© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда ислам банкингин өнүктүрүүнүн кереги не?

Ислам банкинги салыштырмалуу жакында—40 жыл мурда өнүгө баштады.  Бирок дүйнөлүк финансы секторунун көңүлүн ислам принциптери дүйнөлүк кризистен кийин көбүрөөк бура баштады, анткени салттуу ислам финансы институттары өзүнүн байкаларлык туруктуулугун көрсөттү.   


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


ЖАК  «ЭкоИсламикБанк» шариат кеңеши. Фотография: ecoislamicbank.kg

Кыргызстанда ислам банкинги 2006-жылы өнүгө баштаган, анда Ислам өнүгүү банкынын өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын биргелешкен аракеттери менен пилоттук тартипте ислам терезеси принциби боюнча иштеген биринчи банк-ЭкоИсламикБанк ишке киргизилген. Бул 12 жыл аралыгында республикадагы шариат принцибинде иштеген жападан-жалгыз финансылык институт болуп келди. Бирок 2017-жылдан баштап Кыргызстандын коммерциялык банктары жаңы финансылык аспапты киргизе баштады же киргизүүнү ойлонуп калды. Бул жаатта кызыгуу бир кыйла күчөдү.

Көпчүлүгү муну коомдун исламдашуусу менен байланыштырып жана аны терс фактор катары карай баштады, бирок эксперттер ишендиргендей, ислам банкингин өнүктүрүүнүн олуттуу келечеги бар, ал өлкөнүн экономикасын активдештирүүгө жардам бере алат.

Айырмачылыгы эмнеде?

Ислам банкинги биринчи кезекте исламды тутунган кишилерге кызык, себеби алар диний ишенимдеринен улам көбүнчө салттуу банкинг кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалана албай калышы ыктымал. Бирок бул ислам банкинги мусулмандар үчүн гана дегенди билдирбейт.

Анын кызмат көрсөтүүсүнүн теңтаймаш финансылык аспаптары кимдерге кызык болсо, ошолордун бардыгы пайдалана алышат. Ислам банкингинин негизги өзгөчөлүгү—пайыз алууга тыюу салынышы, б.а. алдын-ала белгилүү баанын коюлушуна.  Мындай тыюу социалдык акыйкаттык тууралуу мусулман мыйзамдары менен түшүндүрүлөт. Бирок, принцибинде ислам киреше табууну айыптабайт. Эгер катардагы банк маржаны соодадагы үстөк баа катары жана башка чыгымдарын кошсо, ислам банкингинде үстөк баа мөөнөтүнө жараша гана болот. Алсак, бир айга бир үстөк баа, бир жылга-башка.  

Андан тышкары шариат мыйзамы боюнча тамеки, ичимдик, курал-жарак, ошондой эле кумар оюндарына жана “ыплас акча” деп аталган нерсеге байланышкан сооданы каржылоого тыюу салынат.

Дүйнөлүк практика

Дүйнөдө ислам банкингинин көлөмү  $2 трлн. ашып кетти. Мусулман өлкөлөрүндө ислам банкинги активдүү өсүп жатат. Андан дагы ал светтик өлкөлөрдүн финансы рыногунда чыңдалып калды.

 «Европада Улуу Британия- каржылоонун ислам принциптеринин үлгүсү болуп калды. Ал жакта 25 тен ашык ислам терезеси жана толук кандуу эки ислам банкы бар.  Ислам банкинги акыйкаттуу, себеби ал салттуу банкка салыштырмалуу бардык тараптын кызыкчылыктарын эске алат, бир гана банкирдин кызыкчылыгын гана эске албастан», —дейт «Бакай Банктын» шариат кеңешинин төрагасы Ринат Габбасов.

Андан тышкары ислам банкы башка Европа өлкөлөрүндө да, алсак, Германияда, өнүгүп жатат. Эксперттер бергилегендей, каржылоонун ислам принциптери дүйнө боюнча тезинен өнүгүп, жылына дээрлик 15-20% ды түзүүдө.

Кыргызстан

Пилоттук шартта ислам терезеси принциби боюнча иштеген биринчи банк 2006-жылы эле ишке киргизилген.  ЭкоИсламикБанк дароо эле мурда диний себептер боюнча банк кызматынан пайдаланбаган кардарлардын байкаларлык чоң агымын алып келди. Бирок биринчи айларда иштей баштаганда эле бир кыйла жабык саясатты жүргүзүп, узак жылдары маалыматтык чөйрөгө чыкпай келет. Кыргызстанда ислам принциптерин жайылтуу тажрыйбаларын айтып берүү тууралуу биздин сурообузду да банк жоопсуз калтырды. 

Автор даярдаган инфографика

«ЭкоИсламик банк рынокко чыкканда эле анын көп кардарлары пайда болду. Банк адегенде эле квалификациялуу адистердин жоктугунан жабыр тартты. Каржылоонун ислам принциптери боюнча ишти майда-чүйдөсүнөн бери жакшы билген квалификациялуу адистер айтып бериши керек болчу, бирок ал кезде андай адистер жок эле. Көптөгөн жылдары рынокту ээлеп алгандыгынан улам, кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөп, банк кийинки кездерде кардарларын жогото баштады. Банк жүргүзүп жаткан жабык саясат анын пайдасына иштебейт, себеби рынокто ага татыктуу теңтаймаш боло алган жаңы оюнчулар пайда болуп жатат»,- деп айтты ЭкоИсламикБанктын мурдагы кызматкери.

Жалпы рыноктун өнүгүшү үчүн пилоттук долбоор чоң роль ойноду деп эсептейт КР Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов.

«ЭкоИсламикБанкка татыктуу бааны беришибиз керек. Банктын өнүгүү мезгили учурунда Улуттук банк жана Өкмөт рынокту өнүктүрүүгө ыңгайсыздыкты жараткан  кандай мүчүлүштөр жана өксүктөр бар экенин карап турушту. Алсак, бир эле соода операциясы учурунда эки жолу салык салуу көйгөйү менен кез келди. Ислам принциби боюнча банк соода операциясын каржылап жаткан учурда товарды сатып алып, аны өзүнө каттап, андан кийин аны кайра сатат. Эгер бул транзакция ислам принциптери боюнча жүрсө, анда ал эки ирет салыкка кириптер болуп калчу. Бул банк мыйзамдарында көрсөтүлгөн эмес, бирок олуттуу көйгөй эле. Мындай көйгөйлөр бир далай болгон, алар аныкталып жана мыйзамга киргизилген»,- деп түшүндүрдү Улуттук банктын жетекчиси.

Толкунбек Абдыгулов. Официальное фото

Кыргызстанда 12 жыл аралыгында бир гана ислам терезеси колдонулуп, калган банктарга каржылоонун мындай теңтаймаш ыкмасы кызыксыз дегенчелик элес калтырып келген. Бирок  Абдыгулов анын себеби башкада деп эсептейт.

«Бирок өлкөдө каржылоонун ислам принциптеринин активдүү иштеп кетиши үчүн бир гана банк мыйзамдары жетишсиздик кылат. Бажы жана Жарандык кодекс жана дагы көп нерселер бар. Салык кодексине өзгөртүү киргизилген. Бажы жана Жарандык кодекске ж.б. Бул өзгөрүүлөрдүн баарынын талкуусу парламенттен өтүшү үчүн 3 жыл керек болду жана ал 2016-жылы кабыл алынды. Бүгүнкү күндөгү мыйзам ислам принциптеринин өнүгүшүнө шайкеш келет»,- деп түшүндүрдү Толкунбек Абдыгулов.

Жаңы мыйзамдар ишке киргизилгенден кийин КР коммерциялык банктары кызмат көрсөтүүнүн ислам принциптерине кызыга башташты. 2018-жылдын июнь айында Кыргызстанда  «Бакай Банктын» алдында Ислам финансы борбору ачылды.

Көпчүлүгү ислам банкы кайрымдуулук уюму экен деп ойлоп, жардам сурап келип жатышты, -Талант Керимбаев, Ислам финансы борборунун директору
 
«Каржылоонун ислам принциптери боюнча иш алып баруу үчүн лицензия алуу—жеңил эмес процесс.  Шайкеш келиши керек болгон көптөгөн критерийлери бар. Ага жарым жылдан ашык убактыбыз кетти. Бирок жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок.  Кардарлардын кызыгуусу биз күткөндөй эле болуп чыкты. Сыноо иретинде биз февралда каржылай баштасак, расмий ачылыш июнь айында өттү, азыр августтун аягы, ал эми биз жылдык планды аткарып койдук»,- деди Ислам финансы борборунун директору Талант Керимбаев.

Оң натыйжа менен катар эле жаңы финансы борбору көйгөйлөргө да туш болду.

«Айрым кардарлар ислам банкы кантип иштеши керек дегенди туура эмес түшүнүп жатышты. Көпчүлүгү ислам банкы кайрымдуулук уюму экен деп ойлоп, жардам сурап келип жатышты. Мындайлар көп эле болду», – дейт Керимбаев. 

Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

«Кыргызстандык банктардан бизнести өнүктүрүү үчүн кредит алуу– жан кыюуга тете», -дейт биз менен маегинде ЖИА бизнес-ассоциациясынын башчысы  Темирбек Ажыкулов.

Кыргызстандын калган бизнес өкүлдөрү да ушундай эле пикирде. Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) маалыматы боюнча, кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнүн 80% га жакыны ислам принциптерине кызыкдар, ал Кыргызстандын орто жана кичи бизнес секторундагы ислам каржылоосуна болгон талап каржылоону жакынкы бир канча жылдарда $400 млн көлөмүнө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзө алат.   

«Ислам каржылоосунун айырмасы  бул бизнес үчүн абдан маанилүү болгон күрөөсүз каражат алуу мүмкүнчүлүгү. Эгерде ишкер ишканасын кеңейтем десе, ага анчалык деле чоң каражат талап кылынбайт. Кичи жана орто бизнес компанияларына кеңейтүү жана жабдууларды жаңыртуу, өнүгүү үчүн жугүртүүдөгү каражаттарга орто эсеп менен $200 миң керектелет. Бул каражатты алуу үчүн ишкер банкка барууга аргасыз, анткени анда каржылоонун башка булактары: инвестициялык фонду, алгачкы убактагы инвесторлору жок, облигация же акцияларын жайгаштыруу үчүн ишкер фондулук биржага да чыга албайт. Бир гана кайрыла турган жери бар, ал—банк. Банк ага керектелген $200 миңди берет,  компания үчүн ушул суммага кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу шарты менен. Бирок кичи жана орто бизнес ишкерлеринин көпчүлүгүнүн андай күрөөсү жок», — деп айтты  финансист Умбриэль Темиралиев.

Ислам банкингинин дагы бир өзгөчөлүгү пайыздык үстөгү жогунан тышкары бизнести каржылоо үчүн каражат берүүнүн жагымдуу шарты эсептелет. Себеби банк акчаны карыз берүүдө пайыз албайт, негизинде ал кредитор эмес эле, инвестор болуп калат. Ошентип, капитал ээси менен ишкер долбоорду ишке ашыруудагы тобокелчиликти бирдей бөлүшөт. 

 «Каржылоонун ислам ыкмалары бул салттуу, биз үчүн адаттагы банк ишмердигине мыкты теңтаймаш болуп кала турган финансылык аспап. Биринчиден, эч кандай пайыз жана күрөө албайт, бизнесте кредит берүүчүдөн, ириде, өнөктөш катары жүрөт. Экинчиден, инвестор катары чыгып, функцияларды бөлүштүрүүчү жайы бар, ал эми заём алуучу долбоорду ишке ашыруучу болот.Эки учурда тең өздөрүнүн салымына жараша бизнес жүргүзүүдөн эки тарап дивиденд иштеп табат. Үчүнчүдөн, бул– муктаждар кайтарымсыз ссуда ала турган гранттык механизм. Жөн гана салттуу банктар сунуштаган шарттарды салыштырып көрсөңүздөр, баары түшүнүктүү боло түшөт», — деп айтты Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директорунун орун басары Данияр Медеров.

Келечекте

Ислам банкингине кызыгуу өсүүдө, бирок Кыргызстанда каржылоонун мындай түрү активдүү өнүгүп жатат деп айтууга али эртелик кылат.
2016-жылы Кыргызстандын банк секторунда ислам банкингинин үлүшү  1,5%, микрофинансы секторунда – 0,3% түзгөн. 2018-жылы көрсөткүчтөр тиешелүү  1,6% жана 6% га өстү. Эгер сандарга гана карасак, анда анын үлүшү кичинекей эле. Бирок Кыргызстан каржылоонун ислам секторунун өсүшү үчүн жакшы базаны даярдап берди. Бул жаатта өнүгүүнү активдештирүүнү өлкөдө жакын арада пайда боло турган толук кандуу биринчи ислам банкы ишке ашыра алат.

«Ислам банкын ачуунун долбоору 2014-жылдын декабрь айында эле, Кыргызстандын президенти Ислам өнүгүү банкынын президенти менен жолугушканда башталган. Ал мезгилден бери иш жүрдү. Биз Ислам өнүгүү банкы менен бирдикте чоң иштерди жүргүздүк, рынокту изилдедик, бизнес-план түздүк. Азыр банктын акыры ачылышына жакындап калдык. Биз бул жакта иштеген стратегиялык инвесторду издөө менен алектенип жатабыз. Бул банктын капиталына катышууга даярбыз, себеби инвесторлордун Улуттук банкка ишеними чоң», —деп айтты КР Улуттук банкынын төрагасы.

Жакында эле дагы бир банк операцияларды ислам принциптери боюнча жүргүзүүгө лицензия алды. Ал –БТА Банк. Кезекте КР Улуттук банкынын кубаттоосун күткөн дагы бир канча коммерцялык банк турат. Мында банктар рынок калыптанып жатканын жана азыртан эле ага кирип, өз ордун издөө керек экенин түшүнүп жатышат.

 «Бир канча жылдардан кийин ислам банкинги экономикадагы өзүнчө сектор болуп каларына жана жумуш орду көбөйүп, салык көбүрөөк түшүп, чет элдик инвестиция тартыларына ишенем, – деп эсептейт Ислам финансы борборунун башчысы. -Бирок биз бул принципти туура, туруктуу өнүктүрүшүбүз керек. Ага диний боёкту азыраак сүртүш керек жана ислам банкинги биринчи кезекте шариат стандарты менен иштеген финансы түзүлүшү экенин унутпашыбыз керек”.  

Белгилүү болгондой, банктар – консервативдүү жана инерттүү уюм, алар жаңы чечимдерди аткарууга анчалык шашылбайт. Бирок жеке банктар азыртан эле өз каражаттарын салып, ислам банкингин өнүктүрүү жаатында тобокечиликке барууда. Бул алар каржылоонун ислам принциптеринин өнүгүшүнүн келечегин көрө билип жатышат деген ойго алып келет.

 Сайттын баш бетиндеги коллаж: aseantoday.com

Азиза Бердибаева – CABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: