© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: Парламенттин жетишпеген жагы эмнеде?

“Парламенттин ролуна баа берүүдө биз биринчи кезекте ал өлкө элинин  бул жааттагы тарыхый тажрыйбасын, каада салтын, баалуулуктарын,  саясий жана укуктук маданиятын эске алуубуз зарыл. Мындай факторлорду эске алуу, парламенттин мамлекеттик, укуктук жана коомдук мамиледеги ролуна баа берүүдө аябай маанилүү ролду ойнойт”,  – дейт мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов CABAR.asia аналитикалык порталына жазган макаласында.  


Русский English

Макалага кыскача сереп:

  • Кыргыз парламентинин ишинин сапаты депутаттардын эле деңгээлине эмес, анын аппаратынын жана мыйзам кабыл алуу боюнча парламентке сунуш киргизген башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болот;
  • Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн парламенттери сыяктуу эле Кыргызстандын парламентиндеги депутаттарды да үч топко бөлүүгө болот: үчтөн сегизге чейинки санда мыкты “саясатчы” депутаттар болушат, ондон жыйырмага чейинки санда “иштерман” депутаттар, ал эми парламенттин калган көп бөлүгү бары же жогу билинбеген ”унчукпас” топтон турат. Алардын ичинен “саясатчы” депутаттар парламенттин негизги мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн багытын, тартибин такташып,  палатадагы кырдаалды аныкташат, ал эми көпчүлүктү түзүшкөн “унчукпас” депутаттардын тобу болсо өздөрүнө пайдалуу болгон ар кандай мыйзамдарды өткөрүүгө жөндөмдүү болушат;
  • Шайлоо учурунда парламентке партиялардын шайланып келишин негизинен шайлоочулардын эки чоң тобу – пенсионерлер жана бюджетниктер эле аныктап коюшат. Анткени алардын добушун  пенсияны же маянанын өлчөмүн  көтөрүү жолу менен эле алууга болот;  
  • Депутаттар айрым учурда коомго терс таасирин тийгизүүчү ар кандай топторду түзүшөт: айрым бир саясий чечимдерди кабыл алып жатышканда ар кандай социалдык топтордун теңсиздигин жаратышат, кээ бир учурда натыйжасыз экономикалык саясатты колдоого барышат жана коомдун кайсыл бир тобунун кызыкчылыктарына монополдук таасир көрсөтүүгө аракет кылышат;
  • Депутат, чиновник жана бизнесмендердин максаттары жана аракеттери менен экономикалык активдүү атуулдардын турмушка болгон каалоолору жана күтүүлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар айрым учурда жаштардын радикалдашуусуна жана атуулдардын исламдашуусуна жол берет;
  • Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн күчөшү жаштардын шайлоого катышышуусуна жана депутаттардын сапатынын жогорулашына байланыштуу болот. Эгерде өлкө жаштары активдүү болушпаса, коомдогу парламентке карата жаман пикирлер күчөгөндөн күчөй берээри турган иш.

  1920-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн 1910-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык он жылдык ишмердүүлүгүн белгилейт. Буга байланыштуу парламенттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары ар түрдүү пикирди карманышууда. Айрымдары парламент өз милдетин аткара албай жатышат дешсе, айрым бир аз бөлүгү парламент тарабынан деле  жакшы иштер жасалууда дешет. Чындыгында мындай талкуулардын негизи бар, бирок  ал канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?

Парламенттин ролуна баа берүүдө биз биринчи кезекте ал өлкө элинин  бул жааттагы тарыхый тажрыйбасын, каада салтын, баалуулуктарын,  сасий жана укуктук маданиятын эске алуубуз зарыл. Мындай факторлорду эске алуу, парламенттин мамлекеттик укуктук жана коомдук мамиледеги ролуна баа берүүдө аябай маанилүү болуп эсептелет.

Парламенттин ишмердүүлүгүнө баа берүүдө даагы бир маанилүү нерсе бар. Көпчүлүк учурда парламенттин ишмердүүлүгүн аныктоодо  идеалдуу иштейт делген “батыш” парламенти деген түшүнүктү колдонушат, бирок иш жүзүндө андай парламент дүйнө жүзүндө жок. Албетте бул дүйнө жүзүндө каада салты, тарыхы баалуулуктары Кыргызстанга окшош экинчи өлкө жок жана табууга да мүмкүн эмес дегендей эле нерсе. Ошондой болсо да салыштырмалуу анализ жасап, ар кандай гипотезаларды айта берсек болот, бирок мындай гипотезалар баардык эле учурда чындыкты кѳрсѳтпѳй турган иш.

Тарыхтагы чындык

Кыргызстандын саясий системасындагы эл өкүлчүлүгүнүн пайда болуу тарыхына көз жүгүртө турган болсок, уруулук жана советтик элдик бийликке чейин колдонулган  жалпы элдик курултайдан тартып азыркы парламенттик демократияга чейинки мезгил эске келет. Ал эми азыркы Жогорку Кеңеш болгону  2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык сегизинчи жыл иштеп жатат. Баардык нерсени  иш жүзүндө аткаруу аябай оор. Маселен кыргыз парламенти өз өнүгүүсүндө бир катар өнүгүү жана төмөндөөлөрдү  башынан өткөрдү: “легендарлуу парламенттен”, унчукпаган  “балык” парламентке чейин, бир палаталуудан эки палаталуу жана кайрадан бир палаталуу парламент уюштурулду. Ал эми депутаттарды  шайлоодо болсо, алгач мажоритардык, андан соң мажоритардык-пропорционалдык система колдонулуп, андан соң кайра толук түрдө пропорционалдык шайлоо ыкмасына өттүк.

Жогорку Кеңешти ишмердүүлүгүнө баа берүүдө кандайдыр бир дүйнөдө жок “идеалдуу” батыш парламенти деген түшүнүк колдонулат.
Биз көрүп тургандай эле парламент – бул дайыма өзгөрүлүп туруучу кыймылдуу институт. Конституциянын өзгөрүшү менен жалпы мамлекеттик бийлик системасы өзгөрүлөт. Мындай өзгөрүү өз мезгилинде парламенттин да  дайыма өзгөрүлүп турган кырдаалга жараша ыңгайланышуусун талап кылат. Мындай тапшырмаларды аткарууга парламенттин иштөө механизми реформалоого барып такалат. Тилеке каршы андай  иш чаралар Кыргызстанда аткарылган жок. Баш мыйзамды өзгөртүү менен парламенттин жана өкмөттүн  ыйгарым укуктарындагы “ооздуктоо жана тең салмактуулук” механизми  өзгөрүлдү, бирок парламенттин ишмердүүлүгү мурдагыдай эле эч өзгөрүүсүз калып калды.

Ошентип, иш жүзүндө парламенттин ишмердүүлүгүндө мажүрүлүк оорун алууда. Коомчулук парламенттин мындай алсыздыгы үчүн биринчи кезекте депутаттардын өздөрүн күнөөлөшөт. Чындыгында депутаттардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы парламенттин бөлүмдөрүнүн (комитет, аппарат, иш башкаруу бөлүмдөрүнүн ) жана жалпы эле мыйзам чыгарууга тиешеси бар башка мамлекеттик институттардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болоору турган иш.

Мыйзам чыгаруу жаатындагы мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө, жана жалпы эле мамлекеттик башкаруунун жүрүшүнө талдоо кылган соң, биздин өлкөдө даагы деле  “акмактардан коргонуу  же айрым туура эмес чечимдерден сактануу системасы” калыптана электигине күбө болобуз.

Буга мисал катары биз кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын  келтирсек туура болот.  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы финансы рыногун көзөмөл кылуучу жана жөнгө салуучу мамлекеттик кызмат 2015-жылдын 15-майында Жогорку Кеңештин кароосуна «кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү, мамлекеттик бюджеттин жабырлануучуларга коротуучу бөлүгүнүн өлчөмүн  азайтуу жана башка өлкөлөргө чыгуучу автоуна ээлерин  атайын камсыздандыруу полиси менен чыксын», деген эрежелерди киргизүү максатында эки мыйзам долбоорун киргизген.

Депутаттар абдан тездик менен он  эки күндүн аралыгында төмөндөгүдөй «Турак жайды ɵрттɵн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жɵнүндɵ»  жана «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» деп аталган  эки мыйзамды   үч окуудан өткөрүүүгө жетишишти.  Бул кабыл алынган мыйзамдардын негизинде кыргызстандыктардын чөнтөгүндөгү акчаларды башка өлкөлөргө чыгарууга уруксат берилди. Муну менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуучу мамлекеттик кызматы  “Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылары” деп аталган мыйзамын одоно бузууга барды. Бул мыйзамды кабыл алуу үчүн бизнес – коомчулугу менен биргеликте  коомдук угуу өткөрүлгөн жок, мыйзамдын кандай таасирлери болушу ыктымалдыгын талкуулаган талдоо болгон жок. Иш жүзүндө бул мыйзам 2009-жылы “бакиевдик схема” учурунда  элдин акчаларын сыртка алып чыгып кетүү  максатында иштелип чыккан болчу. Ошондуктан, бул мыйзам 2015-жылдын май айында депутаттар, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жана Президенттин аппараты жайкы эс алууга даярданып жаткан учурда кабыл алынды. Мындан сырткары бул парламенттик шайлоого даярданып жаткан учур болчу.

Эң өкүнүчтүүсү, депутаттарда жана чиновниктерде мөөнөтү бүткөн  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам ошолордун жоопкерчилигинде калат, деген туура эмес түшүнүк калыптанган. Иш жүзүндө ал мыйзамды кабыл алышкан  депуттардын көпчүлүгү кайра шайланып келишет,  экинчи жагынан алар кабыл алган мыйзамдын жаман таасирин бүтүндөй кыргыз эли тартып жатканын таптакыр эске алышпайт. Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдардын терс таасири эч  ким жана эч бир орган тарабынан иликтенбейт. Жогорку Кеңеш тарабынан бир кезде ар бир кабыл алынган мыйзамга антикоррупциялык, гендердик, укуктук жана экологиялык экспертиза жүргүзүүнү милдеттендирген токтом кабыл алынган. Иш жүзүндө эмдигиче бир дагы мыйзам долбоору эч кандай экспертизадан өткөрүлгөн эмес.

Жогорудагыдай көрүнүштү Жогорку Кеңештин жеке депутаттары жана мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленип иштелип чыккан бир катар мыйзамдардан көрүүгө болот. Жалпысынан Кыргызстанда “кыянат иштерден сактоочу система” бардай көрүнөт, бирок иш жүзүндө өлкө жарандарын коргой албай келет. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында, жогорудагыдай, кылмыштуу аракет үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Тескерисиче, мындай кадамдарды жасаган чиновниктер кызматтан кызматка көтөрүлүшүп, мамлекеттик сыйлыктарды алып жатышкандыгына күбө болууга болот.

Кызыкчылыктардын ажырымы

Парламенттин көпчүлүк жыйындары жарымы бош залда өтөт. Сүрөт: kenesh.kg
Кыргызстандын парламентинде, дүйнөдөгү башка парламенттер сыяктуу эле, депутаттар шарттуу түрдө үч топко бөлүнүшөт: «саясатчылар»,  «иштермандар»,  «унчукпастар».  Парламенттин көлөмүнө карап үч депутаттан сегиз депутатка чейин – «саясатчылар» тобуна кирет. Бул депутаттар дээрлик активдүү, массалык маалымат каражаттарында бат-бат чыгып турушат жана калктын калаң катмарына кенири таанымал болушат. Ал депутаттардын  иш аракетинин пайлалуулугу парламентте, массалык маалымат каражаттарында, тегерек столдордо алардын чыгып сүйлөгөндүгү менен бааланат.

«Иштерман» – депутаттар калктын калың катмарына анча деле таанымал эмес болгону менен мыкты адистерге жакшы таанымал. Мындай депутаттар чындап мыйзам долбоорлорунун үстүнөн иштешет. Парламентти парламент кылган дал ушул депутаттар болуп саналат. 

Парламенттеги кырдаалды мыйзам чыгаруу кун тартибин аныкташкан «саясатчы» депутаттар жана көпчүлүктү түзүшкөң, өздөрүнүн добушу менен каалаган мыйзам долбоорун өткөрүшкөн «унчукпас» – депутаттар тобу жасашат. Оруссияда мындай депутаттарды «балчык саз» деп аташат, ал эми Кыргызстанда болсо андайларды «балык депутат» деп атап жүрүшөт.

Абалды дагы бир жагдайлар менен мүнөздөсө болот. Вольфганг Грюндингер өзүнүн, 2017-жылдын эң мыкты китеби деп таанылган, «Alte Säcke Politik. Wie wir unsere Zukunft verspielen» деген китебинде төмөндөгүдөй бүтүмгө келген: «Демократия шартында саясат шайлоочулардын күчтүү тобуна багытталат. Бүгүнкү күндө андай күчтүү топ –  улгайган адамдар. Мунун кесепетин шайлоо өнөктүгү мезгилинде ачык көрүүгө болот. Анткени, жаштардын билим алуусу сыяктуу көйгөйлор дээрлик эске алынбай көнүл сыртында калат. Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү шайлоочулардын эң активдүү тобуна – пенсионерлер менен мамлекеттик кызматкерлерге – басым жасаган ыкма колдонулат. Алардын кабыл алынган мыйзамдарга болгон нааразычылыгын, алардын эмгек маянасын, пенсиясын жогорулатуу менен басаңдатып турушат.  Мындай ыкма курамына депутаттар, чиновниктер жана бизнесмендер кирген топтун узак мөөнөттөгү максаттарына жетүүсүнө шарт түзөт. Анткени калктын каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн  республикалык каражаттардын эсебинен кыска мөөнөткө, утурумдук болсо да басаңдатат.
Жогоруда жазылгандарды эске алып, Кыргызстандын жаңы парламентинин (сонку 8 жыл мурдатан баштап) жана катардагы шайлоочулардын кызыкчылыктары бири-биринен өтө алыстап баратат деп жыйынтык чыгарса болот.  

Кыргызстандын шартында кызыкчылык топтору саясий системанын иштешине тескери таасирин тийгизе баштады. Ал саясий чечимдердин кабал алынышына коомдун таасирин күчөтпөстөн, жеке кызыкчылыктардын таасирин күчөтүп жиберди. Кыргызстандын саясат дүйнөсүндө орун алып жаткан көрүнүштөрдүн баары, түрдүү бизнес топтордун, корпорациялардын махинацияларынын жыйынтыгы болуп калууда.

Негативдүү таасирлер төмөнкү жагдайлар менен шартталган:

Биринчиден, ушул сыяктуу кызыкчылык топтору саясий чечимдерди кабыл алууда  түрдүү социалдык топтордун мүмкүнчүлүктөрүнүн теңсиздигин түзүүдө. Мындай теңсиздиктер, тагыраак айтканда, кирешеге болгон салыкты төлөөдө, жер тилкелерине жеңилдетилген насыяларды алууда жана аларды трансформациялоодо, товарларды баажы чек араларынан  бир топ тез өткөрүүдө же башка учурларда байкалат.

Экинчиден, ушундай топтордун болушу, натыйжасыз экономикалык саясатты кеңейтет: «таасирдүү» топтор каражаттарды кайрадан бөлүштүрүүдө жана өзгөрүүлөргө тоскоол болушат. Жыйынтыгында колдоого муктаж болгондор эч кандай колдоосуз калышууда. Мындай абал банк секторунда да байкалууда. Жакыр жашаган адамдарга жардам берүү максатында түзүлгөн микрокредиттик компаниялар иш жүзүндө калктын орто кирешелүү адамдарын тейлеп калышкан.  Баарынан окүнүчтүүсү, мындай банктарды калктын эң жакыр катмарына жардам беребиз деп өздөрүн жарыялаган  өлкөлөрдүн жарандары (мисалы Грамин банкы (Grameen Bank))  жетектегендигинде. Сыртынан окшош, алар микрофинансалык уюм катары өз иштерин башташып, андан кийин банк болуп өсүп чыга келишти. Бирок айырмасы өтө чоң – Кыргызстандагы калктын жакыр катмары «ортонку» катмарга да көтөрүлө алышкан жок. Андан сырткары, калктын орто кирешелүү катмарынын микрокредиттик уюмдардын алдында карыздарга батып, болуп көрбөгөндөй жакырчылыкка белчесинен батышы, айрым эл депутаттарынын да көнүлүн бурду.

Үчүнчүдөн, кызыкчылык топтору коомчулуктун кызыкчылыктарына монополиялык түрдө өкүлчүлүк кылуу укугун  да өздөрүнө ыйгарып алышты. Муну менен өкүлчүлүк кылуу принциби өзү бурмаланып бузулууда. Анткени бул кызыкчылык топтору менен чиновниктердин бир бүтүмгө келип алышына алып келет. Кызыкчылык топтор бара бара жарандардын атынан эмес, өздөрүнүн атынан чыга башташты. Мисалы, парламентте отурган депутаттардын балдары, жээндери, ага-инилери, эже-карындаштары, күйөөлөрү жана аялдары, ата-апалары жергиликтүү кеңештерде депутат болуп отурушат  же мамлекеттик башкаруу органдарында иштешет жана үй-бүлөлүк бизнести жүргүзүшөт. Мындай монополия демократиялык эмес саясий режимдерге тиешелүү жана ал демократиялык өткөөл мезгилдин аягын көрсөт.

Депутаттардын, чиновниктердин жана бизнесмендердин максаттары менен милдеттеринин багыты карапайым калктын мүдөөлөрүнөн алысташы калктын исламдашуусунун өсүүсүнө жана жаштардын радикалдашуусунун өсүүсүнө алып келген факторлордон болуп калууда.  Калктын өз абалы менен канааттанбоосу парламенттен жана өкмөттүн ишинен көрүнүп, алар стабилсиздиктин жана натыйжасыздыктын символуна айланды.Чындыгында бул коомчулуктун кызыкчылыгын  жетектөөгө умтулган кызыкчылык топтордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп саналат.
Эмне кылуу керек ?

kenesh.kg
Кайсыл мамлекеттин парламентинде болбосун, ал жерде татаал саясий, аймактык жана жеке кызыкчылыктар айкалышат. Ошондуктан парламент, качан гана андагы депутаттар жана чиновниктер өлкөнүн бүтүндүгүн жана элдин жакшы жашоосун камсыздоо үчүн иштегенде гана демократиялык орган боло алат. Ушундай болгондо гана, парламент жана жарандык коомдогу уюмдар жеке адамдардын жана жарандардын эркиндигинин чыныгы гаранты боло алышат.

Кыргызстандагы 2010-жылдагы конституциялык реформадан кийин  саясий партиялардын мааниси бир топ өстү. Партиялык системанын ар түрдүүлүгү бүтүндөй мамлекеттик механизмдин жана шайлоо, парламент (курамы, күчтөрдүн орду, парламент менен өкмөттүн өз ара мамилелери ж.б) сыяктуу негизги мамлекеттик – укуктук институттарды уюштурууга жана алардын ишмердүүлүгүнө таасир этет. 

Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн кеңейиши  анын адискөй чиновниктерге болгон таасиринин өсүшү менен коштолууда. Өкмөт жана көзөмөлсүз парламент тарабынан кабыл алынган нормативдик актылардын саны өсүүдө жана алар көбүнчө мурда кабыл алынган мыйзамдарды бурмалагандыгы байкалууда. Булардын баары парламент менен өкмөттүн өз ара мамилелеринде жаңы жагдайларды жаратууда. 

Дагы бир мыйзам ченемдүүлүктү белгилей кетүү кетсек, – учурда кызыкчылык топтору мамлекеттик институттарга түз таасир этүү механизмдерин аз колдонушат, алар коомдук пикирге таасир этүүгө көбүрөөк умтулушат.

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу депутаттардын өздук тартибин күчөтүүсүнө жана жаштардын шайлоолордо активдүү катышуусуна  жараша болот. Эгер өлкөнүн жаш жарандары өтө активдүү, демек таасирдүү шайлоочулардын тобу боло алышпаса, анда бизде калыптанып жаткан тенденция андан ары күчөйт. Мындай болгон учурда, Кыргызстанды үй-бүлөлүк кландык режим өкүм сүргөн өлкө катары кароого болот.

Конституциялык реформанын натыйжасында Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилишинен улам,  2010-жылдан 2017-жылдар аралыгында анын бир топ саясий пайдасын көрдүк жана кадыр баркы көтөрүлдү. Эми ушундан белгилүү бизнесмендер жана алардын компаниялары эмес, мамлекет жана  өлкө жарандары практикалык жана экономикалык пайда көрүшү керек. 


Бул материал Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин каржылык колдоосунда «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project», долбоорунун алкагында даярдалды. Макалада камтылган ой пикир редакциянын же  донордун позициясын чагылдырбайт.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: