Без рубрики
“Ўзбек жамияти ўз ривожланишининг “янгиланиш ёки йўқ бўлиб кетиш” тарихий босқичи олдида турибди. Ушбу босқич Ўзбекистоннинг ҳозирги ривожланиш модели ва асосий ғоявий қадриятларига сезиларли ўзгаришлар киритилишини талаб этади. Ўзбек жамиятининг ушбу ҳал қилувчи эволюция даврида ислом дини аниқловчи сифатида ижобий ёки салбий роль ўйнаши мумкин”, — сиёсатшунос Сардор Салим махсус CABAR.asia учун ёзилган мақоласида ушбу фикрни илгари суради.
Русский English
(далее…)
«Буга чейин Сооронбай Жээнбеков бир эмес, бир нече президенттердин мен менсинип манчыркаган жана бийлигинен ажырап оор абалга дуушар болгон учурларына жакындан өзү күбө болуп, өз көзү менен көргөн саясатчы. Өлкө президенти кызматына келүү менен эң жогорку бийлик бул бир жагынан теңдешсиз сыймык, ошол эле мезгилде ат көтөрө алгыс жоопкерчилик экендигин өз башынан өткөрүп жаткан кези. Албетте, жогорку бийликти кармап калуу үчүн нечендеген карма-каршылыктуу диллемалардан өтүүгө мажбур болуп, президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылында эле бир нече оор сыноолорго дуушар болду. Алардын айрымдары артта калса да айрымдарынан өтүүгө мажбур болууда», — дейт CABAR.asia үчүн жазган макаласында эксперт Эльмира Ногойбаева.
Русский English
(далее…)
«Ўтган икки йил мобайнида Ўзбекистоннинг сиёсий элитасининг ташқи кўриниши ўзгарди. Элита аввалгидан очиқроқ, аҳоли билан янги алоқалар ўрнатишга тайёр, халқаро ҳамжамият билан мулоқот қилишдан қўрқишни тўхтатиб, ҳатто янги форматдаги вакилларни ҳам қабул қилди. Шу билан бирга, режалаштирилган ислоҳотларни сифатли амалга ошириш учун сиёсий элита эски бошқарув усуллардан воз кечиб, фуқаролик жамияти билан самарали мулоқот ўрнатиши керак», — деб ҳисоблайди эксперт Юрий Саруханян ўзининг CABAR.asia учун махсус тайёрланган мақоласида.
Русский English
(далее…)
«Бір жағынан алып қарасақ, Қазақстан қытай билігінің синьцзяндық мәселеге асқан сезімтал тұрғыда қарайтындығын түсінеді. Ал, бір жағынан қазақ диаспорасының жайы Қазақстанның ішкі саясатының басты бағыттарының бірі. Сыртта жүрген өз азаматтары Отанының қорғауында болады», – деп арнайы CABAR.asia ақпарат көзіне жазған мақаласында саясаттанушы Берікбол Дүкеев айрықша атап көрсетті.
Русский English (далее…)
Бірнеше жыл қатарынан қалталы қазақстандықтарға өзі тағайындаған ордендерін сатумен айналысып келе жатқан «Қоғамдық марапат» ЖШС коммерциялық ұйымы орден тапсыру үшін арнайы маман тартқаны белгілі болды. «Наша газета» анықтағанындай, бұл – көптен бері жалған дипломаттар ретінде таныс CIPDH ұйымының генералы болып шықты.
(далее…)
Дар клуби баҳсу мунозараи cabar.asia таҳлилгарон ва коршиносон аз чаҳор кишвари Осиёи Марказӣ сифати матлабҳои коршиносона ва механизми иҷрои онҳоро баррасӣ карданд.
«Натоиҷи амалиёти вижаи давлати Тоҷикистон дар моҳи октбяр алайҳи аносири ҷиноӣ дар Вилояти Мухтори Кӯҳистони Бадахшон мусбат арзёбӣ мешавад. Аммо мардуми маҳаллӣ аз пайваста ворид кардани нерӯҳои мусаллаҳ ба вилоят ибрози норизоятӣ мекунанд. Дар айни ҳол, ҳеч ихтилофе миёни давлати марказӣ ва Хоруғ дар сатҳи ниҳодҳои давлатӣ дида намешавад.» Ин нуктаро коршиноси масоили сиёсӣ Муслимбек Буриев дар мақолаи вижаи худ барои хабаргузории CABAR.asia зикр кардааст.
Муслимбек Буриев – ширкаткунандаи мактаби таҳлилии CABAR.asia (далее…)
cabar.asia аналитикалык ресурсу IWPR кеңсесинде пенсия тууралуу тегерек стол уюштурду. Талкууга Социалдык фонддун, Мамлекеттик эмес пенсия фондунун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Рӯзи 21-и ноябр Намояндагии Институти инъикоси Ҷанг ва Сулҳ дар Тоҷикистон барои баррасии вазъи расонаҳо дар кишвар ҳамоише бо ширкати коршиносон баргузор кард. English На русском (далее…)
«Аймактык саясаттын тартипке келтирилбегендигинин далили катары, аймактарга жеңилдетүүлөрдүн берилиши экономикалык көрсөткүчтөрдүн натыйжасында эмес, Жогорку Кеңештин кайсы бир эл өкүлүнүн кысымынын негизинде ишке ашып жаткандыгын айтууга болот. Аймак ичиндеги тармактарды колдоо багытында чечимдерди кабыл алууда ведомстволук чачкындык сакталып, республикалык жана жергиликтүү башкаруу органдарынын иш-аракеттеринде шайкештиктин жоктугу байкалууда», — деп белгилейт CABAR.asia аналитикалык порталына жазылган макаласында Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт.
Русский
Кыскача сереп:
- Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу тутумдук мүнөздөгү эки чоң көйгөйдү белгилеген;
- Дүйнө жүзүндө реформанын бир абсолют катары кабыл алынган бирдиктүү формуласы жок;
- 90-жылдардын башында жүргүзүлгөн жер реформалары тилектерди орундата алган жок: айыл жерлеринин экономикалык өндүрүшү табигый жана майда товардуу өндүрүшкө айланды;
- 2007-жылы «борбор — жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» түрүндөгү эки деңгээлдүү бюджет болуп, кийинчерээк токтотулган.

2018-жыл Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Фото: varandej.livejournal.com Кыргызстандагы экономикалык кризис ачык байкалган аймактык мүнөзгө ээ. Регионалдык жаатта өндүрүштүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшүнүн деңгээли менен факторлору кескин айырмаланып турат. Ошондуктан аймактардын көйгөйлөрү өлкөнүн өнүгүшү менен элдин жыргалчылыгына түздөн-түз таасир этет. Ушуга байланыштуу 2018-жыл Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.
Иш пландарына аймактарды өнүктүрүүнүн салттуу чаралары менен катар жаңы иштелип чыккан иш-аракеттер да киргизилген. Салттуу иш-чаралардын ичинде орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү, жолдорду, билим берүү мекемелерин куруу, ичүүчү суу жана маалыматтык кызматтар менен камсыздоо аракеттери бар. Көбүрөөк кызыгууну акыркы 20 жылдын ичиндеги саясий баталиялардан улам Кыргызстандын айрым саясатчылары көңүл бурбай, таптакыр унутта калтырган иш-чаралар жаратууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков сүйлөгөн сөзүндө тутумдук мүнөзгө ээ эки чоң көйгөйдү белгилеп кеткен.
Биринчиси – аймактардын өнүгүшүндө дисбаланс бар. Бул болсо, бюджеттик жана инвестициялык каражаттардын кайсы бир эл өкүлү же жогорку кызматтагы аткаминердин таасири алдында алардын туулуп-өскөн аймагына же айылына багытталып жаткандыгы менен байланыштуу. Натыйжада эч кандай мектеп же оорукана салынбаган айылдар менен райондор көбөйүүдө. Башкача айтканда кээ бир жерлерге абдан көп инвестиция жумшалууда, кээси болсо куру калууда.
Өлкөдөгү аймактар боюнча кыстырма маалымат:
!function(e,t,n,s){var i=»InfogramEmbeds»,o=e.getElementsByTagName(t)[0],d=/^http:/.test(e.location)?»http:»:»https:»;if(/^\/{2}/.test(s)&&(s=d+s),window[i]&&window[i].initialized)window[i].process&&window[i].process();else if(!e.getElementById(n)){var a=e.createElement(t);a.async=1,a.id=n,a.src=s,o.parentNode.insertBefore(a,o)}}(document,»script»,»infogram-async»,»https://e.infogram.com/js/dist/embed-loader-min.js»);
Экинчи көйгөй – борбордо жана ар кайсы жерлерде бийлик органдары менен башкаруу органдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн калыптанып калган практикасы маанилүү оңдоп-түздөөлөргө муктаж. Жөнөкөй тил менен айтканда, мамлекеттик органдар менен катар эле, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын долбоорлору тарабынан аткарылган бир катар кийлигишүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон башкаруу системасы жер-жерлердеги реалийлерге дал келбейт. Реформаторлор кез-кезде гана жергиликтүү калк менен тегерек столдо жолугушуп коюп, калган учурда өздөрүнүн отчёттору менен алек. Ошондуктан, түрдүү багыттагы реформаторлор өзүнчө, жергиликтүү бийлик — өзүнчө, ал эми өлкөнүн жарандары болсо өздөрүнүн жашоосу менен алек.
Депутаттар менен аткаминерлердин башка аймактардын эсебинен туулуп-өскөн жерлерин мыктылоо көндүмдөрүн жоюуга мүмкүн болобу? Ар кайсы уюмдардын «жылмакай жазылган» долбоорлорунун эмес, аймактардын муктаждыктарына жооп бере турган өнүгүү программаларын иштеп чыга алабызбы? Абдан татаал, бирок зарыл жумуш.
Алгач стереотиптерден, эң эле биринчи Кыргызстан жөнүндө чет өлкөлүк стереотиптерден кутулушубуз керек. Акыркы убактарда түрдүү шылтоолор менен жана ошондой эле эч кандай себепсиз кыргызстандыктарга Грузияны мисал келтиришүүдө. Биз Грузиянын жетишкен ийгиликтерине кубанабыз, бирок ал жерде натыйжалуу болгон нерсе башка мамлекеттерде ошондой эле натыйжага жетпей калышы ыктымал.
Ар бир өлкөгө өзүнө жарашкан реформа болушу зарыл
Жалпыга маалым фактылар айтып тургандай эле, 2004-жылдан 2006-жылга чейинки мезгил аралыгында Грузияга берилген чет өлкөлүк жардамдардын көлөмү болжол менен 1,1 млрд. АКШ доллары же болбосо Грузиянын 2004-жылдагы ИДП 25% түзгөн. Мындан тышкары, 2008-2010-ж.ж. Батыш мамлекеттери 4,5 млрд.АКШ долларын бөлүп, булардын ичинен 2,5 млрд.доллар – төмөнкү пайыздык өлчөмдөгү карыз, ал эми 2 млрд.доллар — грант катары берилген.
2011-жылы “Миң жылдыктын чакырыктары” корпорациясы (АКШ мамлекеттик департаментине караштуу) Грузияга ишкердикти өнүктүрүү үчүн 500 млн.доллар, кийинчерээк жол салуу үчүн дагы 140 млн.доллар бөлгөн. Булар негизги ири каражаттар болуп саналат. Аталган каражаттарга Грузия армиясын камсыздоо жана башка тармактарга төлөнгөн каражаттарды да кошуу керек. Мындай сандардын катарын дагы толуктап кете берсе болот, бирок факт факт боюнча калат – алты жылдын ичинде Грузияга алты миллиард доллардан ашык жардам көрсөтүлүп, булардын көпчүлүк бөлүгү – гранттар болгон. Акча каражаттары реформалар үчүн эмес, «Ири Каспий геостратегиялык оюнунда» Батыштын тарабында болгондугу үчүн берилген.
Өнүгүүнүн мындай стратегиясын тандап алуу – бул Михаил Саакашвилинин саясий режимин тандоо болуп эсепетелет. Аталган стратегия азыркы күнгө чейин ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат. Бул жерде биз эки фактыны түшүнүшүбүз керек. Биринчиси – Грузиядагы «керемет» Батыш тараптан каржылоого негизделип, мындай каражатка алар чоң ийгиликтерге жете алат болчу. Экинчиси – дүйнө жүзүндө абсолют боло турган реформатордук ык-амал жок.
1990-жылдардын катачылыктары
Чет өлкөлүк кеңешчилердин калыптары боюнча 1990-жылдары башталган жер реформасынын натыйжасында айыл чарба тармагында агрардык өндүрүштүн негизги каражаттары болгон жерлер, айыл чарба техникасы, жабдуулары жана мал чарбалары жеке менчикке өтүп кеткен (башкача айтканда, таратылып берилген). Жүргүзүлгөн реформалар элдин тилегин орундата алган жок: аталган стратегиялык тармак табигый жана майда товардуу өндүрүшкө айланган. Аймактарды өнүктүрүүнүн экономикалык базасы ушундайча кыйроого туш болгон.
Бүгүнкү күндө дыйкан чарбасында айдоонун орточо өлчөмү болгону 2,7 га, сугат айдоосунуку – 1,9 га түзөт. Баарынан көп айдоо жери – 5,7 га (сугат айдоосу – 4 га) Чүй областынын фермерлерине, ал эми эң аз айдоо – 1,2 га (сугат айдоосу -0,7 га) Жалал-Абад областынын фермерлерине таандык. Жер үлүштөрүнүн өлчөмүнүн аздыгы өндүрүштүн примитивдешүүсүнө алып келүү менен бирге натыйжалуу айыл-чарба өндүрүшүн уюштурууга тоскоолдук жаратат.
Менчикке чыгарылган мүлк, уюштурулган дыйкан чарбалары жана башка индикаторлордун көрсөткүчтөрүнүн артынан түшүп алуу каражаттар менен максаттарды аралаштырып салды. Мисалы, менчиктештирүү – реформанын ийгиликтеринин көрсөткүчү катары каралып келген. Чындыгында бул көбүрөөк фундаменталдуу максаттарга жетүүнүн каражаты болуп саналат. Ал тургай рыноктук экономиканы же демократиялык коомду түзүү өзүнөн өзү чоң мааниге ээ эмес. Булар калктын жашоо деңгээлин жогорулатуунун, ошондой эле адилеттүүлүк принцибине негизделген туруктуу өнүгүү үчүн пайдубалды орнотуунун факторлору катары олуттуу мааниге ээ.
Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында жеке менчиктүүлүк кызыкчылыктар борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жемкорлугу жана мүлктү менчикке чыгарып алуу жолдору аркылуу коомдук тартиптин бузулушуна алып келген. Ал эми ошол эле учурда калктын жашоо деңгээли төмөндөй берген.
Башкалардай эле болуп калдык

Реформалар жогорку билимге ээ, илимий даражасы жана «Биз башкалардан кем эмеспиз» деген башка регалиялары бар кишилер тарабынан илгерилеген. Жыйынтыкта тескерисинче болду – аймактык-чарбалык байланыштар бузулду. Колхоздор менен совхоздор жөн гана айылдык аймак, ал эми алардын жетекчиликтери айыл өкмөтү болуп өзгөртүлдү. Коммунисттик партиянын райкомдору менен обкомдорунун ордуна райондук жана областтык мамлекеттик администрациялар келди (азыр өкмөттүн райондор менен областтардагы өкүлчүлүктөрү).
Натыйжада эки райондун ортосунда орун алган айылдык аймактар түзүлүп, ошол эле учурда эч кайсы аймакка кирбей калган айылдар да пайда болду. Айылдык аймактар өлчөмдөрү боюнча бирдей болгон жок. Менчиктештирүү тармак аралык байланыштардын жоюлуп кетүүсүнө жол ачты. Себеби, колхоздор менен совхоздор монокультуралык мүнөздө (мал чарбалык, өсүмдүк чарбалык ж.б.) болгон.
Салыктар менен төлөмдөр шаардык, айылдык, райондук жана областтык бийлик органдары үчүн бюджетти толуктоонун жалгыз булагы болуп калды. Буга кошумча, физикалык жана юридикалык жактардын ыктыярдуу жана башка бардык төлөмдөрү салыктык (милдеттүү) мүнөзгө ээ болду.
Башкаруу түзүмдөрүнүн (башкаруудагы советтик ык-амалдарга шайкеш келген) аталыштарынын өзгөртүлүшү жана жаңы экономикалык шарттарда алардын функциялары менен ыйгарым укуктарынын кыскартылышы бир гана аймактардын ортосунда эле эмес, аймактардын ичинде дагы чарбалык байланыштардын үзүлүшүнө алып келди.
Натыйжада экономикадагы кризистик процесстер бардык аймактарга тарады. Макроэкономиканын тилин колдонсок, ички рыноктун тарышы, инфляция менен төлөмдү аткарбоонун өсүшү, тышкы атаандаштыктын чыңалышы ж.б. пайда болду.
Жогоруда келтирилген факторлор башкалар менен биригип, экономиканын аймактык дезинтеграциясынын мүнөздүү багытын белгиледи. Товарлардын негизги түрлөрү боюнча аймак аралык алмашуу иш-аракеттери токтоду. Андан ары, транспорттук чыгымдардын өсүшү чарбалык байланыштардын пайдалуулугун жоготуп, аймактардын Кыргызстандын экономикалык жана саясий өзөгү болгон Бишкек шаарынан обочолонуп, коңшу мамлекеттерге багытталуу коркунучун туудурду.
Жамандыктын өзөгү эмнеде?
Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы аяктап жатат. Аймактарга колдоо көрсөтүү багытында жакшы иштер аткарылды. Ошол эле учурда тутумдук мүнөздөгү көйгөйлөр да пайда болду. 1993-жылдан бери практикада ишке ашырылып келген мамлекеттик аймактык саясат негизинен кыска мөөнөттүк маселелерди чечүүгө жана кескин кырдаалдарды жоюуга багытталган. Бул абалга байланыштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар көңүл буруусуз калтырылып, экономика жана башка тармактардагы саясаттар мурункудай эле Бишкекте иштелип чыгып, министрликтер менен ведомстволордун борбордук аппараттарында кала берген.
Жогоруда айтылгандардан улам, туура эмес жүргүзүлгөн аймактык саясаттардын ошол жерлердеги кризистик кубулуштарды созуп жибергендигин белгилеп кете алабыз. Ал эми узакка созулуп кеткен кризис өз кезегинде аймактардагы коомдук-саясий абалга терс таасирин тийгизген. Мамлекеттик ресурстар түгөнгөндөн кийин, социалдык туруктуулукту орнотуу милдети жарандардын өз мойнуна, ошондой эле ресурска ээ эмес аймактарга жүктөлгөн.
Сунуштар
Аймактардагы абал өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Мындан аркы реформалоо программаларын иштеп чыгууда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
Аймактарда реформа жүргүзүүгө таасир эткен факторлордун үч тобу бар:
- Жаратылыштык-ресурстук потенциалы боюнча аймактарды адистештирүү;
- Аймактардагы экономиканын түзүлүшүнүн теңдемделбешине алып келген республикалык функцияларды (коргоо, тышкы экономикалык ж.б.) аткаруу;
- Транспорттук коромжулар менен жумушчу күчүн кайталап даярдоо багытында чыгымдардагы айырмачылыктарды аныктаган аймактын географиялык абалы.
Андан кийин, финансылык көрсөткүчтөр аймактардын чыныгы муктаждыктарын чагылдырбайт. Демек, борбордук башкаруу органдарынын деңгээлинде башкаруу боюнча чечимдерди, айрыкча аймактарды финансы менен камсыздоо багытында чечимдерди кабыл алуу үчүн негизги критерий катары кызмат кыла албайт.
ЖӨӨБ финансылык абалына объективдүү баа берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин абалы жана алынган кирешенин көлөмү сыяктуу салттуу көрсөткүчтөрдү талдоо менен гана чектелбестен, көрсөткүчтөрдүн кененирээк тутумун колдонуу зарыл.
Дагы бир маанилүү багыт катары, аймактарды территориялык жактан уюштурууну мыктылоо иш-аракети байкалууда. Мамлекеттик башкаруунун «область – район» деп аталган эки деңгээлдүү системасы жер-жерлерде олуттуу кыйынчылыктарга учуроодо. Мамлекеттик органдардын бир звенолу түзүлүшкө өтүшү көбүрөөк оптималдуу болуп эсептелүүдө. Мында жергиликтүү соттук инстанциялардын системасына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ошондой эле, «область – район» бир звеносун жоюуда ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин ыйгарым укуктары менен жоопкерчиликтери күчөтүлүүсү зарыл. Аларга тийиштүү жерлерде министрликтер жана ведомстволордун аймактык түзүмдөрү менен аларга караштуу уюмдарын ишмердүүлүгүн координациялоо милдети жүктөлөт.
Дагы бир перспективдүү багыт катары, аймак аралык кызматташууну күчөтүү иш-аракети эсептелет. Аймактардын экономикалык кызматташуусун активдештирүү ченемдик-укуктук документтердин үстүндө иш жүргүзүү менен коштолушу керек. Транспорт, маалымат тармагы жана башка инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди да андан ары улантуу талап кылынат. Бирок, мындай иштерди ички талаптарды божомолдоо жана моделдөө ыкмаларын, ошондой эле бир катар экономикалык аспаптарды колдонуу менен аткаруу керек.
Мындай ык-амалдарды колдонуу аймак аралык кызматташууну мамлекеттик жөнгө салуу механизминин концепциясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк жаратат. Анын ишке ашырылышы аймактардын ортосундагы байланышты бекемдеп, алардын өнүгүшүндөгү негативдүү тенденцияларды жеңип чыгууга жардам берет.
Бул макала Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылоосу менен ишке ашырылган «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды. Макалада орун алган пикирлер редакциянын же донордун позициясын чагылдырбайт.
