© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

COVID-19га каршы вакцинация паспорту: бул эмне документ жана эмне үчүн керек?

Бүгүнкү күндѳ дүйнѳнүн кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрүндѳ башка мамлекетке киргенде милдеттүү аткарылуучу талап катары вакцина  сертификаттарын же башкача айтканда «ковиддик» же «вакциналык» паспортторду киргизүү жѳнүндѳ маселе кызуу талкууланууда.


Бул документ, анын жактоочуларынын пикири боюнча, жарандарды эмдѳѳдѳн ѳтүүгѳ ѳбѳлгѳлѳп, бир катар карантиндик чектѳѳлѳрдү алып салат. Бирок ДСУ саякат жасоодо мындай милдеттүү талапты киргизүүгѳ шашылбай эле.

Азырынча Европа биримдиги гана бирдиктүү санарип вакцинация паспортун киргизип, ага ылайык ЕБнин 27 ѳлкѳсү менен Шенген аймагынын жашоочулары Биримдиктин ичинде эркин саякаттап жүрѳ алышат. Башка ѳлкѳлѳрдѳ болсо, анын ичинде Кыргызстанда да  жарандар мамлекеттик онлайн-сервистер аркылуу  эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү тууралуу онлайн-сертификат ала алат.

15-июлга карата жалпысынан 144 миӊден ашуун кыргызстандык эмдѳѳдѳн ѳттү. Бул кѳрсѳткүч Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн ичинен эӊ тѳмѳнкү кѳрсѳткүч болуп эсептелет.

Вакцинация паспорту деген эмне жана ал эмне үчүн керек экенин, аны кантип алса боло тургандыгын жана эмдѳѳ жѳнүндѳ сертификат жок башка мамлекеттерге кирүү мүмкүн эмес экендиги чындыкка дал келип, келбегенин  карап чыгалы.

Вакцинация паспорту деген эмне?

Бул коронавирус инфекциясына каршы эмдѳѳдѳн ѳткѳн жарандарга берилүүчү сертификат. Документте вакцина алган кишинин ѳздүк маалыматтары, эмдѳѳ жасалган күндѳр жана вакцинанын аты жазылат. Сертификат эки вариантта – электрондук жана кагаз жүзүндѳ берилиши мүмкүн. Эреже катары, анда маалыматтардын тууралыгын текшерүүгѳ боло турган штрих-код кѳрсѳтүлѳт.

«Вакцина» паспорту эмне үчүн керек?

Документ ѳзгѳчѳ кырдаалдар учурунда киргизилген чектѳѳлѳрдүн бир бѳлүгүн алып салат. Маселен, эмделген жарандарга киши кѳп чогулган жайларга чектѳѳсүз барууга укук берет.

Туристтер үчүн вакцинация паспорту чек араларды ачат. Айрым ѳлкѳлѳр эмдѳѳдѳн ѳткѳн туристтерди ПЦР-тести жок эле кабыл ала баштады. Алардын катарына Грузия, Румыния, Мальдив аралдары, Кипр, Болгария, Хорватия кирет. Эмделген саякатчылар үчүн чек араларын ачуу ниетин   Греция, Израиль, Португалия, Сейшел аралдары, Эстония, Испания жана Таиланд билдирүүдѳ.

2021-жылдын баштарында Дүйнѳлүк туризм уюму «вакциналык» сертификаттарды киргизүү боюнча оӊ пикирин билдирген. Уюмдун ою боюнча, мындай  жест COVID-19 шарттарында коопсуз саякаттоо принцибин жарата алат.

Кыргызстанда «ковиддик» сертификаттар берилеби?

Ооба, мындай сертификаттарды Саламаттыкты сактоо министрлиги берет. 28-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги республикада COVID-19га каршы эмдѳѳ тууралуу сертификат алуу үчүн онлайн-сервис ишке киргизилгендиги жѳнүндѳ расмий билдирүү жасаган.

Документ жасалган эмдѳѳ жана маалыматтардын аныктыгын ырастаган QR-кодду камтыйт.

Кыргызстандыктар вакцинация жѳнүндѳ сертификатты кантип ала алышат?

Вакцинация жѳнүндѳ сертификатты кыргызстандыктар тѳмѳнкү аракеттерди аткаруу менен ала алышат:

  1. Кыргызстандын мамлекеттик электрондук кызматтардын порталына кирип, булут электрондук кол тамгасы же eID жардамы менен авторизациядан ѳтүү.
  2. Порталдын ѳзүнѳн «Саламаттыкты сактоо» бѳлүмүн, анын ичинен «COVID-19» каршы вакцинация жѳнүндѳ сертификатты берүү» кызматын тандоо.
  3. Сертификат алуу үчүн «Ѳтүнмѳ жѳнѳтүү» функциясын басуу.
  4. Документ автоматтык түрдѳ даяр болот жана QR кодду камтыйт. Аны дароо эле басып чыгарса же PDF форматында сактап коюу мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар менен чет ѳлкѳлүк жарандар үчүн COVID-19 каршы вакцинация жѳнүндѳ сертификат берүү боюнча «Вакцина алгандардын реестри» маалымат системасында модулду иштеп чыгуу аяктап калды. Анын жардамы менен сертификаттарды саламаттыкты сактоо уюмдарынан берүү мүмкүнчүлүгү жаралат жана аралыктан сертификат алууда кыйынчылык жаралган жарандар үчүн жакшы альтернатива боло алат.

Сертификатты түз эле телефонго жүктѳп алууга болобу?

Болот. Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги башында турган мамлекеттик органдар менен мобилдик операторлор (MegaCom, O!, Beeline) уюлдук байланыш операторлорунун мобилдик тиркемемелери аркылуу эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү жѳнүндѳ санарип сертификаттарды берүүнү уюштуруу боюнча сервистерди иштеп чыгууда.

Тараптар электрондук сертификаттар боюнча маалымат алмашууну жѳнгѳ салууну пландап жатышат. Эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү тууралуу санарип сертификатты уюлдук байланыш операторлору тарабынан идентификацияланган абонент-жарандар ала алышат.

Туристтер менен кандай болот? Кыргызстан тарабынан башка ѳлкѳлѳрдүн сертификаттары таанылабы?

Бүгүнкү күндѳ Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуу Британия, Венгрия, Катар, Израиль, Грузия, Сауд Аравиясы, БАЭ, Корея, Польша, Сан-Марино, Казакстан, Ѳзбекстан, Россия, Румыния, АКШ, Түркия, Германия, Франция, Швейцария, ошондой эле Евробиримдик – Биримдиктин Брюсселдеги Медициналык кызматы тарабынан берилген жалпысынан 20 ѳлкѳнүн вакцинация жѳнүндѳ сертификаттары таанылат.

Коронавирус инфекциясына каршы күрѳшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, туристтер милдеттүү түрдѳ аталган сертификатка ээ болушу керек. Ѳлкѳнүн аймагына чет ѳлкѳлүк жарандар COVID-19 карата тесттин терс жыйынтыгы менен дагы кире алышат.

/box]

Коӊшу мамлекеттердин вакцинация паспорттору менен абал кандай?

Казакстанда электрондук вакцинация паспорту «eGov Mobile» мобилдик тиркемесинен 6-апрелден тарта жеткиликтүү болуп калды. Анда жарандын кайсы препаратты, кандай дозада жана качан алгандыгы жѳнүндѳ үч тилде маалымат берилген.

Документ талап кылынган жерлерге кѳрсѳтүлѳт, ал эми аны QR-коддун жардамы менен ачууга болот. Бирок паспортту казакстандыктар вакцинанын экинчи дозасын сайдырган соӊ гана ала алышат. 1-июндан тарта вакцинация паспорту кагаз жүзүндѳ дагы бериле баштаган.

Ѳзбекстандын жашоочулары COVID-19 каршы эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү тууралуу электрондук сертификаттарды Казакстандан бир жума кечирээк – 14-апрелден тарта ала баштаган. Эмдѳѳдѳн ѳткѳн жарандар маалымкатты Интерактивдүү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталы аркылуу онлайн-режимде ала алышат.

Тажикстан менен Түркмѳнстанда вакциналык сертификаттарды берүү боюнча эч кандай маалымат жок.

«Ковиддик» паспортторду биринчилерден болуп ким киргизген?

Алгачкылардан болуп вакцинация паспортторун Кытай киргизген. Кытай мессенджери Wechat саякатчыларды сертификациядан ѳткѳрүү программасын ишке киргизген. Документте COVID-19 каршы эмдѳѳдѳн ѳткѳндүгү, ошондой эле ооругандан кийин пайда болгон антителалар жѳнүндѳ маалымат камтылган.

Мындай сертификат коомдук транспорт менен жүрүү үчүн керек, ал эми чет ѳлкѳгѳ чыккан жарандар документти кагаз жүзүндѳ алып жүрүүгѳ тийиш.

Паспорт ѳлкѳнүн ичинде коомдук транспорт менен жүрүүдѳ жана чет мамлекеттерге чыкканда колдонулат. Эл аралык жол жүрүүлѳр үчүн кытай жарандары кагаз түрүндѳгү вакцина паспортун дагы ала алышат.

Сертификаттарды кайсы жерлер киргизишти?

1-июлдан тарта Европа биримдиги электрондук «ковиддик» паспортторду  – EU Digital COVID Certificate же EUDCC киргизди. Бул акысыз система. Документтин жардамы менен ЕБ жашоочулары Биримдикке кирген 27 ѳлкѳгѳ эркин чыга алышат. Сертификат вакцинация, COVID-19 карата тесттин жыйынтыктарын жана вируска каршы антителалар боюнча маалыматты камтыйт.  Маалымат QR-код түрүндѳ шифрленип, документти берген органдын ѳкүлүнүн санарип кол тамгасы орун алган.

ЕБ аймагына азырынча Евробиримдикте каттоодон ѳткѳн вакциналарды – Pfizer/BioNTech, Moderna, Oxford/AstraZeneca жана Johnson & Johnson, ошондой эле ДСУ тарабынан бекитилген вакциналарды алган туристтер гана кире алышат.

Европа экономикалык аймагына кирген ѳлкѳлѳр (Исландия, Лихтенштейн, Норвегия) жана Швейцария дагы ЕБ сертификаттарына шайкеш келе турган ѳздѳрүнүн сертификаттарын киргизүүнү пландап жатышат.

Эгер мен эмдѳѳдѳн ѳтпѳсѳм, анда Европа ѳлкѳлѳрүнѳ бара албай каламбы?

Жок, вакцинациядан ѳтпѳгѳн туристтер үчүн чектѳѳлѳр болбойт. Бирок зарыл болгон учурда тест тапшыруу жана карантиндик чектѳѳлѳр кошулуп, тийиштүү чектѳѳлѳргѳ баш ийүү талап кылынат. Европалыктар чет ѳлкѳлүктѳр үчүн тез жыйынтык чыгарган антитела тесттерин колдонууну пландоодо.

Россия боюнча эмне айта алабыз? Ал жакка кириш үчүн дагы вакцинация паспорту талап кылынабы?

Милдеттүү түрдѳ талап кылынбайт. Болгону «Путешествую без COVID» тиркемесине киргизиле турган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгынын болуусу жетиштүү. Анализ тапшыргандан баштап ѳлкѳгѳ киргенге чейин 72 сааттан ашпашы керек.

Ал эми сиз Россияга киргенден жок дегенде 14 күн мурун коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын дагы алган болсоӊуз, анда чек арадан вакцинациядан ѳткѳндүгүӊүздү тастыктаган электрондук сертификатты кѳрсѳтѳсүз. Азыркы тапта Россия ДСУ тарабынан бекитилген вакциналарды, ошондой эле россиялык «Спутник V», «ЭпиВакКорона», «КовиВак» жана «Спутник Лайт» препараттарын тааныйт.

Вакцинация паспорттору канча убакытка чейин жарайт?

Азырынча белгисиз.  Бирок ЕБ ѳлкѳлѳрү документтин пандемия уланган мезгил бою жарай турганын айтышууда. Европалыктар Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коомдук саламаттыкты сактоо тармагында ѳзгѳчѳ кырдаалдардын аяктагандыгы тууралуу билдирүүсүнүн негизинде иш-аракетке ѳтүшѳт.

«Вакциналык» сертификаттардын жасалмалары чыга баштадыбы?

Тилекке каршы, ооба. Бүгүнкү күндѳ Казакстанда вакцина сертификаттарын жасалмалоо үчүн июндун аягына карата 4 кылмыш иши козголгон, ошондой эле мындай учурлар Россияда да катталган.

Ушул эле ѳлкѳлѳрдѳ аталган документти жасалмалоо үчүн жазалар киргизилген. Казакстан Республикасынын Жазык кодексине ылайык, вакцинация паспортун жасалмалоо аракети үчүн 5,8 миллион теӊге (13,4 миӊ АКШ доллары) ѳлчѳмүндѳ айыппул, же болбосо түзѳтүү же коомдук иштерге тартуу, ошондой эле эки жылга чейин эркиндигин чектѳѳ же эркинен ажыратуу каралган.

Жасалма вакцинация паспортун колдонуу үчүн 466,7 миӊ теӊге (1091 АКШ доллары) ѳлчѳмүндѳ айыппул, же болбосо түзѳтүү же коомдук иштерге тартуу, ошондой эле 40 суткага камакка алуу каралган.

Билдирүүлѳргѳ караганда, Казакстанда жасалма «вакцина» паспортторунун баасы 10 миӊден 30 миӊ теӊгеге чейин (20,5 доллардан 70,5 АКШ долларына чейин) жетет.

Россияда Москва шаарындагы ИИМ башкы башкармалыгы тарабынан COVID-19 каршы эмдѳѳ жѳнүндѳ жасалма сертификаттар боюнча 24 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 3 иш сотко ѳткѳрүлгѳн. Вакцинация жѳнүндѳ сертификаттарды шылуундар орточо эсеп менен 4-5 миӊ рублдан (54-67 АКШ доллары) сатышкан.

Жасалма сертификатты сатып алуу үчүн – 1 жылга, ал эми жалган QR-кодду пайдалануу үчүн – 2 жылга абакка отургузуу жазасы каралган.

«Ковиддик» паспорттор жѳнүндѳ ДСУ эмне дейт?

Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гебрейесус 2-июлда вакцина паспорттору белгилүү вакциналардын саны жетишсиз болгон башка ѳлкѳлѳрдү дискриминациялоого алып келбеши керектигин билдирген.

«Айрым ѳлкѳлѳр менен аймактар вакциналарга карата сертификаттарды киргизип коюшту, бул боюнча мен алардын вакциналар же вакцинанын белгилүү түрлѳрү жок болгон ѳлкѳлѳр менен алардын жарандарын дискриминациялоого алып келбеши керек экенин белгилеп кетким келет. ДСУ ѳзгѳчѳ кырдаалдарда колдонула турган вакциналардын тизмелерин коопсуздук жана натыйжалуулукту баалап чыгуунун негизинде чыгарат. Биз болсо бардык мамлекеттер ДСУ тарабынан бекитилген вакциналарды таанып, кабыл алышат деп ишенебиз», – деп айткан ал.

Апрель айында эле ДСУнун Ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча комитети ѳлкѳлѳргѳ аймагына кирүү үчүн милдеттүү вакцинация талабын койбоону сунуштаган эле. Эл аралык уюм ѳзүнүн отчётунда вакциналардын натыйжалуулугу жана алардын белгилүү түрлѳрүнүн айрым ѳлкѳлѳрдѳ жетишсиз болуп жаткандыгы тууралуу маалыматты эске алууну ѳтүнгѳн. ДСУнун пикири боюнча, мындай жест кодулоону күчѳтүп жибериши ыктымал.

Google дагы «ковиддик» паспорттор боюнча тиркемени ишке киргизеби?

Июндун аягында Google жакында Android COVID-19 каршы вакцинация жѳнүндѳ такталган маалыматтарды сактоо мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло тургандыгын билдирген. Медицина уюмдары API аркылуу вакцинация тууралуу санарип каттоолорду түзѳ алышат жана кийин аларды колдонуучунун смартфонунда сактоо мүмкүн болот.

Google алгач бул функцияны башка ѳлкѳлѳрдѳн мурда АКШда жайылтууну пландаганын билдирген. Катталган жазуулар колдонуучунун түзүлүшүндѳ сакталат.

Башкы фото: ТАСС


Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: