Без рубрики
Таҳқиқоти журналистии мо маълум кард, ки «шароити иқтисодӣ, камбудии маблағ ва муҳоҷирати меҳнатӣ» аз омилҳои асосии ифротӣ шудани бархе аз сокинони Исфара мебошад.Судшавандаҳо гуфтанд, ки дар ватан озодии диниашон маҳдуд мешуд. (далее…)
«Билим берүү системасындагы кризис өзгөчө орто мектептердеги билим берүү системасында ачык көрүнүүдө. Орто мектептердеги билим берүү бекер жана баарына бирдей болуп эсептелгени менен иш жүзүндө андай эмес. Анткени, алыскы, обочолонгон райондордо окушкан мектеп окуучулары эмгек мигранттарынын жана эч кандай адистиги жок кара жумушчулардын катарын толуктоого аргасыз болушууда.
Билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү баарына бирдей тең кылуу үчүн эмнелерди жасоо керек, жана анын жоопкерчилиги кимде?» , — деп эксперт Анастасия Валеева атайын CABAR.asia үчүн жазган макаласында белгилейт.
Русский English
Билим берүү жакырчылыктан чыгаруунун бирден бир жолу катары иштеши керек

Кыргызстандагы жакырчылыкты балдардын жүзүнөн даана көрсө болот. Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча ар бир төртүнчү кыргызстандык, ал эми балдар арасында ар бир үчүнчү бала жакырчылык чегинде жашашышат. Ошону менен катар айыл жерлеринде жакырчылык шаарга караганда бир топ курч. Демек жакырчылыктын классикалык көрүнүшү — айыл жериндеги көп балалуу үй-бүлө болуп калууда. Эми ушул жакырчылык тукумдан тукумга мурасталбашы үчүн эмне кылуу керек?
http://datawrapper.dwcdn.net/DkZro/1/
Да ушул билим берүү жакырчылыкты кыскартууга жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөткөн бир ден бир фактор болуп эсептелет. Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттерде жалпыга милдеттүү бекер билим берүү системасын колдонулат, Кыргызстанда – бул орто мектептерде билим берүү, башкача айтканда – 9 класс. Ошентип билим берүү мамлекет үчүн жөн гана «кооздук» эмес, ал келечектеги потенциялдуу жарандар үчүн жасалган инвестиция.
Билим алуу укугу баарына бирдей болгондугуна карабастан, Кыргызстандын түрдүү аймактарында билим берүүнүн сапаты бири биринен кескин айырмаланып турат. Кыргызстанда мектепти бүтүргөн балдардын билим деңгээлин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аркылуу байкоого болот.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы билим берүүнүн деңгээлин көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын 14-июнунда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гранттык орундарга талапкер мектеп бүтүрүучүлөрүнүн тизмесин жарыялаган[1]. 59 адамдан 43 бүтүрүүчү борбор шаардагы мектептин бүтүрүүчүлөрү болушкан. Эмне үчүн мындай чоң айырмачылык болду?
Тилекке каршы бул көрсөткүч, биринчиден, негизинен экзамен тапшырууга баары эле милдеттүү эмес, аны жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр гана тапшырышат. Ушул өңүттөн алганда, Бишкекте дээрлик ар бир бүтүрүүчү жогорку окуу жайына кирүүнү кааласа, ал эми аймактарда жарымы гана каалашат дегенди түшүндүрөт ( Баткенде 75%, Жалал-Абад жана Ош облустарында – 60% га жакын бүтүрүүчулөр жалпы республикалык тест тапшырышкан).
Экинчиден, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окутуунун жүрүшүн оңдоого болбойт, муну менен тенденцияны гана байкап турууга болот. Ага карабай, тесттин түзүүчүлөрү «тестирлөө окуучулардын билимин өлчөөдө өзүн-өзү актады, ЖОЖдорго абутуренттерди тандоодо алардын билим деңгээлин туура баалоого негиз болуп бере алат»[2] дешет. Ошого карабастан, тести мектептердин иштөө сапатын баалоого колдонсо болбой тургандыгын моюнга алышат[3]. Тест окуучунун ЖОЖдорго тапшыруудагы жана окуусундагы жеке жөндөмүн гана текшерет.
Муну менен Билим берүүнү жана окутуу методикасын баалоо борборунун кызматкерлери жана башка эксперттер окутуунун деңгээли мектептерге жана алардын жайгашуусуна карата бирдей эмес экендигин билдиришет. Айыл жерлеринде жайгашкан мектептерде жогорку тажрыйбадагы мугалимдер жетишпейт, окуу куралдары жана окуу материалдары жетишпейт. Техникалык каражаттар жана массалык маалымат каражаттарын колдонууга баарынын эле бирдей мүмкүнчүлүгү жок. Ушунун баары жогорку окуу жайларына кирүүнү каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай шартта экендигин айтууга негиз берет.
«Жалпы тестирлөөнү киргизүү дал ушул көйгөйдү чечүүгө негиз болду, жашоонун бирдей эмес шарттарында шаардык жана айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан билим алуусуна «таза, ачык, көз карандысыз тестирлөөнүн негизинде гана бирдей шарт түзүү негизги милдет болгон», дешет тесттин түзүүчүлөрү.
Бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей эмес сапат
Жогоруда айтылган факторлорду эске алганда, жалпысынан аймактардагы мектептерден келген окуучулар өздөрүнүн Бишкектеги теңтуштарына караганда тестти бир топ начар жазышаарын моюнга албай кое албайбыз. Ошентип, Бишкекте экзаменге орточо бал 132,5, Ош облустунда – 108,4 балл, (босого балл — 110) болгон. Жалпысынан алганда, эн кедей региондордо — Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында тесттин баллы орточодон төмөн. Бул Жалпы республикалык тестирлөөну тапшыра албай калгандар 2018-жылы жалпы тест тапшыргандардын 43% түздү дегенди билдирет, башкача айтканда, аймактагы мектептер бир топ артта калып жаткандыгынын кабар берет. Ушуга карабастан Билим берүү жана илим министрлиги аймактар боюнча орточо балдын жогорулаганын айтып отчет беришүүдө[4]. Тестирлөөдөн өткөн бүтүрүүчүлөрдүн санынын бир топ өсүүсү Бишкек жана Ош шаарларынын эсебинен болгон.


Изилдөөлөр көрсөткөндөй аймактагы мектептердин окуучулары көбүнчө жалпы тестирлөөдөн өтпөй калышкандыктан, ЖОЖдорго тапшыра алышпайт жана алар эмгек мигранттарынын катарын толуктоого, болгондо да адистиги жок эмгек күчүн түзүүгө мажбур болушууда. Ушунун баары кедейликти, социалдык алсыз катмарды, теңсиздикти пайда кылууда.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекет республикадагы мектептердин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу баа берип, андан соң конкреттүү критерийлердин негизинде сунуштар топтомун иштеп чыгуусу зарыл. Мындай иш-чараларды ишке ашырууда сөзсүз түрдө биринчи кезекте мугалимдердин иш тажрыйбасын, мектептердин окуу куралдары менен камсыз болуу деңгээлин, мектеп окуучуларынын билим деңгээлин аныктоо ыкмаларын эске алуу зарыл. Экинчи жагынан бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн сапатына баа берүүчү индикаторлор өлкөбүздөгү жалпы билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар топтомун иштеп чыгууга мүмкүндүк бербей жаткандыгын да белгилөөгө болот.
Кантип билим берүүдө теңсиздик жаралат
Милдеттүү түрдө берилүүчү орто билим берүү системасында окуучулардын сабакка катышпоосунун деңгээли өтө жогорулугун байкоого болот. Эркек балдардын көпчүлүгү кайсыл бир жумушка орношуп сабакка катыша албай калышса, кыз балдардын сабакка катышпоосу алардын эрте турмушка чыгуусу менен байланыштуу болот. Жалпылап айтканда сабакка катышпай калуунун башкы себеби жакырчылыкка барып такалат. Жашоо шарттын оорлугунан улам жумушка орношуп, окууну таштоо зарылчылыгы жаралат.
http://datawrapper.dwcdn.net/RCtnE/1/
Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик бюджеттин төрттөн бир бөлүгүнөн да көбүрөөк билим берүүгө жумшайт. Бир жагынан караганда, мунун өзү билим берүүгө өзгөчө мамиле бар экендигинен кабар берет. Анткени, мындай көрсөткүч Тажикстандан башка айрым коңшу өлкөлөргө караганда жогору экендигин байкоого болот. Ошол эле мезгилде учурда билим берүүгө болгон чыгымдын өлчөмүн көбөйтүү оор маселе. Учурда мамлекеттин экономикалык абалын эске алганда да билим берүүгө болгон каражаттын өлчөмүн көбөйтүү дээрлик мүмкүн эмес. Андыктан бул тармакты өнүктүрүү үчүн сөзсүз түрдө жеке тараптардын жана эл аралык уюмдардын каржылык колдоосун алуу зарыл.
Жыйынтык
Кыргызстандагы орто билим берүү системасы кризисте жана ал сапаттуу реформага муктаж. Жалпы республикалык тестирлөөнүнүн жыйынтыгы учурда республика боюнча билим алууда олуттуу теңсиздик бар экендигин байкалды. Жашоо деңгээли төмөн аймактарда билим берүүнүн деңгээли начар экендигин көрүүгө болот. Ошол эле мезгилде милдеттүү орто билим берүү системасында жакырчылыктан улам сабакка катышпоонун деңгээли жогору экендиги аныкталды. Мына ушундан улам биринчи кезекте Кыргызстанда орто билим берүү системасын толук реформалоо учурдун башкы талабы.
Көйгөйдү чечүү үчүн:
- Кыргызстандагы баардык мектептердин абалына ар тараптуу баа берүү зарыл. Мугалимдердин адистигин, ар бир класстагы балдардын санын кылдаттык менен эске алуу менен абалды жакшыртуу максатында зарыл болгон сунуштар топтомун иштеп чыгуу керек. Ал үчүн орто билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан бекитилген стратегиялык планды иштеп чыгып кабыл алуу талап кылынат.
- Мамлекеттик жана жеке тармактардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди жакшыртуу зарыл.
- Билим берүүгө жеке тараптардын инвестициясын тартып, жакырчылыктан мектепке барбай калган үй-бүлөөлөргө жардам берүү зарыл.
- Аймактардагы айылдардын орто мектептериндеги билим берүүнү жакшыртууга көңүл буруу. Мугалимдердин билим деңгээлин жашыртып, зарыл болгон окуу куралдарын сатып алуу.
- Атайын окуу куралдары менен балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо. Мындай окуу куралдарын аймактардагы айыл мектептерине бекер таратып берүүнүн жолдорун табуу.
Анастасия Валеева — «CABAR.asia»нын эксперттик аналитиктер жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү.
[1] http://edu.gov.kg/ru/news/ministerstvo-obrazovaniya-i-nauki-opublikovalo-spisok-shkolnikov-kotorye-pretenduyut-na-grantovye-mesta-v-vuzy-strany/
[2] http://testing.kg/ru/ort-test/o-teste.html
[3] http://testing.kg/ru/ort-test/o-teste.html
[4] http://edu.gov.kg/ru/news/mon-znachitelno-uvelichilos-srednee-kolichestvo-nabrannyh-na-ort-ballov-po-regionam/
Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» алкагында даярдалды.
Соли 2018 дар Тоҷикистон “Соли руши сайёҳӣ ва ҳунарҳои мардумӣ” эълон шуда, танҳо дар нӯҳ моҳи соли равон ба Вилояти Мухтори Кӯҳистони Бадахшон 4980 нафар сайёҳони хориҷӣ ворид шуданд. Ин дар ҳолест, ки , солҳои қаблӣ расман на зиёда аз 2000 нафар сайёҳ барои тамошои ёдгориҳои таърихии вилоят ташриф овардаанд. Тибқи маълумоти шуъбаи рушди сайёҳии Мақомоти иҷроияи маҳаллии ҳокимияти давлатии вилоят дар нӯҳ моҳи солӣ ҷорӣ аз ҳисоби риштаи сайёҳӣ ба буҷаи вилоят 5 миллиону 651 383 сомонӣ маблағ ворид шудааст. (далее…)
«Дар солҳои ахир фаъолияти мухолифини тоҷик дар хориҷа ба таври чашмгире афзоиш ёфтааст. Ин раванд бахусус пас аз муҳоҷирати бахши қобили таваҷҷуҳе аз сиёсатмадорони мунтақид ба Аврупо возеҳтар ба назар мерасад. Бо ин ки ин гурӯҳҳо хеле фаъоланд, имкиноти маҳдуде барои расидан ба аҳдофашон дар даст доранд.» — таъкид мекунад Хурсанд Хуррамов, коршиноси масоили сиёсӣ, дар мақолаи худ, ки барои сойти таҳлилии CABAR.asia нивиштааст. (далее…)
“Аз ҷангу сарсонӣ дар кишвари бегона хаста шудем, ҳарчӣ зудтар ба ватан баргаштан мехоҳем.” Ин хоҳиши даҳҳо зани тоҷик аст, ки бо сабабҳои гуногун ҳазорҳо километр дуртар аз Тоҷикистон дар Сурия ва Ироқ дармондаанд. Бархе ҳам дохили зиндону боқимондаҳо дар шароити сангин ба сар мебаранд. Ин ҳам дар ҳоле аст, ки аксари ин занон бо ҷурми ифротгароӣ таҳти пайгард қарор доранд, аммо бисёре аз онҳо худро ифротӣ намедонанд. (далее…)
“Мамлекеттин саясый лидерлердин жана ар түрдүү институттардын ролу — коомдук пикир алышууга, коомдогу ар түрдүүлүктүн туруктуулугуна жетишип жана ушул ар түрдүүлүктү бөтөнчө бир баалуу нерсе катары кабыл алууга көмөкчү болушу керектигинде. Мамлекет өзүнүкү жана өзгөнүкү, “өз” жана “бөтөн” деп бөлүүнү тереңдетпей, токтотушу зарыл. Дал ушул өңүттө гана совет доорунан бир топ алыска кеткен коомдо азыркы кырдаалдын дүнүйөбий болушу мүмкүн”, — деп белгилейт CABAR.asia аналитикалык порталы үчүн атайын жазган макаласында саясат таануучу Эмил Жураев.
Русский English
(далее…)
“Парламенттин ролуна баа берүүдө биз биринчи кезекте ал өлкө элинин бул жааттагы тарыхый тажрыйбасын, каада салтын, баалуулуктарын, саясий жана укуктук маданиятын эске алуубуз зарыл. Мындай факторлорду эске алуу, парламенттин мамлекеттик, укуктук жана коомдук мамиледеги ролуна баа берүүдө аябай маанилүү ролду ойнойт”, — дейт мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов CABAR.asia аналитикалык порталына жазган макаласында. (далее…)
Согласно информации Генпрокуратуры, за последние годы идет рост уголовных правонарушений в семьях. За 2016 год уголовные правонарушения в семье увеличились на 2,8%, в 2017 году на 4,7%. В сравнении с 2015-м годом, преступность в отношении женщин и детей, возросла на 90%. (далее…)
Граждане с тяжелой формой инвалидности обречены проживать жизнь в нищете. (далее…)
Сапаттуу билим берүү дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин стратегиялык потенциалы жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болоорунда кымындай да күмөн жок. Бир гана сапаттуу билим берүүгө жетишүү Кыргызстандын баардык тармактарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, өлкөдөгү коррупция, жумушсуздук маселесин чечүүнү шарттайт. Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгүн он алты жашка чейинки балдар түзөөрүн эске алганда, алардын сапаттуу билим алууга жетишүүсүн камсыз кылуу үчүн да бул тармакты түп тамырынан бери реформалоо зарылчылыгы айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан «же биз республиканы келечекте жаңы баскычка чыгара ала турган жаштардын муунун тарбиялап чыгарууга жетишебиз же келечеги тумандуу билимсиз жаштардын армиясын түзүп, жашообуз жакшырбай кала берет. Дүйнөлүк тажрыйбадан алып караганда, тез өнүккөн өлкөлөрдүн баары тең сапаттуу, билимдүү кадрларды даярдоодон улам ийгиликке жетишкендиги белгилүү.
Андыктан Кыргызстанда билим берүү тармагына стратегиялык артычылык берип, бул тармакты көтөрүүгө сөз түрүндө эмес, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга убакыт эчак эле жетти, деп айтсак болот. Ал үчүн албетте алгач бул тармакка алдыга койгон максаттарга жетүү максатында комплекстүү анализ кылуубуз зарыл.
- Баардык артыкчылыктарга жана жетишпеген жактарга мониторинг жана анализ жасоо;
- Билим берүү жана илим тармагын реформалоонун программасын даярдоо;
- Билим берүү жана илимге коротулган мамлекеттик чыгымдарды кайрадан карап, аны көбөйтүүнүн жолдорун караштыруу;
- Билим берүү жана илим тармагын баскыч баскычы менен реформалоонун көп жылдык стратегиялык планын иштеп чыгуу;
- Окутуу жана усулдук тажрыйбаларды жакшыртуу жана билим берүү тармагына мыкты адистерди тартуу;
Билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясы анын кардарлары же каржылоочу булагы кайсыл бир эл аралык уюмдар болгонуна карабай, сөзсүз түрдө биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына жооп бериши зарыл. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөнүн билим берүү системасын реформалоо натыйжалуу, ситемалуу жылыштарды алып келген жок. Аз маяна алган мугалимдер жетекчилик тарабынан болгон тынымсыз ар кандай талаптарды, жаңы эрежелерди ишке ашыруудан тажап, чарчап бүтүштү. Тармакты толук, түп тамырынан бери өзгөртүүгө багытталбаган, ар кандай баш аламан реформалардан олуттуу натыйжа болгон жок. Социалдык жактан камсыздалбагандыктан, балдар бакчасынан баштап илимий даражасы жана илимий наамдары бар окумуштууларга чейинки бардык баскычтарда мугалимдердин макамынын өтө төмөн болушу; педагогикалык кадрларды даярдоонун жана кайрадан даярдоонун төмөнкү деңгээли; билим берүү мекемелеринин акча табуучу бизнес-борборлорго айланышы; мектептердеги рекетчилик көйгөйү; бала бакча, орто мектептердеги аягы түгөнбөгөн акча жыйноочулук, деги койчу, билим берүү тармагында мындан башка да толгон токой чечүүнү талап кылган көйгөйлөр — коомчулукта кеңири талкууланып, ал турган жашоонун адаттагы көрүнүшүнө айланды.
Таблица 1. Кыргызстандын билим берүүгө бөлүнгөн чыгымы (ИДЖнан пайыз менен санаганда)

Булагы: Бул таблицаны автор Дүйнөлүк банктын маалыматына негизделип иштеп чыккан
https://data.worldbank.org/indicator/SE.XPD.TOTL.GD.ZS?view=map
Жогорку жактагы таблицадан көрүнүп тургандай, Кыргызстан жылына билим берүүгө ИДӨ (Ички дүң өндүрүмдөн) 5.8% ден 7% чейин каражат бөлөт. Мисалы Дүйнөлүк Банктын берген маалыматы боюнча 2017-жылы ЮАР-20.6%, Кытай-16,4%, Бразилия-14,6% акча бөлүшсө, эң төмөн суммада үч өлкө: Лксембрург-2.2%, Греция-1.5%, Монако-1.4% бөлүшкөн [1].
Албетте, ИДӨдөн билим берүүгө канча пайыз бөлүнгөнү маанилүү ролду ойнойт, ошондой болсо да миллиарддан бир пайызы башка санды, ал эми миллиондун бир пайызы өзүнчө башка көрсөткүчтү түшүндүрөт. Андыктан, мындай ыкма менен кайсыл бир өлкөнүн билим берүүгө канча каражат бөлгөнүн аныктоо үчүн кошумча анализ талап кылынат. Билим берүү ар бир өлкөнүн өнүүгүүсүнүн эң негизги фактору болуп жаткан чакта, Кыргызстан да бул жааттагы дүйнөлүк демилгелерден сыртта калбай, эл аралык донорлордон ар кандай гранттык колдоолорду алып келет.
Бир эле Европа Биримдиги кызматташтык долбоорунун алкагында (Development Cooperation Instrument) өнүктүрүү максатында 2013-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанга 17 млн.евро бөлүнгөн[2]. Кыргызстандын билим берүү тармагын 2012-2020-жылдар аралыгында стратегиялык өнүктүрүүнүн учурдагы концепциясы Евопа Биримдигинин колдоосу менен үч этапта 2012-2014, 2015-2018, 2018-2020 жылдарга иштелип чыккан[3].
Ошол эле мезгилде бир жагынан баардык деңгээлдеги мугалимдердин азыркы алган айлыктарынын өлчөмүн, экинчи жагынан реформа жүргүзүү максатындагы мугалимдерге боло турган жаңыча талаптар топтомун эске алганда, реформанын натыйжасында билим берүү тармагы жаңы бир баскычка чыгат, деп ишенимдүү айтуу оор. Билим берүү тармагын рефомалоонун бул стратегиялык планын ишке ашырууга болгону 1.5 жыл калды, тилекке каршы билим берүү тармагында эмдигиче олуттуу, сапаттуу жылыштар болгону байкала элек. Билим берүү тармагын реформалоого мугалим жана илимпоздорду тартуунун деңгээли өтө эле төмөн болуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.
Жогорку окуу жайлардын санынын көбөйүшү, билим берүүнүн сапатынын жакшырышын түшүндүрбөйт
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча республикада 57 Жогорку Окуу жайы бар. Алардын 31 мамлекеттик, 19 мамлекеттик эмес, мындан сырткары чет өлкөлүк жети жогорку окуу жайынын өкүлчүлүктөрү бар (Сүрөттү караңыз №1).
1-сүрөт. КРнын Жогорку окуу жайлары
57 Жогорку окуу жайынын географиялык жайгашуусу[4]
Экинчи сүрөттөн көрүнүп тургандай, Кыргызстандын облустарынан бир гана Таласта Жогорку окуу жайы жок. Калган облустардын баарында Жогорку окуу жайлары бар. Алардын ичинен Жогорку окуу жайлар Бишкекте аябай көп жайгашып, мындай көрүнүш борбор калаанын жаштардын эң көп жайгашкан жерине айлануусуна өбөлгө болгон. Ошону менен бирге эле Кыргызстандагы билим берүү ар түрдүү кирешедеги атуулдарга ылайыкталып ачылып, эң арзанынан тартып эң кымбат окуу жайларына чейин табууга болот. 2016-жылы Жогорку окуу жайга төлөнүүчү акчанын эң төмөнкү суммасы 26,300 сом экени аныкталган. Келишимдик негизде окуунун жогорку баасын окуу жайы өзү аныктайт. Эң кымбат окуу жайы катары даарыгерлик кесип аныкталып, анын бир жылдык төлөмү 39,500 сом экендиги аныкталган. Ал эми айрым маданий же искуство тармагындагы окуу жайларга 26.300 сомдон аз акча төлөсө деле кабыл ала берген учурлар кездешет.
Ошону менен бирге, чет өлкөлүк окуу жайлардын өкүлчүлүктөрүндө жана жеке окуу жайларда мамлекеттик окуу жайларга салыштырганда окуп билим алуу үчүн баардык шарттар мыкты деңгээлде түзүлгөдүгүн байкоого болот. Тагыраак айтканда, инфраструктура: окуу корпустарындагы шарттар мыкты, жатаканалары бар, мындан сырткары окуу үчүн зарыл болгон видео-аудио жабдуулары, китепкана жана электрондук китепканалар менен камсыз болгон. Мындан сырткары профессордук курамы жетишээрлик түзүлүп, окуу жайдын рейтинги бийик болуп, бүтүрүүчүлөр окуу жайын аякташканда эки дипломго ээ болушуп, чет тилдеринде сүйлөп калышат.
Көпчүлүк эксперттер Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө үчүн мынчалык сандагы жогорку окуу жайлары өтө эле көптүк кылаарын айтышып, аны кыскартууну сунуш кылып келишет. Окуу жайлардын санын кыскартуу кайсыл бийлик болбосун жакшы кадам болбойт, ал тургай эгерде өкмөт мындай кадамга бара турган болсо, бийлигинен кол жууп калышы да толук ыктымал дешет, серепчилер. Ошондой болсо да, учурда өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын санын кыскартып, алардын баарын 3-5 мамлекеттик деңгээлдеги жогорку окуу жайына бириктирип, каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүү зарылдыгы бар. Эң жогорку мамлекеттик деген макамдагы окуу жайга талантуулардын талантуусу, мыктылардын мыктысынын тапшыруусун ар тараптуу камсыздап, алардын толук кандуу билим алуусуна баардык шарттарды түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна колдоо көрсөтүүгө жетишүү учурдун талабы. Мындай жогорку окуу жайларына заманбап окутуу ыкмаларын киргизип, студенттердин алгач бакалавр, андан соң магистр келечекте доктор болуусуна чейин мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Ал эми калган жогорку окуу жайларын өзүн-өзү камсыздоого өткөрүп койсо жетиштүү болмок. Мындай кадам билим берүү тармагындагы атаандаштыкты күчөтүп, окуу жайлардын аргасыздан өз потенциалдарын жакшыртуусуна түрткү болмок. Эң башкысы мамлекеттик жогорку окуу жайлар бир эле мезгилде мамлекеттик кадрларды кайрадан даярдап, кесиптик деңгээлин көтөрүп, алардын адистиктерин жогорулатууга милдеткер болушмак. Учурда жогорку окуу жайларын бириктирүү менен катар аларды академия, университет, институт катары так бөлүштүрүп, аталышына жана макамына жараша профессордук-мугалимдик курамды тактап, ар бир мугалимди анын эмгегине илимий даражасына жараша баалоого жетишүү зарыл.
Айрыкча соңку жылдары жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин билимди аспирантура, докторантурада өркүндөтүп, кандидаттык жана доктордук дицертацияларды жактоонун талаптары мурдагыга каранда да оорлотулду. Ошол эле мезгилде мындай талаптардын күчөтүлүшү дицертациялык эмгектердин сапатынын жакшырышына өбөлгө болгон жок. Албетте билим берүү тармагындагы абал боюнча чыныгы маалыматты билүү үчүн бала бакчалардан баштап дыкаттык менен иликтөө жүргүзүү зарыл. Сапаттуу иликтөө, стратегиялык анализдин жоктугунан биздин билим берүү жана илим дайыма ойду келди өзгөрүүлөргө дуушар болуп, анын терс таасири баардык тармактарга тийүүдө. Билим берүү тармагынын баардык баскычтарындагы мугалимдер менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жасалган жетекчиликтин аракетинин ортосунда таптакыр байланыш жок.
Мамлекет тарабынан илимий иликтөөлөрдү каржылоо
Жогору окуу жайлар жаштарга билим берүү менен катар эле, мамлекеттин кызыкчылыгы, келечеги үчүн илимий иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Андыктан жогорку окуу жайлары жана илимий борборлор мамлекеттик органдарда эмгектенген кызматкерлердин билимин улам жогорулатып, кайра даярдап, аларга турмушка зарыл болгон билимди берип турууда олуттуу ролду ойношу зарыл. Мындай тажрыйба бардык өлкөлөрдө бар жана ийгиликтүү иштеп келүүдө. Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү мамлекеттик мекемелер менен тыкыс иштешип, аларга зарыл болгон иликтөөлөрдү жүргүзүп, өкмөткө сратегиялык чечимдерди кабыл алып , план программаларды даярдап берүүсүнө көмөктөшөт. Эгерде Кыргызстанда да ушундай тажрыйбаны жайылта турган болсо, мындай аракеттер мамлекеттик органдардын кабыл алган чечимдерин жакшыртып, экинчиден өлкөдө илим билимдин да өнүгүшүнө өбөлгө түзмөк. Натыйжада, мамлекеттин өзү өлкөнү өнүктүрүүгө зарыл болгон илимий долбоорлордун, демилгелердин ээси болуп, бийлик менен илиймий чөйрөнүн карым-катнашын чыңдамак. Ал үчүн учурдагы мамлекет тарабынан каржыланган бардык илимий борборлорду жана институттарды толук түрдө кайрадан реформалап, алардын санын, сапатын, ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгуу зарыл.
Мугалимдин жана илимий кызматкердин социалдык имиджин көтөрүү
Бир жагынан «жапайы капитализм» билимсиздердин коомдо пайдалуу жана кирешелүү оорундарды ээлөөсүнө мүмкүнчүлүк берди. Экинчи жагынан мындай көрүнүш жогорку билимдин жана жалпы эле коомдогу жогорку билимдүү адистерди даярдоонун кадыр баркын кетирүүдө.
Эң өкүнүчтүүсү мугалимдердин социалдык абалынын төмөндүгү бул тармакка мыкты бүтүрүүчүлөрдүн келүүсүнө өбөлгө түзбөйт. Эгерде кокусунан билим берүү тармагына жогорку окуу жайынын мыкты бүтүрүүчүсү келип кала турган болсо, ал деле маянанын аздыгынан же социалдык абалдын төмөндүгүнөн бир аз убакыттан соң бул тармакты таштап кетүүгө аргасыз болоору турган иш. Кыргызстандагы ипотекалык кредит берүү учурунда мулимдердин кирешесинин өтө эле төмөндүгү, алардын өздөрүнүн турак жайы үчүн акча төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок экендигин даагы бир жолу ашкереледи.
Билимдүү жаш мугалимдердин айрымдары эл аралык фонддор тарабынан берилген стипендия жана башка кирешелер менен гана бул тармакта кармалып турушса, мугалимдердин калган бир бөлүгү аргасыздан ар кандай кыска мөөнөттөгү чет тилдерин, чечендик өнөрдү үйрөтүү жана мектеп окуучуларын жогорку окуу жайларга тапшырууга даярдоо сыяктуу ар кандай курсттарды ачып алышып үй-бүлөөсүн багышууда. Андыктан мугалимдердин арасында «бир ставкада иштесең курсагың тойбой калат, көп ставкада иштесең тамак ичкенге убактың жок калат», деген накыл сөздүн тууралыгын жашоо нугу өзү тастыктап жатат. Бир жагынан караганда, өлкөдөгү мугалимдердин жогорудагыдай социалдык көйгөйлөрү баарына маалымдай сезилет, бирок мамлекеттеги «ким канча уурдап алган», деген ири коррупциялык иштердин алдында мугалимдердин жогорудагыдай көйгөйлөрү көз жаздымда калып, көп жылдан бери чечилбей келет.
Ошондой болсо да, республикада коррупциялашпаган, таза, өз ишине берилген мугалимдер жок эмес. Андыктан, коррупцияга каршы күрөш айыптууларды таап жазалоо менен жүрсө, ошону менен катар үлгүлүү, эл үчүн иштеген адистерди мамлекеттик деңгээлде колдоо иш чаралары болушу керек, деп ойлойбуз. Жок дегенде мыкты мугалимдер кимдер экендигин окуучулар же студенттердин арасында сурамжылоо жасай коюп эле аныктап, аларга ар кандай социалдык колдоолорду көрсөтүү учурдун талабы. Анткени, ар бир мугалим өзүнүн билим деңгээлине жана эмгегине жараша жетишээрлик деңгээлдеги жашоо шартка ээ болсо, өсүп келе жаткан жаштарга үлгү боло алышмак. Мугалимдик кесиптин жаштардын арасындагы кадыр-баркы өсмөк.
Андыктан билим берүү жана илим тармагын толук реформалоо Кыргыз Республикасынын ички саясатынын эң маанилүү бөлүгү болушу учурдун башкы талабы. Келечекте биздин балдарыбызды кимдер окутат, кимдер даарылайт, кимдер өлкө коопсуздугун камсыз кылат, деген сыяктуу суроолорду ар бир жаран өзүнө өзү бере турган болсо, анда билим берүү тармагын реформалоо маселеси эч кимди кайдыгер калтырмак эмес.
Макала автору: Акматалиева А.М., к.п.н. (Кыргызстан, Бишкек)
[1] https://data.worldbank.org/indicator/SE.XPD.TOTL.GD.ZS
[2] Education development strategy 2020 https://ec.europa.eu/europeaid/projects/support-reform-education-sector-kyrgyz-republic_en (Дата обращения: 29.05.2018)
[3] Стратегия образования КР 2012-2020 http://erasmusplus.kg/wp-content/uploads/2014/12/%D0%A1%D1%82%D1%80%D0%B0%D1%82%D0%B5%D0%B3%D0%B8%D1%8F-%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B2%D0%B8%D1%82%D0%B8%D1%8F-%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%8F_2012_2020.pdf
[4] Университет Центральной Азии в Нарыне не числится в списке вузов на сайте Министерства Образования

