© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Oш жана Жалал-абад шаарларындагы мамлекеттик органда иштеген кызматкерлер үчүн укуктук маданиятты кɵтɵрүүгɵ багытталган лекцияларды ɵткɵрүүнүн ыкмалары боюнча атайын тренинг ɵткɵрду

Тренингден кийин мамлекеттик кызматкерлер жаштардын арасында жана эки шаардын тургундары үчүн укуктук маданиятты кɵтɵрүү боюнча агартуу иш-чараларын ɵткɵрүшɵт.

Тренингге министирликтердин жана ведемостволордун Ош жана Жалал Абад шаарларында иштеген аймактык  кызматкерлери катышышты. Ош шаарында ɵткɵрүлгɵн тренингге 20, ал эми Жалал Абад шаарында ɵткɵрүлгɵн тренингге  – 24 мамлекеттик кызматкер катышты.  

Тренинг  Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы ɵкүлчүлүгү тарабынан КРнын юстиция министрлиги менен кызматташуусунун алкагында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында уюштурулду.

Тиешелүү концепцияга  ылайык, министрликтердин жана башка ведемостволордун аймактык бɵлүмдɵрүндɵ иштеген кызматкерлер студенттердин, мектеп окуучуларынын жана калктын кеңири катмарынын арасында  алардын укуктун аң-сезимин кɵтɵрүү максатында окутуу иш-чараларын ɵткɵрүшɵт.  

Мамлекеттик кызматкерлердин лекциялары натыйжалуу жана кызыктуу болушу үчүн, IWPR Бишкекте жана аймактарда ɵз-ара пикир алышуу тажрыйбаларын ɵстүрүү жана мыкты, эсте каларлык агартуу иш-чараларын уютуруу максатында тренингдер түрмɵгүн ɵткɵрүүдɵ. Ушундай эле тренинг биринчи жолу Бишкекте Юстиция министрлигинин кызматкерлери үчүн ɵткɵн жылдын октябрь айында уюштурулган. 

Бул жолу тренингдин катышуучулары эки күн бою юридикалык материалды катардагы жарандарга түшүндүрүүнүн, укуктук темадагы лекцияны даярдоонун жана пландоонун, жана аудитория менен интерактивдүү иштɵɵнүн кызыктуу жана натыйжалуу ыкмаларын үйрɵнүштү.

Тренер катары коммуникация боюнча мыкты адистер, тренинг ɵткɵрүү жана аудитория менен иштɵɵдɵ бай тажрыйбага ээ Мээрим Осмоналиева жана Улан Усойун чакырылды. 

Окутуу учурунда жаңы материалды бышыктоо боюнча  практикалык кɵнүгүүлɵргɵ чоң маани берилди.  Тренингдин катышуучулары тɵрт топкɵ бɵлүнүшүп, теориялык маалыматты алгандан кийин ар кандай темаларда ɵздɵрүнүн лекцияларынын моделдерин иштеп чыгышты. Анда алар, теманы тактоодон баштап, лекциянын структурасын түзүү жана пландаштыруу жана аны ошол тренингдин катышуучуларынын алдында презентация кылууга чейин даярдашты. Өз темаларын кесиптештеринин алдында презентация жасашкандан кийин ар бир команда ɵз иштеринин кайсыл жагы мыкты, дагы кандай нерселер жетишсиз экендигин ортого салышып, аны   мыктылоонун жолдорун талкуулашты.

Мээрим Осмоналиеванын айтымында, ɵзгɵчɵ укуктук маданият боюнча маалымат каражаттарына жана маалымат булактарына кɵбүрɵɵк кɵңүл буруу керек, анткени кɵбүнчɵ мамлекеттик органдагы кызматкерлер мектеп окуучулары жана студенттер үчүн тарбиялык мааниси бар темаларды табууда кыйналышат. Ошол максатта тренингдин жүрүшүндɵ эки колдонмо иштелип чыкты. 1. Окутуунун интерактивдүү ыкмалары боюнча колдонмо; 2.

Укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча окутуунун интерактивдү ыкмалары боюнча материалдар, видеороликтер жана башка  кошумча материалдар камтылган окутуу иш чараларын уюштуруу боюнча колдонмо.

 «Тренинг бардык катышуучулар үчүн жаңы нерсе болду. Тренингдин ɵтүшүндɵ белгилүү болгондой, тренингдин катышуучуларынын 90 пайыздан кɵбү калк ичинде укуктук маданиятты ɵнүктүрүү боюнча лекцияны кантип жасоо керектигин, маалыматты берүүдɵ кандай ыкмалардын колдонулаары жɵнүндɵ түшүнүктɵрү жок болуп чыкты», – деди тренер Осмоналиева. 

«Укуктук маданият» термини катышуучулар үчүн жаңы нерсе болду, буга чейин алар «адам укуктары», «балдардын жана аялдардын укуктары» деген түшүнүктɵрдү гана билишкен. Ал эми укуктук аң-сезимди жайылтуу жана укуктук маданиятты калыптандыруу деген түшүнүктɵр алар үчүн такыр башка чакырыктар болду. Анткени, укуктук маданият ɵзүнɵ адам укугун гана камтыбастан, андан сырткары жалпы укуктук билимдин деңгээлин жана  коомчулуктун жалпы эле укуктук билимдердин тутумуна болгон мамилесин камтыйт», – дейт ал. 

Тренингдин катышуучулары укуктук маданиятты жайылтуу боюнча маанилүү жана   керектүү болгон маалыматты алышкандыгын жана кɵп жаңы нерселерди үйрɵнүшкɵндүгүн айтышты.  

«Мен мурда студенттер, карапайым элдер менен жолугушканымда кɵптɵгɵн кемчиликтерди кетиргенимди түшүндүм. Мыкты лекция ɵткɵрүүдɵ ийгиликтин сыры – материалды жеткиликтүү жана түшүнүктүү айтып берүүдɵ экендигине жана аудиторияга материал түшүнүктүү болуусу үчүн угуучулар менен баарлашуу маанилүү экендигине ынандым», – деген оюн  айтты Финансы министрлигинин Ош шаарындагы аймактык бɵлүмүнүн кызматкери Нуржан Абдразакова.

Жалал Абад шаарындагы СИЗОнун кызматкери Мария Акматбекова, угуучулар маалыматты эске тутуп калуусу үчүн  акыл чабуулу, топтордо иштɵɵ, талкуу жүргүзүү форматында иштɵɵ кызыктуу болоорун айтты.  

«Материалдын маңызы менен гана иштебей, аны угармандарга жаңы ыкмалар менен жеткире берүү да маанилүү экен. Мындан ары  биздин лекциябызды  угуучулар канчалык деңгээлде эстеп калышкандыгына жана түшүнүшкɵндүгүнɵ кɵңүл бурабыз», – дейт Мария Акматбекова.    

Борбордук шайлоо комитетинин Жалал Абад облусту боюнча атайын ɵкүлү Дамир Жундубаев, мындай тренингдер кɵбүрɵɵк ɵткɵрүлсɵ, мамлекеттик кызматкерлер аудитория менен иштɵɵдɵ ɵз тажрыйбаларын жакшыртууга мыкты мүмкүнчүлүктɵргɵ ээ болушарын белгиледи.

Мындан кийин тренингдин катышуучулары  студенттердин, мектеп окуучуларынын  арасында жана башка коомдук мекемелерде укуктук темада лекцияларды ɵткɵрɵ башташат.

Калктын укуктук аң-сезимин ɵстүрүү максатында мындай иш-чаралар министрликтердин жана ведомстволордун борбордук аппаратыда иштеген кызматкерлер тарабынан жүргүзүлɵт. IWPR ушундай эле тренингди жогоруда айтылган мамлекеттик кызматкерлер үчүн март айында Бишкек шаарында ɵткɵрɵт. 

Уюм жѳнүндѳ: Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу Институту(IWPR) – дүйнѳ жүзү боюнча кризистик аймактагы кырдаалдарды чагылдыруу жана жергиликтүү ММКтарын колдоо менен алектенген британиялык коммерциялык эмес медиа-уюм. IWPRдын Кыргызстандагы Ѳкүлчүлүгү 1999-жылдан бери иштеп келет.

Кеңири маалымат алуу үчүн тѳмѳнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: Айгерим Усонова, IWPR KG координатору 0(312) 313 097, aigerim@iwpr.net.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: