© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы экстремизмдин эки өңүтү

Кыргызстанда диний-экстремисттик баракчаларды таштай коюп, тузакка илген же негизсиз жерден кылмыш жообуна тарткан өнөкөт жоюла элек.


Биздин Facebook’тагы баракчабызга кошулуӊуздар!


ИИМ басма-сөз кызматынын сүрөтү

Ошонун кесепетинен укук коргоочулар жыл сайын ондогон адамдар экстремисттик материалдар үчүн кармалып, тескерисинче түрмөдө радикалдашкан учурларын байкашкан. Буга укук коргоочулар биринчи кезекте милициянын жасалма кылмыш иштерин токуганын, экинчиден чыныгы экстремисттер менен ага тиешеси жок динчил адамдарды айырмалаш үчүн колго түшкөн материалдарга сапаттуу соттук-теологиялык экспертизанын жоктугу себеп болуп жатканын мисалга алышты.

Ички иштер органдары экстремисттик кылмыштар үчүн адатта көптөн бери көзгө илинип, атайын каттоодо тургандар кармала турганын жүйө келтирип, жасалма жол менен кылмыш ишин токуган фактылар тууралуу маалыматтарды четке кагышты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) диний-экстремисттик кылмыштар үчүн соттолгондор азайганын жарыялады.

Былтыр адам укугун коргоо боюнча «Human Rights Watch» эл аралык уюму диний экстремизм боюнча соттолгондордун иштерин кайра кароону сунуш кылган болчу.

Экинчи жолу илинчекке илинген ишкер

Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну, жеке ишкер Хамидилла Абдуллаев «экстремисттик материалдарды сактаган» деген кинеге экинчи ирет кириптер болуп отурат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 24-сентябрда анын автоунаасынан диний мүнөздөгү баракчаларды табышканын кабарлашкан.

Хамиддилла Абдуллаев өзү ага эч кандай тиешеси жок экенин айтып, милиция кызматкерлери ал баракчаларды автоунаага таштап койгон деп шекшийт. Анын айтымында, милиция кызматкерлери үйдү тинтүүгө ордерди көргөзүп, бирок машинеге соттун уруксат кагазын көрсөтүшкөн эмес. Үйдөн эч нерсе табылбаган соң милиция машиненин салонун текшерип, ал жактан төрт баракча жана эки компакт-диск чыккан.

Хамиддилла Абдуллаев милициянын басымы астында тинтүү актысына кол коюп берип, түшүнүк кат жазууга мажбур болгонун билдирди:

– Үйдө тинтүү жүргүзүп, эч нерсе табышкан жок. Анан сыртка чыгып, машинемди карап, аны тинте башташты. Карап, ал жактан да эч нерсе чыккан эмес болчу. Мен алардан машинени тинтүүгө ордер сурадым. Машинеде эч нерсе жок болгондуктан «карай бергиле» дедим. Анан бир милиция кызматкери арткы эшикти ачып туруп, оң колу менен кандайдыр бир кагаздарды машиненин ичине кыстара койду. Видеону анын артынан тартышкан. Мен «жигиттер, эмне кылып жатасыңар, машинеде эч нерсе жок болчу» дедим. Алар «сенин автоунааңдан ушул кагаздар чыкты» деп, дагы бир компакт-дискти алып чыгышты. Мен аларга компакт-дискти коюп бердим. Анда азан менен куран гана угулду. Бирок ошого карабастан, менин машинемден ошол кагаздар менен компакт-диск чыкканы тууралуу протокол түзүштү. Ага кол койгонго мени мажбурлашты. Мени мажбурлап, түшүнүк кат талап кылышып, мен айла жок «баракчалар чыкты, компакт-диск чыкты» деп жазып бердим.

Жеке ишкер Хамидилла Абдуллаев милиция ага баракчаларды атайын таштап койгон деп шек санап, кылмыш ишин жасалмалоо деген негиз менен Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган. Ал жазган арызында эртең менен жүргүзүлгөн тинтүү учурунда дендароо абалда болуп, басым астында тинтүү актысына кол коюп, түшүнүк кат жазып бергенин көрсөткөн. Жеке ишкер милициянын айтканын айткандай жазып, ал учурда эмне тууралуу жазып бергенин да эстей албай турганын кошумчалаган. Ал соттук-теологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин эркиндикте калган.

Хамидилла Абдуллаевдин адвокаты Хусанбай Салиев жасалма далилдердин негизинде сотко чейинки өндүрүштү ачкан жагдай тууралуу Ош шаардык прокуратурасына арыз жазылганын ырастады:

– Бул адам буга чейин эле Ош шаардык прокуратурасына даттанган. Башында ал бизге келип, ошол баракчаларды анын машинесине таштап коюшканын, анын эч кандай тыюу салынган уюмга тиешеси жоктугун айтып, укуктук жактан жардам берүүнү өтүнүп кайрылган. Биз ага юридикалык колдоо көрсөтүп, анын укуктарын коргоого киришкенбиз. Биз азыр ал арыз боюнча Ош шаардык прокуратурасынан жооп ала элекпиз. Азыркы учурда далил заттарды жасалмалоо боюнча берилген арызга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы ишти иликтеп чыгып, жыйынтыгын бизге билдириши керек. Биз ошону күтүп жатабыз.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков 24-сентябрда шаар тургуну Хамидилла Абдуллаевдин үйүндө жана машинесинде мыйзамдын алкагында тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Анткени, анын айтымында, ага чейин башка бир жарандын жанынан экстремисттик адабияттар табылып, ал сурак учурунда аталган материалдарды Хамидилла Абдуллаевден алганы тууралуу көрсөтмө берген. Ошонун изи менен милиция кызматкерлери Хамидилла Абдуллаевдин үйүн жана машинесин тинтүүгө алган экен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков аталган ишти иликтөөнүн абалы тууралуу буларды айтты:

– Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдарды алып жүргөнү боюнча Ош шаарынын бир тургуну кармалып, ал болсо «ошол адабияттарды Ош шаарынын Хамидилла аттуу тургунунан алдым» деген көрсөтмө берген. Ошонун негизинде быйыл 24-сентябрда 1972-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Хамидилла Абдуллаевдин үйүндө мыйзам чегинде тинтүү жүргөн. Анын автоунаасынан эки даана компакт-диск жана диний мазмундагы баракчалар табылган. Табылган далил буюмдарга тиешелүү изилдөө жүргүзүш үчүн соттук-эксперттик кызматка диний-теологиялык корутунду чыгаруу үчүн өткөрүлүп берилген. Ал жактан «аталган материалдар диний кастыкты козутушу мүмкүн» деген корутунду чыга турган болсо, анда ошого жараша тергөө ишинин нугу башка жакка өзгөрүшү мүмкүн. Азырынча экспертизанынын жыйынтыгы чыкканга чейин ал адам эркиндикте жүрөт.

Жоопкерчиликтен кутулуубу же карандай дооматпы?

Ошол эле кезде Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Ош шаарынын тургуну Хамидилла Абдуллаевден мурда да экстремисттик баракчалар табылганын айтты. Анын айтымында, 2015-жылы январь айында Хамидилла Абдуллаевдин үйүн тинтүү учурунда бир нече баракча табылып, бул үчүн ал үч жылга жатак абакка кесилген. Анын бул жаза мөөнөтү бүтө элек болчу. Экинчи жолу экстремисттик материалдарды сактоого байланышкан кылмышка кириптер болуп жаткан Хамидилла Абдуллаев укук коргоочуларга милициянын жасалма жол менен жоопко тарткысы келген аракетинен коргоо боюнча жардам сурап кайрылган.

Бирок Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков анын бул аракетин кылмыш жоопкерчилигинен качуу далалаты катары сыпаттады:

– Хамидилла Абдуллаевге 2015-жылы да диний кастыкты козутууга байланышкан мурдагы эски берене боюнча кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ал 2016-жылдан бери Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тиешелүү кызматтарынын көзөмөлүндө болчу. Ал эми анын өзүнүн жана адвокаттарынын «жасалма далилдердин негизинде мыйзамсыз кармалганы» тууралуу милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирип айткандарын биз анын мыйзамдын жоопкерчилигинен кутулуу аракети катары түшүнөбүз. Демейде, ушундай иштерде «мени милиция мыйзамсыз кармады, жок жерден жасалма иштер менен айып коюп жатат» деген дооматтарды коюп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган учурлар көп.

Анткен менен жеке ишкер Хамидилла Абдуллаев экинчи жолу негизсиз жерден милициянын бутасына илинип жатканын айтып, биринчи жолкусунда баракчалар анын үйүнө ташталганын белгиледи.

Хамидилла Абдуллаев соода менен алектенип, үй-бүлөсүн багарын айтып, тыюу салынган уюмга тиешеси жок экенин билдирди:

– Мурда да баракчаны китептин ичинен таап чыгышкан. Мен аны билбей калгам. Ал учурда мен аны кантип салып коюшканын көрбөй калгам. Эч нерсени билген эмесмин. Анда мага «азыр ошол баракчалар сеники экенин мойнуңа албасаң, анда сенин балдарыңдын мойнуна илип коёбуз» деп коркутушкан. Айла жок, мойнума алгам. Мен эч кандай экстремист эмесмин. Мен Кыргызстандын карапайым жаранымын. Азыр мен материалдык жана моралдык жактан кыйын абалдамын. Адвокатым экөөбүз бул иштин жагдайларын иликтеп берүүнү өтүнүп жана менин актыгымды далилдеш үчүн прокуратурага арыз жаздык. Прокуратурадан алынган баракчалардагы менин колумдун издерин аныктоо боюнча экспертиза дайындоону талап кылганбыз. Бирок андай текшерүү азырынча жүрө элек. Мен болгону мыйзамдын чегинде ишти акыйкат карашты гана суранып жатам.

Жазык кодекси боюнча экстремисттик баракчаларды сактап же жайылтканы үчүн биринчи жолу кармалса, анын жазасы эскертүү, акчалай айып салуу же болбосо эркинен ажыратууну карабаган жатак абакка кесүү менен чектелет. Экинчи жолу же андан көп ушундай айып менен соттолсо, анда анын жазасы күчөтүлүп, үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылдышы мүмкүн.

Торго түшүрүү тобокелчилиги

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, учурда экстремисттик материалдарга байланыштуу кармалгандардын көпчүлүгү атайын уюштурулган чагымга же жоопко тартууга негиз бербеген жагдайларга байланыштуу.

– Биздин уюмда изилдөөдөгү ушуга окшогон 30дан ашуун кейс бар, – деди ал. – Ошол иштердин көпчүлүгү эле атайын токулуп, жасалган иштер. Экстремизм боюнча айыпталгандардын 90 пайызга жакыны ошондой кылмыш жообуна тартууга болбой турган иштер. Мисалы, Интернеттеги социалдык тармактарда кайсы бир материалга ойлонулбаган жерден эле «лайк» басып койгон же бөлүшүп койгон учурлар боюнча да сурак берип жүргөндөр бар. Кээ бирөөлөрдүн чөнтөк телефонунан «WatsApp» же башка мессенжерлер аркылуу экстремисттик материалдар табылган учурлар болгон. Ал адамдар керек болсо, аталган материалдардын мазмунун да түшүнүшкөн эмес. Милиция болсо ошондой материалдарды ким жөнөткөнүн издебей эле, анын телефонунан табылганы үчүн ишти козгоп койгон учурлар көп. Кээ бир учурларда ошондой баракчаларды үйлөрүнө алып барып таштап коюп, анда жашагандар «баракчаларды салып келгенин көрдүк, атайын эле үйгө таштап коюшту» деп какшагандар бар. Мындай иштер кээде сотко чейин жетет. Анан бизде соттук-теологиялык экспертиза жакшы жолго коюлган эмес. Так аныктама берип, материалдын өзүндө экстремисттик чакырыктар же кандайдыр бир коркунучтуу ойлор бар экени анда толук далилденбесе деле, аны бардык жагынан изилдебей туруп чала сабат корутундунун негизинде ага карата сот өкүмдөрү чыккан учурлар арбын. Ошонун кесепетинен бейкүнөө камалып кетип, анан ал адамдар түрмөдө жүрүп, чынында ошол жактан радикалдашып кеткен учурлар бар.

Ошол эле кезде Кыргызстанда жогорку кесиптик даярдыктагы жана эл аралык талаптарга жооп берген көз каранды эмес соттук – дин таануучулук экспертиза борборун түзүү маселеси чечиле элек. Укук коргоочулар менен эксперттер диний-радикалдык, экстремисттик тексттерди лингвистикалык талдоого алып, көз каранды эмес корутунду чыгарып берүүгө адистешкен борбордун жоктугу адатта бул тармакта мүчүлүштүктөрдү жаратып келгени айтылды.

Талдоочу Нурлан Орозбаев кесипкөй теологдордон, юристтерден жана лингвисттерден турган атайын адистешкен борборду уюштуруу зарыл экенин айтты:

– Кыргызстанда соттук-теологиялык экспертиза жүргүзүүнүн абалы абдан эле оор экен. Улуттук илимдер академиясындагы 1-2 илимпоздун жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинде иштеген бир теолог-эксперттин чыгарып берген бүтүмү боюнча эле соттук чечимдер чыгат экен. Лингвистикалык, укуктук жана дин таануучулук толук изилдөө болбогондуктан сот алардын аныктамасынын же жеке көз карашынын негизинде эле чечим кабыл алууга аргасыз экен. Бул жерде материалдагы ой-пикирдин бийликке карата, конституциялык түзүлүшкө карата мазмуну гана иликтенип, ошонун негизинде гана анын экстремисттик экенин же андай эмес экенин аныктоо маселеси каралат экен. Бул туура эмес көз караш. Чыныгы экстремисттик ойду аныкташ үчүн бул жетишсиз. Ал ар тараптуу жана толук изилдөөнү талап кыла турган көрүнүш экени, тилекке каршы, эске алынбай келе жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов мекемеде диний адабияттардын мазмунун изилдөөгө ыңгайлашкан адистер бар экенин, бирок алар соттук-теологиялык экспертиза жүргүзүүгө укугу жок экенин айтты. Зайырбек Эргешов мындай ыйгарым укук аталган комиссиядан жыл башында эле алынып салынганын кошумчалады:

– Бизде дин таануучулук экспертиза жүргүзө турган жана диний уюмдар менен кызматташа турган атайын бөлүм бар. Анда атайын дин таануучу теолог адистер иштешет. Бирок биздеги дин таануучу экспертизадан диний мүнөздөгү адабияттарды гана өткөрөбүз. Ал эми соттук дин таануучулук экспертизаны өкмөткө караштуу Мамлекеттик-соттук экспертиза кызматы өткөрөт. Ал жакта соттук-теологиялык экспертиза аталган кызматтын адистери тарабынан гана жүргүзүлөт. Биздин эксперттер 2019-жылдын январь айынан баштап ошондой мүнөздөгү соттук-теологиялык экспертизаларды жүргүзбөй калган.

Абактагылар азайды

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 2019-жылдын 1-октябрына карата 434 адам экстремизм жана терроризм боюнча айыпталып, жазасын өтөп жатат. Алар үчүн былтыр Бишкектин четиндеги Молдовановка айылындагы абак жайынын аймагында атайын түрмө курулган. Терроризм жана экстремизм боюнча соттолгон адамдар бардык абак жайларынан ошол жакка которулган.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, 2019-жылдын башына карата ошондой мүнөздөгү кылмыштар үчүн 600дөн ашуун адам соттолуп, абакта отурган болчу. Жыл башында жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен андагы декриминализация жана гуманизация принцибинин негизинде айрым майда кылмыш иштери үчүн жаза мөөнөттөрү кыскарган.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова андай иштер кайра каралып, натыйжада сот жообуна тартылгандар азайганын билдирди:

– Азыркы убакта бизде экстремизм боюнча жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бир топ эле азайып, эсептелип жатат. Анткени жаңы кодекстерге ылайык, шарттуу түрдө соттолгон же жатак абакка кесилген бир канча адам Юстиция министрлигине караштуу пробациялык институттун көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди. Анын ичинде майда экстремисттик иштер боюнча жоопко тартылгандар да бар. Мурда жалпысынан бизде 15 миңден ашуун адам жазага тартылган. Азыр жалпысынан биздин карамагыбызда 10 миңдей эле адам калып, 5 миңден ашуун адамды тигил жакка өткөрүп бердик. Эми алар пробациядан өтүп, жүрүм-турумуна жараша жаза мөөнөттөрү кыскарып, жазасы жеңилдейт. Бул эми Жаза аткаруу кодексиндеги гумандаштыруу принциби боюнча жүрүп жатат.

«Human Rights Watch» эл аралык адам укугун коргоо уюму 2018-жылы Кыргызстандагы экстремисттик материалдар үчүн кылмыш жоопкерчилиги боюнча отчетун жарыялаган. Анда экстремисттик багытта козголгон 34 кылмыш ишинин материалынын алкагында 70тен ашуун адам сурамжылоого алынган. Алардын арасында экстремизмге байланыштуу айыпталып, соттолгон 11 адам, сот жообуна тартылгандардын туугандары, адвокаттар жана тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү бар.

Отчетто козголгон кылмыш иштеринин материалдарынын көпчүлүгүндө зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырыктар жок экени аныкталган. Ошол эле кезде изилдөөгө алынган материалдардын жарымына жакыны азгырыкка чакырган жана диний үгүттөө иштерине багытталган материалдар экени белгиленген.

Кармалган басылма материалдарынын көпчүлүгү халифат орнотууну максат кылган, бирок ага жетүүдө зомбулук ыкмаларынан баш тарткан «Хизбут-Тахрир» уюмуна таандык экени көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында экстремисттик материалдарды сактоо же жайылтуу үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги Борбор Азиядагы башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанда да диний экстремизге каршы күрөш урааны астында жүргөн репрессиялык саясаттын бир бөлүгү экени белгиленген.

Экстремисттик кылмыштардын көрсөткүчү

Бирок ЖАМК жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен экстремисттик иштер боюнча канча кылмыш иши кайра каралып, анын негизинде канча адамдын жаза мөөнөтү кыскарып же абактан бошонуп чыкканы тууралуу так маалымат берген жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбековдун парламентке берген маалыматы боюнча, 2019-жылдын 10 айында эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын 16 мүчөсү кармалып, камакка алынган. Анын ичинен 11 адам терроризмге шектүүболсо, калган бешөө диний экстремизм боюнча айыпталып, алардын иштери сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Депутат Руслан Казакбаев диний-экстремисттик уюмдардын туруктуу байланыштарына кызыкты:

– «Экстремизм жана терроризм боюнча 2018-2019-жылдары канча кылмыш иши козголду? Ошолордун арасынан канчасы чынында эле диний экстремизмге байланыштуу болгон? Дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамды бузган диний уюмдарга кылмыш иши козголгон учурлар болду беле? Аларды сырттан каржылаган учурлардын бети ачылган беле? Эгерде ошондой фактылар ачыкка чыккан болсо, анда аларга каяктан каражат келип түшкөн?» деген сыяктуу суроолорго толук жана ар тараптуу жооп алыш керек.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча диний-экстремисттик мүнөздөгү адабияттарды сактоого, таратууга же Интернет аркылуу ошондой материалдарды жайылтууга байланышкан кылмыштар бир канча категорияга бөлүнгөн. Ошонун негизинде мындай иштерге биринчи жолу же кокусунан кириптер болгондордун материалдары бирдиктүү реестерде жорук катары каттала турганы белгиленди. Ал эми экстремисттик уюмдар менен көпкө чейин туруктуу байланышта болгон адамдар ошондой иштер менен алектенген учурда алардын аракеттери кылмыш катары каралат.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бул жагдай тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:

– 2019-жылдын он айында экстремизм багыты боюнча 399 материал Жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган. Жаңы кодекстерге ылайык, азыр мындай иштер жоруктар катары каттоого жатат. Буга чейин кылмыш иши козголчу. Азыр эми ошол иштер боюнча жоруктар катары сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ал эми экстремисттик жана террористтик уюмдар катары Кыргызстандын аймагында 20дан ашуун диний бирикменин ишмердигине тыюу салынган. Ошол диний уюмдардын үгүттөрү, чакырыктары, басып чыгарган диний багыттагы материалдары экстремисттик адабияттар катары каралат.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террористтик жана экстремисттик уюмдар катары, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган. Ага «Жабхат Ан-Нусра», «Жайшуль Махди», «Ансаруллох», «Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами», «Жихад тобу» жана «Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы» сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. Бул уюмдардын атынан чыккан же аларга таандык экени аныкталган материалдардын бардыгын сот тыюу салынган диний экстремисттик адабияттардын катарына киргизген.

Бул материал IWPR медиа-уюмунун “Азаттык” радиосу менен кызматташуунун алкагында биргеликте даярдалды. Макаланын түп-нускасы “Азаттыктын” веб-сайтында жарыяланган. 


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: