© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Мамлекеттик туунун өрттөлүшү: Кыргызстан экстремизм менен күрөштө утулуп жатабы?

Кыргызстанда мамлекеттик желектерди өрттөп, алардын ордуна арапча жазуусу бар ак матаны илүүгө катыштыгы бар адамдар кармалды. УКМКдан билдиришкендей, шектүүлөр «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна мүчө жаш кыздар болуп чыкты. Укук коргоо органдарынын мындай иш-аракети абдан маанилүү, бирок муну менен маселени түп-тамырынан чечүү мүмкүн эмес дешет эксперттер. Алардын пикиринде, жалгыз жана узак, бирок жыйынтык берчү жол – бул диний агартуу. 


30-майга карага түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар  Б. Шамшиев жана С. Атабеков атындагы мектептерде, айыл өкмөттүн имараттарында илинип турган мамлекеттик желектерди өрттөдү. Кызыл туунун ордуна алар арапча жазуусу бар ак матаны көтөрүшкөн. Азырынча жазуунун чоо-жайы жөнүндө маалыматтар жок. 

5-июнда УКМК тараткан маалыматка ылайык, тууларды өрттөөгө тиешеси бар деген шек менен 16 жана 19 жаштагы кыздар кармалды. Алар «Хизб ут-Тахрир» уюмуна  мүчө экени айтылууда. Атайын кызмат шектүүлөрдүн жакын туугандарын да кармады. Туугандары кыздардын иш-аракетинен кабардар болушкан. Кармалгандардын баарына мамлекеттик символиканы жок кылуу жана экстремисттик ишмердүүлүккө катышуу боюнча айыптар коюлду. 

Бишкектеги жаңы тууну көтөрүү аземи. Январь, 2024. Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жаткан чакта муфтият элди чагымчылдыкка алдырбай, эркиндикти, анын ичинде дин тутуу эркиндигин баалай билүүгө чакырды

«Мамлекетибиздин эркиндиги, динибиздин эркиндиги – Алланын чоң жакшылыгы, белеги. Мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, динде эркин жашап жатабыз. Диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына баарыбыз биргеликте салым кошолу», – деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө. 

Мындан сырткары Сузак районунда имамдарга калк арасында экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, диний баалуулуктар, улуттук дөөлөттөр жана эгемендүүлүктүн белгилери тууралуу баяндарды айтуу тапшырылды.

Элмурат Кочкор уулу. Сүрөт Facebook`тагы жеке баракчасынан алынды 

Дин таануучу Элмурат Кочкор уулунун пикиринде муфтияттын мындай чакырыктары менен түшүндүрүү иштеринен майнап чыгары күмөн. Себеби желектин өрттөлүшүнүн тамыры тереңге кеткен, күрөш кесепет менен гана эмес, андай аракеттердин түпкү себеби менен болушу шарт. 

«Адамдар “тууну түшүрүп, ордуна ак тууну илип койсом, диним бүтүн болуп калат, ошондо көп сооп алып, бейишке кирем” деген ойду кайдан алды? Ушул тайкы түшүнүктү булардын мээсине ким эмне үчүн куюп жатат? Маселени ошол жерден башташ керек. Агартуу ишмердүүлүгүндө “койгула, андай кылбагыла, уят” деп коюу жетишсиз. Акыл, логика, илим-билим менен айкалышпаган эч бир диний түшүнүк, субхат туура болбош керек, ушуну жайылтышыбыз кажет», — дейт эксперт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Сузактагы окуянын чоо-жайын изилдеп жатат, бүтүмү чыга элек. Дин таануучу Элмурат Кочкор уулу тууну өрттөөгө катышы бар адамдар эмне максатты көздөгөнүн өз алдынча чечмелегенге аракет кылды. Анын пикиринде, эки түшүнүктү бөлүп караса болот: мамлекетти диний башкарууга өткөрүү жана халифат куруу. 

«”Диний башкарууда гана адилеттүүлүк болот”, — деп ойлошот алар. Экинчиси исламдын тарыхы менен байланыштуу. Халифалык доордо мамлекет диний өкүмдөр менен башкарылган. Мисалы, сот диндин принциптери менен өкүм берет. Халифалык доордо баары жадырап-жайнап, баары ыраазы болуп жашаган, бейпилдик орногон деген түшүнүк бар. Чындыгында реалдуу исламдын тарыхы ал эмес. Ошол кезде деле коомдук көйгөйлөр, келишпестик, кылмыштар болгон. Ислам тарыхына байланыштуу ушул эки түшүнүк тууралуу туура маалымат жеткирилбесе, Сузактагыдай көрүнүштөр чыга бериши мүмкүн», — дейт Кочкор уулу.

Эдил Марлис уулу. Сүрөт Facebook`тагы жеке баракчасынан алынды 

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Эдил Марлис уулу болсо туунун өрттөлүшү диний саясаттагы бардык көйгөйлөрдүн бетин ачып, Кыргызстан экстремизм менен күрөштө утулуп жатканын көрсөттү дейт. Анын айтымында, бийлик диний уюмдарга көшөкөрдөнүп жүрүп чоң катага жол берүүдө. 

«Мындай ишти 5-6 адам эле уюштура алмак эмес. Бул бейбаштыктан же алкоголь, баңгизатынын таасири менен аракеттенген жаштар эмес. Алардын үстүнөн максаттуу башкаруу болгону талашсыз. Бул – биздин мамлекетке жана бийликке, мамлекетке каршы тура алчу күчтөр бар экени боюнча белги. Экстремизм ачык жана чоң масштабда көрүнө калбайт. Ал көп убакыт быкшып отуруп, ар жерде жарылат. Укук коргоо органдары, атайын кызматтар баарын көзөмөлдөп эле жаткандай, бирок соңку кезде ал көзөмөл абдан алсыз болуп жатат», — деп белгиледи эксперт. 

Марлис уулу сөзүн улап, Кыргызстан мурдагы президенттердин да, азыркы бийликтин да тушунда ар кандай диний уюмдар, агымдар жана фонддор менен “ойноп” жатканына токтолду. Бийлик аларды өлкө аймагына киргизип, акылы ката элек, терең диний билими жок жаштардын мээсине таасир этүүгө жол ачып берүүдө дейт.  

«Мунун баары диний ишмерлерге берилип жаткан “жеңилдиктерден” улам келип чыкты. Дин светтиктен өйдө турбашы керек. Бир жеңилдик берилери менен, башкасын талап кыла башташат. Бул абдан коркунучтуу. Себеби алдыда Иран, Малайзия, Индонезиядагыдай эмес, бийлиги жок ИГИЛ өңдүү формадагы ислам мамлекетин түзүү талабы чыгышы ыктымал. Кайсы бир дүйнөлүк күчтөр ушундай сценарийге баштап бара жатат, алар биздин чөлкөмдү экинчи Ооганстанга айлантып, башаламандык үрөнүн себүүнү көздөшөт», — деген ою менен бөлүштү Эдил Марлис уулу. 

Укук коргоо органдары өз ишин аткарышы керек, бул абдан маанилүү. Бирок эксперттердин пикиринде, узак мөөнөтүү жана туруктуу жыйынтык бере турган жалгыз жол – бул агартуу. Камоо-жазалоо менен экстремизмди жеңүү мүмкүн эмес экенин дүйнөлүк практика көрсөттү. 

«Жаңы түшүнүккө, жаңы агымга кысым канча болсо, анын ичиндеги чыңалуу ошончолук жогорулайт, натыйжада жарылуу ошончолук чоң болот. Адыктан биз “Кыргызстанда кыргыз байрагынын түбүндө кыргыз мыйзамдары менен жашап жатып деле бейишке кирип кетсе болот” дегенди түшүндүрүшүбүз керек. Бирок түшүнбөстүктөн эле ушул иш болду дебейм.  Сөзсүз түрдө өз кызыкчылыгын көздөгөн сепаратисттик күчтөр болушу мүмкүн. Бирок ал күчтөр кайсы жерде күч алат? Түшүнүгү жок, оомо адамдар көп болсо, сепаратисттердин, бузукулардын ою ошончолук эффективдүү ишке ашат», — дейт дин таануучу Элмурат Кочкор уулу. 

Анын божомолунда, Кыргызстан диний саясатты жана агартууну ушул кейпинде сактап отурса, 20 жылга жетпеген аралыкта өлкө олуттуу диний көйгөйлөргө бет келиши толук мүмкүн. 

Кыргызстанда экстремисттик, террористтик, деструктивдүү 21 уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кара арапча жазуусу бар ак мата адатта радикалдуу исламий топтор менен байланыштырылат. Мисалы, мындай желекти жихад идеологиясын же ислам мамлекетин курууну кубаттаган уюмдар колдонушу ыктымал. Өз символикасында ак матадагы кара жазууну колдонгон топтордун белгилүүсү – «Хизб ут-Тахрир». Бул уюм заманбап мамлекеттик чектерди жана системаларды четке кагып, халифат куруу идеясы менен белгилүү. 

Арап жазуусу бар маталарды илген окуялар Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да катталган. Экстремисттик актылар ар кайсы учурда ар башка формада болушу мүмкүн, бирок чөлкөмдөгү чакырыктар менен коркунучтар окшош. Мындагы өлкөлөр экстремизмге каршы күрөштө башын бириктириши керек жана алардын башкы куралы – билим, агартуу болушу талап, – деген ишенимде эксперттер. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: