© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда жоолук салынган аялдар да ийгиликке жете алат

Өлкөдө мугалим, дарыгер, спортчу жана коомдук ишмерлердин катарында жоолукчан аялдардын саны арбын.


English На русском

Шаиргүл Латипова, Улуттук госпиталда 12 жылдык тажрыйбага ээ невролог-дарыгер, алты баланын энеси:

Шаиргүл Латипов. Ѳздүк архивден алынган сүрѳт

—Мен Улуттук Госпиталда невролог болуп эмгектенем. 2008-жылдан бери намаз окуп, бирок жоолук салынчу эмесмин. Ар бир намазымдын алдынан аврат жаба турган кийимдеримди кийип, окуп журдум. Кай жакка барбайын сумкама ал кийимдеримди салып алам. Бара-бара мен өзүмдү эки жүздүү сезип баштадым. Хижаб милдеттүү экенин жакшы билсем дагы, өзүмдү жоолукчан элестете алчу эмесмин. Жүрөгүм тынчсызданып, эки жүздүүлүк сезимим күч алды. 2012-жылы жолдошум ажылык сапарга баруусу менин хижаб кийишиме түрткү болду. Ал ажы болуп келгенден кийин, Аллах насип кылып, мен тез эле жоолук салындым. Мен Аллахтын мындай белегине чексиз шүгүр кылам жана бактылуумун. Туугандар менен курбуларым менин чечимиме даяр эле. Бирок жолдошумдун тааныштарынын арасында “эмнеге салындырдың, ал али жаш, силер эми эле жашап баштадыңар” дегендери болду.

Жумушумда жоолугум эч кандай тоскоол жараткан жок. Мен иштеген бөлүмдө кесиптештерим менен аябай ынтымактуубуз, бири-бирибизди колдоп, түшүнүп, эч бир жардамыбызды аябайбыз. Бөлүм башчыбыз дагы азамат деп колдоосун билдирди. Мен дайыма Рамазан айында орозо кармап, намаз окуп жүргөнүм үчүн кесиптештериме деле чоң жанылык болгон жок.

Шаиргүл Латипова кесиптештери менен. Ѳздүк архивден алынган сүрѳт

Биздин бөлүм Улуу Ата Мекендик Согуштун жана Афган согушунун ардагерлери менен майыптарга багытталган. Алар өнөкөт ооруларга кабылып, жылына 1-2 жолу бизде дарыланышат. Жоолук салынгандан кийин оорулуулардын дагы мага болгон ишениминин жогорулашын байкадым. Жада калса башка динди кармангандар дагы “биздин врачка ишенсе болот” деп калышчу. Жумушумда бир гана жолу  жагымсыз көрүнүшкө дуушар болдум. Коллективдин көзүнчө бир профессор бөлүм башчыбызга “жоолук салынган туура эмес деп айтпайсыңбы”, -деди. Бирок бөлүм башчым: “Бул анын өз иши,  өз тандоосу”, – деп жооп берди.

Ислам дининде билим алуу парз. Мен дарыгер болууга себепкер болгон ата-энеме аябай ыраазымын. Кесибимди сүйөм. Дарыгер асыл кесиптин бири деп эсептейм. Ар бир оорулууну жүрөгүңдөн өткөрөсүң. Жакшы сөз, тиешелүү көңүл буруу дарылоодо жарым иш.


Акыркы жылдары Кыргызстанда аялдардын арасында жоолуктун ар кандай түрлѳрүн салынуу адатка айланды. Бул көрүнүш эл арасында Ислам дининин кеӊири жайылуусу менен байланыштуу.

Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, 2015-жылдын башында ѳлкѳдѳ катталган диний бирикмелер менен уюмдардын саны 2,6 миӊ болсо, 2019-жылга карай алардын саны 3257 чейин жетип, булардын ичинен 2700 – Ислам уюмдары катары белгилүү.  

Окуӊуз: Расим Челидзе: Мамлекет светтик болушу мүмкүн, бирок киши светтик жаран болууга милдеттүү эмес

Эгерде 1990-жылы Кыргызстанда 39 мечит болгон болсо, 2014-жылга карай алардын саны 2 362ге жеткен.  Ал эми бүгүнкү күндѳ ѳлкѳдѳ жалпысынан 2600 мечит иштеп жатат. 

Кыргызстандын мектептеринде, жогорку окуу жайларында же мамлекеттик мекемелеринде хижаб кийүүгѳ расмий түрдѳ тыюу салынган эмес. Билим берүү министрлиги окуучуларга жоолук салынууга уруксат берилип, берилбегендиги тууралуу ачык-айкын жооп айтпастан, бирдиктүү мектеп формасы боюнча талапка шылтоодо.  

Ошентсе да, жоолук салынган окуучу кыздарыбыз жана мугалимдердин дискриминация менен түшүнбѳстүккѳ кабылган учурлары дагы кездешет. 

Окуӊуз: Тажикстан: Хиджаб менен светтүүлүктүн ортосунда

Жазгүл Келгенбаева — химия илимдеринин кандидаты, Иса Ахунбаев атындагы КММАдагы чет элдик жарандар факультетинин деканынын орун басары.

Чет элдик жарандарга химияны англис тилинде окутат, нанотехнологиялар боюнча илимий изилдѳѳлѳрдү жүргүзѳт. «Нанотехнологиялар» багыты боюнча докторлук даражага (PhD)  япон университетинде ээ болгон.  

Жазгүл Келгенбаева. Өздүк архивден алынган сүрѳт

— Жоолукту Японияда окуп жүргѳндѳ салына баштадым. Мусулман болуп намаз окуйм жана Алла-тааланын айткандарын  аткарам деп ѳзүм үчүн чечип алгам. Жоолук – менин сырткы гана кѳрүнүшүм эмес, ички дүйнѳмдүн да кѳрүнүшү. Мен үчүн бул – ийгилик жана байгерчиликтин кѳрсѳткүчү.

Айлана-тегеректеги адамдардын мамилесин айтсам, кээде кийингеним үчүн жактырбагандар болот. Бирок жагымсыз сѳздѳрдү бетиме айткан бир да учур болгон жок. Окуп жүргѳндѳ да, иштеп жатканда да жоолук салынганыма байланышкан кандайдыр бир тоскоолдуктарга кабылган жокмун. Башка адамдардын зомбулугуна да учурабадым.

Биз ѳлкѳбүздѳ демократия орун алган деп жүрѳбүз, андыктан ар бир жаранда кийимди тандоо укугу болуш керек, сырткы келбетине карабастан бардыгына бирдей мамиле болушу абзел. 

Мектептерде хижабга тыюу салуу боюнча айтсак, биздин коомдо ансыз деле чечүүнү талап кылган кѳйгѳйлѳр толтура. Кѳптѳгѳн кыздар мектепти аяктабай, окуусун таштап салышууда, мезгилинен эрте кош бойлуу болушууда, чоӊ турмушка эрте кирип жатышат.  Эс тартып келе жаткан кыздарга туура тарбия берип, тыюу салуулардын ордуна туура жолго салуу керек.


Ислам изилдөө илимий институтунун жакында ѳткѳргѳн изилдѳѳсүнѳ ылайык, жаштар Борбор Азиядагы коӊшу мамлекеттерге, Россияга, Кытайга жана Батыш ѳлкѳлѳрүнѳ караганда Кыргызстанда дин эркиндиги жана мусулман калкы үчүн шарттар боюнча кырдаал жакшыраак деп эсептейт.

Окуӊуз: Чыр-чатактуу кийим. Казакстандын мектептеринде хиджабга каршы кантип күрѳшүүдѳ

Муну 2016-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын социологиялык изилдѳѳсүнүн жыйынтыктары да  далилдеп турат.    Ар бир үчүнчү респондент хижабчан аялдарга жакшы мамиле кыларын билдирген. 

Шахризада Аданова – коомдук ишмер, Aiymdar KG  фондунун негиздѳѳчүсү,  мурдагы журналист. Фонд 3 жылдан бери иштеп, миграцияда жүргѳн аялдарга юридикалык жана моралдык жардам кѳрсѳтѳт, алардын социалдык жактан активдүү болушуна кѳмѳктѳшѳт. 

Шахризада Аданова. Ѳздүк архивден алынган сүрѳт

– Жоолук салынганыма 3 жылдан ашуун убакыт болду, ага өзүмдүн жашоо тууралуу ой жүгүртүүм, изденүүм себеп болду. Динибизде аялзаты дене боюн жаап, чоочун көздөрдөн алыс болушу керек деп айтылат. Чынында биздин кыргыз элинин аялдары да ушундай эле кийинип келишкен илгертен.

Ислам динин толук карманганы аракет кылам, бул нерсе көп терс окуялардан сактап турат. Канчалык динди терең түшүнсөң, ошончолук тартиптүү жаран, мекенчил инсанга айланасын. Айланамда кийимиме карата агрессия болгон жок, тескеринче сыйлоо, суктануу көп. “Жоолукчан экенсиз” деп эле дароо ишенич артып алгандар бар. 

Ата-энем алгач: “Кой жашсын, антип оронбо”, – дешти.  Мен:  “Динибизде ушундай, сиздер Советтер союзу убагына туш келип билбей калдыңар, минтип оронуп жүрсөм жакшы да,  санааңыз  тынч болот”, – дедим. Кээде негатив болгон: “Арапдардын кийимин кийип алыптыр” деген сөздөрдү айтып калышат. Бирок Ислам дини арапдыкы эмес да, ал бардык мусулмандардын дини. Ал эми жабык кийинүү мусулман аялга парз.

Биздин эң башкы байлыгыбыз – бул эркиндик. Кээ бир айымдар жоолукчан жамынып жүрөт, кээ бири киндигин ачып жүрөт. Ар бир адамдын жеке көз карашына, ишенимине аралаша албайбыз. Жоолук –  бул аялдын бир кийими, анан ал кантип тоскоолдук жаратсын?

Эгер билимиң болсо, көп тил билсең, эч бир кийим адамды чектебейт. Пайгамбарыбыз айткан: “Билим алуу аял менен эркекке бирдей парз”. Билимдүү адам эч убакта жолдо калбайт,  себеби ал коомго керек.

Бишкектин базарында жоолуктун түрүн көрсө болот. Сүрөт: CABAR.asia
Өлкөнүн бардык базарларында ар түрдүү табитти кандырган жоолуктун түрүн көрсө болот. Жоолукту кооз салынуу модага айланып, айымдардын сулуулугун, назиктигин күчөтөт. Айрым айымдар жөн гана салынып көргөн жоолугу алардын көркүн ачканынан улам жоолугун башынан түшүрбөй калган учурлар да болот.  

Окуңуз: Хиджаб кийүү өзүн чектөө эмес

Гүлбарчын Келдибекова, төрт баланын энеси, таэквондо менен бир жылдан ашуун машыгат:

Гүлбарчын Келдибекова (оң жакта).  Ѳздүк архивден алынган сүрѳт
– Жоолук салынганыма 3 жыл болду. Аяштарымдын жарымы жоолук салынчу. Бир күнү алар  базарда жыйналышып, түрдүү жоолуктарды салынып, байкаштырып атыптыр. Мен да салынып көрсөм, өзүмө куп жарашып калды. Курбуларым мындан кийин жоолукту чечпе деп дуба кылышты. 

Ошол бойдон үйгө келсем, жолдошум таң калып: “Эртең эле чечип саларсың”, – деди. Кудайга шүгүр мен салынган жоолукту эртеси да тагындым. Анын эртеси да чечкеним жок.  Кийинчирээк намаз окуп баштадым. Жоолук салынуу менимче ыймандын белгиси. Себеби, көп терс нерседен өзүңдү тыйып каласың. Жоолукка татыктуу болгуң келет. Айланадагы адамдардын мамилеси да жакшы. Жүдөбөй тыкан салынган жоолук тескеринче элди суктандырат.  

 

Чынында 1-2 жолу түшүнбөстүккө кабылгам.  Ал кезде жаңы  жоолук салынып баштагандыктан жакшы үйрөнө элек, жүдөө кезим. Ошондо бир-эки таанышым мурдагыдай эле жүрө берүүмдү айткан эле. Ал эми азыр эч ким антип айта албайт.

Жоолук ийгилик жаратууда, жашоодо тоскоолдук жаратпайт. Тескеринче тыкан, таза болосуң. Жумушта да ыңгайлуу. Ал эми спортто анын пайдасы өтө чоң. Себеби машыккан кезде  чач жыйналган, жүдөбөйсүң.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: