек арадан Кыргызстанды кѳздѳй ѳтүүгѳ аракеттенишкен.  Кээ бирлери коӊшу ѳлкѳгѳ тезирээк чыгып кетүүнү кѳздѳп, автоунааларын да таштап кетишкен. Кийинчерээк чек ара кызматынан 8-февраль күнү таӊ эртеден  баштап «Аухатты» – «Кеӊ-Булун» чек ара постунан Кыргызстандын аймагына Казакстандын тѳрт миӊге жакын жараны ѳткѳндүгүн билдиришкен.  Элдин дагы бир бѳлүгү «Сарытобе» – «Токмок» КѲП аркылуу ѳтүшкѳн. Негизинен булар – аялдар менен жаш балдар болгон. 

«Ошол эле түнү балдар тамак-аш чогултуп, бажыга жеткирип бере баштады. Чек арадан ѳткѳндѳрдүн ар бирине дароо тамак берип жатышты. Алгач келгендерди тойгузууну эле максат кылышкан, кийин элдин эч нерсе албай, үстүндѳ кийимдери жок келе жаткандарын кѳргѳндѳ, ѳз кийимдерин бере башташты. Бир аздан соӊ социалдык тармактар аркылуу кийим-кечелерди чогултуп берүү зарылчылыгы тууралуу маалымат таратып, мындай иш-чараны уюштурдук», – дейт Токмок шаарындагы дунган диаспорасынын башчысы Абдулла Люров.

Жардамдарды чогултуу жайын жергиликтүү кафелердин биринде ачып койдук. Жарандар жылуу кийимдерди, жууркан-тѳшѳктѳрдү, тамак-аштарды алып келип жатышты.

Токмок шаарынын мэриясы казакстандыктарды жайгаштыруу үчүн эки мектеп бѳлүп берди. Кээ бирлерин туугандары алып кетишсе, айрымдарын ыктыярчылар ѳз үйлѳрүнѳ алып барышты.  

9-февраль күнү келгендердин бир бѳлүгү жакындарын жерге берүү үчүн Казакстанга кайта баштады. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, эртеӊ мененки саат 10го чейин ѳлкѳдѳн миӊден ашуун казак жараны чыгып кеткен.

Казакстандын чек арага жакын айылдарында болуп ѳткѳн кагылышуулар Кыргызстанда да кызуу талкууларды жаратты. Социалдык тармактарда качкындар тууралуу жек кѳрүүчү пикирлер пайда боло баштады. «Бир дүйнѳ – Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Толекан Исмаилова мындай мамиленин кокусунан чыкпагандыгын белгилейт. Анын айтымында, 2010-жылы ѳлкѳнүн түштүгүндѳ болгон этнос аралык жаӊжалды, ага чейинки жана андан кийинки чыр-чатактарды жѳн гана басып, тим болушкан. Ал эми алардын кайталанышына жол бербѳѳ максатында бул окуялар кылдат изилденип чыккан эмес.

«Ошол окуялардын саясатчылары тарабынан Жарандык коом уюмдарына каршы салмак катары ОБОН, «кырк чоро», «апрелчилер», революциянын баатырлары ж.б. формалдык эмес топтор уюштурулуп, ал топтор бүгүнкү күндѳ дагы этностук азчылыктар менен активисттерге карата кодулоонун жана зомбулуктун түрдүү формаларын колдонууну улантууда», – дейт Исмаилова.

Анын пикиринде, эгемендүүлүккѳ жеткен соӊ, Борбордук Азия мамлекеттерине эл аралык аналитиктер менен эксперттер жетишерлик деӊгээлде кѳӊүл бурбай калышты. Ѳлкѳлѳрдүн ар биринде улуттук азчылыктар бар, бирок, кѳп учурда маалыматка бирдей жетүү, чечимдерди кабыл алуу процессине бирдей катышуу  мүмкүндүгүнѳн ажыроо менен бирге, ѳздѳрүнчѳ обочолонуп жашашат. 

«Казакстанда акыркы мезгилде болуп ѳткѳн трагедия эски жараларды козгоп, бийликтин мындай жаӊжалдардын алдын алууга дарамети жетпей тургандыгын кѳрсѳттү. Тынч жашаган жарандар, айрыкча улуттук азчылыктар кол салуулардын, кодулоо жана зомбулуктардын бутасы болуп калууда. Ѳтмѳ сот акыйкатынын аспаптары ар кайсы комиссиялар менен алмашылып, чыр-чатактар изилденбестен, убактылуу токтотулуп калууда. Ал эми мындай мамиленин жаман натыйжаларга алып келиши толук ыктымал», – дейт Исмаилова.

Анын айтуусу боюнча, Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүндѳ тобокелдердин алдын алуу үчүн тийиштүү аспаптар жок жана чыр-чатактар келип чыккан учурда элге натыйжалуу жардам кѳрсѳтүү үчүн ведомстволордун ортосунда байланыш жѳнгѳ салынган эмес. 

«Бул стратегияда ачкыч ролду жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдары менен жергиликтүү коомдор ойноого тийиш. Бийликтин жана күч түзүмдѳрүнүн баштан-аяк кѳзѳмѳлүнүн автоматизминен улам азырынча мындай диалогдор менен бирдей аянтчалар түзүлѳ элек. Бул система ѳзүн ѳзү жок кылып койгон. Система элге иштебейт», – деп сѳзүн жыйынтыктады укук коргоочу.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: