2020-жылы Кыргызстандагы расмий аборттордун саны мурунку жылдарга салыштырмалуу 26%га азайган. Эксперттер муну коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектѳѳлѳр менен байланыштырууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан тарта Кыргызстанда кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу учурлары жылына 20 миӊге чейин жеткен. Бирок 2020-жылы болжол менен тѳрттѳн бир кѳрсѳткүчкѳ кыскарган. Бул болсо коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантин жана эки-жакка баруулардын чектелиши менен түшүндүрүлүүдѳ.
2015-жылы Кыргызстанда жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынган. Мыйзам кыргызстандыктарга качан жана кантип ата-эне болуу, канча балалуу болууну ѳз алдынча тандоо укугун берип, аялдардын бойдон алдыруу укугун кепилдейт.
Мыйзамга ылайык, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу аялдын каалоосу боюнча 12 жумалык мѳѳнѳткѳ чейин ишке ашырылат. Социалдык кѳрсѳтмѳлѳр боюнча, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу 22 жумага чейин, ал эми медициналык кѳрсѳтмѳлѳргѳ ылайык – бардык мѳѳнѳттѳрдѳ мүмкүн.
Репродуктивдик саламаттык жаатында эксперт Бактыгүл Бозгорпоеванын айтымында, карантин учурунда репродуктивдик саламаттыктын жеткиликтүүлүгүнүн чектелиши 70%дан ашкан. Айрым аялдар убагында аборт жасата албай, баланы жарыкка алып келүүгѳ аргасыз болушкан.
«Пандемияга чейин бир изилдѳѳ жүргүзүлүп, ага ылайык мамлекеттик мекемелерде жылына миӊдей аборт жасалганы аныкталган. Бирок карантин мезгилинде аборттордун саны 20-25%га кыскарган. Жеке менчик клиникаларда болсо, тескерисинче, мындай кызматтардын саны 80%га ѳскѳн», – дейт ал.
Бирок аборттор боюнча расмий статистика жагдайды толугу менен кѳрсѳтпѳйт. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыктын башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу учурларынын саны боюнча отчеттор мамлекеттик мекемелер тарабынан да, жеке менчик клиникалар тарабынан да тапшырылып турууга тийиш. Ал эми иш жүзүндѳ мындай эмес.
Бактыгүл Бозгорпоева дарыгерлер эмгек акысынын тѳмѳндүгүнѳн улам мыйзамсыз абортторду жасоого аргасыз болуп жаткандарын белгилейт.
«Эгерде күнүнѳ 10 аборт жасалса, алардын 2-3ү гана каттоого киргизилет. Калгандарынын тѳлѳмдѳрү дарыгерлердин чѳнтѳгүнѳ кетет. Жеке менчик клиникалардын отчёттору деле так берилбейт, анткени алар ар бир аборт үчүн салык тѳлѳшѳт. Ошондуктан кээ бир абортторду каттоого киргизишпейт», - дейт эксперт.
Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюму аборт квалификациялуу адистер тарабынан же алардын жардамы менен ДСУ сунуштаган кош бойлуулуктун мѳѳнѳтүнѳ туура келген ыкмаларын колдонуп жасалган учурда коопсуз экенин билдирет. Ошентсе да, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кѳп аялдар дарыкана кызматкерлеринин, УДИ врачтарынын жана эч жерде катталбаган базардагы соодагерлердин жардамы менен боюнан алдырышат. Болжол менен мындай учурлардын саны жылына 400-600 ортосунда ѳзгѳрүп турат.
«Аялдар менен кыздардын кѳпчүлүк бѳлүгү тааныштары алардын кош бойлуу экенин билип калуусунан качып, билими жок эле адамдарга кайрыла беришет. Ал тургай таблеткалардын же башка медикаменттердин жардамы менен үй шарттарында боюнан түшүргѳн учурлар бар. Же болбосо, врачтар телефон аркылуу бойдон түшүрүүнүн ыкмаларын айтып, кеӊеш берген учурлар да жок эмес. Мыйзамсыз аборттордун айынан жылына 3-4 аял ѳмүрү менен коштошот», - деп белгилейт Бозгорпоева.
ДСУнун маалыматына ылайык, дүйнѳ жүзүндѳгү жыл сайын эне ѳлүмүнүн 4,7%дан 13,2%га чейинкиси кооптуу абортторго байланыштуу болушу ыктымал.
Аборт бар, контрацепция жок
Айгүл Ибрагимова (аты-жѳнү ѳзгѳртүлдү) 42 жашта жана бүгүнкү күнгѳ чейин сегиз жолу аборт жасаткан. Турмушка 19 жашында чыккан, тилекке каршы үй-бүлѳлүк жашоо кыялындагыдай болбой калган. Жолдошу жана кайын-журтунун түшүнбѳстүктѳрүнѳн улам тез-тез чыр-чатак, жаӊжалдар чыгып турган. Жаш кыз туӊгуч наристеси жарыкка келсе, жашоо туура нукка түшүп, жакшы жашап кетебиз деп ойлогон. Бирок эч нерсе ѳзгѳргѳн эмес.
Биринчи баласы эки жашка чыкканда кайын-журту менен күйѳѳсүнүн мажбурлоосу менен алгачкы жолу аборт жасаткан. Андан кийин дагы бир нече жолу боюнан алдырган. Кайненеси гинеколог болуп иштегендиктен, келинине ѳзү эле аборт жасап турган. Бул иш-аракеттер расмий статистикага кирген эмес.
Бактыгүл Бозгорпоеванын айтуусуна караганда, кѳптѳгѳн үй-бүлѳлѳрдѳ пландалбаган кош бойлуулук абалдары келип чыгып, бойдон алдыруу учурларына алып келет. Эӊ башкы себеп – киреше деӊгээлинин тѳмѳндүгү жана балдарды керектүү шарттар менен камсыздоого мүмкүнчүлүктүн жоктугу. Контрацепцияны аз эле киши колдонот.
Айгүл Ибрагимова күйѳѳсү менен сактанбаганын, анткени күйѳѳсү кѳп учурда мас абалында келип, презерватив колдонуудан баш тартканын айтат. Оралдык контрацептивдер ден соолугуна жагымсыз таасир тийгизсе, этек кири ѳтѳ кѳп келгендиктен спираль коюу мүмкүн болбогонун айтып түшүндүрдү.
«Альянс по репродуктивному здоровью» коомдук бирикмесинин акушер-гинеколог врачы Елизавета Кандын айтымында, бардык дарыгерлер аялдар үчүн пландалбаган кош бойлуулуктун кайталануусунун алдын алуу жана контрацепциянын ишенимдүү түрүн тандоо боюнча иш жүргүзүшѳт.
«Ѳлкѳдѳ ар кандай контрацептивдик каражаттар жетишсиз. Бүгүнкү күндѳ, менин билишимче, бизде гормондук контрацептивдерден – таблеткалар бар. Мурун спиралдар да бар болчу. Мындан тышкары, ар кайсы ѳлкѳлѳрдѳн алып келинген түрдүү сапаттагы жана түрдүү баадагы презервативдер арбын. Мына ушулар эле. Ал эми башка ѳлкѳлѳрдѳ контрацептивдик препараттардын кѳптѳгѳн түрлѳрү жеткиликтүү», - деп кошумчалайт адис.
Анын айтымында, адистерге кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн кайрылган жуптардын кѳбү презерватив колдонушпайт. Же болбосо, абортту да сактануунун жолу деп эсептешет. Дарыгерлер болсо, аял ар бир аборт жасаткан сайын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин, себеби гормондук фон бузуларын айтышат.
«Биз кѳп адистерди, айрыкча акушер-гинекологдорду бойдон алгандан кийин сактануунун туура эмес жолдорунун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгѳ үйрѳтѳбүз. Себеби, аял бойдон алдыргандан кийин сактанбаса, эки-үч ай ѳткѳн соӊ кайра боюнан алдыруу үчүн бизге келе турганын аӊдашыбыз керек», - дейт Елизавета Кан.
Ошондой эле ал азыркы мезгилдин жаштары менен мурунку кылымдын жаштарын салыштыра турган болсок, азыр жаштар каалаган нерсеси жѳнүндѳ интернеттен маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ экенин, дайым эле туура чыкпаса да, маалымат бар деп кошумчалайт.
Половое воспитание под запретом
Тыюу алдында жыныстык тарбиялоо
Кыргызстанда, жалпысынан эле Борбор Азияда үй-бүлѳнүн ичиндеги жыныстык тарбиялоо темасына тыюу салынган же талкуулоону кѳп каалашпайт. Анткен менен, эксперттер сексуалдык билим берүү жаш балдар менен ѳспүрүмдѳрдүн айланасында жүргѳн социалдык процесстер менен чогуу жүрүшү керек деп эсептешет. Эӊ эле биринчи кезекте бул зомбулуктун алдын алуу менен байланыштуу.
«Жѳн гана бул темага кайсы куракта кѳбүрѳѳк басым жасоо керек экенин билүү зарыл. Балким, бул темада баланын кичине кезинен баштап эле, жѳнѳкѳй тил менен сүйлѳшѳ баштаган туурадыр. Маселен, атасы менен апасы бири-бирин сүйгѳндүктѳн, баланын жарыкка келгенин түшүндүрүү аракети. Албетте, жаш балага татаал нерселерди майда-чүйдѳсүнѳ чейин түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес. Андан кийин, куракка жараша бул билимдерди толуктап туруу зарыл», - дейт акушер-гинеколог Елизавета Кан.
Бул билимдердин жоктугунан улам, бардык эле жарандар контрацепция жолдорун биле бербейт жана регулярдуу текшерүүдѳн ѳтүп турушпайт. Натыйжада тиленбеген кош бойлуулуктар, ВИЧ жана башка жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларды жугузуп алуу учурлары келип чыгат.
«Мен, адис катары, бир эле жолку жыныстык катнаштан бойго бүтүп калышы мүмкүн экенин так айта алам. Бизге кайрылган аялдардын ичинен бул тууралуу таптакыр ойлонбогон же эч кандай маалыматка ээ болбогондор да бар. Ушул себептүү биз дайыма бейтаптарды үйрѳтүп, аларга туура маалымат бериш керек экенин айтабыз», - деп кошумчалады эксперт.
Башкы фото: birthchoice.net
Бул макала "Giving Voice, Driving Change - from the Borderland to the Steppes Project" долбоордун алкагында даярдалды.
Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.