Мамлекеттик миграция кызматы бул тенденцияны Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө болуу менен байланыштырууда.
![](http://cabar.asia/wp-content/uploads/2018/05/pasport.jpg)
!function(e,t,n,s){var i=»InfogramEmbeds»,o=e.getElementsByTagName(t)[0],d=/^http:/.test(e.location)?»http:»:»https:»;if(/^\/{2}/.test(s)&&(s=d+s),window[i]&&window[i].initialized)window[i].process&&window[i].process();else if(!e.getElementById(n)){var a=e.createElement(t);a.async=1,a.id=n,a.src=s,o.parentNode.insertBefore(a,o)}}(document,»script»,»infogram-async»,»https://e.infogram.com/js/dist/embed-loader-min.js»);
Кыргызстандыктарга орусиялык паспорттун эмне кереги бар?
Диаспора өкүлдөрү орусиялык паспорт жумушка орношууда артыкчылыкты же кандайдыр социалдык жеңилдиктерди бербейт дешет; расмий катталуу болмоюн жана мүчөлүк взносту төлөмөйүн, бул мүмкүнчүлүктөргө баары бир жете албайсың. Бирок анын башка артыкчылыктары бар экенин айтышат. “Жеке мүмкүнчүлүктөр катары кандайдыр тартип бузууда сени өлкөдөн чыгарып жибере алышпаганын айтууга болот,” — дейт Москвадагы ишкерлер эл аралык ассоциациясынын мүчөсү Азамат Адылгазиев. “Менин оюмча, бул жакта [Россияда] пенсиялык документтерин даярдаган жана пенсия алгысы келген адамдар, башка себепти мен көргөн жокмун,” — деп эсептейт Москвадагы “Айкѳл” спорт клубунун негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбеков. – Эгер медициналык камсыздандыруу болсо, доктурдан текшерүүдөн өтүү акысыз болот. Чет өлкөлүк жаран катары биз андай кызмат көрсөтүүдөн пайдаланабыз”. Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгонуна карабай, жашаган жери боюнча расмий каттоосуз жана социалдык взносту төлөмөйүнчө, кыргыз мигранттары балдарын балдар бакчаларына жана мектептерге киргизе алышпайт. Диаспора өкүлдөрү мигранттар миграциялык эрежелерди сактоого жана жумушка мыйзамдуу орношууга умтулбайт, ошондуктан алар социалдык кызмат көрсөтүүдөн куру калып жатканын айтат. “Бул жакта мектепке да, балдар бакчасына да барбаган балдар көп,” — деп белгилейт Иркутскиден Бейшеналы Ашыралиев. – Алар өздөрүнө өздөрү көйгөй жаратып жатышат. Эгер биздин кыргыздар мыйзамды бузбаса, баары жакшы болмок. Биздин менталитетибиз ушундай экен: мыйзам бузуп, аны акырына, акыркы күнгө чейин созуп жүрө беребиз”. Миграциялык кызматтын маалыматы боюнча, 2017-жылы Россияга 738 миң 350 адам кирген. 10, 719 жаранга үч жылга кирүүгө тыюу салынган, себеби алар миграциялык учетко турган эмес. Россиядан Кыргызстанга мигранттар которгон акчанын көлөмү 2017-жылы 2,21 млрд АКШ долларын түзгөнү Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын сайтында келтирилди. Авторлор: Александр Александров жана Владислав Цой, IWPR медиа-мектебинин катышуучулары. Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» алкагында даярдалды.