© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргыз-тажик чек арасы: эки эл теӊ жаӊжалдардан чарчады

Эгерде Кыргызстан менен Тажикстандын  лидерлери бул маселени биротоло чечүү үчүн саясий эрк таппаса, эки ѳлкѳнүн чек арага жакын жайгашкан аймактарынын тургундары тынымсыз жаӊжалдын ичинде жашоого мажбур болушат, деп белгилешет эксперттер. 


Подпишитесь на нашу страницу в Facebook!


Жаӊжал кечээ, 16-сентябрь күнү Кыргызстандын Баткен областынын Лейлек районундагы Максат айылында болду.

Расмий билдирүүлѳрдѳ эки ѳлкѳнүн теӊ чек ара кызматтарынын пикирлеринин окшоштугу чыр-чатакка такталбаган жерде жүрүп жаткан курулуш иштери себеп болгондугун айтуусунда. Калган жагынан ведомстволордун версиялары эки башка.

Жаӊжал Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арага жакын жайгашкан Максат айылында болгон.

Максат айылы. Photo: ru.sputnik.kg / Эмил Садыров

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, курулушту Тажикстандын жарандары баштаган, ал эми «буга жооп катары», Кыргызстандын жараны дагы ошол жерде жайгашкан үйүнүн  аймагына дубал тургуза баштаган. Тажик чек ара кызматы чырдын «Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан белгисиз курулма салынып жаткандыгына байланыштуу» келип чыкканын айтууда.

Курулушту токтотуу боюнча талаптар оозеки урушуудан ок атышууга айланып кеткен. Расмий түзүмдѳрдүн ок атууну ким баштагандыгы жѳнүндѳгү версиялары дагы бири-бирине дал келбѳѳдѳ.

«Кыргыз тарап талаш аймактарда чек аранын делимитациясын белгилеген эки тараптуу макулдашууларга карабай аракеттенип, окуя болгон жерге 250-300 кишиден турган кошумча аскердик күчтү алып келген. Кийин алар чагымчылдык аракеттерге ѳтүп, саат 19:00дѳ Бахор мааласынын куралсыз жарандарына карай ок чыгара баштаган», – деп айтылат Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин билдирүүсүндѳ.  

Последствия перестрелки в махалле Бахор сельского джамоата Овчи-Калача Согдийской области Таджкикистана. Photo: sugdnews.com

«Тажик тарап биринчилерден болуп курал колдонуп, топтук колдонууга арналган  курал менен Кыргызстандын Баткен областынын Лейлек районундагы Максат чек ара постун, андан соӊ убактылуу Сай чек ара постун аткылап салышкан», – деп билдирет Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Ведомствонун берген маалыматына ылайык, бир чек ара кызматкери кѳз жумган, дагы 13 кыргызстандык жаракат алып, Исфана шаарынын ооруканасына жаткырылган.  Алардын ичинен жетѳѳ – аскер кызматкерлери жана алтоо – бир кичине бала кошулуп, катардагы жарандар, 

Тажикстан Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстандын бир нече жаранына ок тийип, жарадар болгон. «Азия Плюс» маалымат агенттиги күч ведомстволорунун булактарына шилтеме берүү менен каза тапкан үч чек ара кызматкери тууралуу жазып чыккан. Кийинчерээк бул маалыматты Азаттык радиосунун тажик кызматына (Озоди радиосу) Согд областынын бийлиги ырастап берген. Ошондой эле, Овчи-Калъача жамоатынын башчысынын орун басары Абдухамид Одинаев Озоди радиосуна ооруканага жеткирилген 12 жарадар тууралуу дагы билдирген.

«Бир жактуу процесс эмес»

Жаӊжал чыккан жерге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев барды. Ал тийиштүү мамлекеттик түзүмдѳрдүн жетекчилери менен кеӊешме ѳткѳрүп, чек арага жакын айылдардын жашоочулары менен жолукту.

ALI_2309
ALI_2276
ALI_2033
ALI_1948
ALI_1908

Фото: КР Ѳкмѳтүнүн басма сѳз кызматы

Ѳкмѳт башчы чек ара маселелерин чечүү негизги маселе экендигин белгилѳѳ менен, бул бир жактуу процесс эмес экендигин айтты.   

«Ѳкмѳт тез аранын ичинде бардык талаш тилкелерди макулдашуу жана чек ара маселелерин чечүүдѳ максималдуу түрдѳ оӊ натыйжаларга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча иш-аракеттерди күчѳтѳт.  Биз улуттук кызыкчылыктарды эсепке алуу менен чек ара кѳйгѳйлѳрүн чечүү үчүн колубуздан келген күчтү жумшайбыз», — деди Абылгазиев. 

Ошону менен бирге эле, парламенттин спикери Дастан Жумабековдун тапшырмасы менен вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган эл ѳкүлдѳрүнүн тобу Баткен областынын Лейлек районун кѳздѳй чыгышты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча кеӊешме. Photo: president.kg

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, чек арадагы кырдаалга байланыштуу 17-сентябрь күнү ѳткѳн кеӊешмеде жаӊжалдын андан ары уланып кетүүсүнѳ жол берилбеши керек экендигин жана жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын белгилеп кетти. Мындан сырткары, ѳлкѳ башчысы «кырдаалды жѳнгѳ салуу эл аралык укуктар жана мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлѳшүүлѳрдүн жүрүшүндѳ  жетишилген макулдашуулардын алкагында гана» ишке ашырылууга тийиш экендигин» баса белгиледи.

Ал эми «24.kg» МА жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен, Максат айылынан 750дѳн ашык тургуну эвакуациялангандыгын жазып чыкты. Жашоочулардын кѳбүн коӊшу аймактарда жашаган туугандары алып кеткендиги айтылууда. Элдин дагы бир бѳлүгү Эски-Оочу айылындагы мектепке жайгаштырылган. 

Бишкек шаарында болсо, баткендиктер бийликтин кыргыз-тажик чек арасы боюнча чыккан чыр-чатактарды биротоло чечип бербей жаткандыгына байланыштуу нааразычылык митингин ѳткѳрүүгѳ аракет кылышкан. Бирок, «24.kg» МА билдиргендей, ал жерге милиция кызматкерлери келип, митингдерди ѳткѳрүүгѳ убактылуу тыюу салынгандыгын айтышкан.

Митингге чыккандар ѳкмѳткѳ чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча  комиссиянын таза жана ачык иштѳѳсүн, Баткен областына ѳзгѳчѳ макам берилишин, талаш тилкелерге объектилерди куруунун токтотулушун жана башка бир катар талаптарын коюшту.

Талаш чек ара

Чек арага жакын аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатактар тынымсыз болуп турат. Эки ѳлкѳнүн жалпы чек арасынын узундугу 976 километрди түзүп, анын ичинен 472 километри расмий бекитилген эмес. Дал ушул тилке жашоочулардын ортосунда түшүнбѳстүктѳрдүн жаралышына себеп болуп келет.

2019-жылдын 4-6-апрелинде Душанбе шаарында эки ѳлкѳнүн ѳкмѳт делегациялары мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча катардагы жыйынды ѳткѳрүшкѳн. 13-мартта Кыргызстан тарабынан тажиктердин Ворух  эксклавын айланып ѳтүп, кыргыз айылдарын Баткен областынын борбору менен бириктире турган Аксай-Тамдык ѳтмѳ жолунун курулушу кайрадан башталгандыгына байланыштуу чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай жана Ворух айылдарынын тургундарынын ортосунда куралдуу жаӊжал чыккан.

Тажик тарап курулуш чек аранын талаш тилкесинде ишке ашырылып жаткандыгын белгилеп, Ворух айылынын тургундары транспорттук изоляцияга туш болуп калат деп кооптонууда. Кыргызстан мындай жүйѳлѳр менен макул эмес.

Быйылкы жылдын 22-июлунда Ак-Сай айылына жакын Тѳрт-Кѳчѳ аттуу жерде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан.  КР Чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, чырдын келип чыгуусуна Ворух айылынын тургундары тарабынан желек сабынын орнотулушу себеп болгон. Муну менен алар Исфара шаарында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуша турган президент Эмомали Рахмондун келишине даярдык кѳрүп жатышкан.

Photo: president.kg

Жолугушуу тѳрт күндѳн кийин болду. Эки мамлекеттин президенттери айыл ѳкмѳттѳрүнүн аксакалдары жана жамаат ѳкүлдѳрү менен жолугушуп, кийин сүйлѳшүүнү Исфара шаарында тар курамда улантышты.

«Биз сүйлѳшүү процессине динамика жана натыйжалуулук берүүнү сунуштайбыз. «Жѳнѳкѳйдѳн татаалга карай» принциби боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелери боюнча ишти улантуу абдан маанилүү. Биргелешкен аракеттерибиз менен чек араларыбызды жаралуу, тынчтык жана бейпилдик дарбазасына айланта аларыбызга ишенем», — деп баяндайт Сооронбай Жээнбековдун сѳзүн Кыргызстан ѳлкѳ башчысынын басма сѳз кызматы.

Эмомали Рахмондун басма сѳз кызматы бул иштин тарыхый мааниге ээ экендигин жана эки мамлекетти кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин акырына чыгарууга жакындата тургандыгын белгилеп кетти. 

Эксперт: кѳйгѳлѳрдү ѳз ара эпке келүү менен чечүүгѳ болот

 Фото: CABAR.asia

Бишкек шаарынан эксперт Асель Мурзакулова кыргыз-тажик чек арасындагы кѳйгѳйлѳрдү изилдѳѳ менен алектенет.  CABAR.asia менен болгон маегинде эки тарапка теӊ кыргыз-тажик чек арасынын ар кайсы тилкелериндеги талаштарды чечүүгѳ багытталган иш-аракеттерди аткаруусуна мүмкүндүк  бербей жаткан бир нече олуттуу себеп бар экендигин айтты.

Саясий эрктин зарылчылыгы

А. Мурзакулова: Чек ара маселеси – Душанбе жана Бишкек үчүн жогорку саясий чыгымдарды талап кылган ѳтѳ кылдат тема. Акыркы окуялар тараптардын күч колдонуу вариантын да пайдалана тургандыгын кѳрсѳтүп турат жана мындагы популизм, башкача айтканда күч-кубатын кѳрсѳтүүгѳ багытталуу азырынча үстѳмдүк кылууда. Бирок бул аталган аймак үчүн жаӊы бир сюжет эмес. Жакынкы эле тарыхтагы окуяны эске салсак – 2000-жылы тараптар талаш тилкелерге текшерүү-ѳткѳрүү пункттарын орнотуп, акырындап кайра алып салууга туура келген; бир жолкусунда жергиликтүү жашоочулардын кысымы алдында, экинчисинде – эки жактуу сүйлѳшүүлѳрдүн натыйжасында.  

Популизм – чек ара маселеси сыяктуу кылдат темада ашкере бүлгүндүү опция болуу менен, кѳп учурда анын аркасында саясий эрктин жетишсиздиги жашырылат. Саясий эрк – кыска мѳѳнѳттүк жеке кызыкчылыктарга зыян келтирип, бирок, узак мѳѳнѳттүк келечекте кѳбүрѳѳк пайдага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берген ѳз ара эпке келүүнү билдирет. Азыркы жетекчилер коомдук колдоону жоготуп алууга байланыштуу болгондугунан улам мындай наркты тѳлѳп берүүгѳ даяр эмес.

Жаӊжалдардын себептери тууралуу

Чыр-чатактар чек аралар так белгиленбегенден улам гана чыгып жатат деп айтуу туура эмес. Чек арадагы чырлар жергиликтүү жашоочулардын коопсуздукту сезбегендигине жана адилеттүүлүккѳ жетүү мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу келип чыгууда. Кайрыла турган жалгыз инстанция – чек арачылар.

Элге эмне керек? Элге коопсуздук керек. Бирок бул аларды кадам сайын паспортун кѳрсѳтүүнү талап кылып, куралчан адамдар айыл турмушунун адаттагы кѳрүнүшү болуп калган коопсуздук эмес, текшерүү-ѳткѳрүү пункту жок эле ѳздѳрүнүн базарына, ооруканасына, мектебине тоскоолдуксуз баруудагы коопсуздук.

Чек арага жакын жерлердин ресурстарын башкаруу жана бѳлүштүрүү маселесинде советтик тажрыйбаны колдонуу тууралуу

Бул тажрыйбага кайрылуунун негизги себеби – натыйжасыз башкаруу. Анткени, бул комплекстүү маселе жана жалгыз эле дипломаттарга тиешелүү эмес. Бул жерде суу инженерлеринин да, жергиликтүү бийликтин да иши абдан маанилүү. Башкача айтканда, башкаруу комплекси болууга тийиш. Ал эми мындай башкаруу комплекси азыркы учурда толугу менен комада. Ошону менен бирге эле, эки ѳлкѳнүн табигый ресурстарды башкаруу моделдери ар түрдүү жана мындай шайкешсиздик маселеге карата комплекстүү ыкманы колдонуунун чектелишине олуттуу таасир тийгизүүдѳ.

Бүгүнкү күндѳ талаш-тартыштардын баары чек ара тилкесинин айланасында болууда, а бирок бардык негизги ирригациялык каналдар транс чек аралык мүнѳздѳ экендиги белгилүү. Мындай абал эки тарап колдонгон жолдорго да, маанилүү инфратүзүмгѳ да тиешелүү.

Чек арага жакын аймактарды демилитаризациялоо зарыл

Тараптар тартипти күч менен гана камсыздоого болот деп жаӊылыш ойлоодо. Алар мындай пикирди канчалык кѳп жактаса, ошончолук жагымсыз окуялар кѳп боло берет. Бул ѳзүнѳн-ѳзү ишке ашуучу айтуулар сыяктуу. Аймактарды демилитаризациялоо үчүн укук коргоо органдарынын  биргелешкен иш-аракетин күчѳтүп, жергиликтүү жашоочулардын адилеттүүлүккѳ жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо талап кылынат. Бул жерде талаш тилкелердеги укук бузууларды иликтеп чыгуу үчүн ыкчам аракеттеги ИИМ деӊгээлинде кандайдыр бир туруктуу топ түзүлүшү керек. Мындай топтун адилеттүү иштѳѳсү чыӊалуунун азайышына олуттуу таасир тийгизет. Себеби, ушуга чейин жергиликтүү жашоочуларга мындай мүмкүндүк бериле элек.

Эч ким коргобогон, ар дайым коркунуч алдында болгон абалда колуна курал алып коргонуу эӊ туура жол деп эсептелет. Мындай учурда эл ѳзүн-ѳзү куралдандырат. Алар ѳздѳрүн адилетсиз, алсыз абалда сезет. Мында комплекстүү мамиле зарыл, кандайдыр бир универсалдуу чечим жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын ММКларынын ролу тууралуу

ММКлар ѳздѳрүнүн гана курмандыктары тууралуу айта берүүнү токтотуп, эки тараптын теӊ жапа чеккендери менен жоготуулары жѳнүндѳ туура маалымат берүүгѳ тийиш. Журналисттер күнѳѳлүүлѳрдү издебеши керек – макалаларында муну менен алектенгидей прокурор эмес. 

ММКлардын ролу – окуя болгон жерден объективдүү маалыматтарды берүү, ой-пикир теӊдемин камсыздоо. Журналисттер эксперттердин түшүндүрмѳлѳрүн ѳтѳ эле сейрек беришет. Ал эми эки тараптын теӊ адистеринин эстүү жана салмактуу пикирлери конструктивдүү чечимге багытталып, мамлекеттен сүйлѳшүүлѳрдү, натыйжаларды, алдыга умтулган аракеттерди талап кылууга жардам берет.

Бул маселени чечүүнүн моделдери тууралуу: тикенектүү зымбы же ачык кѳчѳлѳрбү

Биз бул маселенин чечилиши тууралуу кеп кылганда, кайсы моделдерге багытталганыбызды түшүнүү зарыл: кѳп километрге созулган дубал менен бѳлүнгѳн чек арага багытталабызбы же Европа Биримдигинин мисалындагы ачык чек аралар биз үчүн үлгү катары эсептелеби?  Эгер экинчисин тандай турган болсок, анда бул багытта белгилүү бир мураска ээбиз жана аны сактап калууга тийишпиз.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: