Уюштуруучулар бул фестиваль робот жасоо, модель куруу, программалоо чөйрөсүнө балдар менен өспүрүмдөрдү көбүрөөк тартууга, келечекте аларга туура багыт берүүгө көмөк көрсөтөт деп үмүт кылышат.
На русском 12-13-майда Бишкекте «Tech and Science Fest» деп аталган экинчи фестиваль өттү. Анда программалоо жана 3D үлгүсүндө моделдештирүү жагынан мастер-класстар, роботтор таймашы болду. Ошондой эле мыкты мэйк-инноваторлор сыйлык алышты жана инновациялык долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулду. Фестивалга көптөгөн жаш инноваторлор өздөрүнүн кызыктуу долбоорлорун көрсөтүштү. Иш-чарага жана мастер-класстарга кызыгуусу арткан балдардын саны да арбын болду. Уюштурууулар Кыргызстанда модель жана робот жасоо, ошондой эле санарип технология жагында инновациялар менен ачылыштар тренд болуп, алгылыктуу иштер күндөлүк турмушта колдонула баштаганын айтышат. Ал эми дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөрдө бул көрүнүш эбак эле жашоо-турмуштун бир бөлүгүнө айланып калган. Видеоматериал:
Жакынкы жылдары бүткүл дүйнө жүзүндө санарип технологиясы менен байланышкан эки миллионго жакын жумушчу орундар керектелет.
-Кыргызстан ушундай адистерди бере алабы?-деген суроого эксперттер эмне дейт? Эксперттер өлкөнүн ичинде эле IT технология адистерин талап кылган миңдеген жумушчу орундуу эмгек чөйрөсү бар деп айтышат. “Биздин мектептерде дал ушул чөйрө натыйжалуу окутулбай, жаштар бул жагынан даярдалбай келет” дейт уюштуруучулардын бири, “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова. Анткен менен фестивалда жаш ойлоп табуучулардын көпчүлүгү Бишкекте ар кандай инновациялык моделдерди жана приборлорду түзүүгө тренд пайда болгонун айтышат. Программалоого жана робот жасоого мындай кызыгуунун пайда болушу, кандай гана технологиялык идея болбосун, аны дээрлик турмушка ашырууга болот, ал келечекте дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында суроо-талапка ээ болот. Уюштуруучулар фестиваль аркылуу балдар менен өспүрүмдөрдү программалоого, робот жасоого, 3D үлгүдөгү моделди ишке ашырууга көбүрөөк тартып, алар булардын эмне экенин билип, кызыгуусу ойгонду, өзүнүн жөндөмүн өрчүтүүнү каалаганын билдиришти. «[Фестивалда] кыздарга көбүрөөк көңүл бурулду. Анткени робот жасоого негизинен балдар кызыгат. Бул “кыздар белгилүү чөйрө менен алектениш керек дегендей көнүмүш ой жүгүртүү болуп калган” дейт Назгүл Турдубекова. Буга кошумчалап, аялзаты так илимдер жагында эркектер менен бирдей эле ийгилик жарата аларын белгилейт. “Мындай фестивалдар бул чөйрөгө коомубуздун баарын тартууга жардам берет” деп эсептейт ал. Турдубекованын сөзүнө жаш инноваторлорго бир көз жүгүртүп эле ынансак болот, анткени алардын көбү эркек балдар эле. Ошентсе да арасында кыздар да болду. Жогорку класстын окуучусу Алина Анисимова фестивалда кыргыздын спутнигин жасоонун биринчи долбоорун көрсөттү. Аны жасоого башынан баштап эле жалаң кыздар катышкан. Ал тандоо туру өткөндөн жана окуу- тренингдеринен кийин кыздар спутниктин бөлүктөрүн жасоону үйрөнүшөт. Долбоор краудфандинг эсебинен каржыланат, анда дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн өкүлдөр катышат. Фестивалда ар кандай кызыктуу инновациялар болду, алар элдин күндөлүк жашоосуна жардамын тийгизиши мүмкүн. Мисалы КРСУнун табигый-техникалык факультетинин студенттери 3D принтердин калдыктарын экинчи ирет колдонуу үчүн башка 3 D материалын алуу үчүн кайра иштетип чыгаруу аппаратын ойлоп табышты. КРСУнун студенти Алексей Орлов бул ойлоп табылган аппарат абдан пайдалуу болуп чыкканын билдирди, анткени андан кайра иштетүүгө муктаж болгон көп калдыктар чыгат. “Биздин лабораторияда бул прибор дайыма пайдаланылат. Биз 3 D принтерин пайдаланган инженерлер арасында шаар боюнча сурамжылоо жүргүзсөк, алардын баары бир ооздон мындай прибордун керек экенин айтышты” деп айтты Алексей Орлов. «Tech and Science Fest» фестивалынын алкагында ойлоп табуучулар көргөзмөсүндө алардын жамааттык «Exruder» деп аталган ойлоп тапкан аппараты байгелүү орунга татыктуу болгон. “Илим менен техника жакшы өнүгүшү үчүн өлкөдө техникалык билим берүү деңгээли жетишсиз деп ойлойм”, -деп эсептейт Орлов. –Мындай жетишкендиктердин баары колунан келген ар кыл адамдардын жеке демилгеси менен болуп жатат” дейт. Ар кандай долбоорлор жана оюн-зоок иш-чараларынан тышкары балдар жана өспүрүмдөр үчүн робот жасоо, программалоо, модель жасоо боюнча ар кандай мастер-класстар өткөрүлдү. “Биз өспүрүмдөрдүн өздөрүн бош убакытта ушундай ийримдерге көңүл бурууга тартабыз. Алар кыйноо, рэкетчилик менен алектенбей, өзүн робот жасоодо жана заманбап технологияларда көрсөтө алгыдай болсун” дейт “Балдардын укугун коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубекова. Алардын кызматкерлери эки жылдан бери айылдык мектептердин окуучу кыздарына программалоо боюнча тренингдерди өтүп, смартфондо тиркеме иштеп чыгууга үйрөтөт, IT чөйрөсүндө аларды кандай келечек күтүп жатканын айтып беришет. “Биз аларга тиешелүү жагын өздөштүрүп алышса, өздөрү үчүн жаңы дүйнөнү ачып, сөзсүз түрдө жогору айлык алган адистерден болуп каларын көрсөтүп жатабыз” дейт Назгүл Турдубекова. Авторлору: Александр Александров жана Вячеслав Цой, IWPR медиа- мектебинин катышуучулары. Бул материал «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында Норвегия Тышкы иштер министрлигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырылды.