© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Д-р Шамш Кассим-Лакха: Коомчулукту чечимдерди кабыл алуу процессине катыштыруу абдан маанилүү

«Коомчулукту чечимдерди кабыл алуу процессине катыштыруу абдан маанилүү. Кайсы бир топко келип, «биздин оюбузча, бул жерде силерге суу каналы керек, бул жерде мектеп керек же тигил жакка медициналык борбор керек» дегенге болбойт. Алар муктаждыктары тууралуу ѳздѳрү айтууга тийиш», — деп белгилейт Ага Хан фондунун Ѳнүктүрүү боюнча уюмунун Кыргыз Республикасындагы ѳкүлү жана Борбордук Азия Университетинин Камкорчулар кеӊешинин тѳрагасы др. Шамш Кассим-Лакха  CABAR.asia порталына берген маегинде. 

Русский English


Биздин Telegram каналыбызга кошулуӊуздар


CABAR.asia: Ага Хан фондунун Ѳнүктүрүү боюнча уюму (АКДН) Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу, жашоо сапатын жакшыртуу багытында чоӊ иштерди аткарып жаткандыгы менен белгилүү. Ѳлкѳдѳ АКДН ишмердүүлүгү кандайча башталып калгандыгы тууралуу айтып бересизби?

Элдин жашоо сапатын жакшыртууга багытталуу Ага Хан фондунун Ѳнүктүрүү боюнча уюмунун иштѳѳсүндѳ эӊ башкы негиз катары кызмат кылат. Бизде кѳбүнчѳ айыл жашоочуларына арналган программа бар. Ошону менен бирге эле, башка шаар боюнча маселелерге арналган программаларыбыз да бар, себеби, бир эле топко колдоо кѳрсѳтѳ берүүгѳ болбойт. 

Коомчулукту чечимдерди кабыл алуу процессине катыштыруу зарыл экендигин кѳп жылдык тажрыйбабыз кѳрсѳтѳ алды. Кайсы бир топко келип, «биздин оюбузча, бул жерде силерге суу каналы керек, бул жерде мектеп керек же тигил жакка медициналык борбор керек» дегенге болбойт. Алар муктаждыктары тууралуу ѳздѳрү айтууга тийиш. Биз ѳлкѳгѳ чакыруунун негизинде гана келебиз жана бул эӊ башкы шарт болуп эсептелет.

1995-жылы Улуу Урматтуу Ага Хан кыргыз эли менен ѳкмѳтүнѳ түштүк Тажикстандагы ачарчылык учурунда жардам кѳрсѳткѳндүгү үчүн ыраазычылык билдирүү максатында ѳлкѳгѳ келген. Кыргыз ѳкмѳтүнүн ѳкүлдѳрү Улуу Урматтуудан сапаттуу билим берүүнү ѳнүктүрүү жаатында, ошондой эле чакан жана орто ишкердикти, ѳнѳр-жай тармагын ѳнүктүрүүгѳ жардам берүүсүн ѳтүнүшкѳн. Советтер Союзу кулагандан кийин, жакырчылыктан чыгуу максатында элге колдоо кѳрсѳтүү муктаждыгы келип чыккан.

2002-жылы Ош шаарында ачылган Ага Хан мектеби. Мектеп окуучуларды интеллектуалдык жактан билимге умтулууга жана социалдык аӊ сезимдүүлүккѳ ѳбѳлгѳлѳйт, мамлекеттин ѳнүгүүсүнѳ салым кошууга даярдайт Фото: АКДН
2001-жылы Ага Хан фондунун ѳнүктүрүү уюму менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосунда келишимге кол коюлган. Ѳлкѳдѳ ишке ашырыла баштаган алгачкы программа болуп, 2002-жылы Ош шаарында ачылган сапаттуу окутууга басым жасалган эл аралык стандарттагы мектеп эсептелет.

Долбоорлордун экинчиси – микрофинансы жана финансы мекемелери. Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкында (КИКБ) кыргыз ѳкмѳтү эл аралык финансы мекемелери менен бирге ѳнѳктѳш, ал эми АКДН негизги акционер болуп эсептелет. Бүгүнкү күндѳ аталган мекеме беш жүз миӊге жакын кардары бар жана инновациялык кызматтарды кѳрсѳткѳн ѳлкѳдѳгү эӊ ири банк катары таанымал. 

АКДН он мекемесинин ичинен тогузу – коммерциялык эмес, ал эми бирѳѳ – Экономикалык ѳнүгүү боюнча Ага Хан фонду – «коммерциялык» деп эсептелет. Аталган уюмдун кирешеси АКДН социалдык жана маданий долбоорлорун колдоого кайра инвестицияланат.

Бул жерде башкы идея – калкка багытталуу жана анын жашоо сапатын жакшыртуу. Бизди ѳлкѳгѳ иш аткаруу үчун чакырышкан, жана биз коомго жардам берүү менен жооп кайтаруудабыз.

Кыргызстанда АКДН түзүлгѳн мезгилден тартып, бүгүнкү күнгѳ чейинки аткарып келген ишмердүүлүгүӊѳргѳ кандай баа бере аласыз?

Учурда КИКБ ѳлкѳ боюнча 39 филиалы бар эӊ алдыӊкы банктардын катарына кирет. Кыргыз Республикасында аталган мекеме «Элсом» деген аталыш менен мобилдик банкинг системасын алгачкылардан болуп киргизген. Бул банк тууралуу эки гана мисал. Микрофинансылоо тармагында деле ушундай. Биздин Биринчи Микрофинансылык Компания – чакан ишкердикти каржылаган мекеме. Уюмдун 16 миӊге жакын кардары бар. Негизинен булар – чакан наабайкана же болбосо кийим-кече предметтерин ѳндүргѳн айыл жергесинин майда ишкерлери. Муну менен бирге, Борбордук Азия Университетинде ишкердик программаларын да окутабыз. Акыркы жылдардын ичинде болжол менен 60 ишкана жаштар тарабынан ачылганын айтып кетмекчимин. Аларда жакшы идеялар менен катар эле, каржылоо маселеси да бар болчу.   Экономикалык ѳнүктүрүү боюнча Ага Хан фонду жана «Ѳнүгүүнү тездетүү» программасы (Accelerate Prosperity Kyrgyzstan) чакан ишканаларды  50 миӊ АКШ долларына чейин инвестиция менен камсыздайт. Бул беш миӊ доллар да болушу мүмкүн. Ошентсе да, жаш ишкер болгондуктан, ѳзүнүн ийгиликке жетише аларына кѳзү жетпеген жаранга жакшы мүмкүнчүлүк. Биз жаш ишкерлерге ишкердик тууралуу маалымат беребиз, анткени ишкердиктин ийгилиги бир гана акча каражатына байланыштуу эмес. 

Ачылгандан бери Ош шаарындагы Ага Хан мектебин миӊдеген окуучулар бүтүрүп чыгышты. Мындан сырткары, Борбордук Азия Университетинде үч мектеп бар. алардын бири – Гуманитардык жана так илимдер мектеби  (беш жылдык бакалавриат программасы — түш. ред). Мектептин Нарында жана Тажикстандын Хорог шаарында бирден кампусу бар. Ошондой эле Казакстандын Алматы областынын Текели шаарында дагы бир кампус курулуп жатат.

Бизде Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (SPCE) да бар. Мекеме 2006-жылы ачылган. 13 жылдын ичинде мектепти 130 миӊ студент бүтүрүп чыгып, англис, француз жана орус тилдери боюнча, финансылык эсеп, техникалык жана кесиптик билим берүү ж.б. тармактарда сертификаттарга ээ болушту. Силер үч, алты же он эки айлык курстарга барып, сертификат аласыӊар. Тышкы баалоо кѳрсѳткѳндѳй, мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн 90% үчүн билим алуунун мындай формасы абдан пайдалуу болгон; алар мыкты жумуштарга кире алышты, деӊгээлин дагы бир баскычка жогорулаткан жаӊы билимге жана тажрыйбаларга ээ боло алышты.    

Ага Хан фондунун музыкалык демилгеси Борбордук Азиянын музыкалык салттарын кайра жандандыруу жана ѳнүктүрүү максатында Кыргызстанда 2000-жылдан бери иштеп келет жана учурда ѳлкѳ боюнча 7500 мектеп окуучусу билим алат. Фото: АКДН
АКДН маданият чѳйрѳсүндѳ да иш алып барат. Кыргызстанда, ошондой эле Казакстан менен Тажикстанда ишмердүүлүккѳ киришкен күндѳн тартып, биз бул ѳлкѳлѳрдѳ маданий мурастарды  сактоо жана илгерилетүү, ѳзгѳчѳ музыка, поэзия чѳйрѳсүн, манасчыларды окутуу, комуз үйрѳтүү боюнча колубуздан келген жардамыбызды кѳрсѳтүп келебиз. Жыл сайын ѳздѳрүнүн музыкалык салттарын изилдеп, окуп жаткан Кыргызстандын жети миӊден ашык студентине колдоо кѳрсѳтѳбүз.  Баарыбыз эле ар дайым скрипка менен фортепиано тууралуу сүйлѳйбүз, бирок, комуз жана ооз комуз сыяктуу улуттук музыкалык аспаптар тууралуу эч ким үн катпайт. Ошону менен бирге эле, аталган музыкалык аспаптарды жасай турган усталарды да даярдап чыгабыз. Мисалы үчүн, музыкалык программанын алкагында билим алган үч жүзгѳ жакын жаш жарандарыбыз Экинчи Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын ачылышына жана жабуу аземине катышты. 

Ага Хан фонду Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын фермерлерине жардам берди. Мурун суу жок 56 миӊ гектар жер иштетиле баштады. Фермерлерге суу каналдарын курууга, суу менен камсыз болууга жана үрѳн, жер семирткичтерди алууга жардам бердик. Натыйжада Кыргызстандын түштүк бѳлүгүндѳ ѳндүрүмдүүлүк кыйла жогорулап, 50 миӊ чарбалык ишкана Ага Хан фондунун ишмердүүлүгүнѳн пайда таба алды. 

Ага Хан фонду ишеничтүү жана туура башкарыла турган суу инфратүзүмүнѳ жетүү мүмкүндүгүн жакшыртуу жолу менен айыл коомчулугунун ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт. Фото: АКДН
Ийгиликтүү натыйжага жетишкен ушундай эле программа Нарында да бар. Мурун ал жерде жок теплицалардын технологиясын алып келдик. Биз моделди бергенибизде, фермерлер дароо эле бул абдан жакшы идея экендигин белгилеп, учурда кыш мезгилинде дагы бадыраӊ менен помидор ѳстүрүп жатышат. Негизинен бүгүнкү күндѳ Нарын ѳрѳѳнүнүн фермерлеринин кѳпчүлүк бѳлүгү бадыраӊ менен помидор ѳстүрүүдѳн роза гүлүн ѳстүрүүгѳ ѳтүп кетишти. Себеби, багбанчылыктын бул түрү он эсе кѳп киреше алып келет.

Жогоруда айтылгандар – биздин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүбүздүн кээ бир гана  натыйжалары.

Кыргызстан  ар түрдүү улуттар жашаган ѳлкѳ эмеспи. Жаш муундар арасында сабырдуулук жана плюрализм идеяларын жайылтуу боюнча АКДН кандай иш-чараларды аткарууда? 

Эӊ биринчиден, Кыргызстан деген уникалдуу жана кичине мамлекетке ыраазычылык билдирем. Ѳлкѳдѳ ар түрдүү идеяларды колдоо салты бар экендигин белгилеп кетейин. Мамлекеттеги демократиянын деӊгээли менен башкаруунун жандуу мүнѳзүн карасаӊар. Каалаган темада ачык сүйлѳй аласыӊар. Мындай мүмкүнчүлүктү сыйлай жана баалай билүүбүз зарыл.  

Плюрализмди колдоо багытында эмнелерди аткарабыз? Университеттерибиздеги программалардын бири «Адам таануу» программасы. Бул – студенттерге түрдүү маданияттардын, диндер менен ишенимдердин, мамлекеттик системалардын баалуулуктары тууралуу түшүнүк берген программа. Программа эмненин эӊ мыкты, жакшы же жаман экендигин окутпайт,  сын кѳз караш менен ой жүгүртүү жѳндѳмдүүлүгүнѳ үйрѳтѳт.  Ага Хандын «Адам таануу» долбоору Борбордук Азиянын 87 университетинде ишке ашырылып, булардын кѳпчүлүк бѳлүгү Казакстанда. Акыркы 20 жылдын ичинде аталган мамлекет бул программага карата чындап эле чоӊ кызыгуу менен мамиле кылып келет.

Плюрализм дагы Борбордук Азия Университетинин окуу планына киргизилген. Бул жаштардын ой жүгүртүүсү менен түшүнүгүнүн  кеӊейүүсүнѳ салым кошот. Плюрализм жана кѳз караштын кеӊирилигин ѳнүктүрүү үчүн аталган аймактык университетти ачуу максатында үч ѳлкѳ үлуу Урматтуу Ага Хан менен биригишти.  

Плюрализмдин глобалдуу борбору АКДН колдоосу аркылуу пайда болгон демилгелердин бири. Ал Канадада жайгашкан. Себеби, Канаданын ѳкмѳтү менен Улуу Урматтуу Ага Хан изилдѳѳлѳр жана плюрализмди жайылтуу максатында ѳнѳктѳштүк мамиле түзүшкѳн. Борбор тарабынан алгачкылардан болуп изилденген ѳлкѳлѳрдүн бири болуп, Кыргызстан эсептелет. Анткени, дал ушул Кыргызстан  плюралист, меймандос жана ар түрдүү коомго ээ.

Жогоруда Сиз  Хорог, Нарын жана Текели шаарларында кампустары бар Борбордук Азия Университети тууралуу айтып кеттиӊиз. Эмне үчүн бул  кампустарды демейдегидей мамлекеттердин баш калааларында эмес, алыскы тоолуу аймактарда курууну чечтиӊер? Мунун себеби эмнеде?

Биз бул университетти пландап жатканда, эмнени ѳзгѳртѳ алабыз деген суроо жаралган. Ири шаарларда ар түрдүү кѳп сандагы университеттер бар. Ал эми чындап эле сапаттуу билим алууну каалагандардын мындай мүмкүнчүлүгү жок деген жыйынтыкка келдик. Сапаттуу билим, жакшы деӊгээлде мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүү жана медициналык мекемелер кимдерге жеткиликтүү эмес? Бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандарда мындай мүмкүнчүлүк жок. Тоолуу аймактарда канчалык бийик жерде жашаса, ошончолук жакыр болот эмеспи.  Ошентип, жашаган бийиктиктин деӊгээли менен кирешенин тескери катышы пайда  болот.

Борбордук Азия Университети (БАУ) — 2000-жылы Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ѳкмѳттѳрү менен Ага Хан фондунун Ѳнүктүрүү уюму тарабынан уюштурулган аймактык, светтик, коммерциялык эмес университет. Фото: Нарын шаарындагы БАУ кампусу.
Сиз бардык колдоону ала албаган учурда маргиналдашуу абалына түшѳсүз. Бүгүнкү күндѳ маргиналдашуу менен радикалдашуунун ортосунда абдан кичине айырма бар. Ошондуктан, адамдар ѳз жашоосу менен канааттанбаган, билимсиз жана мүмкүнчүлүгү жок болгондо, ар түрдүү шектүү уюмдарга кирип кетишет. 

Бизде Нарын жана Ысык-Кѳл областтарынан келген студенттер кѳп. Билим алгандардын 66% айыл жергесинен жана майда шаарлардан келген студенттер. Жалпы студенттердин санынын 33% гана Ош, Бишкек, Душанбе, Алматы ж.б.у.с. ири шаарлардан келип окугандар. Биз жаш муундун сапаттуу билим алуусуна жардам бере алабыз деп ишенебиз. 

Борбордук Азия Университети (БАУ) калктын тоолуу  аймактарда жашаган бѳлүгүнүн социалдык жана экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшүү максатында уюштурулган. Университет жаштардын рыноктун муктаждыктарына жооп берген билим менен кѳндүмдѳргѳ ээ болуусун камсыздайт.  Фото: АКДН
Алар билимге ээ болгон соӊ эмне кылышат? Кээ бирлери чоӊ шаарларга, кээлери Орусияга, Америкага кетишет. Бирок бүтүрүүчүлѳрдүн кѳбү мамлекетинде калып, ѳздѳрүнүн чакан тоолуу мекендерин, айыл-кыштактарын, шаарчаларын ѳзгѳртүүгѳ салым кошушат.

Борбордук Азия Университети тоолор менен тоолуу жерлердин коомчулугуна кѳп кѳӊүл бурат. Ѳткѳн жыл Кыргызстанда аймактарды ѳнүктүрүү жылы катары жарыяланган. Быйыл дагы бийлик ошол эле идеяны кайталады. Кийинки жылы деле кайталанат деп ишенем. Себеби, аймактарды ѳнүктүрүү бир эле жылдын ичинде ишке ашпайт. Бул абдан акылдуу жана туура саясат. Анткени, аймактарды  ѳнүктүрүү бир эле Бишкек, Душанбе же Алматы сыяктуу борбор калаалардын тургундары эмес, айыл жергесинин жашоочулары үчүн да абдан чоӊ пайда алып келет. 

Нарында университет кампусунан тышкары ишке ашырып жаткан башка долбоорлоруӊар барбы?

Биз бир катар программаны ишке ашыруудабыз. Мисалы, Нарында коомдук парк куруп бердик. Ал эми муниципалдык башкаруу ѳз кезегинде мындай белгилүү жерди тейлѳѳ боюнча жоопкерчилик алды. Паркта Wi-Fi түйүнү аркылуу акысыз интернет бар. Эл паркка келип, электрондук каттарды ж.б. бекер алып, кайра жѳнѳтүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ. Бул болсо, кѳп сандагы жарандардын бир жерге чогулуусун камсыздаган жакшы шарт.

Мындан тышкары¸Нарында мектеп-интернат курууну сунуштап жатабыз. Учурда изилдѳѳ жүргүзүүдѳбүз. Бул сунуш Нарын областынын администрациясы менен Нарын муниципалдык башкармалыгында чоӊ кызыгуу жаратты. Мектеп – жѳндѳмдүү балдар үчүн эл аралык үлгүдѳгү жогорку класстагы мекеме болот. Мектепте Нарын областынын Ат-Башы же Кочкор райондорунан, Нарын шаарынын ѳзүнѳн  балдар келип билим ала алышат.  Балдар окуу жайдан сапаттуу билимге ээ болуп, келечекте дүйнѳнүн эӊ мыкты университеттерине ѳтүү үчүн реалдуу мүмкүндүккѳ ээ болушат. Бул болсо учурда жүзѳгѳ ашырууну пландап жаткан иш-аракетибиз. Ошондой эле Нарын шаарында чакан мейманкана курууга байланыштуу планыбыз да бар.

Бишкек шаарында АКДН 50 миллион АКШ долларын жумшай турган Академия-мектеп-интернатын курууну сунуш кылуудабыз. Мектептин курулушу үчүн жер тилкеси сатылып алынды. Бул мектеп Кыргызстандын эӊ таланттуу балдарына арналат. Материалдык абалына карабастан, мектепте билим алууну каалаган, бирок ата-энеси тийиштүү сумманы тѳлѳй албаган балдарга маанилүү ѳлчѳмдѳ стипендия берилет. Бул жердеги башкы идея – жакшы окуган, жѳндѳмдүү студенттерди билим алууга тартып, келечекте ѳз мамлекетин ѳнуктүрүүгѳ, башка бир деӊгээлге чыгуусуна салым кошо турган инсандарды тарбиялап чыгаруу.

Бишкектеги мектеп-интернат боюнча долбоордун учурда кайсы этабы ишке ашырылып жатат?

Азыркы учурда жер тилкесине байланыштуу маселе чечиле элек. Бизге жерди саткан жарандарга карата сот иши жүрүп жатат. Сот бүткѳндѳн кийин дароо эле долбоорду ишке ашыра баштайбыз.

Маегиӊиз үчүн чоӊ рахмат. Кандайдыр бир түшүндүрмѳ берүүнү же кошумча сѳз айтууну каалайсызбы?

Кээде «Силер Кыргызстанда эмне максат менен иштеп жатасыӊар?» жана «Нарындагы университет эмне болуп жатат? Бул шииттердин кандайдыр бир диний институтубу?» деген суроолорду угуп калам. Мен мына ушул суроолорго жооп берип, айкындап кетким келет.

Эӊ биринчиден, биз Кыргызстанга ѳлкѳнүн ѳкмѳтү менен элдин ѳтүнүчү жана чакыруусу боюнча келип иштеп жатабыз. Ѳлкѳнүн эли ар дайым биз жасаган ишти колдоп келген жана мындай мамилесине биз абдан ыраазыбыз. Себеби, биз элди угабыз жана эмнеге муктаж экендигин сурайбыз.

Экинчиден, АКДН диний эмес, светтик уюм болуп эсептелет. Уюм жардамга муктаж болгондордун бардыгы үчүн иштейт. Биз плюралисттик ыкманы колдонуу менен бирге, кѳп түрдүүлүктү алсыз эмес, күчтүү тарап катары карайбыз. Биз ар бир жарандын идеясын угуп, бириктирүүнү, тийиштүү мүмкүндүктѳрдү  түзүп берүүнү жана жашоо шартын жакшыртууну максат кылабыз.


Бул материал Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды. Макалада берилген ой-пикирлер редакциянын же донордун позициясын билдирбейт.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: