© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Чет өлкөдө кыргыз паспортуна ишеним азайыт баратат

Соңку кезде дүйнө кезген кыргыз жарандарына паспорттук көзөмөл күчөдү. Түркия жана Россияда орун алган терактарга катышкандардан кыргыз паспорту чыгып, бул кыргызстандыктарга ишенимди кетирип жаткандай. Ал арада Кытай дагы кыргыз жарандарына виза берүүнү тааталдантты, буга  Бишкектеги элчилигинде былтыр болгон жардырууда себеп болгону айтылууда. Кененирээк кийинки макалада.

Автор: Элеонора Сагындык кызы 

Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына, анын ичинде кыргызстандыктарга виза берүүнү катаалдантты. Терроризмге каршы жаңы мыйзам күчүнө кирип, эми Кытайга иш-сапар же туристтик максатта барууну каалагандар Кытайдын тийиштүү органдарынан атайын чакыруу алуусу шарт. Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев 19-майда өткөн Социал-демократтар фракциясынын жыйынында бул былтыр 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигине болгон кол салуу менен байланыштуу экенин четке каккан жок.

“Былтыр теракт болгондон кийин виза берүү кыйын болуп калды. Кытай 16-февральдан тарта кытай элчилиги виза берүүнү жандантты. Кытайда экстремизм жана терроризмге каршы туруу тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык виза алчу адамдар биометрикалык маалыматтарын бериши керек. Дагы маектешүүдөн да өтүшү шарт. Кун сайын кыргызстандык кырк кишидей виза алып атышат. Бирок процедуралары ушинтип татаалдашып калды. Бирок азыр жеңилдетүү жагын сүйлөшүп атабыз”, – деди Эмил Кайкиев.

Эске салсак,өткөн жылы Түркияда кытайлык уйгурлар делген адамдардан Кыргызстанга таандык 98 паспорт табылган. Түркия бийлиги азыркыга чейин ал паспортторду Кыргызстанга жөнөтө элек. Бул себептүү ал паспорттор жасалмабы же чынбы, чын болсо ким тарабынан берилген тактоо кыйын болуп турат.

Ал арада кыргызстандык жарандар чек араларды кесип өтүүдө бир катар кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышкандыктарын айтууда.

Жеке ишкер Жума Абдуллаев жакында эле Европага иш сапар менен барып, кайра Кыргызстанга кайтып келе жатканда Россиянын Шереметьево аэпортунан тыкыр текшерүүгө кабылганын айтып берди:

“Кечээ Шереметьево аэпортунда 3,5 саат кармалдым. Бул менин паспортума эмес, менин паспортумдагы башка өлкөлөргө баргандыгымды далилдеген штамптарга байланыштуу болду. Ал өлкөлөр боюнча көп суроолор беришти. Өзгөчө Түркияга, Сауд Арабияга эмнеге барганыма кызыгышты. Мен Чехиядан келе жаткам, ал жакта эмне кылып жүрдүң деп сурашты. Болор-болбогон кызыктай суроонун баарын беришти. Мисалы, эмнеге арыктап кеткенсиң деген да суроо болду”, – деди Абдуллаев.

Эске салсак, быйыл 3-апрелде Санкт-Петербург шаарында  метродо теракт орун алып, андан 14 киши каза таап,  ал үчүн 21 жаштагы кыргызстандык  Акбаржон Джалилов айыпталган.

Ошентсе да Жума Абдуллаевдин айтымында паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда мындай текшерүүгө ал биринчи жолу кабылып жаткан жери жок. Бир жарым ай мурда ал Түркияда да текшерүүгө тушугуп, кошумча суроолорго жооп берүүгө аргасыз болгон.

“Кыргыз паспортуна байланыштуу түйшүктөр болуп жатканын угуп атабыз жана башыбыздан да өткөрүп жатабыз. Өткөндө Түркияга барганда да көпкө сурашкан. Чек ара кызматкеринин жанындагы Түркиянын атайын кызматынын өкүлү болсо керек, ал киши мага түшүндүруп айтты: “кечирип коюңуз террорчулукка катышкандардын баары эле Кыргызстандын жарандары болуп чыгып атат, ошондуктан ушундай чарага аргасыз болуп жатабыз”, -деп, кечирим сурап өткөргөн. Ошондо мен Туркиянын чек арасынан өтүп жатканда аэпорттон биз менен чогуу барган 10-11 кишинин ушундай өзгөчө бир текшерүүгө алышты. Ал жигиттер жаш болгондугунан уламбы, айтоор, аларды атайын бөлмөгө алып кирип, көпкө чейин сурашты”,- деди Жума Абдуллаев.

Быйыл жаңы жылга караган түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгарып, андан 39 адам каза болгон эле. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчу тобу өзүнө алып, ал эми террорчудан кыргыз паспорту табылганы айтылган. Бирок кийинчерээк Кыргызстандын атайын кызматтары кылмышка шектелген кыргыз жараны Яхья Машраповдун бул ишке тишеси жоктугу аныкталганын тастыктаган. Ошентсе да кыргызстандык террор жасады деген маалымат Түркиядагы алдыңкы ММКларга тарап кеткен эле.

Ага чейин 2016-жылдын 28-июнь түнү Стамбулдагы 40тан ашуун адамдын өмүрүн алган аэпорттогу терактты уюштургандардын арасында кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгү тууралуу да түрк маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда үч жанкечтинини бирөөсү кыргызстандык делип, ал тургай Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбул аэропортундагы жардырууларга шектелгендер арасында кыргызстандык бар экенин жар салганы бар.

Буга кошумча былтыр 2-июлда ушул эле  аэропортто “Ислам мамлекети” террорчул тобуна мүчө деп шектелген эки адамдын жанынан Кыргызстандын паспорттору табылган.

Мына ушундай окуялардан кийин Түркиянын күч органдары кыргызстандыктарды тыкыр текшерүүгө өткөндөй.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Мелис Эржигитов айрым учурда террордук кылмышка шектүүлөрдө чындап эле кыргыз паспорттору чыгып жаткандыгын моюндайт.

“Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорт менен кармалыптыр деген маалымат эл аралык ММКга чыккандан кийин эле өз текшерүүлөрүбүздү баштайбыз. Айрым учурда ал адамдар чынында эле эле паспорт ээлери болуп чыгат. Көп кыргызстандыктарда кош жарандуулук деген бар. Мисалы, Россияда орус жарандыгын алган кыргызстандыктар бар, бирок алар ошол эле убакта кыргыз жарандыгынан баш тартышкан эмес. Ошол адамдар кандайдыр бир кылмыш менен кармалса, биринчи кезекте анын кыргыз паспортун атайын көрсөтүшүп, прессага ошону жарыялашат”, – деди Мелис Эржигитов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери өлкө аймагында жасалма паспорт жасап кармалгандар буга чейин болбогондугун, бирок ар кандай көз боемочулуктар менен чын паспортко ээ болгондор болуп келгендигин белгиледи.

“Чыныгы паспортту жасалма, жалган документтер, справкаларды топтоо менен алган учурлар буга чейин катталган. Мисалы, туулгандыгы тууралу кубөлүктү жасап же болбосо сатып алып, ар кандай жолдор менен паспортко керектелүүчү документтерди топтоп, чыныгы паспортту алган учурлар дагы бар. Ушундай системага бөгөт кою үчүн  Мамкаттоо кызматы алдындагы бардык кызматтарды электрондук форматка өткөрүп,автоматташтыруу тапшырмасы коюлган. Электрондук биометрикалык паспортторго өтүү ошол тапшырманын ишке аткарылышы”, -деди ал.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдар аралыгында мыйзамсыз паспорт берүү жана жасоо фактысына байланыштуу 228 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 17-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы козгогон жалпы иштердин 125 сотко өткөрүлсө, 50дөйү боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандын паспортторун жасаган трансулуттук кылмыш тобу бар экендигин, ал тургай кыргыз паспорттору башка өлкөлөрдүн “мыйзамдагы ууруларынын” колдоруна чейин өтүп кеткендигин белгилейт.

“Кыргызстандын паспорту бул улуттук атрибут, анда “паспорттун ээси Кыргыз Республикасы” деп жазылып турат. Бирок биздин паспортту кимдер көтөрүп жүрөт? Грузиядагы “мыйзамдагы уурулар” Илья Самсония, Роман Борбакидзе, Таймурас Сантерашвили алып жүрөт. Мындан башка Өзбекстандагы диссидент Умурали Куватов, Бишкектеги кылмыш үчун шектелип кармалган орусиялык кылмышкер Ян Лебедевде кыргыздын паспорту чыккан жана башкаларын айтпай эле коеюн. Ал тургай сөз бар бардык грузидендерде кыргыз пасспорту бар деген”, – деген эле 1-февральда депутат Мирлан Жээнчороев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында.

Ошентип, кыргыз паспортунун жүзү барган сайын терроризмге байланып барат. Аны эл аралык кылмышкерлер бир колдонуп ыргытып жиберүү үчүн кенен колдонууга өткөндөй. Андан ириде, карапайым кыргызстандыктар запкы тартып, эки-жакка чыгууда убара тартууда. Ушинтип отура берсе бара-бара кыргыз паспортунун баасы эмес куну да кетери бышык нерсе.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: