© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: табыпчылыкта колдонулган сейрек бакалар жоголуу коркунучунда

Кыргызстандагы салттуу эмес медицинаны кубаттагандар кызыл китепке кирген кызыл колтук бака иммунитетти көтөрүп, ал тургай көкүрөк рагын айыктырат деп ишенишет. Дарылоонун мындай ыкмалары өмүргө коркунуч жаратарын ак халатчандар эскертүүдө. Ал ортодо кызыл колтук бака өлкөнүн айрым аймактарында таптакыр кездешпей калды.


Бишкектеги Ош базарынан мыктан тарта экзотикалык мөмөгө чейин издегениңди таба аласың. Ар бир азыктын өзүнчө бөлүмү бар. Кургатылган мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын жанында дары чөптөрдү сатышат. Дары каражаттарын саткан он бештей сатуучу аял бир кычыкка жашынып алган, аларды табуу оңой эмес. Жайылган товарларынан бир караган киши өзгөчө эч нерсени деле байкабайт – чайлар, чөп-чарлар, ар кандай өсүмдүктөрдүн тамырлары. “Сизде бака барбы?” десеңиз, үстөл түбүнөн чоң кутусун алып чыгышат.

ЦА лягушка Ошский рынок 2
ЦА лягушка Ошский рынок 3
ЦА лягушка Ошский рынок

Сүрөт: CABAR.asia

Сатуучулардын бири Акмаанай Барпиеванын айтымында, кургатылган баканын эки түрү бар – кызыл колтук бака жана көл бакасы. Буларды ал дүң соодагерлерден буюртма менен алдырат. 

«Биз бакаларды адатта жылына бир ирет дүңүнөн сатып алабыз. Ысык-Көлдөн жана Сокулуктан алып келчүлөр бар. Мурда Нарындан да келчү, бирок ал жактан абдан майдаларын алып келишет. Нарында бул бакалар азыр жок болуп кеткенин айтышат. Биз аларга май айында буюртма беребиз. Мен эки түрүнөн 400 даанадан сатып алам. Дагы кытай бакасы бар, бирок ал түгөнүп калды, ага суроо-талап деле анчейин эмес. Аптасына 20 даана сатышым мүмкүн. Кызыл колтук баканын даанасы 250 сомдон (2,8 АКШ доллары), көл бакасы – 230 сом (2,24 АКШ доллары). Адатта буларды рак оорулуулар үчүн алышат. Өзүм билбейм, бирок адамдын иммунитетин көтөрөт дешет», – деп ой бөлүштү Барпиева. 

Анын товарларынын арасында Тажикстандан алынган жылан да бар. Жазгысын тирүү бакалар да келет. 

«Май айы – тирүү кызыл колтук бакалардын сезону. Ошондо келиңиз, көрөсүз. Биз аларды да жабык кутуларда кармайбыз. Аларды дарылыкка аябай алышат. Баасы кымбатыраак, даанасы 400 сомдон (4,47 АКШ доллары)», – дейт ал. 

Тажикстандан алынган жылан. Сүрөт: CABAR.asia

Кызыл колтук бака Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Ансыз да сейрек кездешчү бул жаныбарды бүгүн чанда гана учуратасың. Себеби – массалык кармоо жана климаттын өзгөрүшү. Жыл өткөн сайын аба табы көтөрүлүп, бакалар жашаган айрым көлмөлөр соолуп баратат деп түшүндүрдү биология илимдеринин доктору, Кыргызстандын Илимдер академиясынын мүчөсү Анара Алымкулова. 

«Биз да өткөн жылы Ош базарга барып, кызыл колтук баканы таңгактап 200-250 сомдон сатып жатышканын көрүп ачууландык. Анын баасы теңдешсиз да!» – дейт Алымкулова.

Анын айтымында, 14 жыл мурун Нарын облусунда бир гектарга 400дөн бака туура келип, бул өтө аз деп саналчу. Азыр болсо эки, балким, үч эсе азайып кеткен. Себеби ал кезде баканы базарда сатыкка алып чыгып, массалык түрдө жок кылышчу эмес.

«Соңку 5 жылда эле сата башташты. Баканы Кыргызстанда эле сатпай, Кытайга да жиберишет. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз Нарын облусундагы экологдор менен баарлашканыбызда, алар Кочкор районунда азыр кызыл колтук бака кезикпей турганын айтышты», – дейт биолог.

Анын айтымында, учурда бака Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабын, анан Чүй өрөөнүнүн кээ бир жерлерин байырлайт.

Ташбү Жамилова. Кызыл колтук баканы колдонуу боюнча мастер-классынан скриншот

Ал ортодо базарларда кызыл колтук бакага суроо-талап абдан жогору. Элдик табып Ташбү Жамилова социалдык тармактарда активдүү, салтуу эмес медицинаны элге жайылтуу менен алектенет. Анын баракчаларында кызыл колтук баканы кантип колдонуу боюнча видео эң көп көрүлгөн. Ал кызыл колтук бака көкүрөк рагын айыктырат деп ишенет. 

«Бака тууралуу видеого үч жыл болду. Бирок ал өз актуалдуугун жоготпойт. Мага аялдар келип, көрсөтүп-үйрөтүп бериңиз деп суранышат. Мен жардам берем. Бирок азыр муну менен анча алектенбейм, азыр багытым бир аз башкараак. Мен көбүнчө тери оорулары менен алектенип, жаракаттарды дарылайм», – дейт ал. 

Кызыл колтук бака чанда кездешчү жаныбар экенин табып билет, бирок бул жагдай аны кабатыр кылбайт. 

Эгерде бака көкүрөк рагын жана башка ооруларды айыктырса, эмнеге болбосун? Ал чанда кездешерин билем, ошол үчүн дары да. Биз аларды миңдеп колдонгон жокпуз, кээ бир учурларда гана. Жаратылышка мунун анчалык зыяны тийбейт деп ойлойм.

Каарабалталык башка табып Дүйшөн Чомо уулу бака рак ооруларын айыктырат дегенди туура көрбөйт. Анын айтымында, баканын этинде иммунитетти көтөрчү пайдалуу заттар бар, анан да панкреатитке аябай жардам берет. 

«Мен кызыл колтук баканы ашказаны, муундары ооругандарга, шакыйы кармагандарга сунуштайм», – дейт табып.

Анын айтымында, бакаларды кургатып эле тим болбой, андан кайнатма жасаса болот, бул шакыйга каршы табылгыс дары. 

Бир да сөзүнө ишенбегиле

Дарыгерлер болсо элдик медицинанын бака менен дарылоо ыкмаларына караманча каршы. Маммолог-дарыгер Сергей Буюкляновдун айтымында, онкоборборго аялдардын көбү көкүрөк рагы өтүшүп кеткенде кайрылат. 

Сергей Буюклянов. Сүрөт: who.ca-news.org

«Акыркы эки жылда аялдардын басымдуусу көкүрөк рагынын үчүнчү жана төртүнчү стадиясында келип жатат. Бул баарынан мурда аялдар текшерүүлөрдөн өз убагында өтпөгөнүнө байланыштуу. Бейтаптар негизинен аймактардан келишет», – дейт ал. 

Буюкляновдун 30 жылдык иш тажрыйбасында рактын өтүшүп кеткенине элдик медицина себеп болгон учурлар да болду. 

«Мындай учурлар аз эмес. Элге интернет, маалымат кеңири жеткен ушул заманда мындай көрүнүш өтө өкүнүчтүү. Былтыр Ош облусунан 50 жаштагы аял келди. Кандайдыр бир тамырларды ичип, көкүрөгүнө майларды сүрткөнүн айтты. Ушулар рактан айыктырарына ишенген. Ал эң баалуу нерсесин – убактысын жоготту. Жыйынтыгында бейтаптын өмүрүн сактап калыш үчүн эки көкүрөгүн тең алып салганга туура келди», – дейт Буюклянов. 

Маммолог-дарыгер элдик табыптардан оолак болууга чакырат. 

«Бир да сөзүнө ишенбегиле дейт элем. Алар адамдарды майып кылып жатышат. Балким, адам айыгып кеткен учурлар болгондур, бирок бул миңдин биридир, ал да кокустук. Бака менен дарылануу – өмүргө коркунучтуу. Бакада кандай заттар бар экени боюнча изилдөөлөрдүн бар-жогун билбейм, бирок санитардык коопсуздукту эле алсак, бакалар кайда жашаганын, кандай шартта кургатышканын эч ким билбейт. Андыктан далилдүү медицинага, кесипкөйлөргө кайрылуу гана бейтапка жардам бере алат», – дейт дарыгер. 

Адам жана экосистема үчүн маанилүү

Биология илимдеринин доктору Анара Алымкулованын айтымында, бакалар Кыргызстандын экосистемасынын маанилүү катышуучулары жана алардын тукум курут болушу тамак-аш чынжырчасын бузат. 

ийнеликтердин азыгы. А чоң бакаларды канаттуулар, жыландар, кескелдириктер жешет. Бакалар жок болуп кетсе, алар менен азыктанган башка жаныбарлар да жоголот.

Бакаларсыз чиркейлер көбөйөт. А мунун кесепети: адамдын саламаттыгына олуттуу зыян тийгизчү безгек (малярия) жана башка вирустук оорулар тарайт. Эң эле коркунучтуусу – эгер сейрек кездешкен бака тукум курут болсо, парник эффектиси жогорулайт. 

«Эгерде курт-кумурскалар өтө көп болсо, алар компостту өтө көп жешет да, жаңы өсүмдүктөргө топурактагы азык-заттар жетишсиз болот. Демек, дарактар жоголот, көмүр кычкыл газы көп бөлүнө баштайт. Бирок аларды иштеп чыгуучу өсүмдүктөр улам азая берет. Ушунун баары парник эффектисинин жогорулашын шарттайт. А бакалардын не тиешеси бар? Жаратылышта курт-кумурскалардын санын көзөмөлдөгөн негизги фактор бакалар», – деп кошумчалады Алымкулова.

Тукум курут болуу тобокелдигине кызыл колтук бака эле кептелген жок. Биолог Илья Домашовдун айтымында, Жала-Абад жана Чүй облустарынын тоо этектерин байырлаган кара чаар жылан да жоголуп кетүү коркунучунда. Буга айдоо жерлеринин көбөйүшү жана урбанизация себеп. 

«Алардын табигый жашоо чөйрөсү кыйрап жатат. Акыркы жылы 1970-жылы санак болгон. Ал кезде бир гектарга 50дөн жылан туура келчү. Азыр бир топ азайды. Алар байырлаган жерлерге эгин эгип, кен казуу жумуштарын жүргүзүп жатышат. Мунун айынан жыландар жер которот. Алар жегенге эч нерсе таппай, өлүп жатышат», – дейт Домашов. 

Орто Азия таш бакасы боюнча абал да дурус эмес. Бул Кыргызстанда кездешкен рептилиялардын жалгыз түрү. Таш бака Кыргызстандын түштүгүн да, түндүгүн да жердейт. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында көбүрөөк учурайт. 

«Адистердин акыркы баалоосу боюнча Майлуу-Суу шаарында 10 километрге 46 таш бакадан туура келет. Нарын облусунда күнүнө 10 таш бакадан, Чүй облусунда болсо күнүнө 2 таш бакадан туура келет», – дейт ал. 

Азайып атканына адамдар себеп: жайыттар жана эгин талаалары көбөйгөн үчүн таш баканын таралган аймагы жок болууда. Бирок негизги себеби – аткезчилик. 

«Азыр интернет-дүкөндөрдө таш баканы 1000 сомдон (11,17 АКШ доллары) сатып жатышат. Каалаган зоодүкөндөн аны сатып алса болот. Анан да 2012-2015-жылдары таш баканы массалык түрдө кармап, экспорттошкон», – дейт биолог.

2020-жылдын аягында Кыргызстандын министрлер кабинетинин тапшырмасы менен кызыл китепке кирген жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылуу үчүн айып пулдун көлөмү көбөйдү. Азыр айыптын суммасы жаныбардын түрүнө карап 1 миң сомдон 1 миллион сомго чейин (11 АКШ долларынан 11,2 миң АКШ долларына чейин). 

Бакалардын жана таш бакалардын мыйзамсыз сатылышын Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги карайт. Мекеменин маалымат кызматы базар жана зоодүкөндөргө пландуу рейдер жүргүзүлүп турарын билдирди. 

«Кызыл колтук баканы сатууга Кыргызстанда 1 миң сомдон 20 миң сомго чейин (11 АКШ долларынан 223 АКШ долларына чейин) айып салынат. Өткөн жылы биз 10дон ашык сатуучуга айып салдык. Таш бакаларды сатууга 3 миңден 30 миң сомго чейин (33,5-335 АКШ доллары) айып каралган, жаныбардын жашынан көз каранды. Өткөн жылы Бишкекте эки зоодүкөн айыпка жыгылган», – деди Жаратылыш министрлигинин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: