© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: Covid-19 жугузуп алган медиктер убада кылынган компенсацияны азыркыга чейин күтүп келишет

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан ар бир жетинчи медкызматкер гана ѳкмѳт убада кылган компенсацияны ала алган.


Баткен областында Covid-19 жугузуп алган алгачкы учур катталганда, Баткен областтык бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бѳлүмүнүн дарыгери Каныгүл Жороева — «кызыл зонада» кыргызстандыктардын ѳмүрүн сактап калуу үчүн күрѳшкѳндѳрдүн бири болчу. Ал алгачкы мезгилдерде оорулууларга кантип жардам бериш керек экенин эч ким биле бербегендиктен, абдан эле оор болгонун эскерет.

Саламаттыкты сактоо системасы мындай кырдаалга таптакыр даяр эмес болчу, ал эми медицина кызматкерлери жаӊы инфекция менен күрѳшүүдѳгү жападан жалгыз курал болуп калган. Аларды эч кандай даярдыксыз, ал тургай жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылбай туруп эпиборборго жѳнѳтүшкѳн. Медиктердин жѳнѳкѳй беткап жок иштеп жаткандарын айтып чыккан материалдарды социалдык тармактардан баарыбыз эле кѳргѳнбүз. 

Мындай окуяларды жаап-жашырууга аракет кылышкан, ал эми элге чындыкты айтып чыккан медицина кызматкерлери куугунтукка алынган. Мындай аракеттер натыйжалуу чыгып, алар үн катпай калышкан. Анткен менен, медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясына чалдыгуу учурларынын кескин кѳбѳйүшү баарына белгилүү болгон чындыкты – дарыгерлерди амбразурага таштап жаткандарын далилдеди.  

Коронавирус менен күрѳшүү учурунда Каныгүл Жороева да илдетти жугузуп алган. Бир нече жумага созулган дарылоонун натыйжасында деле оорунун кесепетинен толук арыла алган эмес.

«Алгачкылардан болуп, коронавирус инфекциясын Баткен районунун жашоочусу жугузуп алган. Ал биздин ооруканага 2020-жылдын март айында келип түшкѳн. Ал убакта коронавирустан дарылоо ыкмаларын биз билчү эмеспиз. Анысы аз келгенсип, жеке коргонуу каражаттары да жетишсиз эле. Кызыл зонада иштеп жүрүп мен да жугуздум. Бактыма жараша айыгып кеттим», — деп эскерет ал.

Каныгүл Жороева сыяктуу илдетти кызмат учурунда жугузуп алган медицина кызматкерлерине ѳкмѳт 2020-жылдын май айында 200 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ же 2300 АКШ долларынан кѳбүрѳѳк суммада компенсация тѳлѳп берүүнү убада кылган. Сумма чакан, бирок медкызматкерлер буга да ыраазы эле.

«Ушуга чейин убадаланган тѳлѳмдү ала элекмин. Ошентсе да, мамлекет ѳз милдетин аткарат деген үмүттѳмүн», — дейт ал.

Фото: CABAR.asia

Баткен шаардык тез жардам бѳлүмүнүн фельдшери Аскарали Ысманов да компенсация тѳлѳп берүүлѳрүн күтүп жүрѳт. Башка кѳптѳгѳн медицина кызматкерлери сыяктуу эле ал дагы коронавирус инфекциясы аныкталган алгачкы учурлардан баштап оорулууларга алгачкы медициналык жардам кѳрсѳтүп жүрүп, ѳзү да жугузган.

«Бизге эгер илдетти жумуштан, оорулууларга жардам кѳрсѳтүү учурунда  жугузуп алсак, мамлекет компенсация тѳлѳп берет деп айтышкан. Бирок ушуга чейин бир тыйын ала элекмин», — деп кайгырат ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен областындагы координатору Арзыбек Бѳрүбековдун айтуусу боюнча, атайы комиссия кызмат учурунда Covid-19 жугузуп алган 110 медицина кызматкеринин документтерин карап чыгып, анын ичинен 76 медиктин документин Саламаттыкты сактоо министрлигине жѳнѳткѳн.

«Бул учурлар боюнча тѳлѳмдѳр азырынча аткарыла элек. Ал эми документтери ѳтпѳй калган медкызматкерлер боюнча айта турган болсок, комиссия алардын коронавирус менен ооруганын же аны кызмат учурунда жугузуп алгандарын тастыктаган жок», — деп түшүндүрдү Бѳрүбеков.

Бул жагдай жогорудагы учурлар менен гана чектелбегенин белгилей кетмекчибиз. Бирок расмий статистикада баары башкача. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаевдин берген маалыматына ылайык, 6295 медицина кызматкеринин ичинен 200 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ компенсацияны 925 кызматкер гана алган.   

«2020-жылы Covid-19 жугузуп алгандыгына байланыштуу компенсация тѳлѳп берүү жѳнүндѳ арыз менен 3089 медкызматкер кайрылган. Алардын ичинен 1117 кесиптешке компенсация тѳлѳп берүү чечими кабыл алынган. Бирок, тилекке каршы, 2020-жылдын 31-декабрына чейин болгону 925 кызматкерге 200 сом ѳлчѳмүндѳ жана оорудан улам кѳз жумган 32 медицина кызматкеринин үй-бүлѳлѳрүнѳ 1 млн сом (11,8 миӊ АКШ доллары) ѳлчѳмүндѳ компенсация тѳлѳп берүүгѳ жетише алдык», — деп билдирген Рахматуллаев Sputnik басылмасына берген маегинде.

Тѳлѳмдѳр эки этап менен ишке ашырылган. 2020-жылдын май айында 145 медицина кызматкери 200 миӊ сомдон жана 21 үй-бүлѳ 1 млн сомдон алган. Жалпысынан 50 млн сом (590 миӊ АКШ доллары) тѳлѳнгѳн. Экинчи этапта дагы 780 медкызматкер (200 миӊ сомдон) жана 11 үй-бүлѳ (1 млн сомдон) компенсация алышкан.

«Калган 200гѳ жакын кызматкерге компенсациялар быйыл тѳлѳнѳт. Министрлер кабинетинин буйругу менен медкызматкерлерге компенсация тѳлѳѳ үчүн 243 млн сом бѳлүнүп берилди», — деп ишендирет чиновник.

Рахматуллаевдин айтымында, бүгүнкү күндѳ Саламаттыкты сактоо жана социалдык ѳнүгүү министрлиги тарабынан тѳлѳмдү ишке ашырууга байланыштуу эч кандай кѳйгѳй жок.  Кечигүүлѳр медиктердин ооруп калган учурларын изилдеп чыккан атайы комиссия менен байланыштуу.

«Мурда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу бир эле комиссия иштечү, азыр болсо бул функциялар бардык саламаттыкты сактоо мекемелерине ѳткѳрүлүп берилген. Ошентип, ар бир медициналык мекемеде ѳзүнүн комиссиясы түзүлүп, кызматкерлерине компенсация тѳлѳп берүү жѳнүндѳ чечим ошол жерлерден кабыл алынат. Азыр ар бир учур боюнча комиссиянын чечимдери бизге эмес, ММК фондуна жѳнѳтүлѳт. Биз бул функцияны фондго ѳткѳрүп бергенбиз», — деп кошумчалоо менен тѳлѳмдѳрдү алуу боюнча жаӊы арыздар жѳнүндѳ жаӊы маалыматтарга ээ эмес экендигин билдирди  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

CABAR.asia ММК фондуна кайрылганында, азырынча Covid-19 менен ооруган медиктерге компенсация тѳлѳп берүү боюнча функцияларды ѳткѳрүп алуу иши жүрүп жатканын, андыктан тийиштүү маалыматтары жок экенин билдиришти. Мамлекеттик структуралар жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жаткан мезгилде медицина кызматкерлери тѳлѳмдѳрүн күтүп отурушат. Канчалык кѳп убакыт ѳтсѳ, колдоруна тыйын албай калуу коркунучу да ошончолук жогорулай турганын белгилей кетүү зарыл.

2020-жылы арыз берип үлгүргѳн медиктер мамлекет тарабынан 200 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ компенсация тѳлѳнүп берилишине үмүт арта алса, быйыл кабыл алынган арыздар таптакыр башка тариф боюнча каралып чыкмакчы. Компенсацияларды эсептѳѳнүн жаӊы эрежелерине ылайык, анын ѳлчѳмү 62,5%га, башкача айтканда, 75 миӊ сомго (885 АКШ долларына) түшкѳн.

Азамат Жумакеев. Онлайн-брифингден скриншот

«Медиктерге 200 сом ѳлчѳмүндѳ бир жолу тѳлѳнүүчү тѳлѳм шашылыш кырдаалда белгиленип, алдын ала эсептелип чыккан эмес. Ал эми 75 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ компенсация — медиктердин орточо айлык акысынын 15 эсе жогору суммасы. Орточо айлыкка негиз катары, 5 миӊ сомду алдык», — деп түшүндүрдү Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бѳлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев CABAR.asia порталына берген комментарийинде.

Бирок, тѳлѳмдѳрдүн суммалары гана азайбастан, ооруп калган кызматкерлерге карата коюлган талаптар да катуу боло баштады. Тактап айтканда, эгерде комиссия медиктин ооруну жугузуп алышына себеп болгон сактык чараларын сактабаганы же шалаакылыкка жол бергендигин аныктап чыкса, анда мындай кызматкер мамлекеттен тѳлѳм күтпѳй эле койсо болот.


Материал «Giving Voice, Driving Changefrom the Borderland to the Steppes Project» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.  

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: