© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: Пандемиянын ѳлкѳ экономикасына таасири уланууда

2020-жылы Кыргызстанда товар айлануу 20%га тѳмѳндѳгѳн. Коронавирус пандемиясынын учурунда экспорт болгону 1,1%га азайган болсо, импорт 26,2%га, башкача айтканда 1,3 млрд АКШ долларына чейин кыскарган.

Тышкы товар айлануунун кѳрсѳткүчтѳрүн карап чыксак, 2021-жылдын январь айынан июнь айына чейинки мезгил аралыгында 2,7 млрд АКШ долларынан 3,3 млрд АКШ долларына чейин ѳсүү болгондугу байкалат. Эгерде акыркы үч жылдын жарым жылдык цифраларын салыштырсак, быйыл импорт пандемияга чейинки деӊгээлине келген, экспорт болсо, тескерисинче, 8,9%га түшкѳн.

2018-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстандын экспортунун багыты дээрлик ѳзгѳрүлбѳй келген. Кѳлѳм жагынан Улуу Британия лидер болсо,  алдыӊкы үч катарды Казакстан менен Россия толуктап турган.

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандан товар сатып алган алдыӊкы үч лидер ошол бойдон калып, тизменин тѳмѳнкү бѳлүгү бир аз ѳзгѳргѳн. 

Импортко келе турган болсок, бул жерде деле тизме дээрлик ѳзгѳргѳн жок, Кыргызстанга товар сатуучулардын алдында Россия, Казакстан жана Кытай турат.  

Мында 2020-жылы дары-дармектердин импорту 11%га, ал эми кара металлдан жасалган буюмдардыкы - 37%га ѳскѳн. Айрым азык-түлүк ѳнүмдѳрү менен жууп-тазалоочу каражаттардын импорту азайып, жашылчалар менен ундуку – бир аз ѳскѳн. 2020-жылы кийим-кечелерди ѳлкѳгѳ алып кирүү 3 эсе, бут кийимдерди алып кирүү – 4 эсе кыскарган болсо, быйыл акырындап калыбына келүүдѳ. 2021-жылдын алты айында сатуулардын кѳлѳмү 2020-жылдагы кѳрсѳткүчтѳргѳ жетип калды. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында фармацевтикалык продукциянын импорту ѳскѳн (11%га). Ошондой эле, ѳлкѳгѳ күрүч, шекер, мѳмѳ-жемиштер жана жашылчалар кѳп алып келинүүдѳ. Ал эми ун, чай, буудай жана нан азыктарынын импорту тѳмѳндѳѳ багытында.

Кыргызстандын экспортунда эӊ чоӊ үлүштү алтын ээлеп, 2020-жылы сатуунун кѳлѳмү 18%га жогорулаган. Ал эми быйыл – эки эсе азайган. Мындан тышкары, 2020-жылы жер семирткич, тамеки жана тамеки ѳнүмдѳрү, мѳмѳ-жемиш жана жаӊгактын экспорту кыскарганы маалым болду.  

2021-жылдын алты айында жер семирткич, мѳмѳ-жемиш жана жаӊгак аз сатылган. Бирок, тамеки жана тамеки ѳнүмдѳрү, металлолом, цемент жана нан азыктарынын экспорту калыбына келүү жолунда.

Башкы фото: profinance.ru


Данная публикация подготовлена в рамках программы наставничества проекта «Развитие новых медиа и цифровой журналистики в Центральной Азии», реализуемого Институтом по освещению войны и мира (IWPR) при поддержке Правительства Великобритании. Содержание публикации не отражает официальную точку зрения IWPR или Правительства Великобритании.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: