© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Бишкектеги транспорттук коллапс: “маршруткалардын” айдоочулары жазага тартылган жок

Жыл сайын сууктун  түшүшү менен Бишкек шаарында транспорттук коллапс келип чыгат. Мунун себеби, унаалардын жетишсиздигинен тартып, маршруттук таксилердин айдоочуларын кѳзѳмѳлдѳѳнүн жетишсиздигине чейин  бир катар фактор менен байланыштуу.


На русском

Ноябрь айынын ортосунда, Кыргызстанда алгачкы жолу кар жааган учурда Мээрим Апасова күндѳгүдѳй эле жумуштан чыгып, үйгѳ кетүү үчүн аялдамага келген. Аялдамага келгенде коомдук транспортту күтүп жаткан элдин санын кѳрүп, таӊ калган.   

«Элдин саны күндѳгүдѳн алда канча эсе кѳп эле. Маршруткалар ѳтѳ эле аз жүргѳнү аз келгенсип, ичи жыкжыйма болгондуктан, аялдамага токтобой ѳтүп жатышты. 45 мүнѳт күткѳндѳн кийин, бутум үшүп баштагандыктан, мен жакка баруучу таксиге отуруп кеттим. Эртеси күнү ошол эле кѳрүнүш кайталанды», – дейт ал.

Транспорттук кыймыл эки эсе азайып кетти. Бишкек шаарынын тургундары бир нече саат бою коомдук транспортту күтүп жатышты. Кээ бир кишилер атайын такси кызматтары бош эместигине байланыштуу, стихиялуу таксисттердин кызматын пайдаланып, үйлѳрүнѳ кетип жатышты.

Бүгүнкү күндѳ бардык эле смартфондордо аба – ырайынын божомолун кѳрсѳтѳ турган тиркемелер бар. Кыргызстандын ѲКМ күтүлгѳн нѳшѳрлѳп жааган жамгыр же кар тууралуу үзгүлтүксүз смс-билдирүүлѳрдү жиберип турат, ал эми синоптиктер кѳпчүлүк учурда аба-ырайынын божомолун туура берип калышты. Бирок жыл сайын эле Бишкекке «күтүүсүздѳн» кар жаап, суук түшѳт жана коомдук транспорттун жетишсиздигине байланыштуу чыныгы транспорттук коллапс келип чыгат. Күйүүчү майлары тоӊуп калгандыктан, айдоочулардын унаалары жүрбѳй калат.

Кээ бирлери кышка даярдыгы жоктугуна, убагында техникалык кароодон ѳтпѳгѳндүгүнѳ байланыштуу мындай абалга дуушар болсо, кээ бирѳѳлѳр жѳн гана суукта жумушка чыккысы келбей коёт.   

Биринчи суукта маршруттук таксинин канча айдоочу каттамга чыкпай калгандыгы жѳнүндѳгү суроого Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов биржаксыз жооп берди:

“Бул суроо боюнча бизде так маалымат жок. Колубузда болгон маалыматтарга караганда, каттамга бардык айдоочулар чыгышкан. Бирок, кара тоӊголоктон улам, жүро албай, тѳмѳнкү ылдамдык менен жүрүүгѳ туура келген. Ушул себептен, маршруттук бустардын ортосундагы аралык узарып кеткен. Аба-ырайы абдан суук болгондо, 5-мүнѳттүк күтүү 45 мүнѳткѳ тете болот”.

Биз күнѳѳлүү эмеспиз

Баш калаабыздын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгында, ар бир каттамга диспетчер бекитилип берилгендигин айтышты.  Диспетчер маршруттук таксинин айдоочуларынын графикти аткаруусун каттап турат жана аны сактоосун кѳзѳмѳлдѳйт. 

«Эгерде биз эртеӊ мененки саат 6.30да акыркы аялдамада жок болсок, анда диспетчер бизге телефон чалат», – дейт маршруттук таксинин айдоочуларынын бири.

Ошентсе да, алардын эреже бузгандарга карата чара колдонуу укугу жок. Диспетчерлер  эреже бузган айдоочу менен сүйлѳшүп, кичи автобус тийиштүү болгон ишкананын ээсине бул тууралуу маалымат гана бере алышат. Айдоочуну жүргүнчү ташуучу ишкана гана жазалоого укуктуу. Бирок, булар да эч кандай чара колдонушпайт.

Транспорттук башкармалыктын берген маалыматынан айырмаланып, маршруттук таксинин айдоочусу ноябрь айында алгачкы кар жааган күнү унаа каражатын ижарага алып иштеген айдоочулардын каттамга чыкпай калгандыгын айтып берди. Мунун себеби болсо, кичи автобустардын ээлери кышкы дѳӊгѳлѳк алуу үчүн акча каражатын бѳлүп бербегендиги эле. Анын айтымына караганда, транспорттук каражаттардын ээлери ижара тѳлѳмдѳрүн гана алып кѳнгѳндүктѳн, унаага акча салууну каалашпайт.  

«Унааны ижарага алып иштеген айдоочулар күнүнѳ анын ээсине миӊ сом, андан тышкары дагы миӊ сомго күйүүчү май куюшат. Андан аркысы кандай болот эч ким биле албайт: жакшы иштеп калышы мүмкүн, же болбосо акчасы чыкпай калышы да ыктымал», – дейт кичи автобустун айдоочусу.

Бул сѳздѳрдү  «Альянс Бус» жүргүнчү ташуучу ишканалар ассоциациясынын тѳрагасы Григорий Николаиди да ырастап ѳттү:

«Шиналарды ѳз убагында алмаштырууда айдоочулардын ѳздѳрүнүн кызыкчылыгы болушу керек. Кантсе да бул – коопсуздук эмеспи. Бирок, унаа ээлери дайыма эле аларды сатып берүүгѳ даяр эмес. Албетте, алар түздѳн-түз «жок» деп айтышпайт, кѳп учурда процессти атайылап эле узартып жүрѳ беришет», – дейт ал.

Фото: rus.azattyk.org

Окуяны териштирүү

Шаардык транспорт башкармалыгынан транспорттук коллапс болуп ѳткѳндѳн кийин дароо эле Бишкек шаарынын вице-мэри Максим Ситников жүргүнчү ташуучу ишканалардын жетекчилери, жүргүнчү ташуучулардын ассоциацияларынын тѳрагалары, Шаардык транспорт башкармалыгы, ШИИБ ЖККББ жана Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт бѳлүмүнүн жетекчилери менен жыйналыш ѳткѳргѳндүгүн маалымдашты.

Бирок, шаар тургундарына келтирилген ыӊгайсыздыктырдан улам, эч ким жоопко тартылган жок.

Кѳйгѳйгѳ шаардык кеӊеш дагы тартылды. БШК эл ѳкүлү Канат Музуралиев CABAR.asia аналитикалык порталына берген интервьюсунда мындай окуя быйылкы жылы  биринчи жолу болуп жаткандыктан, жоопкерчиликти ѳз моюнуна  эч ким албагандыгын билдирди. Эгер кырдаал кайталана турган болсо, анда мэриянын транспорт башкармалыгынын кызматкерлерине карата жумуштан бошотууга чейин барган катуу чаралар кѳрүлѳт деп ишендирди.

Жүргүнчүлѳрдү ташуучу ишканалар ѳз кезегинде кѳйгѳйдүн келип чыгышына акча каражатынын жетишсиздигин шылтоолоп, бардык күнѳѳнү муниципалдык автопарк менен шаардын троллейбустук парктарына коюшууда. 

Транспортту күто берип тажаган эл жѳѳ кетип бара жатышат. Фото: ru.sputnik.kg

Жоопсуз жоопкерчилик

Жарандардан келип түшкѳн арыздар менен даттануулар дагы айдоочуларды жазалоо үчүн негиз боло алат. Оозеки түрдѳ  185 номерине (чалуу акысыз), ошондой эле жазуу жүзүндѳ жана мэрия тарабынан иштелип чыккан “Bishkek 312” (Android/iOS) деп аталган атайын тиркеме аркылуу кайрылууга болот. Эгерде муниципалдык транспорттук каражат болсо, анда жаза колдонуу чарасы айдоочунун айлык акысынын эсебинен ишке ашырылат, ал эми жеке менчик болсо, анда айдоочу жана жүргүнчү ташуучу ишкана менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳт. 

Шаардык транспорт башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, күнүнѳ орточо эсеп менен 3-4 даттануу келип түшѳт. Ал эми суук болгон мезгилде маршруттук таксилерге карата доомат менен 10-15 телефон чалуу болгон. Ошентсе да, муниципалдык органдар  аларга карата жаза кѳрүү укугуна ээ эмес. Ишканалардын ээлери болсо, кадрлар жетишсиз болгондуктан, айдоочулардан кол жууп калбаш үчүн аларды жазага тартпоого аракет кылып жаткандыгын айтышат.

Айдоочуга Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) жана Транспорт министрлиги гана айып пул тѳлѳтѳ алат. Министрлик ошондой эле лицензиядан ажыратуу укугуна ээ.

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорттук башкармалыгы эреже бузуунун оордугуна жараша каттамды кайтарып ала алат, башка чараларды кѳрүүгѳ укугу жок. Нурлан Атыкановдун айтуусунда, ал  жазаларды колдонуу боюнча ыйгарым укуктардын башкармалыкка ѳткѳрүлүп берилиши жѳнүндѳ Ѳкмѳттүн аппаратына кайрылган.

«Ишканалар менен кандайдыр бир кѳйгѳйлѳр келип чыккан учурда калк менен байланышкан – биз  жана жетекчиликтен  тил уккан да – биз, – дейт  Атыканов. – Бирок, Транспорт министрлиги ѳзүнүн ыйгарым укуктарын бизге ѳткѳрүп берүүнү каалаган жок, ошондуктан жүргүнчү ташуучу ишканалардан айдоочуларынын регламентти сактоолорун камсыздоосун гана талап кыла алабыз».

Ала-Тоо аянтындагы жол тыгыны. Фото: Sputnik / Алимджан Валиев
Транспорт жана жол министрлиги ѳз кезегинде транспорттук башкармалыктын ѳзүнүн эле ыйгарым укуктары жетиштүү деп эсептейт.

Транспорт министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык башкармалыгынын жетекчиси Уланаалы Абраимов жогоруда аталган маселе боюнча мындай деп түшүндүрмѳ берди: «Жүгүртмѳнү, иштѳѳ графигин түзүү, каттамдарды бекитүү жана сынактарды ѳткѳрүү –  булардын бардыгы Шаардык транспорт башкармалыгынын ыйгарым укуктары».

Анын айтуусу боюнча, мекеменин текшерүүчүлѳрү күн сайын акыркы аялдамаларга барып, кичи автобустардын айдоочулары тарабынан транспорттук мыйзамдардын сакталышына кѳзѳмѳл жүргүзүшѳт.

Быйылкы жылдын 10 айынын ичинде жалпысынан 425 протокол түзүштү. Кѳбүнчѳ айып пул иштѳѳ графигинин бузулушу, техникалык жана медициналык кароонун жоктугунан улам салынган.

Парадокс, айдоочуларга дем алыш күнү жумушка чыккандыгы үчүн айып пул тѳлѳтүшѳт да, жумуш күнү чыкпагандыгы үчүн – тѳлѳтүшпѳйт. Ушуну менен бирге Абдраимов транспорттук кѳйгѳйдү айып пулдун жардамы менен чечүүгѳ болбостугун, коомдук транспортторду сатып алып, жол акысын кѳбѳйтүү керек экендигин белгилѳѳдѳ.

Григорий Николаиди да аны колдоду.  

“Жол кире акысы 2012-жылдын жаз мезгилинен бери кѳтѳрүлѳ элек. Ошол учурда дизелдик күйүүчү май 30 сом болсо, бүгүнкү күндѳ баасы 47,5 сомго чыкты. Айдоочулар татыктуу маяна алуу максатында коӊшу мамлекеттерге кетип жатышат”, – деп билдирди ал.

Анын айтуусу боюнча учурда каттамга жалпысынан 1800 маршруттук такси чыгып жатат. Ал эми транспорттук башкармалыктын маалыматы боюнча, алардын саны 2200 түзѳт.

Муниципалдык транспорттун позициясы

Муниципалдык транспорттун жеке менчик транспорттукундай эле кѳйгѳйлѳрү бар. Борбор калаа троллейбусунун айдоочусу аба-ырайы кескин сууктап кеткенде  каттамда иштеген 14 троллейбустун ичинен 4 троллейбус жумушка чыкпай калгандыгын, мунун себеби  аларга ѳз убагында кышкы шиналар берилбегендиги экендигин айтып берди.  Бирок, троллейбус башкармалыгында бул маалыматты тѳгүнгѳ чыгарышууда.   

«Бардык дѳӊгѳлѳктѳрдү июнь айынан тарта сатып алып, кышка даярдана баштаганбыз, Бирок, бизде тажрыйбасы аз бир нече жаш айдоочубуз бар. Кара тоӊголокто аларды каттамга чыгарып, тобокелге барган жокпуз. Алгачкы кар жааган күнү жана андан кийинки бир нече күн бою 135 троллейбустун ичинен 115 троллейбус каттамга чыгып жатты», – деп билдирди мэриянын троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Ѳмүрзаков.

Ал каттамда муниципалдык транспорттун жетишсиздиги менен байланышкан кѳйгѳй мындан ары кайталанбай тургандыгын, кийинки кар жааганга чейин жаш айдоочулар кѳбүрѳѳк тажрыйбага ээ болуп, троллейбусту ар түрдүү аба-ырайында башкарууга даяр боло алгандыгын айтып, ишендирди. 

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында маршруттук таксилердин ордун толтуруу үчүн күнүнѳ 150 троллейбус, ошондой эле орточо жана жогорку сыйымдуулуктагы 800 автобус каттамга чыгып турушу керек.  Азыркы учурда муниципалдык автопаркта 135 троллейбус жана 100 автобус бар.

Мэрия дагы 382,5 млн сомго 60 автобус ала тургандыгын билдирип, тендер жарыялады.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: