© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

“Лайк» бассаң, “репост” кылсаң – түрмөгө. Борбор Азияда соцтармактардагы экстремизм менен кантип күрөшүп жатышат

Эксперттер аймактагы бийликтер социалдык тармактардагы атайылап жасабаган иш-аракеттер үчүн эркинен ажыратуу катаал саясатын кайра кароого тийиш деп эсептешет.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


2018-жылдын башына карата Кыргызстанда соцтармактардын 1,3 млн активдүү колдонуучусу катталган.  Мындай маалыматтар We Are Social аналитикалык агенттигинин отчетунда келтирилген. Өткөн жылы 700 миң колдонуучу социалдык медиада алгач ирет катталган.  

GlobalWebIndex эсептөөлөрү боюнча, бүгүнкү күндө интернет колдонуучу соцтармактарда орточо 2саат 15 мүнөт болот, ал эми жалпылап алганда, кыргызстандыктар күнүнө дээрлик 3 миллион саатты соцтармактарда өткөрүшөт жана бул убакыт улам өсүп бара жатат.   

Аны менен катар социалдык тармактардын күндөлүк турмушка тийгизген таасири да өсүүдө.  Активдүү каршылык көрсөтүүлөр, акциялар жана экстремисттик кампаниялар менен экстремисттик иштерге тартуу көчөдөн интернет мейкиндигине өтүп, айрым учурларда чоң ийгиликтерге ээ болууда.  

Бирок мындай таасир менен катар, колдонуучулардын өз баракчаларында жайгаштырган же жөн гана «лайк» баскан контенттер үчүн жоопкерчилиги да жогорулап бара жатат.   

Республиканын парламентинин жакында өткөн жыйынында Кыргызстандын УКМКнын өкүлү белгилеп кеткендей,  «колдонуучулардын баасы – кылмыш-жаза жоопкерчилигине тарта турган иш-аракет  болуп саналбайт. Эксперттер Түйүндө жайылтуучулардын профилдерине киргендерди эмес, жайылтуучулардын өздөрүн көзөмөлгө алышат (цитата: Kaktus.media).

Ошондой болсо да Кыргызстанда, жалпы эле Борбор Азияда соцтармактагы виртуалдык «класс», репост же түшүндүрмө-пикири колонияда реалдуу мөөнөт өтөө үчүн себеп болгон учурлардын прецеденти бар.  

Кылмыш-жаза кодексинин беренеси менен «акча табуу»

Freedom Houseдун «Интернет эркиндиги 2017» акыркы отчетуна ылайык, Кыргызстан жүз баллдан  37 баллга ээ болгон – балл канчалык төмөн болсо, интернет эркиндиги ошончо жогору.  Өлкө эки жылдан бери кармап турган бул планка акыркы 5 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. Эң жакшы көрсөткүч – 34 балл – 2014-жылы болгон, калган жылдары республика туруктуу түрдө 35 балл топтогон эле.  

 

!function(e,t,n,s){var i=”InfogramEmbeds”,o=e.getElementsByTagName(t)[0],d=/^http:/.test(e.location)?”http:”:”https:”;if(/^\/{2}/.test(s)&&(s=d+s),window[i]&&window[i].initialized)window[i].process&&window[i].process();else if(!e.getElementById(n)){var a=e.createElement(t);a.async=1,a.id=n,a.src=s,o.parentNode.insertBefore(a,o)}}(document,”script”,”infogram-async”,”https://e.infogram.com/js/dist/embed-loader-min.js”);

Кыргызстан Борбор Азиядагы интернет жарым-жартылай эркин болгон жападан-жалгыз өлкө болуп саналат. Аймактын калган өлкөлөрүндө ал эркин эмес.   

Кыргызстанда социалдык тармактарда маалыматты өз-өзүнчө жөнгө салуу жок экендигине карабастан, интернеттеги туюндуруу эркиндигин коргоо жана жоопкерчилик офлайн режиминдегидей эле иштейт. «Репост» түшүнүгү мыйзамда белгиленген эмес, ошондуктан көп нерсе приваттык (жеке) ырастоо-тескөөлөргө көз каранды», – дейт «Институт Медиа Полис» коомдук фондунун башчысы Бегаим Усенова.  Анын айтуусу боюнча, эгер соцтармакта лента сиздин досторуңуз сиздин эмне кылып жатканыңызды көрүп тургандай ырасталып-тескелген болсо, бул, мыйзамдын көз карашынан алганда,  маалыматты таратуу болуп эсептелет.  Демек, талаш-тартыштуу мазмунга ээ контент жарыяланса, ал үчүн жазага кириптер болууга мүмкүн.

Бегаим Усенова Photo: media.kg

«Билдирүү-маалыматтын автору болбосок да, биз пост же репост кылып жаткан нерсе иш-аракетибиз башталган моменттен тартып бизден кетип жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Ошондуктан, жок дегенде, туура эмес же мыйзамга туура келбеген маалыматтарды көбөйтпөш үчүн биз андан ары кетирип жаткан маалымат так экенине ынанууга акыл-эстүү аракеттерди жумшообуз керек», – деп эсептейт.

Башка маселе – “репост”, мейли, ал мыйзамга каршы контентке ээ болсо да, 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилигин тартууга алып келбеш керек. Азыр бул КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин «Улуттук (улуттар ортосундагы), расалык, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу» боюнча ишке ашуусу мүмкүн.  

«Көптөгөн адамдар түпкүрдө бир жерге отуруп алып, соцтармактар – алардын жеке мейкиндиги деген ойдо болушат да, реалдуу мөөнөттөгү жаза аларын билбей, каалаган нерсенин бардыгына пикир-түшүндүрмө бере беришет. Албетте, бул маселе боюнча иш жүргүзүү керек. Адам адегенде мындай постторду жазууга болбой тургандыгы тууралуу эскертүү алышы керек, андан соң айыппул төлөшү зарыл, эгер андайды уланта берсе, анан гана реалдуу жазага тартылууга тийиш.

Азыр бул берене акча таап ала турган беренеге айланды. Кандайча? Алар  [укук коргоо органдары] келишет да, мына, реалдуу берене жана реалдуу мөөнөткө кесилип кетүүгө болот дешет. Албетте, балдары мындайга кириптер болуусун каалабагандардын бардыгы  акча берип кутулууга аракет кылышат», – деп эсептейт укук коргоочу жана «Коомдук анализ институту» коомдук уюмунун директору  Рита Карасартова.

2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин «Террористтик же экстремисттик ишмердүүлүктү  ачык жактыруу» 226-беренесинин 6-пунктунда  «интернет» түшүнүгү пайда болгон. Дин таануучу жана экстремизм боюнча эксперт Икболжан Мирсаитовдун айтуусу боюнча, бул өткөн жылы милиция интернет колдонуучуларды социалдык тармактардагы лайктар же репосттор үчүн кармаган көп учурлардын, өзгөчө, өлкөнүн түштүгүндө,  орун алышына  алып келген.  

«Көптөргө административдик жаза (1-2 миң сом же $14-29 өлчөмүндөгү айыппул) колдонулган, ал эми кайра кайталанган учурда 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылган. Булар, негизинен, мындай иш-аракеттер үчүн жазага тартуу каралганын билбеген жаш адамдар болгон, ошондуктан маалыматтарды беришкен, бөлүшкөн, колго түшүп калышкан. Бул жылы динамика төмөндөөгө бет алды, анткени мындай иштер тамаша эмес экенин жаштар түшүнө башташты», – дейт Мирсаитов.

Эркиндикти басуу

Тажикистанда калктын 3% гана – соцтармактардын колдонуучулары, бул өлкөдөгү 9 миллион адамдын 310 миң адамы.  Республика Freedom Houseдун интернет эркиндигинин рейтингине кирбейт, бирок Human Rights Watch маалыматтарына таянсак, адам укуктары боюнча кырдаал бул жерде 2015-жылдан тартып «ой-пикирди туюндуруу эркиндигин, ассоциациялардын, тынч оппозициялык ишмердүүлүктүн, көз каранды эмес адвокатуранын эркиндигин жана диний эркиндикти кеңири масштабда басуу эскалациясынын фонунда кескин начарлап кеткен».

Бул жылдын жай мезгилинде Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин «Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого ачык чакырыктар жана (же) террористтик ишмердүүлүктү ачык актоо» 179-беренесине  өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш беришти. Аталган берененин экинчи бөлүмүнө «Интернет аркылуу» деген сөз айкашы кошулган. Ал үчүн жаза – 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу.

«Интернетте соцтармактарды пайдалануу экстремисттик жана/же террористтик уюмдарга тиешеси болгондуктун далили катары квалификацияланууда.  “Лайктар” эле эмес, мындай материалдарды жайылтуу жана берүү да. Интернет түйүнүн кылмыштардын аталган категориялары боюнча колдонуунун квалификациялык белгилерин камтыган иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу учурлары Тажикстанда бар.  Иштердин мындай категориялары практикада абдан көп кезигет», – дейт «Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» коомдук уюмунун адвокаты жана юристи Абдурахмон Шарипов.

Нодира Абдуллоева. Photo: Facebook

Укук коргоочулар экстремизм же терроризмге каршы мындай күөрш өзүн актайт деп эсептешпейт. Алардын айтуусуна карасак,  кылмыш иштери кыйыр далилдердин негизинде козголуп жатат.

«Бүгүнкү күндө Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинде интернетте кылган иш-аракеттер үчүн жазаларды караган 8 берене бар. Практика көрсөткөндөй, Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган адилеттик принциби (жаза адилеттүү болууга жана кылмыштын коомго коркунуч келтирүү мүнөзү менен даражасына ылайык келүүгө тийиш) иштердин мындай категориялары боюнча дайыма эле сактала бербейт», – дейт Адам укуктары боюнча борбордун эмгек миграциясы боюнча программаларынын координатору Нодира Абдуллоева.

 

Макул болбогондор менен күрөшүүнүн куралы

Интернет эркиндигинин рейтингинде Казакстан 62 баллга ээ болгон. Өлкө акыркы беш жылда бул планканы 1-2 балл кошуп же азайтып, кармап келе жатат.

 

!function(e,t,n,s){var i=”InfogramEmbeds”,o=e.getElementsByTagName(t)[0],d=/^http:/.test(e.location)?”http:”:”https:”;if(/^\/{2}/.test(s)&&(s=d+s),window[i]&&window[i].initialized)window[i].process&&window[i].process();else if(!e.getElementById(n)){var a=e.createElement(t);a.async=1,a.id=n,a.src=s,o.parentNode.insertBefore(a,o)}}(document,”script”,”infogram-async”,”https://e.infogram.com/js/dist/embed-loader-min.js”);

Казакстанда экстремизм идеяларын жайылтуу үчүн бир кыйла популярдуу соцтармактар катары Facebook жана YouTube саналат. Тиешелүү билдирүүлөрдү репосттоо маалыматтарды жайылтуу менен барабар каралат. Репост кылган адам материалды жазган адам менен бирдей жоопкерчиликке тартылат.

«Казакстанда репосттогу маалыматтар жана, негизинен,  улуттук жана диний араздашууну тутандыруу катары квалификацияланган маалыматтарга лайктар үчүн козголгон кылмыш иштери менен чыгарылган айыптоо өкүмдөрү бар. Араздашуунун ар кыл түрлөрүн тутандыруу үчүн жоопкерчилик Казакстан Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинде  каралган. Расмий статистика көрсөткөндөй, акыркы үч жылда  аталган берене боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын саны өсүүдө», – дейт “Адил соз” фондунун юристи Тамара Симахина.

Кылмыш-жаза кодексинин «Улуттук, социалдык жана диний араздашуунун тутандыруу» 174-беренесинде  2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Кылмыш иштери «Билип туруп жалган маалыматты жайылтуу тууралуу» 274-берене  боюнча да козголот, анда 12 млн теңгеге (болжолдуу $32 миң) чейин айыппул салынышы же чектөө коюлушу, болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.  

Андан сырткары, соцтармактардын ар бир колдонуучусу анын баракчасында башка бирөө экстремисттик багыттагы пикир-түшүндүрмө жазып койгондугу үчүн бир жарым айга темир тор артына түшүүсү ыктымал. Адегенде ага пикир-түшүндүрмөнү өчүрүп салуу талабы менен кат жөнөтүшөт, эгер  каттагы талап аткарылбаса, колдонуучуну сотко беришет.  

Казакстан – Борбор Азияда мыйзамдарына интернетти жөнгө салууга багытталган түзөтүүлөрдү активдүү түрдө киргизип жаткан жападан-жалгыз өлкө. 2017-жылдын январында Кызыл-Ордо областынын прокуратурасы диний жана улуттук жек көрүүгө үндөйт деген болжолдоого байланыштуу, Facebook жана ВКонтакте тармактарындагы 39 билдирүүнү жана YouTube тармагындагы 25 эсептик жазууну бөгөттөгөнүн билдирген. 

Өлкөдө бир нече орган, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитети, президенттин офиси жана бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү онлайн-контентти көзөмөлгө алат. Бирок укук коргоочулар экстремизм менен күрөш – жөн гана шылтоо деп эсептешет.  

Евгений Жовтис. Фото: Ярослав Радловский

«Мен муну соцтармактардагы экстремизмге каршы күрөш деп эсептебейм, бул макул болбогондорго каршы күрөшүүнүн куралын текшерүү деп ойлойм. Кылмыш иштери формалык курамы боюнча козголууда, кесепеттерине эч кандай баа берилген жери жок. Формалдуу түрдө кайсы бир текст, репост, пост, лайк, кандайдыр бир айтым алынып, эксперттер тарабынан анализденет да, анын негизинде бул материал экстремисттик багыттагы кандайдыр бир маалыматты камтыры тууралуу бүтүм чыгарылат. Кылмыш-жаза–укуктук көз караштан алганда, бул процедура туура эмес. Чыгарылган корутундулар болжолдоо мүнөзүнө ээ, айыптоонун жүрүшүндө эч ким кылмыштуу ниетти далилдеген жери жок»,- деген пикирин Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча Казакстандын эл аралык бюросунун директору Евгений Жовтис билдирет.

Сиздин артыңыздан аңдышууда

Интернет эркиндигинин рейтингинде Өзбекстандыкы 77 балл. Өткөн 4 жылда өлкө  78- 79 балл топтогон. Жакшыруу мамлекеттик порталдын пайда болушу менен байланыштуу, ошентсе да  Freedom Houseдун отчетуна ылайык, бул өлкөдө интернет эркиндиги репрессивдүү бойдон калууда.  

 

!function(e,t,n,s){var i=”InfogramEmbeds”,o=e.getElementsByTagName(t)[0],d=/^http:/.test(e.location)?”http:”:”https:”;if(/^\/{2}/.test(s)&&(s=d+s),window[i]&&window[i].initialized)window[i].process&&window[i].process();else if(!e.getElementById(n)){var a=e.createElement(t);a.async=1,a.id=n,a.src=s,o.parentNode.insertBefore(a,o)}}(document,”script”,”infogram-async”,”https://e.infogram.com/js/dist/embed-loader-min.js”);

Өз кезегинде, Human Rights Watch белгилегендей, Өзбекстандын парламенти  «атайын кызматтарга соцтармактардагы билдирүүлөрдү жана пикир-түшүндүрмөлөрдү алмашууларды каттоо аркылуу жарандардын онлайн активдүүлүгүн аңдууга мүмкүнчүлүк берген түзөтүүлөрдү мыйзамдарга киргизүүнү колдоп берген». Бир катар жылдардан бери бийлик  популярдуу соцтармактарга, анын ичинде ВКонтакте, Facebook жана YouTube тармактарына бөгөт коюп келүүдө. Провайдерлер бир нече жолу мындай мүнөздөгү көрсөтмөлөрдү алышканын ырасташканы менен, бөгөт коюу расмий түрдө белгиленген эмес. Уюм өлкө бийлигин маалыматка, анын ичинде интернетте, натыйжалуу жетүүнүнү камсыз кылууга чакырууда.  

Өлкөдө лайктар жана репосттор үчүн кылмыш иштерин козгоо прецеденти болбогону менен, бийлик социалдык тармактарга кылдат байкоо жүргүзөт.  Мында кылмыш иштери башка негиздер боюнча козголот, – дейт «Жалындуу Жүрөктөр Клубу” эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Мутабар Таджибаева. Ал мисал катары активисттер фейсбукта диний укуктардын бузулушун талкууга алышып, андан кийин дароо бир нече блогер жана дискуссиянын жөнөкөй катышуучулары камакка алынган учурду келтирет.  

«Каримовдун доорунан бери атайын кызматтар жеңил ойлуу аялдардын (сойкулар), махалла комитеттеринин өкүлдөрүнүн жана башка агенттердин кызматтарын пайдаланып келген. Аларды жарандык коомдун активисттерине жана  жакпаган башка жарандарга каршы колдонушкан. Саналып өткөн агентура  компрометация, кылмыш иштерин,  административдик иштерди козгоо максатында иш кылышат. Натыйжада, мыйзамсыз административдик тартип бузуулар, административдик айыппулдар жана камоолор келип чыгат. Дал ушул ыкма системалык ыкма болуп калды», – дейт Таджибаева.

Декриминалдаштыруу жана мамилелердин бир түрдүүлүгү

“Бир репостту кылмыш катары саноого болбойт. Кылмыш – түрдүү иш-аракеттердин, ниеттердин жыйындысы”. Бегаим Усенова
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мыйзамдарында айырмачылыктар орун алганына карабастан, аларда лайктар жана репосттор үчүн катаал жазалардын болгону бириктирип турат.  Казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис  кылмыш куугунтугусуз чечүүгө мүмкүн болбой калган учурда, сөз эркиндиги жана аны кыянаттык менен колдонуунун ортосундагы чекти так аныктоо керектигин белгилейт.  Анын айтуусу боюнча, кылмыш куугунтугу төмөнкү учурларда гана жүргүзүлүшү мүмкүн:

 а) эгер айтылган сөздөрдө зомбулук коркунучу, жек көрүүнү, кастыкты тутантуу жана зордук-зомбулукка чакырык орун алса

б) эгер бул коркунуч реалдуу болсо.

Мындан тышкары, эксперттер ар кыл айтымдар, жүйөлөр жана кесепеттер үчүн санкциялардын түрдүү спектри каралышы керектигин бир ооздон белгилешет.

«Биз контексти жок репосттун өзү, аны ким жасаганын эсепке албастан, кылмыштуу ниетти эсепке албастан, аны кандай аудитория көргөнүн эсепке албастан, кандайдыр бир башка   факторлорсуз, кылмыш ишин козгоо үчүн себеп боло алат деп эсептей албайбыз. Бир репостту кылмыш катары саноого болбойт. Кылмыш – түрдүү иш-аракеттердин, ниеттердин жыйындысы. Жоопкерчилик да натыйжа кандай болгон, коомдук коркунуч бар беле, реалдуу коркунуч орун алды беле, кандайдыр бир тескери натыйжаларды аңдап-түшүнүп, каалады беле деген көз караштан каралышы керек» – деп эсептейт Бегаим Усенова.
Анын айтуусу боюнча, маселеге комплекстүү мамиле кылуу: калктын укуктук сабаттуулугунун үстүндө иштөө, тергөөчүлөрдү жана сотторду окутуу, ошондой эле мыйзамдарды алмаштыруу зарыл. Анын ичинде мындай иштерди кароодо эл аралык мыйзамдарды эсепке алуу менен бирдиктүү  мамилени иштеп чыгуу талапка ылайык.

Тажикстандагы кырдаал да ушуга окшош.  

«Менин оюмча, интернеттеги иш-аракеттер үчүн жоопкерчиликти  белгилеген биздин [тажик] кылмыш-жаза мыйзамдарыбыз дале так эмес, аларды колдонгондор тарабынан кеңири чечмелене берет. Жогорку сот мындай иштерге «like» же «share» туудурган коомдук коркунучтун мүнөзү жана даражасын эсепке алуу менен укуктук баа берүүнү сотторго түшүндүрүп берген Пленумду эбак эле иштеп чыгышы керек болчу деп ойлойм», – дейт Нодира Абдуллоева.

Казакстанда мындай документ жок, бирок укук коргоочулар анын натыйжа береринен күмөн санашат.

«Ал бир нерсени минималдаштырарына, аныктап-тактарына күмөнүм бар. Бул –   концептуалдык жактан туура эмес мыйзамдардын зыянын эптеп минималдаштыруунун гана аракети. Зыянды кыскартуу десек болот, бирок ал көйгөйдү чечпейт. Мыйзамдарды жана мамилелерди концептуалдуу түрдө кайра кароо тууралуу айтуу керек. Антпесе мындан эч нерсе чыкпайт», – деп эсептейт Евгений Жовтис.


Данная статья была подготовлена в рамках проекта IWPR «Стабильность в Центральной Азии через открытый диалог»

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: