© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы жападан-жалгыз буддисттик коомдун жашоосу кандай?

Кыргызстанда жалпысынан  3,257 диний уюм катталып, алардын ичинен бирѳѳ гана буддисттердики. Ѳлкѳдѳ буддисттердин ибадатканасы болбогондуктан, аталган уюмду  табуу оӊойго турган жок. Бирок, Бишкек шаарына жакын жайгашкан Тоолуу Маевкада буддисттер «Сапар Орду» («Место Пути») деп атаган ѳзгѳчѳ бир дача бар. Аталган жай боюнча жоопкерчилик будда кечилине жүктѳлгѳн.


English На русском

Кыргызстандагы жападан-жалгыз каттоодон ѳткѳн буддисттердин уюму «Чамсен» деп аталып, бул сѳз корей тилинен которгондо, «эркиндикке чыгуу»  деген маанини билдирет. Уюштуруу демилгеси этникалык корейлер тарабынан кѳтѳрүлүп чыккан бул уюм 1996-жылдан бери иштеп келет.

Кыргыз жергесинде буддизмдин Ниппондзан Мёходзи жана Карма Кагью деп аталган эки багыты бар. Ал эми «Чамсен» белгилүү бир мектептин жактоочусу болуп саналбайт жана аларга кошулууну каалаган бардык буддисттер үчүн ар дайым ачык.  Уюмдун жетекчиси Олег Цойдун айтымына караганда, коомдо жалпы жонунан 100-120 киши бар. Алардын негизги бѳлүгүн корейлер, орустар жана кыргыздар түзѳт.    

Photo: CABAR.asia

Бишкек шаарынан 30 километр алыс жайгашкан Тоолуу Маевка айылында «Сапар Орду» деп аталган буддисттердин кичи ибадатканасы орун алган. Бул жай 2001-жылы ачылып, ага жооптуу – Кыргызстанга 1993-жылы эле белгилүү будда кечили  Дзюнсэй Тэрасава алып келген  Ниппондзан Мёходзи будда орденинин салттарын тутунган кечил  Алексей Шмыгля.

Алексей Шмыгля. Photo: CABAR.asia

— Мен Казакстанда тѳрѳлүп, ошол жерде чоӊойдум. Ал эми кечил наамын 1996-жылы  Москвада алдым. Себеби, ошол учурда устат Тэрасава  Москвада эле. Кечил наамы берилген мезгилде мен 21 жашта элем, ошондой эле буддизмди кабыл алганыма 2 жыл болгон.Буддизмде курактык ѳзгѳчѳлүк менен «тажрыйба» кандайдыр бир милдеттүү жана чечүүчү мааниге ээ эмес. Бир эле күндѳ кечил болууга мүмкүн, ошондой эле он жыл бою жүрүп, бул наамды ала албай калуу ыктымалы да бар. Бардык нерсе адамдын ѳзүнѳ жана анын ички сезимин Будда идеяларына арноого даярдыгына байланыштуу. Болжол менен ошол учурларда эле Кыргызстанга келе баштагам, ал эми кийинчерээк бул жерде калып калдым.

Дзюнсэй Тэрасава — жапон будда кечили. Украина, Орусия жана Борбордук Азияда «Ниппондзан Мёходзи»  будда орденинин жетекчиси. Женевадагы (Швейцария) Эл Аралык Тынчтык Бюросунун кеӊешчиси, ѳзүнүн тынчтыкты орнотуу жана согушка каршы ишмердүүлүгү менен белгилүү.

Кечилдер бардык нерседен баш тартууга тийиш деген стереотип бар, бирок чындыгында мындай эмес. Биз жашообузду Будда окуусуна арнайбыз, билгендерибизди башкаларга үйрѳтѳбүз. Бул болсо, жакындарыбыздан баш  тартып, алар менен мамилени үзүш керек дегенге жатпайт. 

Окуӊуз: Казакстандыктар нирвананы издѳѳ жолунда: буддизм Казакстанга кантип келген

Мен жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери кечилмин жана туугандарым менен мамилемди үзбѳй, катышып келем. Кечилдер изгиликтүү, жакшы нерселерди башкалардын, эӊ биринчи орунда ата-энесинин жыргалчылыгы үчүн жасашат.

На алтаре “Места Пути” есть “шарира”, то есть крупинки тела Будды. Это считается самой значимой святыней в буддизме. Привез их в Кыргызстан Дзюнсэй Тэрасава.

Мен үйлѳнгѳн эмесмин жана үйлѳнүүгѳ ниетим жок. Бирок, кечилдердин катарында үй бүлѳлүүлѳрү да бар. Мисалы, эгер бир адам үй бүлѳлүү болуп туруп, кечил наамын алса, анда ага аялы менен ажырашпоого уруксат беришет. Же болбосо, кечилдикти кабыл алган соӊ, үйлѳнүү ниети пайда болду дейли. Бирок, мындай абал Будда Окуусунун баштапкы принциптеринен четтѳѳ болуп эсептелет.

Биз буддизмди үгүттѳѳнү жана  динге тартууну максат кылбайбыз. Биз адамдардын руханий ѳнүгүүсүнѳ салым кошууга аракет жасайбыз.

Бул болсо, азыркы күндѳ ѳзүн толук жана кынтыксыз түрдѳ диний жашоого арнай алган адамдардын саны аз экендиги менен байланыштуу. Негизи, башында  кечил болууну каалаган адам үйлѳнгѳн болсо, кечил болуудан мурун ажырашууга тийиш эле. Ал эми азыркы күндѳ кээ бир салттарда, алардын ичинде бизде дагы, жеӊилдиктер берилет. Бизде да православ-христиандардыкы:  кара жана ак дин ѳкүлдѳрү сыяктуу, үйлѳнбѳгѳн жана үйлѳнгѳн кечилдер болуп калды.

Photo: CABAR.asia
Башында биз диний иш-аракеттер үчүн батирди ижарага алчубуз. Кийинчерээк туруктуу бир жайга ээ болуубуз керек деп чечтик. Жаратылыш менен айлана-чѳйрѳсүнүн кооздугунан улам, устатыбыз Дзюнсэй Тэрасава бизге Тоолуу Маевкага жайгашууну сунуш кылды. Дачаны буддисттердин кайрымдуулук каражаттарына сатып алганбыз, бүгүнкү күндѳ деле ошол каражаттар менен жашайбыз. Бул ибадаткана эмес, бул жѳн гана диний  тажрыйбаларды ишке ашырууга арналган жай. Ошондуктан «Сапар Орду» деп аталат.Биз буддизмди үгүттѳѳнү жана  динге тартууну максат кылбайбыз. Биз адамдардын руханий ѳнүгүүсүнѳ салым кошууга аракет жасайбыз. Бизге келгендердин бардыгы эле, сѳзсүз түрдѳ ѳзүн ордендин мүчѳсү деп эсептебейт же андай боло бербейт. Биз эч кандай шарт койбостон, каалоочулардын бардыгы менен эле билимибиз, тажрыйбаларыбыз менен бѳлүшѳбүз. Мисалы үчүн, чоӊ майрамдарда бул жерге жүзгѳ жакын киши келет, бирок булардын бардыгы эле буддист боло бербейт.

Photo: CABAR.asia

Сапар Орду бардык каалоочулар үчүн ар дайым ачык.  Макаланы жазып жаткан учурда Алтайдан келген үч жана Молдовадан келген бир конок бар экен. Кыргызстанда кечил жана буддизм менен кызыккандарды кабыл ала турган ушундай ажайып бир дача бар экендиги тууралуу адамдар «сарафандык радио» аркылуу угушат экен.

Матвей Шаров:

Мен Молдовадан Индияга автостоп менен барам. Ошентип, Кыргызстанга кирип калдым. «Сапар Орду» тууралуу украиналык таанышымдан уккам. Ал дагы автостоп менен Кытайга баратып, ѳлкѳгѳ келип токтоптур. Бул жерде мен эртеӊ мененки жана кечки практикаларга катышып жатам. Будда окуусу мага жакын болгондуктан, мындай иш-чаралар  мага абдан жагат. Анын үстүнѳ иш-аракетке катышуу үчүн сѳзсүз түрдѳ буддист болууга тийиш эмессиӊ. Аларга катышсаӊ, христиан же мусулман болбой, буддист болуп каласыӊ деген түшүнүк жок.
Алексей Маиков бир жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Маевкадагы буддисттердин коомунда жашайт:

Алексей Маиков. Жеке архивден алынган сүрѳт

— Мен Алтайда жашоо шарты жакшы, толук үй бүлѳдѳ тѳрѳлүп, ата-энемдин сүйүүсү менен мээримине бѳлѳнүп чоӊойдум. Ошентсе да, ѳзүмчүлдүк сезимим менен мүнѳзүмдүн айынан турмушум мен каалагандай болгон жок. Эжем, мындай абалдан чыгуу үчүн Кыргызстандагы тааныштарына баруумду сунуш кылды. Ушул жерден мен буддизм менен тааныштым. Буга чейин жашоомдо христиандыктын бир бѳлүгү бар эле, бирок ага эч кандай кызыгуу болгон эмес.  

Бүгүнкү күнгѳ чейин жашоомдогу кѳп нерсе ѳзгѳрдү деп айта алам. Сыйынууларга катыша баштадым, жашоомдо болгон бардык нерсе үчүн тобо кылууга, башка адамдарга кѳнүл бурууга үйрѳндүм. Жѳнѳкѳйлүк менен момундук сапаттарды да ѳздѳштүрүүгѳ аракет кылуудамын. 

Булардын баары теӊ күнүмдүк жашоомдо мага абдан чоӊ жардам берет, бардык нерсеге: жумушка, башка кишилерге, жашаган жериӊе карата сүйүү менен мамиле кылууну үйрѳнѳсүӊ. Албетте, кыйынчылыктар да чыгат, жинденесиӊ, бирок оӊой нерсе жок экен. Булардын баары – жеӊип чыгуубуз керек болгон, ѳзүбүз менен күрѳшүүнү талап кылган сыноолор. Кимдир-бирѳѳгѳ ачууланып жатсаӊ, тескерисинче ага боорукердик менен мамиле кылууга аракет жасашыӊ керек. Эгер биз жамандыкка жамандык менен, жаалга жаал менен жооп берсек, анда бул «чынжырды үзбѳстѳн», тескерисинче андан ары улантып жиберебиз. Булар жашоонун жѳнѳкѳй чындыктары. Ошентсе да, аларды аӊдап-түшүнүү үчүн, тийиштүү адамдарга жолугушум керек болду.   

«Тамга-таш» — VIII-IX к.к. таандык будда мантралары чегилген таштар. Алар  Ысык-Кѳлдүн түштүк жээгинде, Тамга айылынан 2 км алыста орун алган. Таштар дүйнѳ жүзүндѳгү буддисттер тарабынан ыйык деп эсептелип, ардакталып келет. А.Мануликтин жеке архивинен алынган сүрѳт
Мындан тышкары, Кыргызстандын Чүй ѳрѳѳнүндѳ VII – IX к.к. таандык бир нече буддисттик ибадаткананын калдыктары, ошондой эле Ысык-Атада Будданын сүрѳтү бар. 

Буддизм мектептери

Бүткүл дүйнѳ боюнча абдан кѳп санда буддизм мектептери бар. Кечил Алексей Шмыглянын айтуусу боюнча, мектептердин түрдүүлүгү дин үгүттѳѳчүлѳрүнүн ар кайсы мезгилде ар кандай жерлерде окуунун түрдүү аспектилерине басым жасашкандыгы менен байланыштуу. Алар окууну угуучулар үчүн түшүнүктүү, жеткиликтүү формада баяндап берип, улуттук дин же адепттердин ишенимдеринин  негизине коюуга, бирок ошол эле учурда окуунун маӊызын сактап калууга аракет жасашкан.

Александр Манулик. Жеке архивден алынган сүрѳт

Карма Кагью — тибет буддизминин негизги тѳрт мектебинин бири. Мектеп, негизинен практикага, башкача айтканда медитацияга багытталган. Аталган багыт боюнча  Тибеттен тышкары, болжол менен элүүгѳ жакын ѳлкѳдѳ  – Түштүк-Чыгыш Азияда, Европада, Түндүк жана Түштүк Америкада, ошондой эле Австралия менен Жаӊы Зеландияда орун алган 700дѳн ашуун медитация борбору бар. Булардын ичинен жүзгѳ жакыны – Орусияда жана бирѳѳ – Александр Манулик жетектеген Бишкектеги борбор:

— Буддизм – дарыкана сыяктуу. Эгер бир жерибиз ооруса, дары-дармектин баарын албайбыз да. Абалыбызга жардам бере турган белгилүү бир дарыны гана алабыз. Ар түрдүүсүн алып, иче турган болсок, бизге эч кандай пайдасы тийбейт, тескерисинче ѳлүмгѳ алып келиши ыктымал. Буддизмде дагы дал ушундай — ар бир адам жеке муктаждыгы менен, ѳзүнѳ керек болгон нерсе үчүн келет. Ушул себептен улам, бизде кѳптѳгѳн багыттар пайда болгон. Биз эч кимге залакабызды тийгизбестен, тынч гана жашайбыз жана мындай абал бизге эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

Оле Нидал менен 2008-жылы Краснодарда ѳткѳн медитациялык курстан таанышкам. Кийин Карма Кагью салтын Бишкекте колдоно баштадым. Акырындап отуруп, буддизмдин медитациялык практикасына кызыккан достор да кошулушту. Биз дайыма бирге машыгып отуруп, натыйжада медитация борборун уюштурдук. 

Оле Нидал — расмий түрдѳ Лама наамы берилген жана буддизмдин Карма Кагью салтынын устаты катары таанылган эӊ алгачкы Европа ѳкүлү. Ал дүйнѳ жүзү боюнча алты жүздѳн ашуун буддисттик борбор ачкан. 1970-жылдардын башынан бери Оле Нидал дүйнѳ жүзү боюнча саякаттап, лекцияларды ѳткѳрүп, курстарды уюштуруп жана буддисттик борборлорду ачып келет.
Биздин эшигибиз  бизди издеген ар бир адам үчүн дайыма ачык. Буддизм эч кандай маркетингди талап кылбагандыктан, биз ѳзүбүздү жарнамалоо менен алектенбейбиз. Жалпы практикага учурда бештен онго чейин катышуучу чогулат. Ошентсе да, ѳздѳрүн биздин салтыбызга тиешелүү деп эсептеген, бирок,  борборго сейрек келген жактоочуларыбыздын саны да арбын.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: