© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: кайсы вакцина коопсуз жана уу коргошун коронавирустан айыктырабы?

Кыргызстанда 29-марттан баштап калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдѳѳ кампаниясы старт алды. Учурда кыргызстандыктарга Кытайдын SinoPharm жана Россиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдѳѳдѳн ѳтүү сунушталып жатат.

Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!

Бүгүнкү күнгѳ карата республикага жалпысынан 190 миӊ доза алынып келинген. Бир адам эки дозадан алышы керек экенин эске алганда, келген вакциналар 95 миӊ кишиге жетет. Бул кѳлѳм эмдѳѳгѳ жарамдуу калктын 3%га жакынын камсыздайт.

Эмдѳѳ кампаниясы кандай ѳтүп жаткандыгы жана учурда кайсы жерге барып вакцина алууга боло тургандыгы, ошондой эле «Спутник V» вакцинасы SinoPharm вакцинасына караганда коопсуз жана ишенимдүүрѳѳк экендиги жѳнүндѳ маалымат CABAR.asia карточкаларында.

* Материал ачык булактардан алынган маалыматтардын, ошондой эле медицина тармагында эксперт Айбар Султангазиев менен болгон интервьюнун негизинде даярдалды.

Бүгүнкү күндѳ COVID-19 инфекциясына каршы вакцинаны кимдер ала алат?

Азыркы учурда Кыргызстанда вакцинациянын I-этабы жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында калктын жумушуна байланыштуу инфекцияны жугузуп алуу коркунучу жогору болгон зоналарда жүргѳн топтору акысыз эмделет. Булардын катарына саламаттыкты сактоо, билим берүү системасынын, ички иштер, чек ара жана бажы кызматтарынын кызматкерлери кирет.

Бирок Кытайдын SinoPharm вакцинасы эл арасында азырынча  популярдуу болбогонунан улам, аны каалаган жарандар ала алышат.

Вакцинаны кайдан алса болот?

Кыргызстан боюнча жалпысынан 62 убактылуу эмдѳѳ пункту уюштурулуп иштеп жатат.

Даректердин жана байланыш телефондорунун толук тизмеси менен бул жерден таанышып чыгууга болот.

Бишкек шаарында пилоттук режимде COVID-19 каршы эмдѳѳдѳн ѳтүү үчүн тѳмѳнкү мекемелерге онлайн-жазылуу жеткиликтүү:

• ҮМБ №4,
• ҮДТ №35,
• Темир жол ооруканасы,
• ҮМБ №1,
• ҮМБ №7,
• ҮМБ №2,
• ҮМБ №3,
• ҮМБ №5,
• ҮМБ №19,
• ҮМБ №6,
• ҮМБ №14,
• ҮМБ №8,
• куруучулардын поликлиникасы (шаардык Медициналык жана консультациялык кызматтардын борбору жана  МТЖ),
• ҮМБ №9,
• студенттердин поликлиникасы,
• ҮДТ №33,
• ҮМБ 13.

Электрондук кезек боюнча жазылуу үчүн тѳмѳнкүлѳрдү аткаруу талап кылынат:

1. emed.gov.kg шилтемесине кирүү;
2. “Электрондук кезекти” тандоо;
3. Сунуш кылынган тилкелерди толтуруу, каалаган эмдѳѳ пунктун тандоо;
4. Эмдѳѳгѳ жазылуу үчүн ыӊгайлуу күндү жана саатты тандоо;
5. Андан кийин электрондук кезек үчүн талонду мобилдик түзүлүшкѳ кѳчүрүп алып, талап кылынган учурда кѳрсѳтсѳ болот.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, функционал муктаждыктарга жараша үзгүлтүксүз мыктыланып турат. Жакынкы убактарда мобилдик тиркеме аркылуу эмдѳѳгѳ онлайн жазылуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Кыргызстандыктарга кайсы вакцинаны сунуштап жатышат?

Кыргызстанга акысыз негизде 150 миӊ доза Кытайдын SinoPharm вакцинасы берилген. Бул дозалар 75 миӊ жаранды эмдѳѳгѳ жетет. Анткени толук кандуу эмдѳѳдѳн ѳтүш үчүн бир киши 21 күн аралык менен эки дозаны алууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 12-майда Кытайга болгон расмий иш сапарынан кийин коронавирус инфекциясы менен күрѳшүү үчүн колдоо кѳрсѳтүү максатында Дүйнѳлүк банк тарабынан Кыргызстанга 20 млн АКШ доллары бѳлүнүп бериле тургандыгы маалым болгон. Бул каражаттарга ѳкмѳт  SinoPharm вакцинасын сатып алмакчы.

Мындан тышкары, республикага Россиянын «Спутник V» вакцинасынан 40 миӊ доза алынып келинген.  35 миӊ доза 10 доллардан сатып алынса, 5 миӊи – гуманитардык жардам катары берилген. Жогорудагы эле принцип боюнча бул дозалар 20 миӊ жаранды эмдѳѳгѳ жетет. Май айынын аягында дагы 20 миӊ доза алынып келет деген маалымат бар.

Ошондой эле майдын аягында – июндун башында AstraZeneca вакцинасынын алынып келиши күтүлүүдѳ. Кыргызстан аны COVAX механизминин алкагында акысыз алат. Партияда 405 миӊ доза болуп, 200 миӊден ашуун жаранды эмдѳѳгѳ жетет.

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстан боюнча канча киши эмдѳѳдѳн ѳттү?

8-майга карата берилген маалыматтарга ылайык, коронавирус инфекциясына каршы иммунизациялоо кампаниясы башталгандан бери вакцинаны 41 миӊден ашуун жаран, анын ичинде экинчи дозасын – 5,3 миӊ киши алган.

Вакцинация калктын башка категорияларына качан жеткиликтүү болот?

Экинчи этап менен калктын илдеттердин оор формаларына чалдыгуу коркунучу жогору болгон тобуна — 65 жаштан жогору жарандарга эмдѳѳ жүргүзүлѳт.

Эмдѳѳнүн тартиби кары кишилердин калган курактык категорияларга караганда COVID-19 оорусун оор формада ѳткѳрүшү менен байланыштуу.  Муну менен саламаттыкты сактоо системасына түшкѳн жүктү азайтат  жана стационарларды толуп калуудан сактайт.

Бирок кары кишилер азыр деле SinoPharm препараты менен эмдѳѳдѳн ѳтсѳ болот. Мындай мүмкүндүк кыргызстандыктардын кытайдын вакцинасын алууга шашылбай жатканы менен байланыштуу. Ошондуктан профицит келип чыкты.

Жана үчүнчү этап калктын социалдык жактан аялуу топторун жана кошумча катары каалоочуларды камтыйт.

«Спутник V» вакцинасы SinoPharm препаратына караганда натыйжалуу деген чынбы?

Чынын айтсак, ѳндүрүүчүлѳр натыйжалуулуктун ар кандай     даражаларын кѳрсѳтүүдѳ. Бирок бул кѳбүнесе маркетинг менен байланыштуу болсо керек.

«Спутник V» препараты кытай вакцинасына караганда жакшыраак жарнамаланган. Мындан тышкары, кыргызстандыктар россиялык вакцинага кѳбүрѳѳк ишеним кѳрсѳтүп жатышат. Ал эми чынында эки вакцина теӊ жакшы натыйжа кѳрсѳтѳ алды, жана  SinoPharm препараты менен эмделген жарандар ѳздѳрүн мыкты сезүүдѳ.

Уу коргошун чындап эле COVID-19 дарылоодо натыйжалуубу?

Уу коргошундун (Aconítum soongáricum же аконит) натыйжалуулугу КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан белгиленген менен, бул маалыматка сын кѳз караш менен мамиле кылган оӊ. Себеби жаӊы коронавирус инфекциясын уу коргошун менен дарылоонун натыйжалуулугун тастыкташ үчүн анын фармакологиялык касиеттерин изилдѳѳлѳрдүн алкагында текшерип чыгуу зарыл.  Ал эми мындай изилдѳѳлѳр бүгүнкү күнгѳ карата жүргүзүлѳ элек.

Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунда да Aconítum soongáricum ѳсүмдүгүнүн COVID-19 инфекциясын дарылоодо натыйжалуулугу менен коопсуздугу боюнча эч кандай маалымат жок. Ушул себептүү ДСУ кишилерди ѳз алдынча дарылануу менен алектенбѳѳгѳ жана COVID-19 илдетинин симптомдору байкалган учурда дароо медициналык мекемеге кайрылууга чакырат.

Муну менен катар эле, аконит – уулуу ѳсүмдүк экенин  жана аны пайдалануу ѳлүмгѳ чейин алып келе турганын белгилей кетүү керек.

18 жашка чейинки балдарды COVID-19 инфекциясына каршы эмдѳѳгѳ болобу?

Жок, балдарга коронавируска каршы вакцина алганга болбойт. Себеби аларга клиникалык изилдѳѳлѳр жүргүзүлгѳн эмес. 18 жаштан кичине  курактын ѳкүлдѳрүнѳ вакцина кандай таасир эте турганы азыркыга чейин белгисиз.

Вакциналарды балдарга клиникалык изилдѳѳлѳрдѳ коопсуздук профили жогору болот. Айрым компаниялар бул багытта аракеттерди кѳрүп жатат, бирок азыркы тапта эч кандай расмий натыйжа алына элек.

COVID-19 каршы вакцинанын каршы кѳрсѳтмѳлѳрү барбы?

Индивидуалдуу реакциялар боюнча каршы кѳрсѳтмѳлѳрү бар. Мындан тышкары, вакцинация жүрѳк оорулары жана кант диабети менен жабыркаган адамдарга ѳзгѳчѳ кѳзѳмѳл астында жасалат.

Айрым учурларда кишинин ден соолук кѳрсѳткүчтѳрү тийиштүү ченемдерге келмейинче, ага вакцина албай турууну сунушташат.

Вакцинаны ойлоп табууга ѳтѳ эле аз убакыт сарпталгандыктан, ал кооптуу болушу мүмкүнбү?

Вакциналар дайыма эле тез жана башка вакциналарды ойлоп табууда ондогон жылдар бою сыноодон ѳткѳн технологиялар боюнча даярдалып чыгат. Вакциналардын негизги типтери: алсыздандырылган, ѳлтүрүлгѳн,  рекомбинанттык, пептиддик жана РНК-камтуучу.

COVID-19 каршы вакцина ѳлүмгѳ алып келиши мүмкүнбү?

Азыркы тапка чейин Кыргызстанда коронавируска каршы эмдѳѳнүн түзѳн-түз кесепети болгон ѳлүмдүн бир да учуру катталган жок. Ошону менен бирге эле, оор ѳнѳкѳт оорулары бар кишилер вакцина алганга чейин дарыгер менен кеӊешүүсү зарыл.

COVID-19 каршы эмдѳѳнү жарым жыл сайын алып туруу керек экендигин айтып жатышат

Чындыгында бул тастыкталбаган маалымат. Учурда вакцинанын таасири кыска мѳѳнѳттүү экендигине байланыштуу ар кандай сѳздѳр айтылууда.

Ал эми мунун чын-калпын эч ким так айта албайт. Массалык эмдѳѳ башталгандан бери жарым жылдан аз эле убакыт ѳттү жана алты ай же андан кѳп убакыт мурун вакцина алгандарга вирус кандайча таасир эткендиги жѳнүндѳ эч кандай маалымат жок.

Илдетти кѳзѳмѳлгѳ алуу үчүн канча жаранды эмдѳѳдѳн ѳткѳрүш керек?

Калктын жок дегенде 70%дан ашуун бѳлүгү – болжол менен 3 млн кыргызстандык эмдѳѳдѳн ѳтүшү керек. Анткен менен, мунун да жетишсиз экендигин Чилинин мисалынан кѳрѳ алабыз. Кыскасы, канчалык кѳп  кыргызстандык эмделсе, ошончолук жакшы.

Вакцина баарына жетеби?

Азыркы тапта Кыргызстан 1,5 млн доза вакцина ала тургандыгына байланыштуу макулдашуулар ишке ашырылды. Бул кѳлѳм жок дегенде 3 млн жаранды эмдѳѳ муктаждыгы болгон учурда 750 миӊ кишини гана эмдѳѳгѳ жетет. Башкача айтканда, вакцина боюнча жетишилген макулдашуулар 25%ын гана камсыздай алат.

Кампаниянын I-III этаптарына кирбей калган жарандар качан вакцина ала алышат?

Калган бардык жарандар вакцинаны эӊ акыркы кезекте ала алышат. Кыргызстанга вакцинанын алынып келинишинин кечигип жаткандыгын эске алсак, анда эмдѳѳдѳн ѳтүү сентябрга жакын мүмкүн болуп калат.

Вакцина бардык жарандарга акысыз сайылабы?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандарды вакцинациялоо мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүгѳ тийиш. Бирок, бюджеттеги дефицитти эске алуу менен ѳкмѳт калкты коммерциялык негизде вакцинациялоо мүмкүндүгүн караштырып жатат.

Анда бардык медицина мекемелери кампанияны ишке ашыруу үчүн ѳздѳрүнүн квалификациясы менен жѳндѳмдүүлүктѳрүн кайталап тастыктоосу керек болот. Муну менен катар эле препараттарды сактоо боюнча дагы белгилүү талаптарга жооп берүүгѳ тийиш.

Вакцинациянын баасы канча болушу мүмкүн?

Бардыгы ким кайсы вакцинаны тандаганга жараша болот. Бүгүнкү күндѳ Кыргызстан  «Спутник V» вакцинасын 20 АКШ доллары (эки жолку доза) баасында сатып алууда. AstraZeneca – 50 АКШ доллары (эки жолку доза), SinoPharm — 31 АКШ доллары турат. Акыркы экѳѳнү азырынча Кыргызстан гуманитардык жардам катары, Дүйнѳлүк банк тарабынан  бѳлүнгѳн каражаттардын эсебинен жана COVAX механизминин алкагында акысыз алууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Спутник V» менен эмдѳѳ акы тѳлѳнүүчү негизде жүргүзүлѳ турганын, бирок азырынча анын так баасы аныктала экендигин билдирген. Препаратты 65 жаштан жогорку жарандар, ѳнѳкѳт оорулары барлар, дарыгерлер, мугалимдер жана ИИМ кызматкерлери акысыз ала алышат.

Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: