© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Өнөктөштөрдүн материалы: The Foreign Policy борборунун Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу баяндамасы

CABAR.asia аналитикалык платформасы анын өнөктөшү The Foreign Policy Centre аналитикалык борборунун Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу материалын назарыӊызга сунуштайт.


Төмөндөгү материал толугу менен  The Foreign Policy аналитикалык борборунуна таандык жана CABAR.asia аналитикалык платформасынын көз карашын чагылдырбайт. Материалдын түпнускасы аталган борбордун веб-сайтында жарыяланган.


Акыркы 15 жылда Кыргызстан учурдагы президентин үчүнчү жолу кетирип, тез жана ыраатсыз өзгөрүулөрдү башынан кечирип жаткан кези. Жыйында бул көйгөйдүн тамырлары канчалык терең кеткени чагылдырылат. Бул басылышта Кыргызстандагы укук институттарынын башкы кемчиликтери катары паракорчулук менен жазасыздык изилденип, Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн маселелерине салыштырмалуу Кыргызстандагы көйгөйлөргө көңүл бурулбай же кичирейтилип ачык айтылбагандыгы көрүнүүдө. Бирок, Ковид-19 пандемиясы бул маселелерди даана ачык айкын көрсөттү.  

Бул чыгарылыш 2020-жылдын октябрь айындагы орун алган окуялардын жыйынтыгында бошонуп чыккан жаңы президент Садыр Жапаровдун пайда болгонун жана анын Кыргызстандын келечегине тийгизер таасирин түшүндүрүүгө аракет кылат.  Инстинктивдүү антиэлитардык популист, таасирдүү жеке өмүр баянга ээ болгон жана өткөн мезгилде экономикалык улутчулдукка шектелген Жапаров бийликти тез арада өз колуна алуу иш аракетин жасап, ал кадамы көп талаш-тартышты туудурган Конституциялык реформанын жүргүзүлүшүндө байкалат.    

Либералдуу ой-жүгүрткөн жарандык коом акыркы он жылда оор абалга дуушар болду. Ага мисал катары улутчулдуктуктун өсүшүн жана тез алмашкан бийлик жетекчилери жарандык коомго болушунча таасирин тийгизип аларга болгон басымдын көбөйүшүн айта алабыз. Мунун айынан жана өкмөттүн куралына айланган ЛГБТ коомунун жана аялдардын укутарынын коргогону учун коом тарабынан жарандык активисттерге болгон жек көрүү сезими пайда болду.

Азыркы кырдаалды баалоо максатында төмөнкү басылыш Кыргызстандагы донордук демилгелердин үстүнөн тармактык жана түп тамырынан ойлоп чыгууну сунуштап, жардам берүүнүн жаңы жолдорун ойлоп табууга өбөлгө түзүүдө. Мындай жолдорго жергиликтүү маселелерге ийкемдүүрөөк мамиле кылуу керектигин, жаңы идеялар менен уюмдарды колдоо мүмкүнчүлүктөрүн,  башкарууга, ачык-айкындыкка жана отчеттуулукка  жаңыланган көз-карашты  камтысак болот.  

Паракорчулукка белчеден көмүлгөн “элитанын” өкүлдөрү тапкан байлыктарын чет жака жашыруу аракеттерине, ошондой эле Кыргызстанда акыйкатты орнотуу кыйын болгон учурларда, мисалы Азимжан Аскаровдун кайгылуу окуяга жооп катары Магнитский санкциялары жана глобалдык коррупцияга каршы чаралар көрүлүшү мүмкүн. Адам укуктарынын сакталышынын башкы көрсөткүчтөрүн канааттандыруу үчүн потенциалдуу соода-сатыктын, жардамдын жана инвестицияны тартып келуу шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул эмгек Кыргызстандын Конституциясынын жаңы мыйзам долбооруна киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн багытын сунуштап, социалдык тармактарда ишин алып барган компанияларды, куугунтукка кабылган активисттер менен журналисттерди коргоо максатында активдуу иш-аракеттерге чакырмакчы. 

Эл-аралык коомчулук Кыргызстанда болгон маселелердин масштабы туралуу иллюзиялык ойдо болбоого тийиш. Ал укук жана эркиндик жолунан артка кайтуу процессин ыкчам түрдө алдын алып, Кыргызстандагы системалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн көмөк көрсөтүүнүн жаңы жолдорун табуу зарыл. 

Кыргызстандын өкмөтүнө, эл-аралык институттарга жана батыш донорлорго берилүүчү кеңештер: 

  • Жазасыздык, жек көрүү жана коррупция маселелерине олуттуу көңүл буруу;
  • Кыргызстанда эл-аралык донорлордун тарабынан каржыланып жаткан долбоорлор системалык түрдө текшерилип турушу керек. Мындай долбоорлорго бюджеттик колдоо, консультация кызматтарын колдонуу жана бейөкмөт уюмдар менен иш алпаруулар кирет. Алардын текшерилиши фактылар менен ар тараптуу катышуунун негизинде жүргүзүлүп, долбоорлордун максаттарына жана алардын ишке ашырылгандыгына көңүл бурулуусу зарыл.  
  • Өнөктөштөрдү жергиликтүү баалуулуктар менен тааныштырып, аларга көнүп кетүү үчүн мейкиндик жана керектүү каражаттары менен камсыздап, жаңычыл ой жүгүртүүгө жана жаңы добуштарга болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтүү жолдорун табуу; 
  • Жапаровдун өкмөтүнө Адам Укуктар боюнча жаңы Улуттук Иштер Планын иштеп чыгууга талап коюу; 
  • Европа биримдиги менен Улуу Британиянын ортосундагы туюкка кептелип калган өнөктөштүк макулдаштыктарды жөнгө салуу максатында башкаруу жана адам укуктары жаатындагы шарттарды жогорулатуу; карыз жүгүн жеңилдетүү; мамлекеттик жардамды жакшыртуу менен жаңы инвестицияларды тартып келүү;
  • Кыргызстанда Магнитский санкцияларын жана башка коррупцияга каршы механизмдерин кененирээк колдонуу; 
  • Социалдык тармактарда кыргыз тилин жайылтуу жана чыгымдарды төлөө механизмдерин бекемдөө; 
  • Жаңы Конституциянын мыйзам долбооруна бейөкмөт уюмдарды, профсоюздарды, сөз эркиндигин жана азчылыктардын укуктарын коргоого багытталган өзгөртүүлөрдүн киргизилишине басым жасоо; Башкы прокурордун ыйгарым укуктарын кеңейтилишинен баш тартуу;
  • Жарандык консультациялар үчүн жаңы механизмдерди изилдеп чыгуу,   Кыргызстандагы жергиликтүү практикасынан жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү консультативдик мекемелеринен үйрөнүү, жана жарандык чогулуштарды колдонуу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: