© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Адам сатуу: бул тууралуу эмнелерди билиш керек?

БУУнун билдирүүсүндѳ коронавирус пандемиясы адам сатуу коркунучун, ѳзгѳчѳ аялдар менен кыздар үчүн коркунучту күчѳтүп жибергени айтылат. Уюмдун берген маалыматы боюнча, адам сатуучулардын курмандыктарынын 70%га жакынын аялдар, анын ичинен 20%га жакынын – жашы жете элек кыздар, дагы 20%ы – эркек кишилер болсо, калганын эркек жаш балдар түзѳт.

Жыл сайын миллиондогон кишилер жакшы жашоону кѳздѳп, ѳлкѳдѳн башка мамлекеттерге кетишет. Тилекке каршы, дайыма эле жумуш берүүчүлѳр убада кылгандай боло бербейт. Кулчулук, адам сатуу, ырайымсыз мамиле – чет ѳлкѳдѳ жарандар туш болгон абалдар, бирок булар менен гана чектелип калбайт.

Эреже катары, кылмышкерлердин торуна калктын аялуу катмарынын ѳкүлдѳрү, алардын ичинде мигранттар менен жумушсуздар түшүп калышат. Ал эми коронавирус пандемиясы мындай жарандардын абалын кыйла оорлотуп жиберди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын берген маалыматына ылайык, 2020-жылы адам сатуу фактысы боюнча 15 сотко чейинки ѳндүрүш катталып, алардын ичинен 2 иш –сотко жиберилсе, 7 иш – токтотулган жана дагы 6 иш боюнча ѳндүрүш аяктай элек.

2021-жылдын 6 айында адам сатуу фактысы боюнча 4 сотко чейинки ѳндүрүш катталып, 1 иш – токтотулган, калган 3 иш – ѳндүрүштѳ.

Эскерте кетчү нерсе, кылмыш иштери КР Жазык-процесстик кодексинин  26-беренесине ылайык, «Жосундарда кылмыштын курамы жана (же) жоруктун курамы болбогону үчүн» токтотулган.

Адам сатуу деген эмне, тобокел тобуна кимдер кирет жана  жумуш издегендер кырсыктан кантип сактана алышат? Бул маселени Кыргызстандагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) улук программалык ассистенти Жылдыз Ахметова менен бирге карап чыгабыз.

Алгач, адам сатуу деген эмне?

«Адам сатуу» деген түшүнүк адамдарды вербовкалоо, коркутуп-үркүтүү же күч колдонуу жолу менен бир жерден экинчи жерге алып баруу, ѳткѳрүп берүү, жашыруу же алуу. Мындан тышкары, башка формалары да бар: мажбурлоо, уурдоо, сатып алуу.

Сатуучунун максаты – киши үчүнчү бир ѳлкѳгѳ киргенден кийин, же болбосо ошол эле ѳлкѳнүн бир жеринен экинчи жерине баргандан кийин (ички адам сатуу) аны жеке кирешеси үчүн эксплуатациялоо. Адам сатуунун курмандыгын эксплуатациялоо канчалык кѳпкѳ созулса, сатуучу ошончолук кѳп киреше алат.

Адам сатуу – бул адамга жана анын негизги укуктарына каршы жасалган кылмыш.

Адам сатуу жана кулчулук – экѳѳ бирби?

Ооба, негизи бир эле жагдай, анткени кулчулуктун ѳзү эле адамды эксплуатациялоого жатат да, адам сатуунун түпкү максаты болуп саналат.

Кулчулуктун ар кандай түрлѳрү барбы?

Ооба, эксплуатациянын тибине жараша. Эксплуатация дегенде, кишини секс-кызматка, зордоочу жумушка, тилемчиликке, куралдуу жаӊжалдарга катышууга мажбурлоо. Мында ал кишинин карыздык милдеттерин, материалдык же башка кѳз карандылыгын, ошондой эле эрксиз абалын пайдаланып дагы мажбурлоо болушу мүмкүн.

Мындай тузакка түшүп калбаш үчүн эмне кылуу керек? Бул шектүү афера экени дароо эле байкалат да.

Адам чет ѳлкѳгѳ барып иштѳѳ тууралуу ойлонгондо, ал адам сатуу кѳйгѳйүн эске албайт. Бирок келишим түзүү аркылуу жумушка орношкон күндѳ дагы начар абалга түшүп калышы ыктымал. Вербовщиктер менен адам сатуучулар мыкты психолог болушат жана адамдын ишенимине кирүү жана манипуляциялоого макулдугун алуу үчүн эмне деп айтышты, кандай аракеттерди жасашты жакшы билишет.

Кимдер вербовщик боло алат?

МЭУнун 2015-жылы жүргүзгѳн изилдѳѳсүнѳ ылайык, 38,6% учурда вербовщиктер респонденттердин таанышы болсо, дагы 33,2% респондент чет ѳлкѳдѳ жакшы акы тѳлѳнүүчү жумушту сунуш кылган бейтааныш адамдар тарабынан азгырылган. Мындан тышкары, алдангандардын 8,4%ы – достору, 5%ы – туугандары тарабынан вербовкаланган.

Вербовщиктер кѳбүнчѳ кимдерге кѳӊүл бурушат?

Тобокел тобуна негизинен 18 жаштан 34 жашка чейинки эркектер менен келин-кыздар киришет. Вербовщиктердин кѳӊүлүн кѳбүнчѳ жогорку же кесиптик билими жок, акчага муктаж, туруктуу жана эмгек акысы жакшы жумуш издеген жарандар, ошондой эле чет жактарга эмгек мигранттар кѳп кеткен аймактардын жашоочулары бурушат.

Мага чет ѳлкѳдѳн жакшы жумуш сунуштап жатышат. Мени эмгек кулчулугуна тартып жатпаганын кантип биле алам?

Биринчи эле кезекте, тобокелдер менен коркунучтар тууралуу ойлонуш керек. Эгерде толук маалыматы жок, майда-чүйдѳсүн түшүндүрбѳй эле маянасы жогору жумушту сунуштап жатышса, анда жакшылап ойлонуш керек. Адатта вербовщиктер жол кирени тѳлѳп берүүнү, эӊ сонун шарттарда жашоону,  акысыз тамактанууну, документтер менен визаны жолжоболоштурууну убада кылышат. Мунун баары акысыз негизде аткарылып, киши жумушка орношкондон кийин алгачкы айлык акыларынын эсебинен алына тургандыгын түшүндүрүшѳт. Муну менен катар эле, кѳп учурда эмгек келишими түзүлбѳйт, паспортторун алып коюшат, ошентип эки-жакка баруусу чектелип калат.

Мындай абалга түшүп калбаш үчүн тѳмѳнкү сунуштарды эске алыӊыз:

• Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин Маалымат-консультациялык борборунан консультация алыӊыз (migrant.kg);
• ишенимдүү жана мыйзамдуу/лицензиялуу жумушка орноштуруу агенттиктерине гана кайрылыӊыз;
• документтердин баарын юридикалык жактан жолжоболоштуруӊуз;
• башка мамлекетте жумушчу виза менен гана иштей ала турганыӊызды эсиӊизден чыгарбаӊыз;
• бара жаткан ѳлкѳгѳ кирүү жана ал жакта жүрүү эрежелерин билип алыӊыз;
• үй-бүлѳӊүз менен туугандарыӊыз кайда, кантип, ким менен жана эмне максатта кетип жатканыӊызды билүүгѳ тийиш;
• бара турган ѳлкѳдѳгү Кыргыз Республикасынын элчилигинин, ошондой эле кризистик жагдайларда жардам кѳрсѳтѳ турган коомдук уюмдардын телефондору менен даректерин сѳзсүз жазып алыӊыз;
• жакындарыӊызга паспортуӊуздун кѳчүрмѳсү менен акыркы түшкѳн сүрѳтүӊүздү калтырып коюӊуз. Паспортуӊузду жоготуп же колуӊуздан тарттырып жиберген учурларда колдонуу максатында паспортуӊуздун кѳчүрмѳсүн жаныӊызга алып жүрүӊүз. Ошондой эле керектүү бардык документтерди сканерден ѳткѳрүп, электрондук почтаӊызга сактап койгонуӊуз туура;
• жакындарыӊыз менен кандайдыр бир жаман абалга же кырсыкка туш болгонуӊузду билдире турган сырсѳз же сүйлѳм жѳнүндѳ алдын ала макулдашып алыӊыз;
• жасалма паспорт же виза сыяктуу мыйзамсыз документтерди колдонуп чек арадан ѳтпѳӊүз. Эгер туристтик виза менен барган болсоӊуз, мыйзамсыз иштѳѳ үчүн калбаӊыз;
• түшүнүктүү тилде толук маалымат жазылган келишимди талап кылыӊыз жана мазмуну менен кылдат таанышып чыгыӊыз;
• бара турган ѳлкѳнүн тилинде жардам суроого байланыштуу бир нече сѳз жана сүйлѳмдү жаттап алыӊыз;
• чет мамлекетке чыгардан мурун 1899 же 0800 0000 189 телефону боюнча ТҮЗ БАЙЛАНЫШКА чыгып, консультация алыӊыз.
Мен кулчулукка түшүп калдым. Кайсы жерге кайрылам?

Мындай абалдарда тийиштүү ѳлкѳдѳгү укук коргоо органдары, Кыргызстандын элчиликтери, Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиялары жардам берүүгѳ тийиш.

Эгерде сиз аларга телефон чала албасаӊыз же эки-жакка баруу чектелген болсо, алгачкы эле мүмкүнчүлүктѳн пайдаланып, кимдир-бирѳѳгѳ түшкѳн абалыӊызды айтып, жардам сурасаӊыз болот. Адам сатуунун курмандыктары кѳчѳдѳ бара жаткан кишилерге, кардарларга, учактагы  стюарддарга ж.б. жардам сурап кайрылган учурлар да болгон. Эреже катары, алар сиз тууралуу укук коргоо органдарына билдиришет, же болбосо жардам кѳрсѳтүлгүчѳ сизди жашырып тура алышат.

Кулчулукка кабылган адамга кантип жардам берсе болот?

Кѳбүнчѳ адам сатуунун курмандыктары притондордо (сексуалдык эксплуатация, вэбкаминг), жабык курулуштарда, айыл чарба жерлеринде, тилемчиликте ж.б. иштѳѳгѳ мажбурланышат. Эгер сиз адамдын бети-башында кѳк алалар, денесинде жабыркоолор бар экенин, психологиялык жактан басыӊкы, анын жанында коштоочусу болуп, аны коркутуп-үркүтүп жатканын, же болбосо коштогон адамдан коркуп турганын байкасаӊыз, анда ал адам жаман абалга туш болгонун божомолдой аласыз.

1899 номерлүү түз байланыш телефонуна чалып, жагдай тууралуу билдириӊиз. Мындан тышкары, дароо укук коргоо органдарына кайрылып, кѳргѳн-билгендериӊизди толук айтып беришиӊиз керек.

Кулчулуктан бошонгондон кийин кандай аракеттерди кѳрүш керек?

Улуттук кайра багыттоо механизмине ылайык, мындай адам жашаган жери боюнча Социалдык коргоо бѳлүмүнѳ кайрылып, ал жерден ага социалдык жардам кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш, же болбосо кошумча жардам, маселен медициналык, документтерди калыбына келтирүү же убактылуу жашоочу жай менен камсыздоо боюнча жардам алуу үчүн башка мамлекеттик органга багытталышы мүмкүн. Ошондой эле, чач тарач, ширетүүчү же тигүүчү кесиптерине үйрѳткѳн акысыз курстар да бар. Курстарды бүтүргѳндѳр келечекте ѳз алдынча акча таба алышат.

МЭУ жана ѳнѳктѳш бейѳкмѳт уюмдар адам сатуунун курмандыктарына түздѳн-түз жардам беришет. Жардам кулчулукка сатылган жарандарды  ѳлкѳсүнѳ кайтаруу, реабилитациядан ѳткѳрүү, психологиялык жардам кѳрсѳтүү, ошондой эле жабыркагандарды реинтеграциялоо иш-аракеттерин камтыйт.

Ресурстар бар болсо, МЭУ ѳлкѳгѳ кайтаруу, реабилитациялоо (башпаанек, психологиялык, медициналык жардам) жана реинтеграциялоо (кесиптик курстар, киреше алып келүүчү иштерге бериле турган гранттар) багытында колдоо кѳрсѳтѳт.  Мисалы, адам тикмечи курсун бүтүрсѳ, МЭУ тигүүчү машина же башка керектүү жабдууларды сатып алууга жардам берет. Адам сатуунун курмандыктарына ѳнѳктѳш бейѳкмѳт уюмдар да олуттуу жардам беришет (МЭУ түйүнүндѳ 46 уюм бар). Адатта адам сатуудан жабыркаган кишини идентификациялоодон баштап анын социалдык адаптациясына чейинки жалпы процесс бир айдан үч айга чейин убакыт талап кылат.

Борбор Азияда адам сатуу үчүн кандай жаза каралган?

Кыргызстанда аракеттеги Кодекс боюнча вербовщикке эки жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндѳ жаза каралган (КР ЖК «Адам сатуу» 171-беренеси).

2021-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнѳ кире турган жаӊы Жазык кодексинде адам сатуу үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми башка фактылар дагы аныкталса (маселен, адам сатууга кишилердин тобу катышса, курмандыгы кош бойлуу аял болсо же жабыркоочуга оор залака келтирилсе), анда жаза мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга чейин кѳбѳйтүлѳт.

Ошондой эле жаӊы Жазык кодексине «Балдарды сатуу» аттуу жаӊы 167-берене киргизилди. Ага ылайык, балдарды сатуу үчүн 5 жылдан 8 жылга чейин абак мѳѳнѳтү каралган. Ал эми баланы чет ѳлкѳгѳ алып чыгышкан учурда, кылмышкерлер 8 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Казакстанда адам сатуу үчүн вербовщик 4 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат (КР ЖК «Адам сатуу» 128-беренеси).

Ѳзбекстанда, Жазык кодексине ылайык, адам сатуу үчүн 3 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндѳ жаза белгиленген («Адам сатуу» 135-берене).

Түркмѳнстанда адам сатууга катышкан киши 4 жылдан 25 жылга чейин абак мѳѳнѳтү менен жазаланат («Адам сатуу» 129/1-берене).

Тажикстанда адам сатуу үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган (ТР ЖК 130/1-беренеси).

Борбор Азиянын мыйзамдары адам сатууга каршы күрѳшүү үчүн толук шарттарды камсыздап турса да, мындай окуяларды териштирүү абдан жай жүрѳт жана кѳп убакытка созулат. Мамлекеттердин Жазык кодекстеринде адам сатуу – реалдуу мѳѳнѳттү караштырган кылмыш катары сыпатталат, бирок кѳбүнчѳ мындай кылмыштар башка мамлекеттердин аймагында ишке ашырылат. Маселен, вербовка Кыргызстанда жүргүзүлүп, эксплуатациялоо жана кесепеттери – башка ѳлкѳдѳ болот.

Эӊ кейиштүүсү, жабыркагандар укук коргоо органдарына ѳз убагында кайрылбайт жана окуя тууралуу мекенине кайтканда гана билдиришет. Ушул себептүү, айрыкча Кыргызстандын жаӊы Жазык-процесстик кодексинде бир нече мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш иштери боюнча сотко чейинки ѳндүрүштѳрдү жүргүзүү үчүн биргелешкен тергѳѳ-оперативдик топторду түзүү каралган.

Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Share via
Copy link
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: