© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Борбордук Азия мамлекеттеринде Адам укуктарын мыкты чагылдырган материалдарга сынак жарыяланат

«Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдык мааракесине чейин 70 күн» деген аталыштагы маалымат компаниясынын алкагында БУУнун Борбордук Азиядагы Адам укуктары боюнча Жогорку коммисариатынын  башкармалыгы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте

БОРБОРДУК АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИНДЕ АДАМ УКУКТАРЫН МЫКТЫ ЧАГЫЛДЫРГАН МАТЕРИАЛДАРГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Сынактын максаты Борбордук Азия мамлекеттеринде адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого  жана анын сакталышына көмөктөшүү.

Сынактын максаты:

  • адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу маселелерди чагылдыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • адам укуктары жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны Борбордук Азия мамлекеттеринде жайылтуу;
  • коомчулукту адам укуктарынын бузулушу тууралуу өз убагында кабардар кылуу;
  • адам укуктары жаатында жогорку деңгээлде иш жүргүзгөн  журналисттерди колдоо жана аларды кызыктыруу,

Сынакка  Казакстандын, Кыргызстандын , Тажикстандын жана Өзбекстандын басма жана онлайн , радио жана интернет   массалык маалымат каражаттарында эмгектенишкен жерналисттер катыша алышат.

Сынакка казак, кыргыз, тажик, өзбек  жана орус тилдеринде жазылган материалдар кабыл алынат

Сынакка материалдар 2018-жылдын 30-ноябрь күнү саат 17.00 чейин кабыл алынат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктар каралган:

  • 1-орун – ноутбук
  • 2-орун – ноутбук
  • 3-орун  – чөнтөк телефону

Сынактын алкагында атайын төрт номинация боюнча журналисттик материалдарга кошумча сыйлыктар каралган:

  1. Балдардын жана аялдардын укуктарын чагылдыруу темасына
  2. Кыйноо, уруп сабоо, мыйзамсыз камоо жана камакка алууга байланышкан маселелерди чагылдырган материалдарга
  3. Сөз эркиндиги  жана басылмалардын эркиндигине байланышкан маселелерди чагылдыруу
  4. Эркин ой жүгүртүү жана  эркин дин ишенимин чагылдыруу

 

Сынакка  жиберилген материалдар көз карандысыз сынак коммиссиясынын мүчөлөрү тарабынан  төмөндөгүдөй кɵрсɵткүчтɵрдүн негизинде бааланат:

  • Чыгармачылык: адам укуктарына байланышкан теманын, мазмуну жана материалды берүү  формасы боюнча, адаттан тыш ыкма менен чагылдырылышы;
  • Маанилүүлүк: сынактык материалдын авторлору ММКнын тигил же бул түрүнѳ таандык болгон  маанилүү каражаттардын бардык комплексин адискѳйлүк менен колдонуусу шарт.
  • Натыйжалуулугу: сынакка жиберилген материалдын коомдук резонанс жаратып, андагы кѳтѳрүлгѳн кѳйгѳй боюнча коомдук талкуу жарата алышы;
  • Актуалдуулугу: сынак материалдарынын темасы жана мазмуну  Кыргызстандагы адам укуктары жаатында белгилүү бир абалды ар тараптан так чагылдырып, көйгөйдү ачып, аны чечүүнүн жолдорун көрсѳтѳ алышы;
  • Талдоо ыкмалары: адам укугу жаатындагы көйгөй көтөрүлүп, ал маанилүү бир социалдык, саясий, экономикалык жана маданий окуя менен байланыштырылып талданган материалдар колдоого алынат;
  • Жеткиликтүүлүгү: сынакка берилген материал жөнөкөй аудиторияга түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен жазылышы абзел;
  • Маалыматтын тактыгы: сынакка берилген материалдагы бардык сандык кѳрсѳткүчтѳр, фактылар жана башка маалыматтар чындыкка шайкеш келиши шарт;
  • Объективдүүлүгү: сынактын материалдарынын тең салмактуу жана калыс пикирди чагылдыра алышы.

Сынактык комиссиянын курамына  Борбордук Азиядагы белгилүү укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү, тагыраак айтканда алдыңкы журналисттер, редакторлор, медиа тармагындагы эксперттер  киришет.

Сынактын шарттары:

  • Сынакка  2018-жылдын 1- январынан, 2018-жылдын 30- ноябрына чейинки убакытта Борбордук Азия массалык маалымат каражаттарында  жарыяланган материалдар гана кабыл алынат.
  • Бир же бир нече авторлор бир  материалды гана сунуштай алышат
  • Эгерде сынакка бир нече авторлор тарабынан даярдалган материалдар сунуш кылынса, ал тууралуу бардык башка авторлор сынакка чейин кабардар болушу зарыл. Кокусунан автордук укук боюнча талаш-тартыш орун алса, ага сынактын уюштуруучулары жооп беришпейт.
  • Сынакка жиберилген материалдар рецензияланбайт жана автор ээсине кайтарылбайт.
  • Сынактын уюштуруучуларына, зарыл болгон учурда, сынакка түшкөн материалдарды колдонуу укугу берилет.
  • Сынакка илимий макалалар же семинар, трениңдердин жана тегерек столдордун материалдары, ошондой эле сынактын темасына ылайык келбеген материалдар кабыл алынбайт.
  • Сынакка каалочулар катыша алышат жана ал бекер. Сынактын катышуучуларынын жаш курагы чектелген эмес.

Сынакка  даярдалган материалдар электрондук түрдө онлайн формасында  жөнөтүлүшү шарт.

Материалдардын жарыялангандыгы же эфирге чыккандыгы тууралуу тастыктамалар (гезиттин же журналдын көчүрмөсү, интернет булагынын скриншоту, эфирге качан, кайсыл убакта чыккандыгы тууралуу теле жана радио эфирдик тастыктамсы) болуусу зарыл. Аудио материалдар угууга жана жүктөп алууга мүмкүн болгон атайын жабдууларга жазылышы шарт, ал эми аларды табуу үчүн тийешелүү шилтемелер сынакка жөнөтүлгөн электрондук почтада так көрсөтүлүүсү зарыл.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана  жеңүүчүлөрдү сыйлоо

  • Сынактын жыйынтыгы 2018-жылдын 10-декабрынан кечиктирилбей жарыяланат.
  • Сынактын жеңүүчүлөрү 2018 – жылдын 10-декабрында  Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюм тарабынан Борбордук Азиянын ар бир мамлекетинде  уюштурулуучу кечеде сыйланышат.

Сынактын уюштуруучулары сынакка түшкөн материалдардын санына жана сапатына карап, каржылык фондду толук колдонбоо укугуна ээ. Мындай учурда үнөмдөлгөн каражат кошумча берилүүчү белектерге жумшалат

Кошумча маалыматты  www.cabar.asia   сайтынан алсаңыздар болот

Сынакка катышуу боюнча суроолор жаралса Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы  Өкүлчүлүгүнө , : jamilya@iwpr.net  электрондук почтасы же  (+996 312) 312 995, 313 411 телефон  номерлери аркылуу байланыша аласыздар.

 

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: