© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында жылдан-жылга салыштырмалуу  чыр-чатактардын саны кыйла каскарып жатат

Жергиликтүү бийлик, эл аралык уюмдар чек арадагы чыңалууну кыскартуу демилгелеринин  натыйжасы сезиле баштады.    Учурда Кыргызстан менен  Тажикстандын чек ара аймагында  жашаган калктын мамилелери кандай? Баткенден? 


Жеңиш Айдаров, Баткен

Кыргызстан менен Тажикстандын  чекарасы 976 чакырымды түзүп, анын дээрлик жарымы али такталбай шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Мындан  үч жыл мурда башкача айтканда  2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында 32 жаңжал катталып, өртөөлөрдөн улам 10млн сомдон ашык  материалдык чыгымдан тышкары киши өмүрүн алган ок атышуулар да болгон эле. Ал эми    2017-жылдын тогуз айында болсо майда барат 9 жолу тирешүү болгонун эске албасак дээрлик тынч абал орун алды десек болот.  Эки өлкө чек арачыларынын биргелешкен иш чарасына катышканы келген тажик чек ара кызматынын генерал майору Хикмоттулло Пираков бир гана чек арадагы жашаган эл арасындагы түшүндүрүү иштери менен чектелбей бул багытта эки тарап тыгыз кызматташкан, биргелешип багыттуу аракеттенгенде  гана тоолуу, жаңжалдуу чек арадагы абал толук көзөмөлдө болот дейт.

 

-Мен ойлойм атайын пландаштырылган окуп машыгууларды тездетип  өткөрүү учур талабы болуп турат. Анктени жалпы эле аймактын коопсуздугун көзөмөлдөө, чек арадагы эки элдин ынтымагын бекемдөө менен чыр-чатактарга жол бербөөдө мындай окуп-машыгууларды тездетип өткөрүү мезгил талабы болуп калды. Биздин мамлекет тарабынан да чек арадагы абалды көзөмөлдөп коопсуздукту сактоого бир гана чек арачылар эмес жергиликтүү бийлик да кол кабыш кылып жатат. Мындан тышкары биз чектеш Кыргызстан менен бул багытта атайын кызматташтыктын чараларын жакшы жолго коюп жатабыз.

 

Чек арадагы жаңжалдардын алдын алуу менен, тирешүү учурларында эки өлкө чек арачылары эки башка иш жүргүзүп, бул ыкма чыңалуунун тез чечилишине жардам бербей калган учрулары да болуп эле келген. Чек аралаш айылда жашаган Максатбек кошуна тажик айылдары менен алака кылып тирилик өткөрөт эки өлкөнүн чек арачылары качан гана жаңжал чыга калганда же жетекчиликтин бектиткен иш паланына ылайык эле кызматташуу багытында аракеттенбей ар дайым, ар бир катмарда мындай иш чараларды  көп өткөрүп, системалуу аракет болуусу гана абалды туруктуу кармап турат деген пикирде.

-Эки тарап биргелешкен ушундай бир иш чарларды өткөрүп, жаштарды талкууларга катыштырып, спорттук мелдештерди уюштуруп, тез тез биргелешкен аракеттерди жүргүзүшсө мурдаыкдай бири-бирин жек көрүү, карама-карышылык жоюлат. Бири-бирибизге көз карашыбыз түздөлөт. Мен мисалы күнүмдүк жашоом  ушу тажик кошуналар менен байланышкан. Менден оокат алышат, мен алардан товар алам. Достук, тынчтык болсо экономикабызга да жашообузга да пайда эле болот деп ойлом.

Чек аралаш аймактарда жумуштун жоктугу, жаштар үчүн алектенээр эч нерсе уюшулбай жатышынан улам ички жана сырткы миграцияга жаштар   агылып жатканы көп айтылчу. Чек аралаш айыл жерлеринде жаштарды кармап калуу, жумуш менен камсыздоо, жанжалдарды кыскартууга салым кошуу максатында   ЮзОфОш коомдук бирикмеси “Бизнес клуб Баткен” долбоорун жыл башында ишке ашыра баштаган. Долбоордун алкагына чек арадагы айылдарда чакан ишкердикти уюштуруп, жумуш орундарын түзөт элем, айылда жашап калат элем деген демилгелүү жаштар үчүн түрткү берүүчү каражаттар берилмей болгон. 27 жаштагы Шерзад  Лейлек районуну Тажикстан менен чек арадагы Арка айылында турат. Коомдук тамактануучу жай ачуу ниети менен Өз каражатына имарат куруп бирок , керектүү шаймандарына колдоо жок туруп калган экен. Эми болсо 12 жумушчу оруну менен ашкана ачып олтурат

 

-Долбоор жардам берип шаймандардын баарын сатып алып беришти. Ишти баштап алдык. Биз эми чек арада жайгашканыбыздан улдам кардарларыбыз тажиктер, кыргыздар, өзбектер  да көп келишет. Биз эми иш баштаганыбыз учурда 12 киши жумуш менен камсыз болушкан.

 

Долбоор алкагында эл аралык уюмдар тарабынан берилген 8 млн. сомго айылдардагы чакан ишкердик менен алектенген жаштар 29 ишкана түптөлөт. Учурда облус аймагындагы 21 чек аралаш айылда 23 чакан ишкана  ачылды. Мында автоуналаарга техникалык кызмат көрсөтүү, дөнгөлөк желимдөө, коомдук  тамактануучу жайлар,  ишкана, компютердик кызмат сыяктуу айыл шартына ыңгайлашкан долбоорлор колдоого алынган.  Мындай чакан ишкерлер чек аранын эки тарабындагы жарандар үчүн да бирдей кызматкөрсөтүү менен достукту андан ары чындоого салым кошуу ниети бар.Мындай демилгелер ынтымакты бекемдеп, жаштарга дем күч берип эле калбастан айылдыктар  үчүн да жергиликтүү казына үчүнда экономикалык пайда алып келет. Бул демилгени эл аралык уюмдар эле эмес  жергилктү бийлик да кызыктарбыз дейт чек арадагы Жаны Жер айыл аймак башчысы Саатбек Эгембердиев

-Чек арадагы жолдун жээгинде шлакоблок чыгарган ишкана ачылды,  мал базарыбыз бар, СТО, дөнгөлөктөрдү желимдөочү жайа бар. Ушундай чек арада калкка кызмат көрсөтө турган жайлардын көп болгону жакшы. Себеби трансграничный торговля деп койот ошондой жакшы өнүккөн. Бул өнүккөнү жакшы себеби чек арадагы калктын экономикасы көтөрүлөт. Бул негизги тирек да.

Чек аралаш аймакта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирилген ар кандай маалыматтын да орду чон экени айтылып келет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерлерде иштеген журналисттер көпчүлүк учурда бейтарап болалбай, аракет кылса да экинчи өлкөнүн же расмийлеринин көз карашын маалыматын камтый албай бир тараптуу же экинчи тарапты күнөөлөгөн макалалары менен чектелип калган учурлары көп эле кездешет. Кээде мындай маалыматтар ымаланы чныдоого караганда тескери таасири жогору болуп кетет.  Баткен районун Көк-Таш айылы менен чектеш Тажикстандын Чорку айылында жашап, иштеген саясий баяндамачы, талдоочу  Ниматула Мирсаидовдун айтымында эки өлкө жарандар ортосундагы мамилесинде жергиликтүү журналисттердин сөзү өтө маанилүү.

-Кээде журнаисттердин макалалары бир тараптуу, көбүнэсе экинчи тарапты күнөөлөгөн маанайда даярдалып калат. Мен ойлойм мындай журналисттердин атайын даярдыгы   эки өлкөнүн, чек арадагы жарандардын мамилесине доо келтирбей тургандай аракет жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ансыз да чыңалууда турган чек арада жашаган жайкын тургундар үчүн журналисттердин ар бир сөзү өтө маанилүү таасир берет.

Акыркы мезгилдерде Кыргызстан менен Тажиткстандын чек аралаш аймактарында жөнөкөй тургундардын мамилеси, өз ара байланышы жакшыргандай  байкалат. Буга мисал Кыргызстан менен тажикстандын чек арасында 2015-жыл ичинде алты жолу курал колдонуу менен чыр катталса, 2016-жылы 2 жолу  ок чыгарылган. Быйылкы жылы курал колдонулган жанжал, тирешүүлөр катталган эмес.   Бирок Кыргызстан бажы биримдигине кирип, кошуна Тажикстан азырынча бул биримдикте жоктугунан соода сатык маселесинде, аткезчилик менен жүк ташыгандар жаатында  дагы деле маселелер калып турат.

Жениш Айдаров, Баткенден атайын IWPR  радиосу үчүн.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: