© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргыз мигранттары  Россиянын паспортун сейрек ала башташты

Мамлекеттик миграция кызматы бул тенденцияны Евразиялык экономикалык биримдикке  (ЕАЭБ) мүчө болуу менен байланыштырууда.


Сүрѳт: Kloop.kg
На русском

Мекеменин маалыматына ылайык, 2017-жылы  8,768 адам орусиялык жарандыкты алган. Миграциялык кызматтын өкүлү акыркы жылдары бул көрсөткүчтүн төмөндөп жаткандыгын айтат. Анткени “айрым жылдарда орусиялык жарандыкты алган адамдардын саны 15-25 миңге чейин жеткен”.

“Евразиялык экономикалык биримдикке  (ЕАЭБ) киргенден кийин биз Россия Федерациясынын жарандыгын алгандардын көрсөткүчү төмөндөгөнүн  көрүп жатабыз,” – деди маалымат жыйында КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев.

Анын пикири боюнча бул бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык аймагында жумушка эркин орношо ала тургандыгын билдирет. Мына ошондуктан жарандыкты алмаштыруу тенденциясы кыйла азайып калды.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кубанычбек Осмонбеков ЕАЭБге кирүү кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетип, орусиялык паспортту алуу мүмкүнчүлүгүнүн кереги жок болуп калганын тастыктайт.

“Мурда уруксат берүү документтерин толтуруп, патентти каттатып жатканда россиялык паспорт керек болчу. Азыр бул жагынан бир кыйла жеңил болуп калды”, – дейт Осмонбеков.

Бирок айрымдар орусиялык паспортту алуунун азайышы  ЕАЭБге мүчө болуу менен байланышы жок деп эсептешет.

Иркутскидеги диаспоранын активисти Бейшеналы Ашыралиев Кыргызстандын жарандары орусиялык паспорт алууга азыраак кайрылып калганынын себеби, жарандыкты алуу эрежелери өзгөрүлүп, Россиянын аймагында убактылуу жашоого уруксат берүүнүн квотасынын кыскарышы менен байланыштуу экенин айтат.

“Өткөн жылы Иркутск облусунда 2.200 болсо [КР жарандары үчүн Россияда убактылуу жашоо квотасы], бул жылы болгону 1500дү берди”, – деп түшүндүрдү  Ашыралиев  cabar.asia. менен болгон маегинде.

 

!function(e,t,n,s){var i=”InfogramEmbeds”,o=e.getElementsByTagName(t)[0],d=/^http:/.test(e.location)?”http:”:”https:”;if(/^\/{2}/.test(s)&&(s=d+s),window[i]&&window[i].initialized)window[i].process&&window[i].process();else if(!e.getElementById(n)){var a=e.createElement(t);a.async=1,a.id=n,a.src=s,o.parentNode.insertBefore(a,o)}}(document,”script”,”infogram-async”,”https://e.infogram.com/js/dist/embed-loader-min.js”);

Кыргызстандыктарга орусиялык паспорттун эмне кереги бар?

Диаспора өкүлдөрү орусиялык паспорт жумушка орношууда артыкчылыкты же кандайдыр социалдык жеңилдиктерди бербейт дешет; расмий катталуу болмоюн жана мүчөлүк взносту төлөмөйүн, бул мүмкүнчүлүктөргө баары бир жете албайсың. Бирок анын башка артыкчылыктары бар экенин айтышат.

“Жеке мүмкүнчүлүктөр катары кандайдыр тартип бузууда сени өлкөдөн чыгарып жибере алышпаганын айтууга болот,” – дейт Москвадагы ишкерлер эл аралык ассоциациясынын мүчөсү Азамат Адылгазиев.

“Менин оюмча, бул жакта  [Россияда] пенсиялык документтерин даярдаган жана пенсия алгысы келген адамдар, башка себепти мен көргөн жокмун,” – деп эсептейт Москвадагы “Айкѳл” спорт клубунун негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбеков. – Эгер медициналык камсыздандыруу болсо, доктурдан текшерүүдөн өтүү акысыз болот. Чет өлкөлүк жаран катары биз андай кызмат көрсөтүүдөн пайдаланабыз”.

Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгонуна карабай, жашаган жери боюнча расмий каттоосуз жана социалдык взносту төлөмөйүнчө, кыргыз мигранттары балдарын балдар бакчаларына жана мектептерге киргизе алышпайт.

Диаспора өкүлдөрү мигранттар миграциялык эрежелерди сактоого жана жумушка мыйзамдуу орношууга умтулбайт, ошондуктан алар социалдык кызмат көрсөтүүдөн куру калып жатканын айтат.

“Бул жакта мектепке да, балдар бакчасына да барбаган балдар көп,” – деп белгилейт Иркутскиден Бейшеналы Ашыралиев. – Алар өздөрүнө өздөрү көйгөй жаратып жатышат. Эгер биздин кыргыздар мыйзамды бузбаса, баары жакшы болмок. Биздин менталитетибиз ушундай экен: мыйзам бузуп, аны акырына, акыркы күнгө чейин созуп жүрө беребиз”.

Миграциялык кызматтын маалыматы боюнча, 2017-жылы Россияга 738 миң 350 адам кирген. 10, 719 жаранга  үч жылга кирүүгө тыюу салынган, себеби алар миграциялык учетко турган эмес.

Россиядан Кыргызстанга мигранттар которгон акчанын көлөмү 2017-жылы 2,21 млрд АКШ долларын түзгөнү Россия Федерациясынын Борбордук Банкынын сайтында келтирилди.

Авторлор: Александр Александров жана Владислав Цой, IWPR медиа-мектебинин катышуучулары

Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Changefrom the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: