© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

​Өзүн коргоого болгон укук, же эмне үчүн Кыргызстанда үйбүлөлүк зомбулукка кабылгандарды мыйзам коргобойт?

Кыргызстанда зомбулукка кабылган учурда өзүн-өзү коргогонадамдарды коргогон мыйзам жок. Эксперттердин айтымында, мындай аялдар соттолот жана аларга карата дайыма айыптоочу өкүм чыгат.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


Кыргызстанда 2014-жылы соттолгон аялдардын 20%ы үйбүлөсүнүн мүчөсү болгон эркекти, 12%ы үйбүлөсүнүн мүчөсү болбогон эркекти өлтүргөнү же ойдо жок жерден өлтүрүп алганы үчүн соттолгон. Эксперттер беш жыл ичинде бул көрсөткүч өзгөрбөгөнүн айтышууда.

 

Асель (аты өзгөртүлдү) үйүндө уктап жатканда, тууганы үстүнөн баса калып чечинте баштаган. Бир топ аракет кылып, зөөкүрдөн суурулуп чыкканга жетишип, ашкана бычагын алып чыккан.

Бычакты бир нече ирет ургандан кийин, эркек жыгылып, кан кеткенинен улам каза болгон. Аял өзү укук коргоо органдарын чакырган жана алар Аселди камакка алган.

Аялдын денесинде дагы көгалалар бар экенин эксперттер айткан менен соттун биринчи, экинчи инстанциялары дагы, прокурорлор дагы муну эске алган эмес. Аселдин аракетин атайын адам өлтүрүү планы катары баалашкан.

Адвокаттардын адам уктап жатканда атайын адам өлтүрүү ою болушу мүмкүн эмес экенин, ал болгону өзү коргогонун айткан жүйөлөрүн сот эске алып, “өзүн өзү коргоо чараларын ашырып жиберүүдөгү адам өлтүрүү” деп башка беренеге которуп, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок, Аселдин адвокаттары айыптоочулар катаалыраак чара көрүлүшүн талап кылып, аппеляциялык арыз жазышпас бекен деп чочулап турушат. Кыргызстанда бул өзүн-өзү коргоо экенин далилдеп берүү кыйын иш.

Ал өзү укук коргоо органдарын жана тез жардамды чакырып бергени, албетте, өзүнө жакшы болду, бирок бул үчүн эле анысоттобой бошотуп жибербейт.

«Дайыма айыптоочу өкүм чыгат»

2014-жылы Эл аралык түрмө реформасы (PRI) “Камалган аялдар – алар кимдер?” аттуу иликтөө жүргүзүшкөн. Бул иликтөө Казакстан менен Кыргызстанды камтыган. Жыйынтыгында эки өлкөдө тең адам өлтүрүү жана ойдо жок жерден өлтүрүп алуу боюнча чыккан айыптоочу өкүмдүн көрсөткүчү жогору экени билинген.

Казакстанда соттолгон аялдардын 12%ы үйбүлө мүчөсүндөгү эркекти өлтүрүү жана ойдо жок жерден өлтүрүп алуу боюнча, 9%ы үйбүлө мүчөсү болбогондорду өлтүрүү же ойдо жок жерден өлтүрүп алуу боюнча соттолгон. Кыргызстанда болсо бул сандардын көрсөткүчү жогорураак – 20% жана 12%.

Азамат Шамбилов. Photo: PRI

PRI уюмунун Борбор Азиядагы директору Азамат Шамбиловдун сөзүнө караганда, үйбүлө мүчөсү болгон же дагы башка эркекти өлтүрүп койгон кыргызстандык 27 аялдын, жарымынан көбү мурда жолдошу же өнөктөшү тарабынан зомбулук көрүп жүргөн аялдар.

“Сурамжылоонун жүрүшүндө аялдар башка үйбүлө мүчөлөрүнүн – карыган ата-энесинин, балдарынын өмүрүнө коркунуч жаралганынан улам ушул ишке барышканын айтышкан. Жана дээрлик баары өмүр бою өмүрлүк жары тарабынан зомбулукка жана мазактоого кабылып келгенин белгилешкен. Аларды адам өлтүргүч катары эмес, жабырлануучу катары караш керек. Бирок, реалдуулукта аларды соттоп, айыптоочу өкүм чыгарышат” дейт Шамбилов.

 

Өлүп калгандан көрө камалган оң

2018-жылдын 6-сентябрында Ош шаарында 40 жаштагы аял эмчектеги баласы менен төртүнчү кабаттан секирип кеткен. Ооруканадан чыгар замат ал соттун чечими менен Жалал-Абад облусунун убактылуу камалуучу жайына камалган.

Сурак учурунда аял баласы экөөнү жолдошу көчөгө чыгарып койгондо ушул кадамга барууга мажбур болгонун мойнуна алган.

10-октябрда ага өз баласын өлтүрүүгө аракет кылды деген айып коюлган. Баласын балдар үйүнө алып кетип, аялдын өзүн 12 жылга соттоп, үй-мүлкүнөн ажыраткан өкүм чыккан.

Мухайё Абдураупова. Photo: advocacy.kg

Оштогу укук коргоочу Мухайё Абдураупованын айтымында, аялдын денесинин баары кескиленгенин, ал абдан оор акыбалда болгонун сот эске алган эмес. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөн дагы эмес. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн врач аялдынколу-бутунун кескиленгенин “көргөн эмес”.

Абдураупованын айтымында, Кыргызстанда зомбулук көрсөткөн зөөкүрлөргө мыйзамдар өтө эле жукшак, алар айып пул төлөп кутулуп кетсе болот, ал эми тосмо арыз жазып берсе кылмыш иши такыр эле токтойт.

Анан дагы жабырлануучудан өзүнүн жолдошуна, балдарынын атасына каршы чыкканга макулмун дедиртип арыз жаздырышат. Бул дагы ага карата кошумча басым жана стресс болуп саналат. Айрым жабырлануучулардын ата-энеси дагы кайдыгерлигин көрсөтүшөт. Алар “Күйөөңдөн кетсең ата-энеңдин үйүнө бизди уят кылып келбе!” деп коюшат.

Жабырлануучу тааныш аялдардын айтымында, алар бир канча жолу күйөөсү зомбулук көрсөткөнүн айтып укук коргоо органдарына кайрылган, бирок милиция кайра эле аларды бошотуп жиберген. Болгону айып пул төлөп эркиндикке чыгып алышып, арыз жазганы үчүн мурдагыдан дагы бетер урган учурлары болгон.

Бул нерсе бир канча жылга созулган.

Кошуналарда жагдай кандай?

2017-жылы Казакстанда Орусиянын аркасынан эле турмуштук зомбулукту криминал эмес деп табышкан.Бул республикадагы аялдардын абалын начарлаткан – үйбүлөдөгү зомбулуктун саны кескин көбөйгөнүн айтат укук коргоочу, сексуалдык зомбулукка каршы күрөшкөн “#НеМолчиKZ» кыймылынын мүчөсү Йоханна Акбергенова.

Йоханна Акбергенова. Фото с личной страницы в Facebook

“Турмуштук зомбулукту криминалдык аракеттердин катарынан чыгаруу аялдарды күйөөлөрү, же өнөктөш-абьюзерлерине көз каранды кылып койду. Себеби, турмуштук зомбулук эми кылмыш эмес болуп калды. Эми зомбулукка кабылган аялдар балдары менен качып, кризистик борборлорго же дагы башка жактарга качып, баш калкалап бир канча жыл жашоого мажбур болуп жатат”, – деп белгилейт Акбергенова.

Анын айтымында, Казакстанда өзүн өзү коргогону үчүн соттолгон аялдардын саны боюнча маалыматтар расмий эмес. Бул маалыматтарды мамлекеттик кызматтагылар бере алат, бирок алар прокуратура же укук коргоо органдарынын сайттарында илинбейт.

“Бул расмий эмес маалыматка ылайык, Казакстанда Чимкенттин жанында аял-рецидивисттери үчүн түрмө бар. 80%ы биринчи жолу күйөөсүн же өнөктөшүн өлтүрүп коюп камалышкан. Тагыраак айтканда, жабырлануучу мазактоого кабылып жаткан учурда коргонуп жатканда өлтүрүп алган. Бул өтө чоң көрсөткүч. Көпчүлүк учурда аялдар узак мөөнөткө камалышкан”, – дейт укук коргоочу.

Эксперттер бул боюнча жагдай Борбордук Азия өлкөлөрүндө окшош экенин белгилешет. Бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баарында үйбүлөдөгү же сексуалдык зомбулукка кабылган учурда күйөөсүн же өнөктөшүн өлтүрүп алган аялдардыкоргогон өзүнчө мыйзам жок.

“Адам укуктары боюнча эдвокаси борборунун” юристтеринин маалыматына караганда, Кыргызстандын Кылмыш кодексинин жаңы редакциясында “өзүн-өзү коргоо аракетин ашырып жиберүү” деген пункт бар. Бирок, өзүн-өзү коргоо менен атайын зыян келтирүүнү ажыраткан так критерий жок экенин белгилешет.

“Кыргызстанда өзүн-өзү коргоо боюнча мыйзам жок. Ошондуктан, жабырлануучулар өзүн-өзү коргоого мажбур болгонун далилдеп бере алышпайт”, – дейт Залина Абдулхакова.

“Бизде мындай учурлар көп болгон. Бирок бир жолу зомбулукка кабылганынан улам ушундай ишке барганын далилдей алганбыз. Мындан төрт жыл мурун болгон иш. Эркек жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган. Муну көргөн аял өзү менен чогуу жашап жүргөн бул эркекти өлтүрүп койгон. Биз болгону бул аялдын жаза мөөнөтүн кыскартууга гана жетише алдык. Аны 15 жылдык түрмө күтүп жаткан, бирок ал өзүн коргогонун далилдеп бергендиктен мөөнөтүн 4 жылга кыскартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотулган”, – дейт Абдулхакова.

Кыргызстандын мыйзамдарына 2019-жылдын январынан тартып өзгөртүүлөр кирди. Бул өзгөртүүлөр гумандаштырууга багытталды деп айтылганы менен андай болбой жатканын айтышат юристтер.

“Жабырлануучу аялдарга канчалык деңгээлде сот адилеттүүлүгү орноп жатканын так көрсөткөн долбоорду ишке ашырганы жатабыз. Чындыгында биздин мыйзамдар эркинен ажыратылган аялдар кош бойлуу экенин дагы эске албайт”, – дейт Абдулхакова.

Башкы сүрөтү:  RFE/RL. 


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: