Эксперттердин прогноздору боюнча, бүтүндѳй дүйнѳ жүзүндѳ жыл ѳткѳн сайын табигый кырсыктар кѳбѳйүп, алардын масштабдары мындан да бүлгүндүү боло баштайт. Сейсмикалык жана жер кѳчкүлѳрдүн жүрүшү жагынан кооптуу аймактарга кирген Кыргызстан үчүн дагы коркунуч жогору. Анткен менен кѳйгѳйгѳ ѳкмѳт да, жергиликтүү тургундар да олуттуу мамиле жасабай эле.
30-июлдан 3-августка чейинки мезгил аралыгындагы нѳшѳрлүү жаан Ысык-Кѳл областындагы тоодон агып түшкѳн чоӊ суулардын ташкындоосуна алып келген. Мунун кесепетинде Жети-Ѳгүз жана Тоӊ райондорунун айылдары жабыркаган. Каракол шаарында суу ташкыны бир нече турак-жай жана короо-жай участокторун каптап, жолдорду жууп кеткен. Мындан тышкары, кѳпүрѳлѳр талкаланып, зоопарк суу астында калган.
«Кечки саат 10дор чамасында суунун катуу агымы таштарды оодарып жаткандай сезилди. Терезени карасам, эл ары-бери чуркап баштаптыр. Кошуналар чогулуп калышты, саналуу мүнѳттѳрдүн ичинде мына бул жерде, суунун аркы бетиндеги эки бакты агызып кетти. Анан иттер катуу үрѳ баштагандыктан, аларды бошотуп жибердим. Бошотор замат вольер толугу менен талкаланып кетти», – деп баяндайт Караколдогу зыянга учураган үйдүн тургуну.
Photo: CABAR.asia
Вольерден тышкары короонун дубалы, гараждын бир бѳлүгү жана сарайлар кыйрап калган. Анын айтымында, ошол эле күнү ѲКМ кызматкерлери менен мэр келип, тийиштүү чаралар кѳрүлѳ турганын убада кылып кетишкен. Бирок кулаган бактардан сайды тазалоо жана убактылуу дамбаны орнотуу иштери 1-августта гана башталган.
Photo: CABAR.asia
«Чынын айтсам, мамлекеттен жардам, болуп жаткандардын видеолорун интернетке чыгарган соӊ гана келди. Ошондон кийин гана аракеттер байкала баштады. Экскаваторду ѳзүбүз таптык, мэрия болсо күйүүчү май менен эки күндүк ишин тѳлѳп берди. Үйүбүз менен суунун ортосун дамба менен бѳлүп коюшту. Жээк жолду толугу менен коргой турганын айтышты», – деп билдирди тургун.
Анын айтымында, мындан беш жыл мурун атасы суунун жээгин тосуп берүү ѳтүнүчү менен бийликке кайрылган, бирок эч кандай майнап чыккан эмес.
Бул окуядан 10 күн мурда Жалал-Абад областында Бахрам Абдразаковдун үйүн суу каптап, короосу шагылга толуп калган. 20-июлда Жалал-Абад областынын Чаӊгыр-Таш жана Достук айылдарында сел жүрүп, ал кырсыктан апасын араӊ куткарып жетишкен.
Үйдү жакында эле сатып алып, ал тургай толук эсептешип бүтѳ элек болчу. Табигый кырсыктардан үйдү камсыздандырууга да жетишкен эмес, ошентсе да ѳкмѳт үйүн оӊдоп-түзѳп алууга аз да болсо жардам берет деген үмүттѳ.
Photo: CABAR.asia
«Эшик таптакыр ачылбайт. Анткени шагыл тосуп терезеге чейин чыгып калган. Үйдө апам бар болчу. Араӊ жип менен байлап жүрүп селден апамды кошуналар менен бирге сактап калдым», – дейт Абдразаков.
Чаӊгыр-Таш айылы эчактан бери эле жашоо үчүн кооптуу аймак деп табылган. КР ѲКМ Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закировдун айтымында, Чаӊгыр-Таш айылын 2012-жылы 11 жолу сел каптап, короо-жайлар менен үйлөр суу астында калган. Ошондон кийин ведомствонун кызматкерлери айылды коопсуз жакка көчүрүү ниетин билдиришкен, бирок эл макул болбой койгон. Натыйжада тосуп кала турган сел каналы курулган.
Бирок арадан 9 жыл өткөн соӊ, айыл кайра сел астында калды.
Бул жана коӊшу Достук айылында жалпысынан 446 турак-жай жабыркап, алты жаштагы кичинекей кыз кѳз жумган. 67 үй жараксыз абалга келип, жашоочуларын чатырларга кѳчүрүшкѳн. Жабыркаган үйлѳрдүн 13ү гана камсыздандырылган. Бирок мамлекеттик камсыздандыруу бѳлүмү бир эле үйдү толугу менен жараксыз деп таап, чыгымды тѳлѳп берүүгѳ даяр экенин билдирген.
«Сел каптаган үйлөрдүн 13ү гана камсыздандыруудан өткөн экен. 13 үйдүн ичинен үчөѳсүнө суу кирип кеткен. Андан бир турак-жай жашоого жараксыз деп табылды. Азыр эми өзүбүзгө тийиштүү болгон жумуштарды жасап жатабыз», – деп билдирди мамлекеттик камсыздандыруу бѳлүмүнүн Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча өкүлү Эрлан Курманалиев.
Кара-Дарыя айылында селден жабыркаган үй-бүлѳлѳр үчүн чатыр лагери уюштурулган. Мындай үй-бүлѳлѳрдүн арасында жаш балдар менен кош бойлуулар да бар. Анзират Абдразакованын үйүн да сел каптап, жараксыз абалга келген. Учурда тѳрт баласы менен чатырда жашап жатат. Жолдошу болсо иштегени Россияга кеткен.
«Тамак-ашыбыз бар, бирок кир жууганга суу жок. Балдарымдын кийимдеринин дээрлик бардыгын сел агызып кетиптир. Күндүз чатырдын ичи ѳтѳ эле ысык болгондуктан, балдарды мектептин спортзалына алып барып уктатам. Жакын арада мамлекет жер бѳлүп берсе, эптеп үй тургузуп алат элек», – дейт ал.
Кара-Дарыя айыл аймагынын башчысы Нурбек Караев жергиликтүү бийлик турак-жай курууга жана социалдык мекемелерге деп жалпы аянты 30 гектар жерди трансформациялоо үчүн документтерди жолжоболоштуруп жатканын айтат.
«Бул жерде 68 үй жашоо үчүн кооптуу деп табылган. Ошондуктан мындай үйлѳрдүн тегерек-четин тазалаган жокпуз. Эгерде үйлѳр толугу менен жараксыз деп табылса, анда аларды бузуш керек болот. Эки жумуш жасап убара болбойлу деп күтүп отурабыз», – деп билдирди Караев.
Милдеттүү (эмес) камсыздандыруу
ѲКМнин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 4 миӊге жакын үй-бүлѳ сел жана жер кѳчкүлѳрү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жашашат. Алардын жарымынан кѳбү мурда жер тилкелери жана ссудалар түрүндѳ мамлекеттен жардам алышкан. Бирок, ѲКМ, жергиликтүү бийликтин эскертүүлѳрү менен сот органдарынын чечимдерине карабастан, жергиликтүү жашоочулар ѳмүрлѳрүн тобокелге салып, үйлѳрүнѳн кѳчүп кетпей жатышат.
«Кѳчүрүлгѳн үй-бүлѳлѳр кайра эле кооптуу аймактардагы үйлѳрүнѳ келип жашоодо. Кѳбү үйлѳрүн таштап кетпей да коюшкан. Алар жакын жайыттарга, жер үлүштѳрүнѳ карашууда. Жергиликтүү бийлик менен жооптуу органдар абалды кѳзѳмѳлгѳ алышы керек. Биз, мисалы, коммуналдык кызматтардын кѳрсѳтүлүшүн токтотуп коюуну сунуштап жатабыз», – деп билдиришти ѲКМ басма сѳз кызматынан.
Бир убактарда мамлекет кооптуу аймактардын жашоочуларын кѳчүрүп кетүү үчүн ссудаларды бѳлүп берген. Бирок 2016-жылы турак-жайларды ѳрт жана табигый кырсыктардан милдеттүү түрдѳ камсыздандыруу жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынган. Мындай практика биздин ѳлкѳдѳ жакшы ѳнүкпѳгѳндүктѳн, үй чарбаларынын 5%дан азыраагы менен гана мүлктү камсыздандыруу жѳнүндѳ келишим түзүлгѳн.
Мыйзам боюнча камсыздандыруу милдеттүү болгону менен, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» (МКУ) ААК турак-жайын камсыздандырбаган жарандарга карата басым жасоо рычагы жок.
«Биз калк арасында үзгүлтүксүз маалымат кампанияларын ѳткѳрүп, турак-жайды камсыздандыруунун пайдалары жана аларга байланыштуу тѳлѳмдѳр тууралуу айтып беребиз. Тилекке каршы, жарандардын 80%нын турак-жайларынын техникалык паспорттору жок. Ошондо деле биз түшүнүү менен мамиле жасап, механизмдерди жѳнѳкѳйлѳтүп бердик. Азыр турак-жай ээлери кыймылсыз мүлктүн ээсине таандык экендиги тууралуу айыл ѳкмѳтүнѳн берилген маалымкаттын негизинде үйлѳрүн камсыздандыра алышат», – деп билдирди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бѳлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров.
Же каражат жок, же болбосо ниеттери жок
Эксперттердин айтуусуна караганда, кыргызстандыктар турак-жайды камсыздандырууга олуттуу мамиле жасашы керек. Биринчиден, ѳлкѳдѳ жер титирѳѳ, суу ташкыны, жер кѳчкү, сел, катуу шамал сыяктуу бир катар табигый кырсыктардын коркунучу бар.
Сейсмикалык жактан Кыргызстандын бүтүндѳй аймагы активдүү, анткени жыл сайын 3 миӊге жакын жер титирѳѳ катталат. Ал эми жер кѳчкү процесстеринен жабыркаган жерлердин жалпы аянты – республиканын 7,5%га жакын территориясын түзѳт. Эӊ кѳп жер кѳчкү Ош жана Жалал-Абад областтарында болот. Жер кѳчкү коркунучу бар аймактарда жалпысынан 600 калктуу конуш жайгашкан жана мындай коркунуч ар дайым боло берет.
Орточо эсеп менен жыл сайын республика боюнча сел жана киргин сууга байланыштуу 70 тегерегинде ѳзгѳчѳ кырдаал катталат.
Экинчиден, республикада тобокелдерди каржылоонун иштеп жаткан механизмдери ири катастрофалык кубулуштардын кесепеттерин жеӊип чыгууга жѳндѳмдүү эмес.
«Ошондуктан табигый кырсыктардын мамлекетке, коммерциялык структураларга жана үй чарбаларына тийгизген финансылык терс таасирин азайтуу улуттук жана аймактык деӊгээлдеги маанилүү экономикалык жана социалдык приоритет катары каралышы керек. Рыноктук мыйзамдарга негизделген табигый кырсыктардын тобокелдиктерин которуу системаларын ѳнүктүрүүгѳ инвестициялоо мамлекеттик деӊгээлде да, аймактык деӊгээлде да кѳп сандаган экономикалык жана финансылык пайдаларды жаратат», – деп айтылат Дүйнѳлүк банк менен БУУ ККАЭС «Табигый кырсыктардын кесепеттери үчүн ким жооп берет?» аттуу отчетунда.
ѲКМ маалыматтарына ылайык, Кыргызстандагы ѳзгѳчѳ кырдаалдардын кесепетинде келип чыккан орточо жылдык экономикалык зыян (анын ичинде жаӊжалдык мүнѳздѳгү ѲК жана ири жол кырсыктары кошулуп) 700 млн сомдон (8,26 млн АКШ доллары) ашат. Жоготуулардын маанилүү бѳлүгү жаратылыш катаклизмдерине байланыштуу.
Жаратылыш кырсыктарынан сактануу үчүн ѳкмѳт эки багытта иш жүргүзѳт: капиталдык курулуш жана ѳзгѳчѳ кырдаалдардын алдын алуу, аларды жоюу. Бул максатта жыл сайын бюджеттен 400 млн сом (4,7 млн АКШ доллары) бѳлүнѳт.
«Быйыл 4664 погондук метр узундуктагы эки темир-бетон босого менен дамба курулуп, натыйжада 3,5 миӊ үй-бүлѳ жана 5016 Га айыл чарба жерлеринин корголушу камсыз кылынды. Мындан тышкары 200 объектиде ѲКдын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ. Жогоруда белгиленген чаралар: коргоочу курулмаларды тургузуу, сел каналдарын механикалык жол менен тазалоо иш-аракеттеринин натыйжалуулугу жогору бааланууда», – деп билдиришти ѲКМнен.
Анткен менен, ѳкмѳттүн жаратылыш катаклизмдеринин алдын алуу багытындагы ишин кѳз карандысыз эксперттер натыйжалуу эмес деп эсептешет. «Жашыл энергетика» КФ жетекчиси жана «Кыргызстандын жашыл альянсынын» башкаруу кеӊешинин мүчѳсү Анара Султангазиеванын пикиринде бул багытта ишке ашырылып жаткан программалар менен пландар натыйжалуу эмес.
«Башкы кѳйгѳйлѳрдүн бири – экономикалык, саясий туруксуздук. Бизде жетекчи, министрлер кабинетинин курамы тез-тезден алмаша берет. Кадр саясаты аксап келет, айлык акынын ѳлчѳмү аз жана ушундан улам адистер туруктуу иштешпейт. Алардын ѳздѳрүнүн пландары, иш-аракеттери, программалары бар, булардын кѳп дегенде 20%ы жүзѳгѳ ашат. Мен жеке ѳзүм мониторинг жүргүзгѳм. Баары кагаз жүзүндѳ бойдон калууда», – дейт эксперт CABAR.asia үчүн берген комментарийинде.
Бузулган башкаруу системасынан тышкары, ѲК байланыштуу абалды жарандардын жоопкерчиликти сезбегендиги да курчутууда деп эсептейт Султангазиева.
«Башкаруу органдары берген кеӊештер менен рекомендацияларды угушпайт. Алардын эскертүүлѳрүнѳ кѳӊүл бурбай, «бизге залакасы тийбей, баары ѳтүп кететтир» деген принцип менен кооптуу деп табылган аймактарда жашоону уланта беришет. Экосистемага зыян келтирип, ырайымсыздык менен бак-дарактарды кыйышат. Мунун баары андан да чоӊ катастрофага алып келүүдѳ», – деп түшүндүрдү эколог.
Жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин прогноздору боюнча, жыл ѳткѳн сайын табигый кырсыктардын саны кѳбѳйүп, алардын масштабдары мындан да бүлгүндүү боло баштайт. Глобалдык жылуулуктун таасирлери байкалууда.
Материал Норвегия ТИМ колдоосунда «Amplify, Verify, Engage: Information for Democratisation and Good Governance in Eurasia» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосунда Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR, Норвегия ТИМ же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.