© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Пандемиядан улам Кыргызстанда жана дүйнѳ жүзүндѳ жакырчылыктын жаӊы толкуну башталды

2015-жылы БУУнун мүчѳ ѳлкѳлѳрү тарабынан бүткүл дүйнѳ жүзүндѳгү адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган Туруктуу ѳнүгүү  максаттары (ТѲМ) кабыл алынган. Жалпы он жети максаттын ичинен биринчиси болуп, 2030-жылга карата бардык жерлерде кедейликти жоюу иш-аракети белгиленген.

Дээрлик 2020-жылга чейин жакырчылык менен күрѳшүүдѳ позитивдүү тенденция байкалып келген. 1990-жылдардан бери жер жүзүндѳгү абсолюттук жакырчылыктын чегинен тѳмѳн жашаган, күнүнѳ $1,9 тапкан кишилердин үлүшү 35%дан 8,4%га чейин азайган.   Былтыркы жылдын баштарында дүйнѳдѳгү ѳтѳ кедей шарттарда жашагандардын саны 689 млн адамды, же болбосо жер шарынын жашоочуларынын 9,2%ын түзсѳ, жылдын аяк ченинде жакырлардын саны  болжол менен 14-40 млн адамга кѳбѳйгѳн.

COVID-19 пандемиясы Кыргызстанда да жакырчылыктын жайылышынын жаӊы толкунуна жол ачты. 2020-жылы жакырчылыктын деӊгээли мурунку жылга салыштырмалуу 5,2%га ѳсүп, ѳлкѳ боюнча 25,3%ды түзгѳн.

КРда чегине жеткен жакырчылыктын кѳрсѳткүчү дүйнѳлүк кѳрсѳткүчтѳрдѳн 3 эсе тѳмѳн

Жакырчылык — индивиддин же социалдык топтун жашоосу, эмгекке жарамдуулугун сактап калуусу жана тукумун улантуусу үчүн зарыл болгон минималдуу муктаждыктарынын белгилүү бир тобун канааттандыруусуна тоскоол болгон экономикалык абалынын мүнѳздѳмѳсү.

Ал салыштырмалуу жана кѳп маанилүү түшүнүк болуп эсептелет, жана тийиштүү коомдогу жашоо деӊгээлинин жалпы стандарттарынан кѳз каранды. Кыргызстанда жакырчылык деӊгээлин баалоодо 2011-жылдын мартында эле КР ѳкмѳтүнүн токтому менен бекитилген методиканы колдонушат. Ага ылайык, кедейликтин жалпы чегинин нарктык кѳлѳмү 2020-жылы Республика боюнча киши башына 35 миӊ 268 сомду (же күнүнѳ 1,14 долларды), тѳмѳнкү чегинин кѳлѳмү – 19 миӊ 774 сомду (күнүнѳ 0,63 долларды) түзгѳн.

Кѳрүнүп тургандай, КРда жакырчылыктын жана анын чегине жеткен формасынын кѳрсѳткүчү жалпы дүйнѳлүк кѳрсѳткүчтѳрдѳн кыйла тѳмѳн.

Ар бир тѳртүнчү кыргызстандык — кедей

Кыргызстанда 2020-жылы 1 млн 678 миӊ жаран катуу жакырчылык абалында жашаганы, алардын 73,7%ы - айыл жерлеринин тургундары экендиги аныкталган. А бирок, айыл тургундары кѳмѳк чарбанын эсебинен жакшыраак шарттарда жашашы керек эле.

Экономика тармагында эксперт Нургүл Акимова мындай абалды шаарларда ортомчулук жана атаандаштык үчүн кѳбүрѳѳк мүмкүнчүлүктѳрдүн бар экендиги менен түшүндүрѳт.

«Калк жыш жайгашкан жерлерде жумуш кѳбүрѳѳк болот. Натыйжада, атаандаштыктан улам жумуштун сапаты да, наркы да жогорулайт», — дейт Акимова.

Кедейликтин эӊ жогорку деӊгээли Жалал-Абад областында (28%), эӊ тѳмѳнкү деӊгээли — Талас областында (болгону 2%) катталган.

Жакырчылыкта күн ѳткѳргѳндѳрдүн 58%дан кѳбүнүн Жалал-Абад, Ош жана Чүй областтарында жашагандыгы белгилүү болгон.

Кедейликтин деӊгээлинин ѳсүшү, анын ичинде Жалал-Абад областында  - 10,3%га, Нарын областында - 8,7%га, Чүй областында - 6,3%га, Ош областында -  4,8%га, Ысык-Кѳл областында - 3,5%га жана Баткен областында - 2,1%га, ошондой эле Бишкек шаарында - 4,9%га жогорулаганы аныкталган.

Жалпы тенденцияга карабастан, ѳлкѳнүн айрым аймактарында жакырчылыктын деӊгээли, маселен, Ош шаарында 6%га, Талас областында 0,8%га азайган.

40 миӊ жаран жумушсуз калды

Дүйнѳлүк банк жарандардын жумуш орундарынан ажырашын, 40 миӊге жакын адам туруктуу кирешесиз, 20%га чукул эмгек мигранттары жумушсуз калганын, ИДПнын дароо 8,6%га түшүшүн, инфляцияны (быйылкы жылдын июлунда 2020-жылдын декабрына карата 7%) КРда жакырчылыктын ѳсүшүнүн башкы себептери катары кѳрсѳттү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2020-жылы жалпысынан 75 миӊ адам жумушсуз деп табылган. Алардын ичинен 30%ы же 22 миӊ 479 киши – Жалал-Абад областынын тургундары болгон. Андан кийин рейтингде Ош областы орун алып, 20 миӊге жакын жарандын туруктуу кирешеси жок экени белгилүү болгон.

Чегине жеткен жакырчылык ѳстү

2020-жылы катуу жакырчылыктын деӊгээли 0,4 пайыздык пунктка жогорулап, 0,9%га жеткен. Цифралардан киши санына ѳтѳ турган болсок, бул —  59,2 миӊ адам. Жакырчылыктын эӊ тѳмѳнкү чегинде күн ѳткѳргѳн калктын каражаттарынын жетишсиздиги 10 млрд 219,2 млн сомду (120,54 млн АКШ долларын) түзүп, 2019-жылдагы кѳрсѳткүчкѳ караганда 3,2 млрд сомго (37,75 млн АКШ долларына) кѳбѳйгѳн.

Пандемия жылы киши башына эсептегенде колдо бар акча кирешелери бир айда 5 миӊ 625,4 сомдун (66,36 АКШ доллары) тегерегинде болуп, 1%га тѳмѳндѳгѳн.   Бул болсо, айлык акы кирешелеринин 1,2%га, жеке иштен алынган кирешелердин 8,3%га азайганы менен түшүндүрүлѳт. Ошол эле учурда жеке кѳмѳк чарбасынын ѳнүмдѳрүн сатуудан алынган пайдалар, тескерисинче, 18,7%га жана социалдык трансферттерден табылган кирешелер – 4,4%га ѳскѳн.

«Жумушсуздардын санынын кѳбѳйүшү калктын азык-түлүк жана тамак-аштан сырткары сарптоолору же жакындарынын (үй-бүлѳсүнүн, туугандарынын, досторунун ж.б.), же болбосо мамлекеттин эсебинен компенсацияланышын талап кылат. Ѳлкѳдѳгү кѳптѳгѳн үй-бүлѳлѳргѳ чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүргѳн туугандары акча которуп турушат. Которулган каражаттарды сактап же бизнеске жумшабай, күнүмдүк керектѳѳлѳргѳ короткондор ого эле кѳп», — деп түшүндүрдү  Нургүл Акимова.

Элдин акча кирешесинин негизги булагы болуп, эмгек ишмердүүлүгүнѳн алынган кирешелер эсептелип, алар  67,4%ды, социалдык трансферттер – 16,7%ды, ошондой эле жеке менчик кѳмѳк чарбада ѳндүрүлгѳн айыл чарба ѳнүмдѳрүн сатуудан алынган кирешелер – 11,9%ды түзѳт.

Киши башына бѳлүнгѳн орточо кирешенин түзүлүшүндѳ айлык акынын үлүшү 40,6%, жеке ишмердүүлүктүн үлүшү – 14,5% түзгѳн. Кирешелердин 12%дан кѳбү калктын Кыргызстандан тышкары жерлерде жүргүзгѳн эмгек ишмердүүлүгүнѳ туура келгенин белгилей кетүү зарыл.

Мигранттардын акча которууларына кѳз карандылыктын кѳп бѳлүгү Баткен областына тийиштүү болуп, жергиликтүү тургундардын жалпы кирешесинин дээрлик 30%ын түзѳт, ал эми экинчи орунда – 20,4% кѳрсѳткүч менен Ош областы турат.

Былтыр пандемиядан улам жакырчылык мурун ажыраган позицияларын калыбына келтире баштап, бүтүндѳй дүйнѳ ѳлкѳлѳрү, алардын катарында Кыргызстан үчүн да курч кѳйгѳйгѳ айланды.

Ѳзгѳрүүсүз 10 жыл 

2000-жылдардан бери Кыргызстанда жакырчылык деӊгээли 50 пайыздык пунктка тѳмѳндѳп келип, 2009-жылдан бери ѳзгѳрѳ элек. Дүйнѳлүк банктын отчётуна ылайык, акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстандагы жакырчылыктын деӊгээли азайган эмес жана 20% кѳрсѳткүчтѳ сакталып келген. Ал эми республиканын алыскы аймактарында бул кѳрсѳткүч 40%га жетет.

Мындай корутунду менен баары эле макул эмес. Маселен, Саламаттыкты сактоо жана социалдык ѳнүгүү министрлигинде бул багытта жылыштар бар деп эсептешет. Жок дегенде калктын кирешелеринин кѳрсѳткүчтѳрү жай темпте болсо да, ѳсүү багытында экени айтылат. Анда муну Дүйнѳлүк банк эмнеге кѳрбѳйт? Чиновниктер болсо баарын жакырчылыкты аныктоонун методдоруна шылтай салууда.

«2017-жылдан 2018-жылга чейин жакырчылыктын деӊгээли 3%га кыскарып, 22,4%ды түзгѳн. Ал эми социалдык программага ылайык минималдуу тѳмѳндѳѳ 1%дан кем болбоого тийиш», — деп түшүндүрүшкѳн ЖМКларга министрликтен.

Бул версияга жакырчылык кѳрсѳткүчүнүн индивидуалдуулугун эске алуу менен толук ишенсе болот болчу. Бирок, 2019-жыл боюнча Республиканын Улуттук статистика комитети да, Дүйнѳлүк банк да жакырчылыктын деӊгээли боюнча 20% (ДБ), КР статистикалык ведомствосу – 20,1% деп бирдей кѳрсѳткүчтѳрдү берген.

Жакырчылыкты теӊдемдѳѳ үчүн мамлекет тарабынан жаӊы кесиптерге окутуу камсыз кылынууда. Ошондой эле социалдык кепилдиктердин системасы, маселен, жеӊилдетилген медициналык тейлѳѳ каралган. Бирок бул чаралар жетишсиз. Республиканын бардык ишке жарамдууларына жумуш жетишпейт, болбосо жакшы жашоону кѳздѳп чет ѳлкѳлѳргѳ эмнеге кетет эле. Ошону менен катар эле, мунун баарын түшүнгѳн КР «Чексиз жумуш» сыяктуу кыргызстандыктарды чет ѳлкѳлѳрдѳ жумушка орноштуруу боюнча Евразия экономикалык биримдигинин программаларына активдүү катышууда.

Башкы фото: Sputnik / Табылды Кадырбеков


Материал Норвегия ТИМ колдоосунда «Amplify, Verify, Engage: Information for Democratisation and Good Governance in Eurasia» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосунда Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR, Норвегия ТИМ же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: