© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Сооронбай Жээнбеков башкарган жыл: президенттин алдындагы дилеммалар

«Буга чейин Сооронбай Жээнбеков бир эмес, бир нече президенттердин мен менсинип манчыркаган жана бийлигинен ажырап оор абалга дуушар болгон учурларына жакындан өзү күбө болуп, өз көзү менен көргөн саясатчы. Өлкө президенти кызматына келүү менен эң жогорку бийлик бул бир жагынан теңдешсиз сыймык, ошол эле мезгилде ат көтөрө алгыс жоопкерчилик экендигин өз башынан өткөрүп жаткан кези. Албетте, жогорку бийликти кармап калуу үчүн нечендеген карма-каршылыктуу  диллемалардан өтүүгө мажбур болуп, президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылында эле бир нече оор сыноолорго дуушар болду. Алардын айрымдары артта калса да айрымдарынан өтүүгө мажбур болууда», – дейт CABAR.asia үчүн жазган макаласында эксперт Эльмира Ногойбаева.

Русский English


Макаланын кыскача мазмуну:

  • Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мурдагы жетекчисинин канатынын алдынан чыгып кете алды;
  • Жээнбековдун тышкы саясатын кризист-менеджердин иши  катары баалоого болот;
  • Жээнбековдун үй-бүлөөсүнүн жүрүм турумунан жана анын айрым айткандарынан алардын динге өтө берилгендиги байкалат;
  • Азырынча Жээнбековдун  калыптанган, ага туруктуу берилген жана демилгелүү командасы жок.

Борбордон алыскы Фергана өрөөнү жана Алай тоо кыркаларынын кесилишинде жайгашкан Каракулжа районунда туулуп өскөн, бир кездеги уялчаак бала качандыр бир мезгилде өлкө башчысы болом, деп ойлогонбу же жокпу азырынча маалымат барактарынан табыла элек. Ошондой болсо да 2017-жылдын 15-ноярында Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков жалпы шайлоочулардын 54,76 % алуу менен ал өлкө башчысы болуп жарыяланды.

 Сооронбай Жээнбеков мына ушундай мамлекеттик жогорку кызматка өзүнүн узак убакыт бою саясаттагы талыкпаган аракети менен келди деп айтуу албетте оор. Туура, анын саясий карьерасы жеңил болгон жок. Ошол эле мезгилде калк арасында президент болуу анын илгертеден бери келген эң башкы максаты болгонбу же жокпу?, деген суроо да жаралбай койбойт. Эгемендүүлүк мезгилдеги эң жогорку бийликке жетем деп умтулган саясатчылардын баскан жолунда ар түрдүү айырмачылыктарды байкоого болот. Алардын айрымдары үчүн президенттик шайлоо ири суммадагы каржыны жоготууга турса, айрымдары үчүн президенттике умтулуу толгон токой оорчулуктар, тоскоолдуктар  менен коштолгондугун байкоого болот. Ага мисал катары Жээнбековдун замандаштары болушкан, аттары окшош Өмүрбектерди келтирсе болот. Алардын бири курагы боюнча жашыраак Өмүрбек Бабанов. Ал  бир эмес бир нече курдай өзүнүн президент болуу максатына жетүү үчүн эч нерсеге карабай болгон күчүн жумшап аракет жасап, ийгиликке жетээрге бир кадам калганда  ар кандай себептерден улам жеңилүүгө дуушар болгондугуна күбө болдук. Экинчиси,  Өмүрбек Текебаев өмүр бою президент болом, деп аракет жасап, бирок өзү күткөндөй жеңишке жете алган жок. Текебаев Кыргыз саясатына өзүнүн 30 жылдан ашуун өмүрүн арнап,  акыры барып түрмөгө камалып кетти. Андыктан Текебаевдин камалашын Атамбаевдин катышуусуз эле болду, деп кесе айтуу туура эмес.

Ошентип, Жээнбековдун бактысы ачылып саясий бийликтин эң чокусуна келип отуруп калды. Эки жолку ревоюцияны башынан өткөргөн, жаратылышынан эркиндикти сүйгөн эли, активдүү жарандык коому бар өлкөдө албетте президент болуу оңой иш эмес. Эң кызыгы буга чейинки ар бир президент бийликке келгенде өлкөдөгү коомдук ар кандай институттар сыяктуу эле мамлекетти деле башкарып кетүүгө болот, деп ойлошуп өзүнөн мурунку президенттердин кетирген катачылыгын кайрадан эле кайталап алып жатышты. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өзү бир эмес эки президенттин мен-менсинип манчыркаган жана бийлигинен ажырап оор абалга дуушар болгон учурларына жакындан өзү күбө боло алды. Өлкө президенти болуу албетте  бул бир жагынан теңдешсиз сыймык, ошол эле мезгилде ат көтөрө алгыс чоң жоопкерчилик экендигин ал өз башынан өткөрүп жаткандай. Чоң бийликти кармап калуу үчүн ал нечендеген карма-каршылыктуу  диллемалардан өтүүгө мажбур болуп, президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылында эле бир нече оор сыноолорго дуушар болгондугун көрүп турабыз. Мындай оорчулуктардын   айрымдары артта калса да айрымдарынан өтүүгө мажбур болууда.

 Дилемма II. Өз алдынча оюн жүргүзүүгө жетишүү (Көз карандысыз оюнчу)

Тарых барактарына көз жүгүртө турган болсок, буга чейинки болгон саясий окуялардын баардыгы алдын ала ойлонулуп жасалгандай сезилип кетет. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында бешинчи президент болуп шайлануу  менен Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мурдагы жетекчисинин таасиринен бир караган адамга оңой эле бошоно алды. Ошентип, ал президент катары өзүнүн алдындагы биринчи оорчулукту ийгиликтүү, «камырдан кыл сууругандай» эле чече алды, деп айтсак болот. Албетте көп өтпөй Алмазбек Атамбаев баары эле ал ойлогондой болбогондугун ачык сезип, көрүп, көзү ачылып, түшүнүп, өзүнүн кечээги эле өтө унчукпас кызматкери бүгүн анын айтканын аткарбай ага  кол бала болуудан баш тартып жаткандыгын толук түшүндү. Ошентип биз кайрадан Кыргызстанга мүнөздүү реваншистик согуш  башынан башталгандыгына күбө болуудабыз. Кайрадан дегеним, айрыкча соңку жылдары Кыргызстандагы ар бир кийинки президент өзүнөн мурдагы президенттин жасаганын толук жокко чыгарып, анын командасындагы адамдары куугунтукка алуусу адатка айланып калгандай. Тилекке каршы Алмазбек Атамбаев мындай адатты андан ары ар тараптуу күчөтүп, өзүнүн  дээрлик ар бир сөзүндө, мурдагы президентти ар тараптуу жамандап, баардык нерсе боюнча аны күнөөлөп, каралагандыгына коомчулук ачык күбө болду. Тагдырдын тамашасын караңыз, бумеранг «тебетей тегеренгичекти» айланып өтүп кайрадан өзүнө кайрылып келди. 

Сооронбай Жээнбековдун алты жылдык президенттик мөөнөтүнүн араң эле биринчи жылы өттү. Албетте бул башталышы гана, ошондой болсо да анын президенттик башкаруу ыкмасынын  кандай экендиги коомчулукка сезиле баштады. Ошол эле мезгилде ал өзүнүн  көп сүйлөбөгөндүгү, токтоолугу менен өзүнөн мурдагы президенттерге караганда бир топ эле айрымаланып турат. Анын жасаган ишиндеги, кабыл алган чечимдериндеги аябай этияттыгы, айрым учурда өтө эле сак болуусу жеке гана ага мүнөздүү адамдык сапат экендиги ачык байкалды. Түштүктөргө тиешелүү мындай мүнөзү менен Сооронбай Жээнбеков тышкы саясаттагы коңшу өлкө президенттери менен да дипломтиялык жол менен мамиле кылууга жетишти. Ушундан уламбы алар да Жээнбековду өздөрүнүн тобуна жеңил эле кошуп алгандай болду. Сооронбай Жээнбеков болсо, боюнун узундугуна карабай, башка өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушканда эч убакта  алдыга жүткүнө бербейт. Андыктан, Жээнбековдун мындай көп сүйлөбөгөн, өзүн башкалардан төмөн койгон адамдык сапатын анын кемчилдиги эмес, тескерисиче анын артыкчылыгы катары кароого болот.

Тышкы саясат

Сооронбай Жээнбековдун президенттик мезгили Борбор Азия аймагындагы өз ара мамилени мурдагыдан башкачараак жолго буруу мезгилине дуушар келди  десек туура болот. Аймак лидерлеринин мурдагы өз ара тирешүүсү тескерисинче өз ара жакындашуу менен алмашууда. Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёевди биринчи күндөн тартып эле кыргыз элине жана мамлекетине өтө жакшы мамиле кылууда. Мына ошондон улам Сооронбай  Жээнбеков соңку бир нече жылда биринчи жолу Өзбекстан менен аябай жылуу мамиле курууга жетише алды. Өз мезгилинде аймактагы өлкөлөрдүн алдыңкы лидери болгон  Нурсултан Абишевич да Кыргызстандын жаңы президентине жакшы мамиле жасады. Ошентип, Атамбаевдин мезгилинде туңгуюкка дуушар болгон кыргыз-казак мамилелери кайрадан бир топ жакшырды.

Ошол эле мезгилде, Жээнбековдун тышкы саясаттагы көз карашы мурдагыдай эле өзгөрбөй калды. Анын Оруссияга карата баш ийүүчүлүк мамилеси ачык эле байкалып турат. Жакында Жээнбеков өз сөзүндө Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү бир акча киргизүү сунушун колдоп чыкты. Жээнбековдун мындай аракети аталган уюмдун башка тажрыйбалуу мүчөлөрүнөн мурдараак болду:

ЕАЭБ-бул биздин келечегибиз. Оруссия-биздин эң башкы стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз. Болгон жана боло берет. Мен ЕАЭБ нин келечегине аябай ишенем, бизде күчтүү потенцил бар. Биз дагы бирдиктүү бир акчага келебиз.
Ошентип, Сооронбай Жээнбеков Оруссия мурдагыдай эле Кыргызстандын эң башкы өнөктөшү экендигине өзгөчө басым жасады. Ошол эле мезгилде, тышкы саясаттагы башка багыттар: Кытай, Европа жана башка өлкөлөр тууралуу эч нерсе айткан жок.

Оруссия мурдагыдай эле Кыргызстандын саясатында таасирдүү. Сүрөт: president.kg

Өзгөчө маанилүү нерсе, Сооронбай Жээнбеков биринчи мамлекеттик иш сапарын Кытайга жасады. 2018-жылдын июнь айында ШОСтун Циндаодо өткөн жыйынына катышып келди. Ири кошуна мамлекет менен болгон мамиле биринчи кезекте эки тараптуу деңгээлде, соода-экономикалык жактан аябай активдүү өнүгүп жатат. Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү жылында жаңы технология менен камтылган айыл чарбалык технопаркты, ветеринардык, фитосанитардык лабораторияны жана Бишкектин жолдорун өнүктүрүү, ошондой эле алыскы райондордун калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында Кытайдан 600 млн юан грант алууга жетишти.

Туркия лидери менен тил табышып, аталган өлкө менен мамилени жакшыртууга жетишти. Натыйжада, төрт жылдан бери улам артка жылдырылып өтпөй келген Туркия – Кыргызстан Статегиялык кызматташтыгынын эң жогорку кеңешинин IV отуруму өткөрүлдү.

Кыргызстандын жана анын жаңы президентинин көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүгө баардык мүмкүнчүлүктөрү бар деп айтууга албетте туура эмес. Кандай болгон күндө да азырынча бул тең салмактуулук бузула элек. Азырынча Жээнбековдун тышкы саясатына кризис-менеджердин жасаган иши катары баа берүүгө болот.

Ошол эле мезгилде Президенттин басым жасаган нерсеси бул – Ислам экендиги ачык көрүндү. Анын жыйынтыгы кандай болот азырынча белгисиз. Албетте биринчи жылга көнүшүү жылы катары баа берүүгө болот.

Жээнбековдун айрым айткандарынан анын динге аябай ишенээри байкалат. Сүрөт: president.kg

Ички саясатта, Жээнбековдун үй-бүлөөсүнүн жүрүм турумунан жана президенттин айрым сөздөрүнөн алардын динге аябай ишенээри ачык байкалып турат. Мындай көрүнүш бир жагынан Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында жазылган светтик багытты кармангандардын кооптонуп сактануусуна алып келсе, экинчи жагынан мамлекеттик деңгээлдеги бир жагынан эстремизм жана терроризм менен күрөшүп жатабыз, деп активдүү жарыялап, ошол эле мезгилде эң жогорку деңгээлде ислам дининин бир конфессиясын толук колдоп жатышы, мамлекеттик деңгээлдеги парадоксту күчөттү.

Мындай карама-каршылык айрыкча айрым адамдардан көбүрөөк байкалат. Мындай чиновниктер бир жагынан эксремизмге жана терроризмге каршы  аябагандай күрөшүшкөндөр (көбүнчө ислам динине байланыштуу экстремисттер) ошол эле мезгилде алар исламдын чыныгы жактоочулары жана колдоочулары экендигин байкоого болот.

II Дилемма. Башкаруу ыкмасы – консервативдүүлүктүн жана актуалдуулуктун ортосунда

Эгерде Жээнбековдун башкаруу стили тууралуу сөз кылсак, ал көбүнчө илгерки советтик эстетиканы элестетет. Мындай башкаруу ыкмасы Жээнбековдун баардык кыймыл аракетинен ачык көрүнөт: жолугушууларынан, өткөргөн иш чараларынан жана башкаларынан.

Сооронбай Жээрбеков республикалык балдар жана жаштар конгрессинин ачылышында. Сүрөт: president.kg

Ошол эле мезгилде Жээнбековдун башкаруу ыкмасы мурдагы советтик лидерлерден да учурдагы чыгыш өлкөлөрүнүн авторитардык жетекчилерине окшошуп кетет. Мунун өзүн алдыга эмес, артка кадам, деп айтса туура болот. Жээнбековдун иш аракеттерин жана башкаруу ыкмаларын жетишээрлик деңгээлде заман талабына жооп бергендей активдүү, натыйжалуу деп айтууга болбойт, анын мындай жүрүм туруму  өнүккөн жарандык коому бар Кыргызстанга жетишсиздей сезилет. Анткени, мамлекет башчынын жүрүм турумунда ар бир саясий көрүнүштөр боюнча ачыктык болсо жакшы болмок. Мындай ачыктык анын расмий жолугушууларынан тартып жөнөкөй жумушчу жыйындарына чейин көрүнүп турса заман талабына жооп бермек.

Айтмакчы, президенттин аймактагы айрым коллега президенттери  өздөрүн коомчулукка башкача өңүттөн көрсөтүүгө аракет кылышууда. Албетте, коңшулаш президенттердин мындай аракеттери жаңы заманбап жүрүм турум болбосо да, өздөрүнүн мындай аракети менен алар жалпы элге, коомдогу ар бир өзгөрүштү өз убагында сезип, байкап турганын жар салып тургандай сезилет. Буга мисал катары Турменстандын президентинин  ат чабышка катышкан учурун же Өзбекстандын президентинин Силикон өрөөнүндөгү маанилүү келишимдерге жетишкендигин же болбосо, Нурсултан Абишевичтин гольвтун таягын кармап турган сүрөтү коомчулукка башкача көрүнгөнүн жокко чыгарууга болбойт.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн  динамикасы коомго гана өсүү темпин бербестен, биринчи кезекте лидерлерге таасир этет. Өзгөчө атаандаштык, техналогия жана ачыктык бар жерде.

III Дилемма. Командасы?

Азырынча ар бир кадамынан аябай этиет болгон Жээнбеков кадр тандоодо да  илгерки, текшерилген эски ыкмаларды колдондугу байкалып турат. Аны учурдагы КР нын өкмөт курамынан жана анын иш аракетинен эле ачык көрүүгө болот. Бул жерде албетте дыйкандардын: «Эски аттар кошту бузбайт» деген макалы эске түшөт. Ал тургай Кыргызстан үчүн көптөн күткөн, жаңычыл мааниси бар программа болгон “Санариптик Кыргызстанды” долбоорун ишке ашыруунун башына биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновду дайындаганы болду. Бир жагынан алып караганда, албетте өлкө үчүн маанилүү долбоордун башына сынаакы, ишенген менеджерин койгону баарына түшүнүктүү, экинчи жагынан ал койгон адамы жасала турган нерсени түшүнбөй туруп кантип башкарат, деген суроо туулбай койбойт. Аны эки нерсе менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси, мурдагы бийликтердин мезгилиндегидей эле, коррупция менен айыгышкан күрөш жарыялап, анын алкагында жүргұзүлгөн иш чаралардын баарын тең коомчулукка кезектеги жүргүзүлүп жаткан реформа деп түшүндүрүү. Экинчиси, албетте президент Жээнбековдун азырынча туруктуу калыптанган, ага берилгнен демилгелүү командасынын жоктугу менен байланыштырууга  болот. Жаңдан коюлган кадрлардын баары тең анын мурдагы чогуу иштеген коллегалары экендигин көрүүгө болот. Алардын айрымдары буга чейинки иштеген президенттин командасынын бир бөлүгү, болгондо да башкаларга салыштырганда өздөрүнүн консервативдик жагын көрсөткөндөр экендиги байкалат.

Сооронбай Жээнбековду туура түшүнсө болот. Бул азыр мурдагыдай бирөөнүн берген тапшырмасын аткаруучу эмес. Өзүнчө, болгондо да көз карандысыз бир өлкөнүн элин алдыга карай баштай турган лидер. Албетте ага аябай алсыз, натыйжасыз мамлекеттик система мураска калды. Жээнбековдун кадрларынын арасында көрүнүктүү, өз алдынча иш жүргүзө алган, өзүнүн ишин мыкты билген кадрларды көрүүгө болбойт. Болгону Жээнбеков мурдагы алсыз, жансыз эски системаны кайра жандандырууга аракет жасап жатканын көрүүгө болот. Албетте мындай иш аракеттин өзү бир кезде эскилиги жетип бузулуп, моторунан майы агып токтоп калган кемени эске салат. Эски кеме канча оңдобо, ал жакшы жүрбөйт. Алдыда дагы беш жыл бар. Бул беш жыл аралыгында өлкө же мурдагыга караганда да артка ыргытылышы же өнүгүүгө кадам шилтеши мүмкүн.

Дилема IV. Келечекти көрө билүү

Келечекти көрө билүү Бакиевдин мезгилинде эле жоголгон, ал эми Атамбаевдин мезгилинде биротоло жок болду десе туура болот. Буга чейинки президенттердин баары тең өздөрү үчүн да коом үчүн да жаркын келечектин элесин  түзө алышкан жок. Эмне үчүн бийликке келдиң, деген суроого жооп бериш оңой эмес. Бул суроого жооп берүү үчүн биринчи кезекте бийик башына келген адамдын жетишээрлик билими, келечек тууралуу так даана көз карашы болушу зарыл.

Бийлик башындагы адамдын келечек тууралуу көз карашынан көп нерсе көз каранды. Биринчи кезекте ал башкарган өлкө элинин эртеңки күнгө болгон ишеними, анын ичинде миңдеген мигранттардын, алардын балдарынын тагдыры байланыштуу.

Келечекке болгон көз караштан, бери эле  дегенде эң жөнөкөй суроо тагыраак айтканда, Кыргызстан келечекте көз карандысыз өлкө бойдон калабы же жокпу деген суроого болгон жоопко байланыштуу. Азырынча мындай көз карашты айтпаганда да, жакынкы келечек тууралуу так көз караш аныктала элек. Ошондой болсо да, биз президенттин өзүнүн келечек тууралуу так көз карашы бар, деп ишенүүдөн башка аргабыз жок.

V Дилемма. Мурдагылардын катачылыгы

Мурдагы президенттердин тагдыры менен караганда, Кыргызстандын саясий тагдыры аябай бай жана үйрөнө турган нерсе көп. Айрыкча эмнени жасабаш керек, деген маселе боюнча.

Үй-бүлөө мүчөлөрү – биринчи, кийинки президенттер үчүн эң маанилүү сабак. Тагыраак айтканда, качан гана кайсыл бир президенттин үй-бүлөө мүчөлөрү анын командасын алмаштырып калганы аябай коркунучтуу. Ушундан улам бы соңку мезгилдери эл арасында Жээнбековдун кландарын бир кездеги Бакиевдин кландарына салыштыргандар көбөйдү.

Мүмкүн жогоруда айтылгандар жөн гана окшоштуктур, аны убакыт көрсөтөт. Чындыгында үй-бүлөө мүчөлөрүн мамлекеттик саясатка кийлигиштирбей тыйып кою оор. Анын баары мамлекет башчынын каалоосуна жана эркине  байланыштуу болоору турган иш.

Мүмкүнчүлүк терезелерин көрө билүү. Бир чоң айыл сыяктуу Кыргызстанга көнүлдү топтобой , көнүлдү анын аймактарына буруп, кеңири келечекти көрө билип жана аны пайдаланууга жетишүү зарыл. Бул үчүн өлкөнү өнүктүрүүдө мыкты адистер, ыкчамдык жана стратегиялык мамиле керек. Стратегия  –  бул сырты жалтырак ичи калтырак көп томдуу эмгек эмес. Бул өнүгүүнүн картасы.

Мүмкүнчүлүктөрдү көрө билүү:

Чоң айылга окшогон Кыргызстанга жана анын аймактарына эле көңүл бурбай, алдыга көз жүгүртүп, жаркын  келечекти көрө билип аны турмушка ашырууга жетишүү абдан маанилүү. Ал үчүн өзүнүн ишин мыкты билген профессионалдар керек жана мамлекеттин өнүгүшүнө стратегиялык мамиле зарыл. Стратегия деген сөз бул Кыргыз Республикасынын  эски Эң жогорку аттестациалык комиссиясынын планын толтурган эч кимдики эмес, эч нерсеге жараксыз “стратегия” деген аты бар диссертациялар эмес. Бул азыркы мамлекеттин лидеринин мүмкүнчүлүгүнө жана амбициясына жараша жакынкы беш жылга, мүмкүн андан да көп убакытка арналып жазылган өлкөнү өнүктүрүүнүн так картасы.

Айтмакчы, Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары өзүн кайсыл типтеги лидер экендигин такташы керек: а) Консервативдик, «колхоздун башкармасы». Б) Азиялык лидер – «чыгыш пашасы». В) Көз каранды эмес өлкөнүн лидери же д) кризист менеджерби?  Албетте, кашаанын ичинде «улуттун атасы» болууга аракет кылуу туура эмес.

Алдага карай тездик менен өнүгүүнүн негизи, дагы бир жолу кайталайын төмөнкү нерселерге, тагыраак айтканда, өлкө максатынын так аныкталышына, командага жана аны ишке ашыруу ыкмаларына байланыштуу болот.

 Мамлекеттин күч түзүмдөрүн өзүнө баш ийдирип алуу. «Үчилтик» ыкмасы.

Күч түзүмдөрүн өзүнө толук баш ийдирип алуу жакшылыкка алып келбейт. Анткени, биринчиден, мындай көрүнүш эртеби кечпи терс натыйжасын берээринде кымындай да шек жок. Экинчиден, мамлекет башчы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегин билүүсү зарыл. Анткени, мамлекет башынын ыйгарым укуктары канча көп болсо, жоопкерчилик ошончолук күчтүү болот. Буга чейинкилерден бул маселени Роза Отунбаева жакшы түшүнүп, КРнын Конституциясында жазылгандан башка ыйгарым укуктарды колдонуудан оолак болгонго аракет жасаган. Мындай көрүнүштүн өзү мамлекеттик системанын натыйжалуу иштөөсүнө, бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна жана анын барган сайын жакшырышына өбөлгө түзөт.

Күч түзүмдөрүнүн үчилтиги: Мамлекет башчысынын  КРнын Коопсуздук кеңешин, прокуратура, Улутттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жеке өзүнө гана баш ийдирүүгө аракет жасоосу туурабы же жокпу? Баарыбыздын эсибизде, Атамбаев аталган күч түзүмдөрүн өзүнө толук баш ийдирүүгө жетишкен. Натыйжада, Атамбаевдин мындай аракетинин жыйынтыгы анын өзүнө же өлкө жарандарына айтор  эч кимге коопсуз жагдай түзүп бере алган жок. Болгону Атамбаевдин жогорудагыдай аракеттеринин  туура эмес экендигине өкүнүүдөн башка эч нерсе айтууга мүмкүн эмес.

Парламент: Парламентаризмди суу жаныбарларынын баардык түрлөрү сүзүп жүргөн аквариумга окшоштурууга болот. Ал жерде ар түрдүү партиялар, алардын лидерлери болушу шарт. Албетте, ал партиялардын бири бирине атаандаш идеологиялары болсо, андан да  жакшы болмок. Эгерде, андай болбосо, аквариум бузула баштайт. Ошол эле мезгилде бул аквариумга ири балыктарды салып алардын күчтөнүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербөө зарыл. Андай боло турган болсо, көп өтпөй акуладай чоңойюп кеткен балыктар башка майда балыктарды жеп коюшат. Натыйжада, акваримуда жалаң гана майда балыктар калышат.  Ал эми «чөнтөк парламент» бул жансыз нерсеге окшош. Өлүк парламент алгач базалык мыйзамдардын, андан соң коомдун чиришине алып келет. Кийинки баскычта албетте коом баткак, сормого айланаарында шек жок. 

Ошол эле мезгилде мамлекеттеги баардык жасалган нерсеге жоопкерчиликти өзү алат. Бул ага керекпи?

«Жана» же  «Же»:  Аскар Акаевдин, андан соң Бакиев башынан өткөргөн дилеммалар эсиңерде барбы? Андай дилеммадан Атамабаев деле качып кутула алган эмес. Тышкы саясатта эң башкы өнөктөштү аныктоо аябай маанилүү. 1993-жылы Түркмөнстан тышкы саясатында “бейтараптуулук багытын” жарыялаганда аталган өлкөнү түшүнүү оор болгон эле. Андан бери чейрек кылым өткөндөн кийин Түркмөнстандын мындай аракети алгач эч бир өлкөгө артыкчылык берип байланышып, мамиле түзбөй, акырындык менен өзүнүн тышкы саясаттагы кайсыл бир таасирдүү оюнчуга  өзгөчө берилбеген, жан тартпаган өзүнө гана керектүү тышкы саясатты иштеп чыгуу үчүн керек болгонун түшүнүп жатабыз. Мүмкүн ошол мезгилде түркмөн бийлигинин жогорудагыдай сейрек кездешүүчү кадамы өз өлкөсүнүн жаратылыш байлыгын сырткы таасирдүү оюнчулардын кызыкчылыгынан сырткары кармап, өз элинин гана кызыкчылыгына колдонууга жетишүү максатынан алганда туура саясат болгондур.

Бүгүнкү күнү, албетте тышкы саясатта кимдир бирөөгө өтө жакын болууга аракет жасоо аябай кооптуу. Анткени, тарых барактары көрсөткөндөй, түбөлүктүү нерсе жок, баардыгы эртеби кечпи өзгөрөт. Кечээ эле бийликте турган адам, бүгүн түрмөгө отуруп калышы толук мүмкүн. Андыктан, эң башкысы өлкөнүн эгемендүүлүгүн көздүн карегиндей сактап, коргоп жана аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу турмуштун талабы. Ансыз эч бир мамлекеттик саясаттын маңызы болбойт.

 VI Дилемма.  Өз алдынчалык

Албетте коомчулукта төмөндөгүдөй: Сооронбай Жээнбековдон чыныгы лидер чыгабы? Ал учурдагы түзүлгөн кырдаалдан чыгып кете алабы, же эски мамлекеттик системанын аткаруучусу бойдон калып калабы? Тышкы күчтүү өлкөлөрдүн марионеткасы болуп калбайбы?, –  деген сыяктуу мыйзамдуу суроолор бар.

Туура, Жээнбековдун президенттик биринчи жылы анын экс-патрону менен алышуусу менен өткөнсүдү. Аны коомчулук көрүп турат жана жогорудагыдай пикирге  дээрлик макул.

Эми учурда Соорнбай Жээнбековдун алдында төмөндөгүдөй үч лабиринтүү дилемма турат, деп айтсак болот.

Биринчиси, үй-бүлөөлүк  кландык башкаруу. Бул Жээнбековдун алдындагы эң оор маселердин бири. Анткени, Кыргызстандын шартында уруулук бөлүнүүчүлүккө негизделип, салт катары калыптанып калган нерсенин курмандыгы болуп калбоо оңой эмес. Анткени патриархалдык коомго мүнөздүү нерсе бул бийлигиң канчалык көп болсо, ошончолук тууганың, жердештериң, досторуң, кесиптештериң эсепсиз көбөйөт. Ошентип саясатта үй-бүлөө мүчөлөрдүн туткуну болуп калбоо деген сөз, бул аларды(үй-бүлөөнү) башкаруу гана эмес, аларга баш ийбей коюга жетишүүнү түшүндүрөт.

Экинчи, мамлекет башчынын жеке адистик жана лидердик сапатына байланыштуу нерсе. Албетте көп жылдардан бери аткаруучу болуп иштеп жүрүп улуттун лидеринин деңгээлине чыгуу жеңил эмес. Ошондой болсо да Жээнбеков тарабынан бул нерседе биринчи кадам ийгиликтүү ташталды, деп айтса болот. Анткени Атамбаев сыяктуу оозуна келгенди тартынбай айткан лидерге каршы чыгуу үчүн дээринде күчтүү жеке лидерлик сапатка ээ болуш керек болчу. Демек, мындай сапат Жээнбековдо бар экендиги анын Атамбаевге карата буга чейин жасаган аракеттеринен ачык көрүндү. Демек, болгону Жээнбеков келечектеги президенттик ишмердүүлүгүндө мурдагылардын катачылыгын кайталабаганга аракет кылуусу зарыл. Ар нерсени үйрөнсө болот анын эрте кечи жок. Болгону анын командасы жана кеңешчилери дежурный болбой, чындыкты айткан тажрыйбалуу, күчтүү адамдар болушу зарыл.

Үчүнчү – мамлекетчилдик. Бул абдан маанилүү нерсе. Бул маселе жөнүндө сүйлөгөндө көбүнчө Ататүрктү мисалга келтиришет. Мындай салыштыруудагы эң маанилүү нерсе Ататүрктүн өз өлкөсүнүн келечегине жоопкерчиликти ала билгенин өзгөчө белгилеп айтсак болот. Ататүрктү муну стратег катары түшүнгөн жана солдат катары аны жүрөгү менен кабыл алган.

Каракулжа жаратылыш шарты оор жер. Каракулжа бир жагынан Фергана өрөөнү менен экинчи жагынан Алай тоо кыркаларынын кесилишкен жеринде жайгашкан. Бул аймакта ата бабаларынан бери дайыма чек арада жашап күн өткөрүшкөн, ар кандай дилеммалар (карама-каршылыктар)жаңылык болбогон адамдар жашашат. Эң башкысы дилемманы убагында түшүнүү, аны кабыл алуу жана алдыга карай туура кадам шилтөөгө жетишүү.

[i]  Kaktus.media. Бирдиктүү валюта, чек араларсыз жана көйгөйлөрсүз. Кыргызстандын келечеги жана ЕАЭБ боюнча тилеги.


Бул материал Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосунда ишке ашырылып жаткан «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды. Автордун макаласында жазылган ойлор редакциянын же каржылоочу тараптын пикирин билдирбейт.

 

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: