© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандыктар татыктуу пенсия ала алабы?

cabar.asia аналитикалык ресурсу IWPR кеңсесинде пенсия тууралуу тегерек стол уюштурду. Талкууга Социалдык фонддун, Мамлекеттик эмес пенсия фондунун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.


Жыйында Социалдык фонддун пенсия жана тарифтик саясат боюнча бөлүм башчысынын орун басары Ынтымак Мурзакматов жана Мамлекеттик эмес пенсия фондунун ардактуу төрагасы Шамиль Атаханов спикер болду. Талкууга ошондой эле пенсия маселелери боюнча эксперт Жамиля Тогузбаева, “Карылар үчүн ресурстук борбору” коомдук уюмунун жетекчиси Светлана Баштавенко жана аналитик Денис Бердаков катышты. 

“Кыргызстандагы пенсия системасындагы көйгөйлөр жана перспективалар” аттуу тегерек стол буга чейинки cabar.asia айдыңында пенсия тууралуу  жайгаштырылган макалалардын негизинде өткөрүлдү. Кененирээк маалымат төмөнкү шилтеме аркылуу.

Жолугушуунун башында редакция тарабынан пенсияга байланышкан көйгөйлүү маселелер аныкталды. Пенсия жарандардын баарына тиешелүү экендиги жана коомчулуктун ага болгон кызыгуусу жогору экендиги белгиленди. “Акыркы жылдары жаш жана кары жумушчулар пенсияга тиешелүү көптөгөн суроолорго жооп издейт. Анын ичинен төлөм кандайча эсептелинет, айлык акынын канча бөлүгү Социалдык фондго которулат, өз учурунда Соцфонд акча каражатын кантип жүгүртөт, 2 пайыздык топтомдор кантип көбөйөт” ж.б.у.с. суроолор тегерек столдун катышуучуларына узатылды.

Светлана Баштовенко, Ынтымак Мурзакматов жана  Денис Бердаков

Социалдык фонддун пенсия жана тарифтик саясат боюнча бөлүм башчысынын орун басары Ынтымак Мурзакматов 1997-жылга салыштырмалуу учурда жумуш берүүчүлөр үчүн төлөмдөр жеңилдетилгенин белгиледи. 90-жылдардын аягында ар бир жумушчунун айлык акысынын 36,5%ы Социалдык фондго которулса, 2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин бул төлөм 17,25%ды түзөрүн айтты.  “Мындай жеңилдиктер жумуш берүүчүлөрдү көмүскө экономикадан чыгарууга багытталган. Мындан ары да Социалдык фонд айрым жумуш берүүчүлөргө ар түрдүү шарттын негизинде жеңилдиктерди кароо үстүндө иш алып барат”, – деди ал.

Мурзакматовдун айтымында жарандардын 2 пайыздык топтомдорун көбөйтүп, жөнгө салуу  инвестициялоо тууралуу мыйзамдын негизинде ишке ашат. “Топтолгон каражаттын негизги бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырылган, себеби бул эң коопсуз актив болуп саналат”, – дейт ал. Жарандарга ыңгайлуу болсун үчүн учурда Социалдык фонд тарабынан жеке  кабинет иштелип чыгып атканын жана анын 2019-жылдын июль айынан тарта ишке кирерин Мурзакматов белгиледи.

Эмгекке жарамдуу жарандардын 70%ы келечекте пенсиясыз калышы мүмкүн

Абахон Султоназаров, Шамиль Атаханов жана Жамиля Тогузбаева

Мамлекеттик эмес пенсия фондунун жетекчиси Шамиль Атаханов Кыргызстандагы пенсия системасынын өзөктүү көйгөйлөрүн айтып өттү.  Ал өлкөдө 2,3 млн эмгекке жарамдуу жаран бар экенин баса белгиледи. Алардын ичинен 700 миңи гана ай сайын өз маянасынан Социалдык фондго каражат которуп тургандыктан, келечекте пенсия аларын айтты. “Учурда 2,3 млн эмгекке жарамдуу адамдын ичинен  1,8 миллиону же  70%ы  пенсия топтоого катышпайт”, – дейт ал. Атахановдун айытымында учурда Соцфонд ишке ашырган тилектештик- бөлүштүрүүчү система туруктуу эмес жана келечекте кыйроого учурашы мүмкүн. Себеби Эл аралык эмгек уюмунун сунушу боюнча пенсиялык система туруктуу болушу үчүн ар бир пенсионерге  мыйзамдуу иштеген 3 жумушчу болуусу зарыл. Ал эми бизде расмий статистикага ылайык, бул көрсөткүч 3 эмес 1,2ни түзөт. Эгерде жумушчулардын катарынан жеке ишкерлер менен фермерлерди алып салса, көрсөткүч дагы ылдыйлайт. Ал эми Социалдык фонд өлкөдөгү ишкерлер менен фермерлердин так санын ачыкка чыгарбайт.

“Даана көрсөткүчтү азыр билүү маанилүү, себеби, бул категориядагы жарандар үчүн пенсия өлчөмү адилетсиз эсептелинип жатат”, – дейт ал. “Көпчүлүк фермерлер Социалдык фондго  100 сом өлчөмүндө салык сымал каражат которот (төлөм жер тилкесинин жайгашкан жеринен жана аянтынан көз каранды).  Ал эми ансыз да аз айлык алган врачтар 3000 сом төлөйт. Жыйынтыгында, врач да, фермер да, бирдей пенсияга ээ болуп отурат”.

Атахановдун айтымында жогорудагы көйгөйдү жөнгө салуу үчүн мамлекет жеке пенсиондук фонддорду өнүктүрүүсү керек. Ал аркылуу жарандарда өз топтомдорун өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Эксперт мигранттардын келечеги үчүн да жеке пенсиондук фонддор ыңгайлуу болорун белгилейт. “Алардын өлкөгө которгон каражаты жалпысынан  2,3 млрд долларды түзөт, мигранттарга мамлекеттик пенсиянын эмне кереги бар? Алар өз пенсиясын өзү жеке фонддор аркылуу топтой алат. Ал үчүн мамлекет тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек”, – дейт Атаханов.

Тегерек столдун дагы бир катышуучусу, “Карылар үчүн ресурстук борбору” коомдук уюмунун жетекчиси Светлана Баштавенконун айтымында мамлекеттик органдардын ичинен жарандар үчүн эң кол жеткиси – бул Социалдык фонд. Баштавенко жарандардын көпчүлүгү өз пенсиясын эсептей албарын белгилейт жана пенсия менен түздөн-түз байланышы бар жашоо минимун эсептөө ыкмаларына нааразы. Коомдук уюмдун жетекчиси буга чейин өкмөткө кайрылганын айтып, пенсиянын тарифтик саясатын кайрадан карап чыгуусун өтүнгөн. Бул тууралуу ал өз сунуш-пикирин да билдирген, бирок ал аракети майнапсыз болгон.

Эксперт Денис Бердаков келечектеги муундун татыктуу пенсия алышына көзү жетпейт. Анын айтымында пенсия системасы мурда эле кыйроого учураган. Ал эми мамлекет аны билдирбегенге салып, эл аралык донорлорлун жардамы менен жагдайды оңдоп-түздөө менен алек.

Социалдык фонддо 20 жылдык тажрыйбасы бар Жамиля Тогузбаева Бердаковдун пикирине кошулбаганын айтты. “Социалдык фондго ай сайын каражат түшүп турат жана ал дароо пенсионерлерге жумшалат, – дейт ал. “Курманбек Бакиев бийликке келгенге чейин Соцфонддо дайыма кошумча каражат болуп турган. Каражаттын айрым бир бөлүгү инвестицияга, ал эми калганы пенсияны көтөрүүгө сарпталып турган. Бакиевдин убагында бош каражат пенсионерлердин пенсиясын кыйла көтөрүүгө жумшалып кеткен”, – дейт ал. Жыйынтыгында бош каражат дээрлик жокко эсе. Албетте, бийликтин бул кадамы дагы деле көпчүлүк карыянын эсинде, бирок стратегиялык жактан туура эмес болгон, – дейт эксперттер.

Тогузбаева Социалдык фонддо иштеп турган кезде аймактарга дайыма чыгып, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турганын белгилейт. Бирок көпчүлүк ишинин айынан, жолугушууларга келбейт, деп кошумчалады ал.

Талкуунун жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары пенсия системасын элге кененирээк жайылтуу керек деген бүтүмгө келишти. Биринчи кезекте бул демилге мамлекет тарабынан көтөрүлүп, коомчулук маселени терең билүүсү керек экендиги жана учурдагы системаны жакшыртуу зарылчылыгы баса белгиленди.

cabar.asia аналитикалык ресурсу Кыргызстандын пенсия системасына арналган макалаларды мындан ары да веб-сайтына жайгаштырып, ага байланыштуу көйгөйдүн тегерегинде тиешелүү, кызыктар тараптардын катышуусу менен талкууларды уюштурууну улантмакчы.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: