КР Социалдык фонду пенсиянын өлчөмүн кантип эсептей турганын аныктоо жеңил эмес.
Улуттук Статком маалыматы боюнча Кыргызстанда болжол менен 673 миң ар кандай категориядагы пенсионер бар. Алардын дээрлик ар бир төртүнчүсүнүн пенсиясынын өлчөмү жашоо минимумдан төмөн, ал эми 2017-жылы жашоо минимум 4900 сомду түзгөн.
Кыргызстанда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө” мыйзамы боюнча эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгышат. Жаш курагы боюнча пенсия жарандын Социалдык фондго акы төлөгөнүнө же төлөбөгөнүнө карабай, баарына тең берилет. Улуттук Статком маалыматы боюнча КР жалпы пенсионерлердин 73% ы жаш курагына байланыштуу пенсияга чыккандар болуп эсептелет.
Эркектер үчүн пенсиянын базалык бөлүгүн толук алышы үчүн 25 жылдык эмгек стажы керек. Эми биздин Соцфондго төлөмдөрүбүздү талдап көрөлү. Эмгек келишими боюнча ар бир иштеген кишиден айына эмгек акыдан пенсиялык керектөөгө 10%, дагы 10% Салык кызматынын райондук бөлүмүнө кармалып калат. Жумуш берүүчү өз кызматкери үчүн айлык акыдан 17, 25% чегерет (15%-пенсиялык фондго, 2%-милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондуна), 0,25% эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна которот. Ошентип, кызматкердин эмгек акысынан 25 % га барабар сумма Соцфондго которулат.
Мисалы, жаран колуна 15. 000 сом айлык алат. Улуттук Статком болжол менен ошол сумма Кыргызстандагы орточо айлык экенин көрсөтөт. Бул учурда жумуш берүүчүнүн жалпы чыгымы 21,712 сомду түзөт. Кызматкердин жалпы эсебине ал 18518 сом эсептейт, бул суммадан 10%, б.а. 1851 сом Соцфондго кармалат, калган суммадан дагы 10% (1666 сом) киреше салыгы Салык кызматына которулат.
Ошондой эле жумуш берүүчү Соцфондго өзүнчө 3194 сом которот, бул 17.25%, жумуш берүүчү өз бюджетинен мамлекеттик бюджетке кызматкердин айлык аксынынын суммасынан которуучу сумма. Ошентип, айына Соцфонд капчыгына ар бир кызматкерден орточо 5047 сом которулуп турат.
Жыйналган каражат учурдагы пенсионерлерге бөлүштүрүлүп берилет. Мында мурдагы муунду кийинки муун каржылары көрүнөт, ал эми көбүнесе пенсиянын өлчөмү калктын бакубатчылыгына байланыштуу болот.
Жумуш берүүчүлөрдүн көбү салыктан качып, кызматкерди эмгек келишими жок иштетет, ал эми жумушсуздуктун жогорку деңгээли жана жарандардын эмгекке болгон укуктарын билбегенинен көп учурда каражат конвертке салынып төлөнөт.
Бүгүнкү күндө ар бир пенсионерге 1,2 легалдуу эмгекчи туура келет. Эмгектин эл аралык уюму (ЭЭУ) бул цифра үч эсе көп болушун сунуш кылат, андай болбосо пенсиялык системада дисбаланс болот, туруктуулугунан ажырайт. Эгер абал оңолбосо, 10-12 жылдан кийин пенсиялык камсыздоонун азыркы үлгүсү бардык пенсионерлерди камсыздай албай калат жана мамлекет өз жарандарына мыйзамдуу пенсия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп коюу тобокелчилигине кабылат. Асел Сооронбаева – CABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин бүтүрүүчүсүБул материал «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project”долбоорунун алкагында даярдалды, Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды. Макаладагы пикир редакцуиянын же донордун көз-карашын чагылдырбайт.