© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: каковы причины младенческой смертности?

Врачи обвиняют женщин, последние, в свою очередь, медиков.


Мой сын умер из-за халатности врачей

Мой сын родился весом 4 кг 100 граммов, он был пухленьким и рыжиком. Так Асель (имя изменено) вспоминает своего ребенка, которого родила 3 года назад, но малыш прожил всего 5 часов. Несмотря на столь короткий срок жизни, родители нарекли его Алиханом. Как рассказывает женщина, схватки у нее начались ночью, в роддом приехали в 5 утра, из-за отсутствия мест акушер-гинекологи роды Асель принимали в коридоре. Потом перевели в родильный зал. Врачи не принесли ей ребенка на кормление, сказали что ребенок стонет и мучается, спустя 5 часов сообщили, что маленький Алихан умер.

 “Кислородная подушка была порванной. Когда я попросила принести другую, мне сказали, что она новая и не дали другую. Не положили ребенка они и в вакуум, сославшись на то, что его надо нагревать. Так они просто таскали ребенка туда-сюда. Глюкозу мы доставили из Бишкека. Пока брат мужа передавал нам глюкозу из города, мы просили врачей использовать свою глюкозу. Потом вместо 200 граммов их глюкозы мы вернули 2 бутылки.  Но в 1:25 нам сообщили, что ребенка спасти не удалось. Когда началась республиканская проверка, врачи стали говорить, что ложили ребенка в вакуум, что они сделали все возможное, что спасти его. Но это ложь”, — сказала Асель.

Асель по сей день уверена в том что врачи виновны в смерти ее малыша. Женщина говорит, что легко вынашивала ребенка и роды были не сложными. Но в уполномоченные органы семья с заявлением не обращалась. Потому что не верят в справедливое рассмотрение дела и в привлечение к ответственности виновных.

Каковы причины младенческой смертности?

В Кыргызстане большой проблемой остается младенческая смертность. По словам главы Национального центра по защите матери и ребенка Камчыбека Узакбаева, младенческая смертность сокращается с каждым годом в связи с принимаемыми государством мерами.  Если в 2015 году было зарегистрировано 1808 случаев младенческой смертности, то в 2016 году этот показатель снизился до 1585. Однако и эти цифры эксперты называют пугающими. Большинство младенцев погибает либо в утробе матери после 5 месяцев беременности либо в течение 7 дней по различным причинам после рождения. К младенческой смертности приводят врожденные или инфекционные заболевания.  По словам врачей, чтобы родить здорового ребенка здоровье матери также должно быть в норме.

“Считается, что основной причиной материнской смертности является перинатальная причина. Говоря простым языком, это связано со здоровьем матери. Все болячки, инфекции матери передаются ребенку. Принцип здоровая мать – здоровый ребенок возник отсюда.  Чтобы снизить младенческую смертность необходимо заботиться о здоровье матерей. До родов женщина должна заботиться о своем здоровье, лечиться в случае необходимости. Вторая причина – увеличение врожденных заболеваний. Уже при рождении младенцы нередко рождаются с паталогиями или каким-то заболеванием. Это связано со многими причинами. Надо вовремя лечиться. В-третьих, многие младенцы умирают от простудных заболеваний”, — рассказал Камчыбек Узакбаев.

Родильные залы не соответствуют международным требованиям.

Тем не менее на факты младенческой смертности влияет и ситуация в родильных домах. По данным исследования ЮНИСЕФ, многие родильные залы не соответствуют международным требованиям.  Не хватает врачей- неонантологов. Нередко ошибочно ставится диагноз заболевания. А где неправильный диагноз, там и неправильное лечение. По оценке специалистов, есть трудности с уходом за недошоненными детьми. В это же время не проводится необходимой работы по исследованию причин того, почему роженица потеряла ребенка — младенческой смертности.

Нет должного ухода за недошенными детьми

О том, что в больницах нет должного ухода за недошенными детьми не понаслышке знает мать трех детей Сайкал Усенова. После того, как она столкнулась в государственной больнице с отсутствием необходимого внимания при рождении первенца, который был недоношенным, Сайкал свои вторые роды доверила частной клинике. Она не скрывает, что доверяет частным клиникам больше, так как там платишь дорого, но зато тебя обслуживают опытные медики. Когда она была под присмотром молодого акушер-гинеколога, а ее срок беременности составил 32 недели, у нее отошли воды. Чтобы сохранить ребенка, был необходим стационар. Роды начались раньше срока и она родила девочку весом 2 килограмма 140 граммов, рост 49 см. По ее словам, при рождении девочка, как и доношенные дети, заплакала, открыла глаза и ножки-ручки были целы. Кормить девочку самостоятельно не разрешили, потому что младенец еще слаб и кормили сцеженным молоком из 2,5 миллиграммового шприца. Через неделю Сайкал с дочкой перевели в Национальный центр охраны материнства и детства. Там малышка уже не могла пить молоко через шприц и стала синеть. Всю ночь они провели в реанимации, а утром матери сообщили о том, что ее дочь спасти не удалось.

 “ Ее забрали в реанимацию в Джале. Вечерело. Не знаю сколько тогда было время точно. Утром мне сказали, что всю ночь боролись за жизнь дочери, но не смогли сохранить ее. Но когда мы ночью спрашивали о состоянии нашей дочери, нам говорили, что все хорошо, оно стабильно. Когда мы зашли к реаниматологу, он был не трезв. От него воняло водкой. Позже мы писали об этом главе центра. Никто не знает какие меры были приняты. А утром нам сообщили, что ребенка спасти не удалось. Врачи не объяснили нам всех подробностей, а просто сказали, что ребенок все равно не смог бы полноценно жить. А я не верю им. Я думаю, что мой малыш ушел от нас, потому что грудью не разрешили кормить и он голодный так и не смог прийти в себя.  После того случая я еще двоих родила, старший тоже родился недошенным. Всех я сама кормила. А тут через шприц ребенок еле успевал проглатывать молоко”, — сказала Сайкал Усенова.

По словам Сайкал, не только в государственных роддомах, даже в частных клиниках нет опытных неонантологов. Во время беременности не изучаются риски, существующие для здоровья женщин и здоровья малыша. Несмотря на то, что в частных клиниках есть все условия для рожениц, при возникновении каких-либо угроз у беременной, их сразу же отправляют в государственные роддомы – чтобы снять с себя ответственность. Поэтому решение всех этих вопросов это требование времени считает Сайкал Усенова.

В стране нет роддома, который бы отвечал международным требованиям

Согласно исследованию аппарата института акыйкатчы, после получения страной суверенитета до настоящего времени не было  построено ни одного нового роддома. По словам главы отдела по охране детей, женщин и семьи аппарата акыйкатчы Махабат Турдумаматовой, родильные залы не соответствуют международным стандартам. В них не созданы необходимые условия. Из-за внутренней и внешней миграции многие женщины переезжают в Бишкек и живут  в новостройках. А там не хватает даже центров семейной медицины.

 “Когда мы проводили мониторинг, женщины рассказали, что в новостройке нет центра семейной медицины. Поэтому они ездят в соседние новостройки. Там приходится стоять в очереди с 6 утра.  Беременным женщинам очень трудно вставать рано утром, стоять в очередях, вставать на учет, чтобы обследоваться у врача. В некоторых роддомах плохо функционируют санитарные пункты. Бывают случаи, когда женщины, идя в туалет, вынуждены были таскать ведра с водой, чтобы смывать после себя. Мы даже сняли это на видео в ходе мониторинга”, —рассказала Махабат Турдумаматова.


кыргыз версиясы

КЫРГЫЗСТАНДА ЭНЕ-БАЛА ӨЛҮМҮНӨ ЭНЕ СЕБЕП? ДАРЫГЕРЛЕР ЭНЕЛЕРДИ, ЭНЕЛЕР ДАГЫГЕРЛЕРДИ КҮНӨӨЛӨЙТ.

УУЛУМ  ВРАЧТАРДЫН  ШАЛААКЫЛЫГЫНАН  ЧАРЧАП КАЛДЫ

Төрөлгөндө  салмагы  4 кг 100 грамм, болтойгон сары бала болчу.  27 жаштагы  Асел (аты өзгөртулгөн) мындан үч жыл мурун төрөлүп, бирок  5 саат эле жашап көз жумган уулун  ушинтип эскерет. Аз өмүр сүрсө  да ага жолдошу экөө Алихан деген  ысым ыйгарыптыр. Айтымында  толгооосу  түндө башталган. Саат таңкы 5 чамасында  төрөт үйүнө келгенде  акушер-гинекологдор  бош орун жоктугун жүйө келтирип,  Асел айымды коридордо  төрөтүшөт. Кийин төрөт залына которуп, бала онтоп  кыйналып жатканын айтышып, энесине эмизгенге  беришкен эмес.  Беш сааттан кийин кичинекей  Алихан  чарчап калганын угузушкан.

“ Кислород берген жаздыгы жыртык экен. Башкасын алып келбейсиңерби  десем ал жаңы да деп болбой коюшту. Ваакумга жаткырбай аны ысытыш керек  деп ага да салышкан жок. Ошентип баланы көтөрүп жүрүп алышты. Глюкозаны Бишкектен алдырдык. Кайын агам салып жиберип ал жеткиче  жалдырап, силерде  болсо  сая бергиле  деп куйдурдук глюкоза. Кайра  200 граммдын ордуна  2 бөтөлко кылып кайтарып бердик. Ошентип саат 1:25  чамасында чарчап калды дешти. Республикадан текшеруу келип, врачтар ваакумга жаткырдык, баарын жасадык деп  ачык эле калп айтышты. ” – деп билдирди  уулу  чарчап калган Асел айым

Ал азыркыга чейин  аман-эсен төрөлгөн уулунун чарчап  калганына  врачтарды күнөөлөйт. Баласын жеңил көтөруп, жеңил төрөгөнун билдирет. Бирок, тийиштүү органдарга  бул иш боюнча арыз жазып кайрылышкан эмес.  Акыйкат чечим болуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылаарына  ишенишпейт.

ЫМЫРКАЙЛАРДЫН  ӨЛУМҮНӨ   ЭМНЕ СЕБЕП?

Төрөт маалында же төрөттөн кийин  ымыркайлардын чарчап калышы Кыргызстанда  чоң көйгөй. “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун жетекчиси  Камчыбек Узакбаевдин  айтымында  көрулгөн чаралардын жыйынтыгында   ымыркайлардын өлүмү жылдан жылга азая  баштады.   2015-жылы өлкө боюнча  1808 наристе  төрөт маалында же төрөттөн  кийин көз жумса, 2016-жылы бул көрсөткүч төмөндөп   каза болгон ымыркайлардын саны  1585  азайды.  Анткен  менен адистер бул да коркунучтуу  цифра  экенин  билдиришет.  Балдардын  көбү энесинин курсагында 22 жума болгондон тартып, төрөлгөндөн кийин 7 күн ичинде ар кандай себептерден  каза болуп калгандар.  Наристе өлумүнө  тубаса  жана инфекциялык оорулар  да  алып келет. Ымыркай аман-эсен төрөлүп, торолуп кетиши үчун биринчи кезекте  эненин дени сак болушу  керек дешет  дарыгерлер.

Ымыркайлардын өлүмүнүн башкы себеби — перинаталдык себеп  деп коет.  Жөнөкөй тил менен айтканда эненин ден соолугу менен байланыштуу. Эненин оорулары, инфекциялары балага өтөт. Дени сак эне — дени сак бала  деген принцип ушундан чыккан. Балдардын өлүмүн азайтуу үчүн энелердин ден соолугуна кам көрүү маанилүү. Төрөткө чейин ден соолугун чыңдап, илдеттери болсо дарылануу керек. Экинчи себеби — тубаса оорулардын көбөйүшү.  Ымыркайлар  төрөлгөндө  эле  кемтик  же ден соолугунда мүчулүштүктөр бар болуп  төрөлүп жатат.  Бул көп кырдуу себепетер менен байланыш.  Убагында  дарылоо керек. Учунчусу — балдарга  суук тийип чарчап калган учурлар көп” – деп билдирди   “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун жетекчиси  Камчыбек Узакбаев

ТӨРӨТ БӨЛМӨЛӨР ЭЛ АРАЛЫК ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕЙТ

Анткен менен төрөт үйлөрундөгү көйгөйлөр да ымыркайлардын өлумүнө таасир этет. ЮНИСЕФ уюмунун изилдөөсү боюнча көпчүлүк  төрөт бөлмөлөр эл аралык талапка жооп бербейт. Ненантолог-врачтар жетишсиз. Эне-бала илдеттери  аныктоодо калпыстык кетет. Ката диагноздор  коюлуп, туура эмес  дарылаган  учурлар кездешет.  Адистердин баамында  төрөтканаларда  ай күнүнө жетпей төрөлгөн балдарды кароо кыйынчылык туудурат. Ошол эле  учурда,  эненин эмне себептен  боюнан түшкөнүн, ымыркайдын өлүмүн изилдөө иштери чабал.

АЙ КҮНҮНӨ  ЖЕТПЕЙ ТӨРӨЛГӨН БАЛДАРГА КАМКОРДУК ЖОК

Ай күнүнө  жетпей ара  төрөлүп калган балдарга  камкордук жакшы көрулбөй турганын  үч баланын  энеси  Сайкал Усенова жакшы билет.  Улуу баласы ара төрөлүп мамлекеттик төрөтканада  иш жолго салынбаганын көргөндөн кийин экинчи жолу боюна бүткөндө  жеке менчик клиникага   катталган.  Кызматы  кымбат болгонго жараша  дасыккан дарыгерлер  иштейт деп ишенгенин жашырбайт. Жаш акушер-гинекологдун көзөмөлүндө болуп, бала 32 жума болгон кезде суусу кете баштаган. Курсактагы ымыркайды сактап  калыш үчүн клиникага жатууга  туура келет.  Ай күнүнөн эрте толгоосу башталып  салмагы  2 килограм 140 грамм, бою 49 см болгон кыз төрөйт. Айтымында  убагында төрөлгөн балдардай эле ыйлап, көзүн ачып, буту колу аман-эсен эле  болчу.  Алы  кетет  деген себеп менен кызын эмизгенге уруксаат бербей, 2,5  милиграммдык   шприц менен сүтүн саап берип турган. Бир жумадан кийин Сайкал айымды кызы менен “Эне жана баланы коргоо”  борборуна которушат. Ал жактан адаттагыдай шприц менен  сүт бергенде кызы жута албай, көгөрүп кыйнала баштаган.  Таң атканча ымыркай реанимацияда болуп, эртеси  эртең менен чарчап калганын кабарлашкан.

Жалдын  реанимациясына  алып  кетти. Кеч курун болгон. Күүгүмдө. Саатты деле билбейм. Ал жактан тан атканга чейин өмүрүн сактап калганга   аракет кылдык  деп эртеси айтышты.  Бирок биз түнү бою баланын абалын  сураганда  жакшы, туруктуу  деп жатышкан. Реаниматологуна деле кирсек ошол учурда ал кызуу болчу.  Жанынан арак жыттанып турду.  Кийин бул жонундо борбор жетекчисине деле  арыз жазганбыз. Ким билет ал эмне кылды. Эртеси  эртен менен туугандарыбыз чогулганда чарчап калды  деп айтышкан.  Эмнеден болгонун айтканда жүрөгү толук  ачылбай койду, балаңар толук кандуу ирденип кете алмак эмес деп коюшту. А  мен ага ишенбейм. Бир жума баламды эмизбей ачка эле  эч нерсе кылбагандан эле кете берди деп ойлой берем. Андан кийин дагы эки бала төрөдум, улуу балам да ара  төрөлгөн да.  Баарын өзүм эле эмизчумун. Мында шприц менен беришет какап-чакап атып ичет.” – деп билдирди Сайкал Усенова

Сайкал айымдын билдиришинче  мамлекеттик  гана эмес жеке менчик клиникаларда   дасыккан ненантолог врачтар жок.  Аялдар кош бойлуу  кезиндеги көйгөйлөр, коркунучтар  иликтенбейт, себептер аныкталбайт. Жеке менчик клиникаларда бардык шарттар каралып  кызматы кымбат болгонуна  карабай,  көйгөй жаралса дароо мамлекеттик   төротканаларга  түрто калат.   Андыктан  бул маселени  чечүү замандын талабы деп эсептейт Сайкал Усенова

ӨЛКӨДӨ  ЭЛ АРАЛЫК ТАЛАПКА ЖООП БЕРГЕН  ТӨРӨТКАНА ЖОК

Кыргызстандагы Акыйкатчы аппараты  жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, эгемендикке  жеткенден бери бир да төрөткана салынган эмес. Акыйкатчы  аппаратындагы балдардын, аялдардын жана үй булө укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова белгилегендей  өлкөдөгү төрөт бөлмөлөрү эл аралык талапка жооп бербейт. Керектүү шарттар түзүлгөн эмес. Ички, тышкы миграциянын кесепетинен аялдардын көбү Бишкекке көчүп, жаңы конуштарда  жашайт. Ал  жакта керек  болсо  үй-бүлөлүк медицина борборлору  жетишсиз.

“01:09 Биз мониторинг жургүзгөн учурда аялдар айтышты  биздин жаңы конушта үй-бүлөлүк медицина борбору  жок. Ошондуктан  кошуна жаңы конуштарга барабыз. Ал жакта борборлорго саат таңкы 6:00 дон тартып кезекке турабыз. Боюнча бар аял таң атпай туруп алып, кезекке  туруп, каттоого туруш же доктурга көрунүш үчүн канча кыйналат. Бизде кээ бир төрөт үйлөрүнүн санитардын түйүндөрү жакшы иштебейт. Аялдар ажатканага  челектерин көтөрүп кирип, муктаждыктарын  аткарган соң, челекке суу толтуруп өзүлөрүнүн артынан тазалаганын  да сүрөткө тартып алганбыз мониторинг учурунда.”- деди Махабат Турдумаматова

 

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: