© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда орто билим берүү системасындагы кризис эмнеси менен коркунучтуу?

«Билим берүү системасындагы кризис өзгөчө орто мектептердеги билим берүү системасында ачык көрүнүүдө. Орто мектептердеги билим берүү бекер жана баарына бирдей болуп эсептелгени менен иш жүзүндө андай эмес. Анткени, алыскы, обочолонгон райондордо окушкан мектеп окуучулары эмгек мигранттарынын жана эч кандай адистиги жок кара жумушчулардын катарын толуктоого аргасыз болушууда.

Билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү баарына бирдей тең кылуу үчүн эмнелерди жасоо керек, жана анын жоопкерчилиги кимде?» , – деп эксперт Анастасия Валеева атайын CABAR.asia үчүн жазган макаласында белгилейт.

Русский English


Билим берүү жакырчылыктан чыгаруунун бирден бир жолу катары иштеши керек

Анастасия Валеева. Сүрөт жазуучунун уруксаты менен жүктөлгөн.

Кыргызстандагы жакырчылыкты балдардын жүзүнөн даана көрсө болот. Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча ар бир төртүнчү кыргызстандык, ал эми балдар арасында ар бир үчүнчү бала жакырчылык чегинде жашашышат. Ошону менен катар айыл жерлеринде жакырчылык шаарга караганда бир топ курч. Демек жакырчылыктын классикалык көрүнүшү – айыл жериндеги көп балалуу үй-бүлө болуп калууда. Эми ушул жакырчылык тукумдан тукумга мурасталбашы үчүн эмне кылуу керек?

 

Да ушул билим берүү жакырчылыкты кыскартууга жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөткөн бир ден бир фактор болуп эсептелет. Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттерде жалпыга милдеттүү бекер билим берүү системасын колдонулат, Кыргызстанда – бул орто мектептерде билим берүү, башкача айтканда – 9 класс. Ошентип билим берүү мамлекет үчүн жөн гана «кооздук» эмес, ал келечектеги потенциялдуу жарандар үчүн жасалган инвестиция.

Билим алуу укугу баарына бирдей болгондугуна карабастан, Кыргызстандын түрдүү аймактарында билим берүүнүн сапаты бири биринен кескин айырмаланып турат. Кыргызстанда мектепти бүтүргөн балдардын билим деңгээлин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аркылуу байкоого болот.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы билим берүүнүн деңгээлин көрсөтөт

Мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөнү жазуу заматы. Cүрөт: www.testing.kg

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын 14-июнунда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гранттык орундарга талапкер мектеп бүтүрүучүлөрүнүн тизмесин жарыялаган[1]. 59 адамдан 43 бүтүрүүчү борбор шаардагы мектептин бүтүрүүчүлөрү болушкан. Эмне үчүн мындай чоң айырмачылык болду?

Тилекке каршы бул көрсөткүч, биринчиден, негизинен экзамен тапшырууга баары эле милдеттүү эмес, аны жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр гана тапшырышат. Ушул өңүттөн алганда, Бишкекте дээрлик ар бир бүтүрүүчү жогорку окуу жайына кирүүнү кааласа, ал эми аймактарда жарымы гана каалашат дегенди түшүндүрөт ( Баткенде 75%, Жалал-Абад жана Ош облустарында – 60% га жакын бүтүрүүчулөр жалпы республикалык тест тапшырышкан).

Экинчиден, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окутуунун жүрүшүн оңдоого болбойт, муну менен тенденцияны гана байкап турууга болот. Ага карабай, тесттин түзүүчүлөрү «тестирлөө окуучулардын билимин өлчөөдө өзүн-өзү актады, ЖОЖдорго абутуренттерди тандоодо алардын билим деңгээлин туура баалоого негиз болуп бере алат»[2] дешет. Ошого карабастан, тести мектептердин иштөө сапатын баалоого колдонсо болбой тургандыгын моюнга алышат[3]. Тест окуучунун ЖОЖдорго тапшыруудагы жана окуусундагы жеке жөндөмүн гана текшерет.

Муну менен Билим берүүнү жана окутуу методикасын баалоо борборунун кызматкерлери жана башка эксперттер окутуунун деңгээли мектептерге жана алардын жайгашуусуна карата бирдей эмес экендигин билдиришет. Айыл жерлеринде жайгашкан мектептерде жогорку тажрыйбадагы мугалимдер жетишпейт, окуу куралдары жана окуу материалдары жетишпейт. Техникалык каражаттар жана массалык маалымат каражаттарын колдонууга баарынын эле бирдей мүмкүнчүлүгү жок. Ушунун баары жогорку окуу жайларына кирүүнү каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай шартта экендигин айтууга негиз берет.

«Жалпы тестирлөөнү киргизүү дал ушул көйгөйдү чечүүгө негиз болду, жашоонун бирдей эмес шарттарында шаардык жана айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан билим алуусуна «таза, ачык, көз карандысыз тестирлөөнүн негизинде гана бирдей шарт түзүү негизги милдет болгон», дешет тесттин түзүүчүлөрү.

Бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей эмес сапат

Жогоруда айтылган факторлорду эске алганда, жалпысынан аймактардагы мектептерден келген окуучулар өздөрүнүн Бишкектеги теңтуштарына караганда тестти бир топ начар жазышаарын моюнга албай кое албайбыз. Ошентип, Бишкекте экзаменге орточо бал 132,5, Ош облустунда – 108,4 балл, (босого балл – 110) болгон. Жалпысынан алганда, эн кедей региондордо – Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында тесттин баллы орточодон төмөн. Бул Жалпы республикалык тестирлөөну тапшыра албай калгандар 2018-жылы жалпы тест тапшыргандардын 43% түздү дегенди билдирет, башкача айтканда, аймактагы мектептер бир топ артта калып жаткандыгынын кабар берет. Ушуга карабастан Билим берүү жана илим министрлиги аймактар боюнча орточо балдын жогорулаганын айтып отчет беришүүдө[4]. Тестирлөөдөн өткөн бүтүрүүчүлөрдүн санынын бир топ өсүүсү Бишкек жана Ош шаарларынын эсебинен болгон.    

1. ЖРТ берген окуучулардын пайыздык үлүшү. Анастасия Валееванын уруксаты менен.
2. ЖРТ орточо баллы. Анастасия Валееванын уруксаты менен.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй аймактагы мектептердин окуучулары көбүнчө жалпы тестирлөөдөн өтпөй калышкандыктан, ЖОЖдорго тапшыра алышпайт жана алар эмгек мигранттарынын катарын толуктоого, болгондо да адистиги жок эмгек күчүн түзүүгө мажбур болушууда. Ушунун баары кедейликти, социалдык алсыз катмарды, теңсиздикти пайда кылууда.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекет республикадагы мектептердин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу баа берип, андан соң конкреттүү критерийлердин негизинде сунуштар топтомун иштеп чыгуусу зарыл. Мындай иш-чараларды ишке ашырууда сөзсүз түрдө биринчи кезекте мугалимдердин иш тажрыйбасын, мектептердин окуу куралдары менен камсыз болуу деңгээлин, мектеп окуучуларынын билим деңгээлин аныктоо ыкмаларын эске алуу зарыл. Экинчи жагынан бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн сапатына баа берүүчү индикаторлор өлкөбүздөгү жалпы билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар топтомун иштеп чыгууга мүмкүндүк бербей жаткандыгын да белгилөөгө болот.

Кантип билим берүүдө теңсиздик жаралат 

Милдеттүү түрдө берилүүчү орто билим берүү системасында окуучулардын сабакка катышпоосунун деңгээли өтө жогорулугун байкоого болот. Эркек балдардын көпчүлүгү кайсыл бир жумушка орношуп сабакка катыша албай калышса, кыз балдардын сабакка катышпоосу алардын эрте турмушка чыгуусу менен байланыштуу болот. Жалпылап айтканда сабакка катышпай калуунун башкы себеби жакырчылыкка барып такалат. Жашоо шарттын оорлугунан улам жумушка орношуп, окууну таштоо зарылчылыгы жаралат.

Эгерде окуучуну окутуу же иштетүү маселеси көтөрүлсө үй бүлөө мүчөлөрү иштетүүнү тандап алышат.
Ошол эле мезгилде үй-бүлөө канчалык жакыр болсо, билим берүүгө ошончолук мүмкүнчүлүк аз болот. Мындай үй-бүлөөдө балага мектептен сырткары кошумча билим берүү тургай, окууга керектүү кошумча китеп, компьютер сыяктуу зарыл нерселерди сатып берүү оорчулукка турат. Мындай учурда баланы окутуу керекпи же иштетүү зарылбы, деген суроо жаралса, сөзсүз түрдө үй-бүлөө мүчөлөрү баланы иштетүүнү тандап алууга мажбур болушат. Андыктан мындай үй-бүлөөлөргө жардам берүү маселеси көтөрүлгөндө, жакырчылыктан улам балдары мектепке барбай калган үй-бүлөөлөрдү   таап жардам берүү зарыл.

Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик бюджеттин төрттөн бир бөлүгүнөн да көбүрөөк билим берүүгө жумшайт. Бир жагынан караганда, мунун өзү билим берүүгө өзгөчө мамиле бар экендигинен кабар берет. Анткени, мындай көрсөткүч Тажикстандан башка айрым коңшу өлкөлөргө караганда жогору экендигин байкоого болот. Ошол эле мезгилде учурда билим берүүгө болгон чыгымдын өлчөмүн көбөйтүү оор маселе. Учурда мамлекеттин экономикалык абалын эске алганда да билим берүүгө болгон каражаттын өлчөмүн көбөйтүү дээрлик мүмкүн эмес. Андыктан бул тармакты өнүктүрүү үчүн сөзсүз түрдө жеке тараптардын жана эл аралык уюмдардын каржылык колдоосун алуу зарыл.

Жыйынтык

Кыргызстандагы орто билим берүү системасы кризисте жана ал сапаттуу реформага муктаж. Жалпы республикалык тестирлөөнүнүн жыйынтыгы учурда республика боюнча билим алууда олуттуу теңсиздик бар экендигин байкалды. Жашоо деңгээли төмөн аймактарда билим берүүнүн деңгээли начар экендигин көрүүгө болот. Ошол эле мезгилде милдеттүү орто билим берүү системасында жакырчылыктан улам сабакка катышпоонун деңгээли жогору экендиги аныкталды. Мына ушундан улам биринчи кезекте Кыргызстанда орто билим берүү системасын толук реформалоо учурдун башкы талабы.

Көйгөйдү чечүү үчүн:

  • Кыргызстандагы баардык мектептердин абалына ар тараптуу баа берүү зарыл. Мугалимдердин адистигин, ар бир класстагы балдардын санын кылдаттык менен эске алуу менен абалды жакшыртуу максатында зарыл болгон сунуштар топтомун иштеп чыгуу керек. Ал үчүн орто билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан бекитилген стратегиялык планды иштеп чыгып кабыл алуу талап кылынат.
  • Мамлекеттик жана жеке тармактардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди жакшыртуу зарыл.
  • Билим берүүгө жеке тараптардын инвестициясын тартып, жакырчылыктан мектепке барбай калган үй-бүлөөлөргө жардам берүү зарыл.
  • Аймактардагы айылдардын орто мектептериндеги билим берүүнү жакшыртууга көңүл буруу. Мугалимдердин билим деңгээлин жашыртып, зарыл болгон окуу куралдарын сатып алуу.
  • Атайын окуу куралдары менен балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо. Мындай окуу куралдарын аймактардагы айыл мектептерине бекер таратып берүүнүн жолдорун табуу.

Анастасия Валеева – “CABAR.asia”нын эксперттик аналитиктер жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү. 

[1] http://edu.gov.kg/ru/news/ministerstvo-obrazovaniya-i-nauki-opublikovalo-spisok-shkolnikov-kotorye-pretenduyut-na-grantovye-mesta-v-vuzy-strany/

[2] http://testing.kg/ru/ort-test/o-teste.html

[3] http://testing.kg/ru/ort-test/o-teste.html

[4] http://edu.gov.kg/ru/news/mon-znachitelno-uvelichilos-srednee-kolichestvo-nabrannyh-na-ort-ballov-po-regionam/


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving VoiceDriving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: