© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Капиталдын сыртка агылышы: эмне үчүн инвесторлор Кыргызстандан кетип жатышат?

Чет ѳлкѳлүк инвесторлор финансыларын алып, ѳлкѳдѳн кетип жатат. 10 жылдын ичинде алар Кыргызстандан 5 млрд доллардан ашык инвестицияларын чыгарып кетишкен.  Булардын ичинен жалпы кѳлѳмдүн 16%ы – 2020-жылга таандык.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Чет ѳлкѳлүк салымдардын кыймылы түздѳн-түз бизнестин маанайы менен байланыштуу. Алардын ѳлкѳгѳ агып келүүсү инвестордун ѳз каражаттарын жумшаган ѳлкѳдѳ ишмердүүлүк жүргүзүүдѳн жакшы натыйжаларга жетүүгѳ үмүт артканын билдирет. Ал эми агып чыгуусу – тескерисинче, күтүүлѳрү акталбай калганынын белгиси. 

2020-жылы кѳп нерсе биз күткѳндѳй болбой калды: жаӊы коронавирус инфекциясынын пандемиясы, ага байланыштуу чек аралардын жабылышы жана ѳндүрүштүн дээрлик эки айга чейин токтоп калышы, муну менен коштолгон чыгымдар жана кирешеден кол жууп калуулар.   Булардын баары Кыргызстандагы ишкердик чѳйрѳсүнүн, анын ичинде ири бизнестин да начарлашына алып келди.

Инвесторлордун эртеӊки күнгѳ карата ишенимин Кыргызстанда  2020-жылдын октябрь айында болуп ѳткѳн окуялар  да бүлгүнгѳ учуратып койду десек жаӊылышпайбыз. 2021-жылдын башында Соода-ѳнѳр жай палатасы тарабынан жүргүзүлгѳн бизнес жаатындагы сурамжылоо саясий туруксуздук – ишкердик чѳйрѳсүнүн ѳнүгүүсүндѳгү эӊ башкы тоскоолдук экенин кѳрсѳттү. Мындай пикирин ишкерлердин 70,3%ы билдирген. 

Бийликтин алмашуусу ѳзүнѳн ѳзү бизнеске таасир этпейт, ишкердик чѳйрѳсүнѳ кѳбүнчѳ аны менен коштолгон башаламандыктар, криминалдык авторитеттер тарабынан жеке менчикке кол салуу аракеттери, мурун жетишкен макулдашуулардан баш тартуу, саясий ишенимдеринде багыттын ѳзгѳрүүсү сыяктуу факторлор соккуга учуратат. Эреже катары, мындай кырдаалдарда инвесторлор кѳйгѳйлѳрүн ѳз алдынча чечүүгѳ аргасыз болушат, ошондой эле жардам менен коргоону кайдан издешти да билбей калышат. Укук коргоо органдарынан деле эч кандай колдоо болбойт. Тескерисинче, 2021-жылдын башынан бери күч органдары тарабынан бизнеске кысым кѳрсѳтүүлѳр жѳнүндѳ билдирүүлѳр саны боюнча жалпы күн тартибинде алдыӊкы орунга чыккан.  Мындай жагдайлардын баары акыркы 10 жылдын ичинде түз салынган инвестициялардын агып чыгышын рекорддук кѳрсѳткүчкѳ жеткиргенине таӊ калбай эле койсо болот.

Инвесторлордун маанайы Улуттук статистика комитети тарабынан 2021-жылдын февраль айынын ортолорунда жарыяланган Кыргызстанга салынган түз инвестициялар боюнча отчётунда чагылдырылган. Андан 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча республикадан агып чыккан инвестициялардын жалпы кѳлѳмү 808,1 млн АКШ долларын түзгѳнү кѳрүнүп турат.

!function(){“use strict”;window.addEventListener(“message”,(function(a){if(void 0!==a.data[“datawrapper-height”])for(var e in a.data[“datawrapper-height”]){var t=document.getElementById(“datawrapper-chart-“+e)||document.querySelector(“iframe[src*='”+e+”‘]”);t&&(t.style.height=a.data[“datawrapper-height”][e]+”px”)}}))}();

Албетте, 2020-жылдагы түз инвестициялардын ѳлкѳдѳн агып чыгышын Covid-19 пандемиясы жана дүйнѳлүк каатчылыктын башталышы менен байланыштырса болот. «Капиталдын качуусундагы» кескин секирик 2017-жылга туш келип, ошондон бери ал жогорку чектерде кармалып турат.

!function(){“use strict”;window.addEventListener(“message”,(function(a){if(void 0!==a.data[“datawrapper-height”])for(var e in a.data[“datawrapper-height”]){var t=document.getElementById(“datawrapper-chart-“+e)||document.querySelector(“iframe[src*='”+e+”‘]”);t&&(t.style.height=a.data[“datawrapper-height”][e]+”px”)}}))}();

2019-жыл менен салыштырганда, кайра инвестицияланган кирешеден тышкары бардык категориялар боюнча инвестициялардын агылып чыгуусу байкалган. 2020-жылы инвесторлор Кыргызстандан мурдагы жылга караганда 4,1 эсе кѳп таза киреше (334 млн 97,9 миӊ АКШ доллары) чыгарып кетишкен.  Улуттук статистика комитети муну тѳлѳнгѳн дивиденддердин 2,6 эсе кѳбѳйгѳнү менен түшүндүрдү.

Буга карабастан, чет ѳлкѳлүк түз инвестициялардын ѳлкѳдѳн агылып чыгуусунун кѳбүрѳѳк бѳлүгүн резидент эместерден алынып, кайра кайтарылган насыялар түзѳт. Алардын жалпы кѳлѳмдѳгү үлүшү – 44,1%га жетет. Чет ѳлкѳлүк инвесторлор тапкан пайдаларын Кыргызстанга кайра инвестициялаган жок жана мурун алган насыяларынын бир бѳлүгүн кайтарып беришкен. Натыйжада республикада түз инвестициялардын рекорддук деӊгээлде агып чыгышы гана эмес, терс сальдо дагы пайда болгон.

Бул акыркы 10 жылдын ичиндеги инвестициялардын агып чыгуусу агып келүүсүнѳн жогору болгон экинчи учур. Мындан мурун бул абал 2017-жылы жаралып, айырма 2020-жылдагы -330,4 млн АКШ долларына каршы  -107,2 млн АКШ долларын түзгѳн.

!function(){“use strict”;window.addEventListener(“message”,(function(a){if(void 0!==a.data[“datawrapper-height”])for(var e in a.data[“datawrapper-height”]){var t=document.getElementById(“datawrapper-chart-“+e)||document.querySelector(“iframe[src*='”+e+”‘]”);t&&(t.style.height=a.data[“datawrapper-height”][e]+”px”)}}))}();

Инвесторлор ѳлкѳдѳн качууда деп айтса болобу? Жок, бирок, тапкан пайдаларын Кыргызстанга салып, ишмердүүлүгүн кеӊейтүүгѳ шашылууда деп айта албайбыз. Ошондой эле, акыркы жылда чет ѳлкѳлүк инвесторлор кандай шарттарда иштеп жатканын эске алсак, анда буга таӊ калбай деле койсок болот.

Түз инвестициялардын негизги агып чыгуусу (86%) кесиптик ишмердүүлүккѳ, иштеп чыгаруу ѳндүрүшүнѳ жана пайдалуу кендерди казып алууга таандык.

!function(){“use strict”;window.addEventListener(“message”,(function(a){if(void 0!==a.data[“datawrapper-height”])for(var e in a.data[“datawrapper-height”]){var t=document.getElementById(“datawrapper-chart-“+e)||document.querySelector(“iframe[src*='”+e+”‘]”);t&&(t.style.height=a.data[“datawrapper-height”][e]+”px”)}}))}();

Аталган тармактар 2019-жылга салыштырмалуу инвестициялардын агып чыгуусунун жогорулашы боюнча да алдыӊкы орунда турат. 

!function(){“use strict”;window.addEventListener(“message”,(function(a){if(void 0!==a.data[“datawrapper-height”])for(var e in a.data[“datawrapper-height”]){var t=document.getElementById(“datawrapper-chart-“+e)||document.querySelector(“iframe[src*='”+e+”‘]”);t&&(t.style.height=a.data[“datawrapper-height”][e]+”px”)}}))}();

Эгерде ѳлкѳлѳр боюнча карап чыга турган болсок, 2020-жылы Кыргызстандан баарынан кѳп Кытай менен Улуу Британиянын инвесторлору – 502,58 млн  жана 94,395 млн АКШ доллары кѳлѳмүндѳ киреше чыгарып кетишкен. Түз инвестициялардын агып чыгышынын эӊ жогорку суммасы Чүй областында байкалып,  354,65 млн АКШ долларын түзгѳн.

!function(){“use strict”;window.addEventListener(“message”,(function(a){if(void 0!==a.data[“datawrapper-height”])for(var e in a.data[“datawrapper-height”]){var t=document.getElementById(“datawrapper-chart-“+e)||document.querySelector(“iframe[src*='”+e+”‘]”);t&&(t.style.height=a.data[“datawrapper-height”][e]+”px”)}}))}();

Башкы фото: fingazeta.ru


Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: