© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы диний окуу жайлар жалпы окуу предметтерин киргизүү аракетинде

Кыргызстандагы диний окуу жайларында динди окуп-үйрөнүү менен катар светтик дисциплиналарды да окутууну милдеттендирүүгө аракеттенип жатышат. Коомдук талкууга Диний билим берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун долбоору коюлду.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


English На русском

Бишкектик  Гүлназ өткөн жылы медресени аяктап, азыр Москвага, иштеп акча табууга жөнөгөнү жатат. Азык-түлүк дүкөнүндө иштейм дейт:

–  9-классты аяктаган соң өз каалоом менен медресеге окууга кирдим. Буга улуу агам түрткү болду, анткени аны өз учурунда апам медресеге окууга киргизген. Агам диний билим алса, жаман балдардын чөйрөсүнө туш болбойт, ичпейт жана чекпейт деп ойлогон апам. Ошондой эле болду, агам абдан камкор, ошондуктан мен да медресеге окууга кирдим.

Ал жактан бизге «Диндин пайда болушу жана өнүгүшүнүн тарыхы», «Пайгамбардын өмүрү», «Ислам этикасы», «Куранды талдоо» сыяктуу предметтерди окутушту. Ошондой эле кулинарияны жана бычуу-тигүүнүн негиздерин да үйрөтүштү.

Контракт акысы жылына 12 миң сом ($171,8) болчу. Чогу окуган көпчүлүк кыздар азыр үйлөрүндө отурушат, айрымдары турмушка чыгышты, алар да азырынча иштеше элек. Мен да турмушка чыккам, жубайым экөөбүз Москвага агама кетели деп жатабыз, ал бизге жумуш таап койду.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 102 медресе жана 9 диний жогорку окуу жайы расмий каттоодон өткөн.  2017-жылдын февралында өлкөдө медреседе окуган 6 миңдей бала болгон. Бирок «Булан институту» бейөкмөт уюмунун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, окуучулардын саны мындан кыйла көп, анткени каттоодон өтпөгөн медреселер бир топ.

Кыргызстандагы медреселердин биринин студенткалары. Photo: rus.azattyk.org

Изилдөөчүлөр медреселерди эки категорияга бөлүштү. Биринчиси – расмий каттоодон өткөн, өзүнчө имараты жана окутууга зарыл болгон бардык шарттары бар медреселер.

«Экинчи категорияга, негизинен, мечиттердин алдында ачылган, хужра тибиндеги медреселер кирет. Аларда, чындыгында, окутуу үчүн эч кандай шарттар жок. Алар садаканын жана мечиттерге кайрымдуулук иретинде түшкөн каражаттардын гана эсебинен иш жүргүзөт. Мындай өз бетинче ачылган медреселердин көпчүлүгү каттоодон өтпөгөн, аларда балдарды окутууга шарттар түзүлгөн эмес, антисанитария өкүм сүрөт», – деп  айтылат «Булан  институтунун» докладында.

Окуу программасын өзгөртүү

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы  Гүлназ Исаева белгилегендей, Кыргызстанда исламга жана башка диндерге болгон кызыгуу күч алууда. Аны менен кошо диний билим берүү мекемелеринин саны да өсүп жатат. Ошондуктан ведомство Диний билим берүүнү жөнгө салуу боюнча Жобонун долбоорун иштеп чыкты.

«Жободо: ким окута тургандыгы; окуу программасы кандай талаптарга жооп бериши зарыл экени; сабак өтүлүүчү аудиториялардын шарттары; форма кандай болушу керектиги; мекеме техникалык талаптарга жооп береби жана аны ким көзөмөлдөй турганы көрсөтүлгөн. Муну менен катар, дин тууралуу билгиси келген адамдар үчүн кыска мөөнөттүү курстар каралган», – дейт Исаева.

Мамкомиссиянын жаңы Жобосу диний багытына карабастан бардык орто диний окуу жайларын окуу программасына «Адам жана коом», «Диндердин тарыхы», «Кыргыз адабияты» предметтерин киргизүүгө милдеттендирет.

Ал эми жогорку окуу жайлардын программаларына 10 дисциплина милдеттүү түрдө киргизилиши зарыл:  «Кыргызстандын тарыхы», «Жарандыктаануу», «Динтаануу», «Кыргыз тили», «Орус/чет тили», «География», «Социология», «Дүйнөлүк тарых», «Психология жана педагогика», «Маалыматтык  технологиялар».

Жаңы аракет

Бул диний билим берүү тармагын тартипке салуунун алгачкы аракети эмес. 2013-жылы парламент депутаты Каныбек Осмоналиев  «Диний билим берүү жана диний мекемелер жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыккан, бирок ал биринчи окуудан ары жылбай калган. Экс-депутат жаңы документке оң баа берип, бирок ал жобо эмес, мыйзам болушу керек эле деген пикирин билдирди.

Аларды эч ким көзөмөлдөбөйт, эмнени окутуп жатышканы менен эч кимдин иши жок.
Каныбек Осмоналиев. Photo: kloop.kg

«Маселе төмөнкүдө: бул жобо кезектеги профанация, иттен чыгаруу болуп калбашы керек. Биз көйгөйдүн реалдуу масштабдарын көрүп турабыз: бул тармакты эч ким көзөмөлдөгөн жери жок. Ислам же христианчылык багытындагы, болбосо кайсы бир сектанын диний мектептерин ачып салышты.  Көзү көрүп, кулагы уккандын баары эле мектеп ачып жатышат. Аларды эч ким көзөмөлдөбөйт, эмнени окутуп жатышканы менен эч кимдин иши жок», – дейт Осмоналиев.

Динтаануучу Индира Асланова  да жаңы документке оң баа берүүдө. Анын пикиринде, документ мурункуларга караганда жакшы иштелип чыккан жана светтик мамлекеттин принциптерин эске алуу менен, белгилүү бир стандарттарды киргизет.

          «Мында мамлекет билим берүү контентинин өзүнө кийлигишпейт, экстремизмге чакырыктардын бар-жогун текшерип, светтик дисциплиналар болушу керек деген талапты коет. Бул абдан маанилүү, анткени, Кыргызстанда жүргүзүлгөн бир катар изилдөөлөр көрсөткөндөй, медреселердин окуучулары өздөрү билим берүү прогрммаларынын кеңейүүсүнө кызыкдар, бул алардын коомго интеграциялануусуна жакшыраак жардам берет. «Өлкөнүн президенти ким?» деген суроого окуучулар «Муфтий», – деп жооп бергени изилдөөлөрдүн биринде аныкталган», – дейт  Асланова.

Коомго интеграциялануу

Жаңы документке ылайык, окуучулардын зарыл болгон билим деңгээлине жараша жалпы билим берүүчү дисциплиналардын мазмуну дин иштери боюнча жана билим берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.

«Эмне үчүн бул предметтер милдеттүү түрдө окутулушун талап кылып жатабыз? Анткени диний мекемелерде окуган  балдар өлкөнүн коомдук турмушунда аутсайдер болуп калбашы керек. Ошондуктан «Тарых», «Адам жана коом» сыяктуу предметтер кошулду», – деген пикирин билдирди Исаева.

Акимжан Эргешов. Photo: catoday.org

Өз кезегинде, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешовдун айтуусу боюнча, медреселерге балдар 9-классты бүткөндөн кийин, жалпы билим берүүчү программа боюнча  база менен келишет.

«Окуу программасын Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгынын Уламалар кеңеши бекитет. Айрым медреселерде  диний билим берүүдөн сырткары, ар түрдүү кесиптерге үйрөтүшөт.  Мисалы, кыздар тигүүчүлүктү, ал эми балдар ширеткич, сантехник ж.б. кесиптерди үйрөнүшөт. Бирок бул бардык эле медреселерде практикаланбайт. Мындан сырткары, кээ бир медреселерде атайын жалданган мугалимдер светтик предметтерди – математика, кыргыз тили, физика, химияны – окутушат», – дейт  Эргешов.

Анын айтуусу боюнча, медреселердин  окуучуларынын арасында аттестат  алыш үчүн параллель түрдө светтик мектептерде окуган балдар да бар.  Программага 10 предметтин киргизилгендигине карабастан, медреселер орто билим тууралуу документ бере алышпайт.  Билим берүү жана илим министрлигинин жобосуна ылайык, бул үчүн окуу программасында светтик 16 дисциплина болушу керек.

Мында светтик предметтерди окуткан мугалимдердин эмгек акысы үчүн каражатты окуу жайлары өз алдынча табууга тийиш. «Көп адамдардын жаңылыш пикири боюнча, мамлекет светтик предметтерди киргизүүнү сунуштап жаткан соң, аларды окуткан мугалимдерге да өзү төлөш керек. Бирок бардык диний окуу жайлары жеке менчик экенин, демек,  мугалимдердин эмгек акысын каржылоону өздөрү табышы керектигин эске алуу зарыл», – деп белгилейт Гүлназ Исаева.

Ал эми диний жогорку окуу жайларына келсек, тогузунун ичинен Кыргыз ислам университети гана КР Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясын толук эмес,  жарым-жартылай алган.

«Бул университеттин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик кызматтарга ишке орношо алышат. Университет Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясын үч дисциплина: «Араб тили жана филологиясы», «Теология» жана «Динге киришүү»  боюнча алган», – деп билдирет Эргешов.

Диний мектептер балдардын кызыкчылыктары менен мүмкүнчүлүктөрүн приоритет катары алышы керек.

Эксперт Муратбек Иманкулов белгилегендей, диний окуу жайларынын программаларына светтик предметтердин киргизилиши – окуучулардын келечеги үчүн жакшы инвестиция.

«Биз медреселердин бүтүрүүчүлөрү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен катар эле ЖОЖдорго тапшырганга же башка жолдор менен окууну  улантканга мүмкүнчүлүгү болушу керек деп муфтиятка айтып жүрөбүз.  Диний мектептер балдардын кызыкчылыктары менен мүмкүнчүлүктөрүн приоритет катары алышы керектигин белгилемекчибиз, анткени алар келечекте социумда татыктуу орун ээлөөгө, ишке орношууга жана үй-бүлөсүн багууга тийиш», – дейт Иманкулов.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: